Ит мурун (латынча Rosa) — Роза (Rosaceae) түркүмүндөгү, Роза гүлдүүлөр (Rosales) иретиндеги өсүмдүктөр түрү. Роза аталыштагы көптөгөн маданий формалары бар. Ботаникалык адабиятта роза деп ит мурундун өзүн дагы аташат.
300дөн 500 чейин түрлөрү белгилүү, алардын ичинен 366 ит мурун түрү таанылган. Маданий түрлөрү 10 миңден 50 миңге чейин түрү бар.
Ит мурун — бадал, сейрек лиана (чырмалма), кээ бири чөп сыяктуу өсөт. Сөңгөгү, бутактары тикендүү, жалбырагы татаал. Гүлү 5 мүчөлүү, кош жыныстуу, желекчелери түркүн түстө. Мөмөсү майда жаңгакча сымал, катуу түпчөлөр менен капталган. С витаминине (А провитамин, Вr,Р, К да бар), кант, крахмал жана азоттуу заттарга бай.
Мөмөсү тамак-ашка жана С витаминин алууда чийки зат катары керектелет. Орто Азияда кеңири таралган. Кыргызстанда 22 (2020) түрү өсөт. Чүй өрөөнүндө өстүрүлүүчү ит мурундун розасынан парфюмериялык роза майы алынат. Ит мурун кооздук үчүн жана эгилме розаны түрлөндүрүүдө пайдаланылат.
Ит мурундар — жалбырагы күбүлмө бадал, кээде түбөлүк жашыл, сабактары түз, чырмалуучу же жайылма, бийиктиги 15—25 смден 8—10 метрге чейин. Бир эле түрдүн бийиктиги өсүү шарттарына жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Негизинен ит мурундар бийиктиги 2—3 метрге чейин жана 30—50 жылга чейин жашаган көп сабактуу бадалдарды билдирет. Кээ бирлери бир нече жүз жыл жашап, дарактардай болуп чоңоёт. Эң картаң ит мурун Германиядагы Хильдесхаймс соборунун аймагында өсөт (2010). Анын жашы ар түрдүү баалоолор боюнча 400дөн 1000 жылга чейн. Бийиктиги 13 метр, сөңгөгүнүн кучак узундугу 50 см.
Субтропиктерде дээрлик бардык жерде түбөлүк жашыл роза-лианалар кездешет. Эгер булар дарак өңдүү формага чейин өссө, сөңгөгүнүн формасы негизи ийилген жана ийри-буйру болот. Мындай розалардын кыйла жашка чейин чыгуусу жөнүндө маалыматтар бар. АКШнын Тумстоун шаарында (Аризона штаты) Бэнкс розасы (Rosa banksiae) өсүп, ал 1885-жылы отургузулган делет. Ал Гиннес рекорддор китебине эң чоң роза катары кирген. Сөңгөкчөлөрүнүн кучак узундугу 3,7 м, ээлеген аянты — 740 м². Жазында мында 200 миңдей гүл гүлдөйт.
Түбөлүк жашыл роза-лианалардан тышкары бореалдык лиана сымал розалар кездешет, жалбырактары жарым күбүлмө жана күбүлмө. Булар кыйла узундуктагы (5—9 метр) бир-эки жаш бутакты өнүктүрүп, өз алдынча тик тура албайт, ошондуктан дарактардын сөңгөгү же чокусу сыяктуу тирөөчтөрдү талап кылынат. Бореалдык роза-лианалардын сабактары түз турбайт, ошол эле убакта чыныгы лианалардай чымалбайт, ошондуктан буларды жарым лианалар же лиана сымалдуулар деп атоо дурус. Буларга, Жер ортолук деңиз аймагындагы эмен жана бук токойлорунда өсүүчү түбөлүк жашыл ит мурун (Rosa sempervirens), Максимовичтин тайга ит муруну (Rosa maximowicziana), ошондой эле, Орто Азиянын жаңгак токоюнун роза лианалары жана арчалыктары, чыгыш Тянь-Шандын карагайчылары таандык. Мындай түрдөгү түбөлүк жашыл роза лианалардан айырмаланып бореалдык роза лианалар эволюциянын жүрүшүндө пайда болгон: жыш жана нымдуу токой шарттарына ыңгайлашуунун натыйжасында. Франциялык ит мурун (Rosa gallica) айтылган шарттарга окшошуна туш келсе лиана өңдүү формага өзгөрөөрү белгилүү: сабактары кыйла узундукка жетип, ичкерип, дарак чокуларына чырмалат.
Ит мурундун бадал түрүндөгү карлик түрлөрү дагы бар. Буларга Орто Азияда өсүүчү карлик ит муруну (Rosa nanothamnus) таандык; бийиктиги 30 смден ашпайт. Өсүүсүнүн карлик формасына Эйчисон ит муруну (Rosa ecae) дагы таандык. Карапада өстүрүлүүчү Кытай ит мурунунун (Rosa chinensis) түрлөрүнүн бири бийиктиги боюнча 5 см ашпайт. Карлик розалар же ит мурундар көп жашабайт. Экинчи-үчүнчү жылы гүлдөп, ал эми бешинчи-алтынчы жылы сабактары кургап, куурап калат.
Кээ бир Түндүк Америкалык түрлөр — каролин ит муруну (Rosa carolina), жалбырактуу ит мурун (Rosa foliolosa), арканзасс ит муруну (Rosa arkansana) — түркүмү боюнча чөптүү өсүмдүктөргө жакын турат. Алар чөптүү көп жылдык өсүмдүктөрдөй өсөт: сабактары бир нече жыл жыгачтанбайт жана кышында куурайт, ал эми кийинки жылдары жыгачтануу толугу менен жүрбөйт. Бул нерсе катаал түндүк климатка жана кыска вегетациялык мезгилге ыңгайлашуунун ыкмасы, мындай көрүнүш бийик тоолордогу жөнөкөй түрлөрдө дагы байкалат, мисалы ийнелүү ит мурунда. Ит мурундардын чөптүү түрлөрү эволюциялык чынжырдын эң жогорку өнүгүү баскычында турат (ит мурундар арасында), ал эми карлик түрлөрү чөптүүгө өтмө түрү деп каралат.
Тамыр системасы өзөктүү, 5 метрге чейин тереңдикке кирет. Тамырлардын негизги массасы 15—40 см тереңдикте жайгашат жана 60—80 см радиуста бардык тарапка жайылат. Ит мурундардын кээ бир түрүндө сабактуу каудекс (үстүнө чыгып турган дөмпөк тамыр), мында вегетативдик жаш бутакты (туриондор) калыптандырган көп сандаган узун жана жыгачтуу тамыр сабактар чыгат. Жер астындагы сабактар өйдө карай чыгып, тамырчалардын бөлүгү негизги өсүмдүктөн ажырап, жаңы өсүмдүккө башат берет. Булар бир нече даанадан турган сериялардан калыптанат. Бадалдын өсүүсү өтө тез. Бул касиетке ылайык ит мурун тез эле коюуу бадалга айланат, бир өсүмдүктүн диаметри бир нече метрге чейин жайылып өсөт. Мунун негизинде ит мурундун тамырдык сабактар аркылуу көбөйүүсү жатат. Бирок, жер астында жаш бутактарды калыптандырбаган түрлөрү да бар. Тамырлары 8—13 жыл жашайт.
Ит мурундардын бадалдык формалары эки түрдөгү бутактарга ээ: түз жана догоо сымал ылдый ийилме. Булар, биринчи жылдагы көп сандаган вегетативдик жаш бутактарды (туриондорду) калыптандырат. Кээде булардын бийиктиги 1—1,5 метрге жетип, диаметри 10—12 мм, ар кандай чоңдуктагы жумшак жана ичке тикендери болот, кийинки жылдары ал тикендер гүлдөп, мөмө байлайт. Вегетативдик жаш бутактар тамырдык, сабактык жана түптөнүүчү деп бөлүнөт, генеративдүүлөрү кыскартылган мөмө жаш бутактарга таандык. Өзүнчө сөңгөкчөлөрдүн жашоо узактыгы 4—5 жыл.
Жаш бутак сабактуу, жашыл, күрөң, күңүрт-кызыл, күңүрт-күрөң, кээде кызгылт-көк-күрөң, күрөң, кара-күрөң, күрөң-кызыл же боз кийиздүү түктөнүү менен; эреже катары, түз, ийилген же илмек сымал тикендер, көп учурда көп сандаган кылкандар жана кылдар аралашмасы, сабак сымал безчелери менен. Өзөгү тоголок.
Тикендери түгөйлүү же чачылма жайгашат, эки же андан ашык жылкы жаш бутактарга караганда быйылкы жылдын бутактарынын тикендери жумшагыраак жана ичкерээк. Ошол эле убакта, бир жыгачтуу жаш бутактарда тикендер азыраак. Тикендер жер үстүндөгү тамырларда дагы болот. Кээ бир түрлөрдүн сабактары бүтүндөй кылдар жана тикендер менен капталат, башкаларында тикендер белгилүү бир аралыкта жайгашат. Таптакыр тикени жок түрлөрү болот, мисалы, салаңдама ит мурун (Rosa pendulina). Тикендер сабактарды башка өсүмдүктөр арасында кармануу үчүн да кызмат кылат, бирок, негизги максаты — жаныбарлардын тоюттануусунан сактануу. Кээ бир генеративдик жаш бутактар түрлөрүндө майда ийне сымал тикендер болушу мүмкүн. Мындай тикендер курт-кумурскалардан жана жаныбарлардан коргоочу механизм. Ал эми бездери бар кылдар чыгарган жыттар пайдалуу курт-кумурскаларды чакырат.
Бүчүрлөрү аралыкта жайгашып, кызыгылтың, кээде башка түстө, жылаңач же түктүү, майда, 3—6 тышкы бүчүр кабырчыктары менен. Бүчүр кабырчыктарынын четтери жылаңач же курамы темирлүү кирпикчелер менен. Жалбырак отуруучу жери ичке жана жаш бутак айланасынын жарымынан көбүн ээлейт, үч жалбырак изи менен.
Жалбырактар жайкы жашыл түстө келип, жарым күбүлмө же түбөлүк жашыл, жаш бутакта уюлгу (орусча спираль) түрүндө, узун калемчелүү, кош канат сымалдуу эмес, жалбыракка жакын өсүндүлөр (орусча прилистник) өсүү процессинде жалбырак калемчеси биригип өсүп түгөйлүү, сейрек учурда жалбырак калемчелеринен өзүнчө. Жөнөкөй жана жалбыракка жакын өсүндүсү жок, мындай нерсе персия ит мурунунда гана (Rosa persica) бар. Маданий сорттордо эреже катары 5 жалбыракча, башка түрлөрүндө 7 же 9. Азиялык түрлөрүндө 13, 15, ал гана эмес 19, ал эми америкалык түрүндө (Rosa minutifolia) болгону үчөө гана. Рахис (татаал жалбырак) тикендер менен капталган болушу мүмкүн. Кээ бир түрлөрүндө модификацияланган жана редуцирленген жалбырактарды элестеткен брактеялар (гүл астындагы жалбырактар) бар. Мындайлар гүл алып жүрүүчүлөр же гүл буттуулардын топ гүлдөрүндө кездешет, жана дайыма жөнөкөй.
Жалбырактар формасы боюнча эллипстен тегерек сымалдууга чейин, негизи же түп жагы шынаа, тегерек сымал же анча-мынча жүрөк сымал, четтери ара тиштери өңдүү, эки жолдуу же жактуу, жылаңач же безчелүү; түсү боюнча жашыл, көгүлтүр, кызгылтың; катуу, тери сымал же жаргактуу; жылмакай же бырыштуу (бырыштуу ит мурун), жылаңач же салаңдама, көп учурда безчелүү; 1—2,5 см узундукта жана 1—1,5 см жазылыкта. Жалбыракчалардын өлчөмү, формасы жана калыңдыгы айлана-чөйрөнүн шарттарынан көз каранды: температура, жарыктык, суу менен камсызданышы жана абанын нымдуулугу, абадагы көмүр кычкыл газынын камтылышы ж. б.
Жалбыракчалардын борбордук бир күчтүү жана 6—13 каптал тарамыштары бар. Каптал тарамыштары бирде алсыз, бирде күчтүү. Жалбырактардын четине жете бербей өз ара биригип тиштерди көздөй бутактанат же (өзгөчө жалбыракчанын чокусунда жайгашкандары, догоо сымал, муунактуу же айры сымал экиге бөлүнгөн) тиштерде илмексиз бүтөт. Жалбыракчалардын төмөнкү бөлүгүнөн тарамыштардын тору көбүнчө ачык-айкын байкалат, сейрек учурда чыгып (дөмпөйүп) турат.
Жалбыракка жакын өсүндүлөр ичке, чала кесиктүү, тиштүү же канаттуу болуп жарылган, көп учурда узун аралыкта калемчеси менен биригип өсөт. Кээде өсүндүлөр негизин карай кеңейип, кең жана узартылган кулакчаларга өтөт.
Гүлдөрү эки урук мүчөлүү, диаметри 1,5—8 см, жалгыз же калкан, шыпыргы сымал топ гүлдөргө эки—үч же көп гүлдөр чогулган, гүл астындагы жалбырактары бар же жок, жыты жагымдуу. Жыты жагымсыз ит мурундар дагы бар, мисалы, сасык ит мурун (Rosa foetida).
Гүл сабагы (гүл буту) кыска, 0,5—1,7 см узундукта. Гүл гипантийи жумуртка, шар, бөтөлкө же кумара сымал, колкосунда ичкерип кетет, чокусунда бездүү шакекчеси менен, сейрек учурда шакекчеси жок (көбүнчө жалгыз ак же крем түстөгү гүлөчөлөрү бар түрлөрүндө). Таажысы чоң, беш желекчелүү, сейрек төрт желекчелүү жана жарым тармал, карама-каршы жумуртка өңдүү же карама-каршы жүрөк сымал желекчелер чоң же кичине санда; кызыл (көп учурда кызгылт), сары (крем түсүнө чейин) же таза ак, диаметри 4-6 см. Чөйчөк жалбыракчылар беш санында (сейрек төрт), жалбырак түрдүү, четтери бүтүн же жок дегенде эки каптал кошумча органы менен, кээде канаттуу кесилген, кээде кеңейтилген курч учу менен, узундугу 3 см чейин, өйдө же ылдый карайт, мөмөлөрү менен кошо калат, кээде эрте түшөт, сейрек учурларда мөмөнүн өйдөңкү бөлүгү менен кошо түшөт.
Ит мурундун эки чөйчөк жалбыракчасы эки жагынан кесилген, экөөнүн четтери бүтүн жана бирөө бир жагынан гана кесилген. Гүл бутондун ичинде болгон учурунда, чырымтал-кесиндилер желекчелер арасындагы беш жылчыкчаларды жаап турат.
Аталыктары көп санда, эркин, гипантийдин бездүү шакекчесине бекилген эки уячалуу чаңчалары менен, ичин карай карап турат.
Энеликтери көп санда, отурма же кыска буттарда, гүл төшөгүнө биригип өскөн, гипантийдин түбүндө спираль түрүндө жайгашкан. Мөмө байлагычы түктүү, бир уячалуу, эркин, отурукташкан же буттарда турат, бир отурукташкан урук бүчүр менен. Урук бүчүр бир каптамдуу. Стилодиялар (энеликтин стерилдүү бөлүгү) эркин же мамысына жакын бириккен, ошол эле убакта, мурдучулары топ болуп биригип, курт-кумурскалардын конуусуна ыңгайлуу аянтчаны түзөт, мөмө жалбыракчасынын чокусунда жайгашкан, дээрлик бардыгы гипантийдин ичинде же андан чыгып турат, кээде аталыктын ички айланасынан чоңдук кылат, жылаңач же ылдый түшүрүлгөн.
Стилодий мөмөнүн жетилишинде мөмө байлагычта кала бериши мүмкүн, бирок, бырыштуу ит мурундай тез эле куурап, формасын жоготот. Мурдучулары баштуу, жылаңач же коюуу түктүү.
Макроскопиялык деңгээлде ит мурундун чаңчасы сары түстөгү өтө майда күкүмдү элестетет жана көп сандаган узартылган чаңча данынан турат.
Чаңча дандары тогологураак сүйрү, узунуна карата туруктуу жоондугу 2:1 катыштыгында, уюлдарынан үч калакчалуу, үч жолчолуу, сейрек эки жолчолуу, эки катмарлуу экзина менен. Скульптурасын аныктаган экзинанын тышкы катмары спорополин полимеринен жана анча көп эмес полисахариддерден турат. Жолчолору кең, узун, көзөнөктөрү ири, көзөнөктөр жана жолчолордун плёнкасы майда дандуу, экзина бети майда жана ири дандуу. Ар кандай түрдөгү чаңча дандары өз ара бири-бирине окшошуп кетет жана апертурада кабыкчасы, узундугу, жолчолорунун жана кабыргаларынын тыгыздыгы, көзөнөктөрүнүн тыгыздыгы менен айырмаланат. Француз ит мурунунун чаңча дандары жолчолордун түбүн жаап турган оперкулумдун (капкакчанын) болуусу менен айырмаланат. Экзинанын ички катмары негизинен целлюлозадан турат. Ит мурундун көпчүлүк түрлөрүндө чаңча дандары деформацияланган, кээде чаңдыкта алар өтө аз калыптанат, же кыйла кичине өлчөмгө ээ.
Чаңчаны шүүдүрүмдөн коргоо үчүн гүлдөр түн киргенде жабылат, күндүз күндү карайт, жамгыр алдында дагы жабылат.
Ички аталыктар тышкысына караганда кыскараак. Алгач ичкиси андан кийин тышкылары ачылат. Тышкы айланадагы аталыктар чаңдык ачылганда мурдуларын карайт, мунун натыйжасында өзүн-өзү чаңдаштыруу жүрөт. Автогамия гүлдөөнүн акыркы учурунда гана ишке ашырылат; ошентип, гүлүнүн түзүлүшү биринчиден кайчылаш чаңдашууга ылайыкташкан. Кээ бир түрлөрүнүн чаңдыктары бардыгы бир убакта ачылат.
Ит мурун тукумунда гибриддешүү жана полиплоидия абдан кеңири жайылган. Көпчүлүк жапайы түрлөр 14 хромосомага барабар болгон 2n камтып (эки топтом), диплоиддүү аталат. Көп сандаган хромосома топтомдор (полиплоидия) жапайы жана маданий түрлөрүндө кездешет. Көп учурда полиплоиддик түрлөр 2n 28 хромосомага (тетраплоиддик) барабар (төрт топтом) же диплоиддүү менен тетраплоиддик ортосундагы гибрид болуп, 2n 21 хромосомага барабар (үч топтом, триплоиддик). Хромосомаларынын саны так болгон түрлөр стерилдүү болуп, табиятта жашай албайт. Ошого карабастан, пентаплоиддик хромосома топтомун камтыган Caninae секциясындагы ит мурундар жашоого жөндөмдүү келип, тукум мурастоонун өзгөчө ыкмасына ээ.
Көп убакыт бою тукум чаңдашуунун редукциясы менен мүнөздөлүп, апомиктикалык көбөйүүгө өтөт деп саналчу, мында түйүлдүктөр уруктанбаган диплоиддик жумуртка клеткаларынан же тапетум клеткаларынан пайда болот делчү. Апомиксис көрүнүшү жалган гамия менен байланыштуу болуп, соматикалык апоспория (диплоиддик түйүлдүк капчасы нуцеллус клеткалары калыптанганда) Caninae секциясынын өкүлдөрүнө таандык кылынчу. Акыркы жылдардын изилдөөлөрү (2023-жылга карата) боюнча ит мурундун апомиксиси жок экени аныкталган. Пентаплоиддик топтомду калыптандырууга алып келүүчү Caninae секциясынын мурастоо ыкмасы ошол түрдөгү секциянын хромосомалар топтомунун бир бөлүгү чаңчадан, экинчиси жумуртка клеткасынан берилгендигинде. Бул ыкма хромосомалар топтомунун рекомбинациясын алдын алып, түрлөрдүн салыштырмалуу туруктуулугуна алып келет, а бул апомиксис көрүнүшүндө дагы мүнөздүү.
Чаңдаткычтары — кадимки аарылар, жапайы аарылар, көпөлөктөр, коло түстүү жана жыгаччы коңуздар. Көп сандаган чаңчаларды иштеп чыгуу менен ит мурундун гүлдөрү чаңдаткычтардын көңүлүн өзүнө тартып, аларды белок жана майларга бай азык менен камсыз кылат.
Ит мурундун гүлдөшү негизинен май — июнь айларында жүрөт. Фенологиялык байкоолордогу токой жана токой-талаа аймактардагы ит мурундун гүлдөшүнүн башталышы жай мезгилинин башына туура келет. Гүлдөөнүн узактыгы 20 күн, өзүнчө гүлдөр эки күндөн гүлдөйт (кээ бир түрлөрү 5 күнгө чейин). Көпчүлүк түрлөрүндө гүлдөр таңкы беш менен алтынчы сааттын ортосунда ачылат, түн киргенде жабылып, мындай ыкма аркылуу чаңчасын нымдашып калуудан коргойт.
Глобалдык жылуулануу себебинен ит мурундун гүлдөп баштоо мезгили эрте жакты карай жылууда, ал эми вегетациялык мезгил узарууда (2023). Бугай байланыштуу, ит мурундун эки жолу же кайталап гүлдөшү байкалууда.
Негизинен үч жылдык жашында мөмө байлай баштайт (кээде эки жылдык). Мол түшүм 3—5 жылда кайталанып турат, ал эми көбүрөөк түшүмдүүлүгү 4—6 жашында болот. Кыргызстанда мөмөлөрү август — сентябрь айларында бышат.
Мөмөсү — цинародий (латынча cynarrhodium) аталган өзгөчө формада болуп көп жаңгактуу, диаметри 1—1,5 см, башы чөйчөк жалбыракчалар менен курчалган, бышканда кызыл, саргыч, кочкул-кызыл, кээде кара түстө, негизинен эттүү, кээде кургагыраак, жылаңач же кылчалар, ийнечелер менен капталган, ичинде көп сандаган кылдар жана мөмөчө-жаңгакчалар бар. Гипантийдин кызыл жана саргыч өңү каротиндердин жогорку камтылышы менен шартталган. Мөмө төшөгүнүн формасы, ошондой эле мөмөнүн формасы жана мейкиндиктеги абалы боюнча цинарродий ийилген (Даур ит муруну, латынча Rosa davurica), тогологураак (борпоң ит мурун, латынча Rosa laxa), шар сымал (Беггер ит мурун, латынча Rosa beggeriana), жумуртка сымал (Шренк ит муруну, латынча Rosa schrenkiana), тескери жумуртка сымал (көп тикендүү ит мурун латынча Rosa spinosissima), эллипс сымал (ит ит муруну), ийик сымал (Альберт ит муруну, латынча Rosa albertii, ийнелүү ит мурун), кумара сымал (кочкул кызыл ит мурун, латынча Rosa rubiginosa жана Федченко ит муруну (Rosa fedtschenkoana), алмурут сымал (тери жалбырактуу ит мурун, Rosa coriifolia жана жылмакай ит мурун, Rosa laevigata) болушу мүмкүн.
Жаңгакчалары бир уруктуу. Жаңгакчалары формасы боюнча кырлуу (ийнелүү ит мурун), көрүнүшү боюнча сүйрү (Федченко ит муруну) болушу мүмкүн. Эндокарпий жоон, биригип бүтүп калган. Түйүлдүгү чоң уруктардын эндоспермасы жок. Уруктук кабык жука. Өнүмдүүлүгүнүн сакталуу мезгили 1—2 жыл. 1000 уруктун салмагы — 6—6,6 г.
Уруктарда, суунун өтүмдүүлүгү аз болгондуктан начар өнүүчүлөргө таандык. Уруктардын өнүүсү үчүн узак мөөнөттүү стратификация (катмарлануу) талап кылынат. Көпчүлүк түрлөрдүн уруктары алты айдын өтүшүндөгү 3—5 °C температурада же кыштын экинчи жарымынан кийин кар астында кармалууда стратификацияланууга муктаж. Кадимки шарттарда уруктар экинчи—үчүнчү жылы өнөт. Өсүүнүн биринчи мезгилинде ит мурун күчөтүлгөн фосфордук жана мелүүн калийдик азыктанууга талаптуу. Фосфор жана калий менен азоттун каалаган дозадагы айкалышы өсүүнү кармайт. Чыныгы жалбырактардын пайда болуусу менен фосфор менен калийди, андан кийин азотту алуусу күчөйт.
Ит мурундун жапайы түрлөрү уруктар, бадалдардын бөлүнүүсү, жаш бутактар жана сабактар аркылуу көбөйөт.
Ит мурун Түндүк жарым шардын мелүүн жана субтропикалык аймактарында жайылган, ошондой эле, тропикалык алкактын тоолуу аймактарында кез-кез кездешет. Айрым түрлөрү полярдык айланага чейин өсөт, ал эми түштүктү карай Эфиопия, Аравия, Түндүк Индия жана Филиппин араларына чейин жетет, Түндүк Америкада Мексикага чейин. Ит мурундун өсүүсү үчүн өзгөчө жагымдуу шарттар Жер ортолук деңизден Гималайга чейин, андан ары Чыгыш Азияны кетет.
Айрым түрлөр өтө кеңири ареалга ээ. Ийнелүү ит мурун (Rosa acicularis) Түндүк жарым шардын жогорку кеңдиктеринин көпчүлүк аймактарында жайылган, ошондой эле, Япониядагы Хоккайдо жана Хонсю аралдарындагы Япон деңизинин жээктериндеги бийик тоолордо, Сахалинде, Кытайда, Корея жарым аралында, Сибирде жана Камчаткада. Ит ит муруну бүткүл Европада абдан кеңири таралган. Муну Орто Азиянын тоолорунда, Иранда жана Кавказда кездештирүүгө болот. Май ит муруну (Rosa majalis) бүткүл Түндүк жана Борбордук Европада, мурдагы СССР аймагында (түштүк-батышын эске албаганда) жайылган. Жаш плейстоцендик эң тикендүү (Rosa spinosissima) ит мурундун ареалы бүткүл Евразия аркылуу Атлантикадан Тынч океанга чейин созулат. Бул ареал 100—130° чыгыш узундукта калыптануу абалында. Ал Caninae секциясынын мүчөлөрү менен көптөгөн гибриддерди калыптандырат, булардын 30дан ашык түрү Европада өсөт. Caninae секциясынын мүчөлөрү менен гибриддерди калыптандырган сан жалбырактуу ит мурундун (Rosa pimpinellifolia) дагы Евразиядагы ареалы аз эмес.
Морфологиялык белгилердин эң көп ар түрдүүлүгү субтропикалык зонанын ит мурун-лианаларына таандык, буларда жалбырактары түбөлүк жашыл, жарым күбүлмө жана күбүлмө түрлөрүн кездештирүү мүмкүн, желекчелери ак, кызыл жана сары түрлөр. Чөйчөкчө жалбырактары эрте түшүүчү жана мөмөнүн толук кызарганына чейин сакталуучу, коштондулары бүтүн же алып жүрүүчү, четтеринде жип же канат сымал.
Ушундай эле, түзүмдү гинецейинде, топ гүлүндө, жалбырагында байкоого болот. Ит мурун-лианалардын (кээде роза-лиана деп да аталат) морфологиялык ар түрдүүлүгү, ареалынын аянты жана үзгүлтүктүүлүгү, көп сандаган палеоэндемдердин болушу булардын байыркылыгын көрсөтөт.
Европанын, Азиянын жана Африканын субтропикалык аймагы үчүн гүлдөрү ак, сабакчалары биригип өскөн түбөлүк жашыл роза-лианалар мүнөздүү. Булардын бардыгы шыпыргы сымал жана шыпыргы сымал калканчалуу көп гүлдүү топ гүлдөргө ээ, тикенектери иретсиз жайылган. Булар дагы мөмөсү кызарганга чейин күбүлмө канаттуу чөйчөк жалбыракчалары менен мүнөздөлөт. Заманбап ареалы анча чоң эмес жана үзгүлтүктүү.
Ит мурундарды көптөгөн өлкөлөрдө кеңири өстүрүүнүн айынан кээ бир түрлөрү жана эрте гибриддери жакшы шарттарды таап, экватордун эки жагындагы табигый шарттарда жана айыл аймактарында бирдей табиятташткан.
Ийне жалбырактуу, жалбырактуу жана аралаш токойлордун, ошондой эле сейрек токойлордун четтеринде, сууларды бойлой, булактардын жанында, нымдуу талааларда, жарлуу жана чополуу ойдуңдарда, түздүктөрдө жана деңиз деңгээлинен 2200 метрге чейинки бийиктиктеги тоолордо жалгыз же топ болуп өсөт. Кээ бир аймактарда ит мурун кеңири жайылган бадалдарды калыптандырат, мисалы, Орто Азиянын тоолу аймактарында.
Ит мурун 3—4-катардагы доминант (доминанттуулук) болуп саналат. Айрым түрлөр токойдон бошотулган аймактарда өсүп, доминант жана субдоминант катары бадалдуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Ар кандай түрлөр мезофиттерге, ксеромезофиттерге же мезоксерофиттерге таандык.
Жапайы өсүүчү ит мурундар суукка, кургактыкка чыдамдуу жана топурактын сапатына талаптуу эмес. Ит мурундун өндүрүмдүүрөөк бадалдары чополуу/кумдуу, нымдуулугу мелүүн топурактарда кездешет. Кургак жана өтө нымдуу топурактарда өспөйт.
Азияда ит мурун бардык жерде кездешет, Кытайдын жана Монголиянын, Орто жана Алдыңкы Азиянын чөлдөрүнөн жана жарым чөлдөрүнөн, ошондой эле Тибеттин, Гималайдын, Памирдин, Тянь-Шандын бийик тоолорунан тышкары.
Евразиянын түштүк-чыгыш үч бурчтугунда түбөлүк жашыл роза-лианалардын негизги аймагынын ареалы жайгашкан, негизинен Кытайдын Юньнань, Гуандун, Гуанси, Фуцзянь, Гуйчжоу провинцияларында, ошондой эле Гупе, Чан жана башка түштүк аймактарда. Бул аймак субтропикалык роза-лианалардын түркүмдүк ар түрдүүлүгүнүн борбору саналып, ал жакта алар жогорку полиморфизмге ээ. Кытайда ит мурундун 79 түрү белгилүү, алардын кээ бирлери розалардын маданий сортторунун бабалары. Бардыгы болуп Азияда ит мурундун 150гө чейин түрү бар. Борбордук жана Чыгыш Азиядан түндүктү карай, түндүк кеңдиктин 40° баштап ит мурундар чоң ар түрдүүлүктө чыгат дагы, андан ары түндүктү карай жылышында жогорулайт. 50—52° алкактагы түндүк кеңдикте түрлөрдүн саны кыйла төмөндөйт, бирок алардын өсүмдүк ценоздорундагы тыгыздыгы жогору бойдон калат. Орто Азиянын тоолорунда ит мурундун 39 түрү өсөт, алардын 17си эндемиктүү. Казакстанда 25 түрү кезедешет, алардын ичинен төртөө — эндемиктер. Төмөнүрөөк кеңдиктерде (экваторго жакындары) Уэбб ит муруну өзгөчөлөнөт (Rosa webbiana, Тянь-Шань, Тибет, Гималай).
Индияда ит мурундар тоолордо гана өсөт, жалгыз тропикалык түрдөгү шынаа сымал жалбырактуу ит мурунду (Rosa clinophylla) эске албаганда. Индиядагы ит мурундун калган түрлөрү Гималайда өсөт. Ладакх кургакчыл аймагында жана Химачал-Прадештин түндүк бөлүгүндө деңиз деңгээлинен 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте Эйчисон (Rosa ecae) жана сасык ит мурун (Rosa foetida) өсөт, экөө тең ачык-сары түстүү гүлдүү. Гималайдын типтүү төмөнкү тоо алкагынын түрү катары ак гүлдүү гималайлык мускус розасы (Rosa brunonii) саналат. Гималайды бойлой деңиз деңгээлинен 2100—4500 метр бийиктикте төрт желекчелүү бадалдуу Rosa sericea өсөт. Rosa clinophylla Ганг жана Брахмапутра дарыяларынын өрөөндөрүндө өсөт. Жээктеп жана аралдарда өскөндөр суу көтөрүлгөндө дээрлик толугу менен суу астында калып, суу бетинде учтары гана көрүнүп калат.
Пакистанда кайсы бир убакта ит мурундар көп болчу, бирок, жерди чарбалык максатта өздөштүрүүнүн натыйжасында алар жоголо баштаган. Түрлөрдүн көпчүлүгүн учурда (2023) деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикте гана табууга болот, жана алар дагы коргоого алынууга муктаж. Ошондой эле Пакистанда сасык ит мурун жана жарым шар сымал ит мурундар (Rosa hemisphaerica) кездешет. Кокон ит муруну (Rosa kokanica) Белужистан жээгинде жана Пакистандын түндүгүндө өсөт. Rosa sericea болсо Чек аралык аймактардын түндүк-чыгыш бөлүгүндө кездешет. Ит ит муруну Азад Кашмирде, Мирпур аймагында, Чек аралык аймактардын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жана Белужистанда өсөт. Чек аралык аймактардын түндүк-чыгыш бөлүгүндө Беггер жана Лешено ит мурундары (Rosa leschenaultiana) кездешет. Ири жалбырактуу ит мурун (Rosa macrophylla) өтө кеңири жайылган. Эргежээл ит мурун (Rosa nanothamnus) кургак өрөөндөрдө өсүүчү Уэбб ит муруну (Rosa webbiana) менен тыгыз байланышта.
Японияда жапайы түрдө ит мурундун 14 түрү өсөт, мындан тышкары ал жакта, башка өлкөдөн алынып келинген эки түр (Бэнкс жана жылмакай ит мунун) байыр алып кеткен. Япония аралдарында деңиз жээктерин бойлой бырыштуу ит мурунду кездештирүүгө болот (Rosa rugosa). Түндүк бөлүктө кеңири жайылган ийнелүү ит мурун Японияда бийик тоолордо гана байыр алган. Япониянын көпчүлүк бөлүктөрүндө көптөгөн түрлөрү бар көп гүлдүү ит мурун өсөт.
Ареалдын азиялык бөлүгүнүн түштүк-чыгышында кызыл гүлдүү розалардын арасынан түбөлүк жашыл роза-лианаларга жакын түрлөр, жыттуу ит мурун (Rosa odorata), Rosa lucidissima жана жылмакай ит мурун (Rosa laevigata) кездешет. Булар тоо этектеринде жана дарыя өрөөндөрүндө кездешип, анча чоң эмес ареалды ээлешет.
Орто Азияда ит мурундар негизинен Памир-Алай, Тянь-Шань жана Копетдаг тоолуу аймактарында кездешет. Памир-Алайда жана Батыш Тянь-Шанда ит мурун өсүндү розарийлерди калыптандырат. Алар ит мурундун бир нече түрлөрүнөн турат: түштүк аймактарда — кокон ит муруну, түндүктө — жалпак тикендүү ит мурун (Rosa platyacantha).
Буларга ит мурундун башка түрлөрү да аралашат. Түркстан кыркасындагы розарийлер Федченко, Беггер, Эйчисон ит мурундарын калыптандырат, Борбордук Тянь-Шанда — жалпак тикендүү ит мурун. Тянь-Шандын субальп алкагына чейин Альберт ит муруну көтөрүлүп, башка ит мурун түрлөрү менен биргеликте кесип-кыюуу жерлеринде розарийлерди калыптандырат.
Израилде ит жана күкүмдүү ит мурундардын (Rosa pulverulenta) жайылуусунун түштүк чек арасы өтөт. Акыркысы деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте Хермон тоосунда гана өсөт. Жалбырактары жарым күбүлмө Rosa phoenicia көлмөлөрдүн жээктеринде жана саздардын четтеринде өсөт. Учурда (2023), аны Иордан дарыясынын башынан жана мезгилдүү кургап калбаган дарыялар жээктеринен гана табууга мүмкүн, мурда болсо бул түр бардык жээкти бойлой өсчү, Галилейде, Кармель тоолорунда жана башка жерлерде. Мындан тышкары, бул түр Аравия жарым аралынын түштүгүндө кездешет. Алдыңкы Азияда өзүнчө аралдар менен мускус ит муруну сакталып калган.
Ит мурундун ареалы Арктикага чейин бардык Европаны камтып, 62 түрү кездешет. Кавказда 44, Украинада — 71 түр, булардын көбүнчөсү Карпат тоолорунда (51 түр, 2001). Молдавияда — 23, Россиянын европалык бөлүгүндө — 45, алардын 7си эндемик, Белоруссияда — 20, Прибалтикада — 22, калган бөлүгүндө өкүлдүн 47 түрү бар.
Франциялык ит мурун (Rosa gallica) Европанын Түштүгү жана Борборунда жайылган, Бельгия жана Борбордук Францияга чейин. Карпат тоолорунда кеңири бадал өсүмдүктөрүн калыптандырат. Чыгышты карай, Эстония жана Украинага чейин көгүлтүр ит мурун (Rosa caesia) кездешет. Чеге гүл сымал ит мурун (Rosa caryophyllacea) Борбордук жана Чыгыш Европада Балкан жарым аралы жана Украинага чейин өсөт. Бүткүл Европа боюнча калканчалуу ит мурун (Rosa corymbifera) кеңири жайылган, бирок түндүгүндө жана түндүк-батышында сейрегирээк кездешет. Эллиптикалык ит мурун (Rosa elliptica) Батыш жана Борбордук Европада жолуктурууга болот, ареалы Албания жана Батыш Украинаны камтыйт. Юндзилл ит мурунунун (Rosa jundzillii) ареалы Чыгыш жана Борбордук Европаны камтыйт, борбордук Франция жана түндүк-батыш Италияга чейин батышты көздөй кеңейет. Жумшак ит мурун (Rosa mollis) Борбордук жана Батыш Европада өсөт. Жалтырак ит мурун (Rosa nitidula) Британияда, түштүк Португалияда, чыгышты кайрай түштүк Швеция, Карпат жана Грецияга чейин. Кызыл-күрөң ит мурун (Rosa rubiginosa) бүткүл Европада, түндүктү карай түндүк кеңдиктин 61° чейин кадыресе көрүнүш. Rosa sicula Жер ортолук деңиз үчүн кадыресе. Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө кийиздүү ит мурун (Rosa tomentosa) кездешет, мунун жалбырактары коюуу түктөнүп турат. Түштүк-чыгыш Европада түрк ит муруну (Rosa turcica) кезедешет. Бир нече түрү тар ареалга ээ.
Декорациялык максаттарда өстүрүлүүчү түрлөрдүн бир бөлүгү табиятташып кеткен. Алар: бырыштуу ит мурун (Rosa rugosa), виргин ит муруну (Rosa virginiana). Өзүнүн ареалынан тышкары Европада мускус ит муруну (Rosa moschata) байыр алып кеткен.
Ит мурун Түндүк Африкада түштүктү карай Эфиопияга чейин кездешет. Табигий ареалга ээ болгон бир гана абиссинск ит муруну (Rosa abyssinica) белгилүү. Мускус ит муруну табигый шарттарда өсүүгө мүмкүндүгү болсо да, адамдар тарабынан кеңири өстүрүлөт, мунун так келип чыгышы белгисиз. Түштүк Африкада кызыл-күрөң ит мурун (Rosa rubiginosa) деңиз деңгээлининен 2000 метрден 3000 метрге чейинки бийиктикте Ажыдаар тоорлорунун аймагында табиятташкан. Тоодогу муздак кыш канаттуулар алып келген уруктардын өнүүсүнө өбөлгө түзөт. Бул түр ал жактагы жолдун четтеринде, жайыттарда өсүп, зыяндуу отоо чөп мүнөзүнө ээ болгон. Көп гүлдүү (Rosa multiflora) жана дамасск ит мурунунун (Rosa damascena) ортосунда гибрид (Natal Briar) Түштүк Африка Республикасындагы Наталь провинциясындагы субтропикалык климатында орун алган. Аны ал жактан жолдордун четинде, дубалдардын түбүндө көрүүгө болот.
Түндүк Америкада ит мурун АКШда, Канадада жана Мексикада өсөт. Бермуд аралдары Түндүк жарым шарда жайгашып, ылайыктуу климатка ээ болгону менен мында ит мурундар жок. Бирок, деңиз кемелери жана башка өлкөлөрдүн жашоочулары аркылуу бир нече түрлөр алынып келинген (2015).
Түндүк Американын климаттык жана топурактык шарттардын ар түрдүү болгонуна карабастан, мунун аймагында ит мурундун 60тан ашык түрү өсүп, мындан тышкары 10 түрү табиятташып кеткен. АКШнын түштүк штаттарында (Флорида, Джорджия, Техас) түбөлүк жашыл, гүлдөрү кызыл Rosa setigera роза-лианасы өсөт. Ушул эле аймакта көгүлтүр ит мурунду (Rosa glauca) байкоого болот. Бул түр муздакка туруктуу, жалбырагы күбүлмө келип, Түндүк Американын Улуу көлдөрүнө чейин жетет. Максималдуу түркүмдүк ар түрдүүлүк түндүк кеңдиктин 35—45° туура келет. АКШнын бүткүл чыгыш жээги боюнча, Мэн штатынан Флоридага чейин, жана түндүктү карай Айова, Миссури, Оклахома, Техаска чейин, ошондой эле, Канаданын айрым жерлеринде чөп формасына өтүү тенденциясын көрсөткөн каролиндик ит мурун (Rosa carolina) өсөт. Ушундай эле өсүү формасындагы Rosa foliolosa бүткүл Түндүк Америкада кадыресе көрүнүш, бирок, Оклахомадан Техаска чейин көбүрөөк кездешет. Rosa palustris «саз розасы» деп аташат, ал көлдөрдүн, көлмөлөрдүн жана суулардын жээктери сыяктуу нымдуу жерлерге жакшы ыңгайлашкан. Бул түркүм Мэн штатынан Флоридага чейин өсөт, батышты карай Миннесота, Айова, Миссури жана Жаңы Шотландияга чейин. Көлөкөгө чыдамдуу мөмөсү жылаңач ит мурун (Rosa gymnocarpa) Британиялык Колумбия токойлорунда жана АКШнын түндүк-батышында өсөт, Вашингтондон баштап Айдахо, борбордук Калифорнияга чейин. Жалтырак ит мурун (Rosa nitida) Түндүк Американын түндүк-чыгышында өсөт, түндүк Коннектикуттан Ньюфаундленд жана Квебекке чейин нымдуу аймактарда. Ал эми Rosa suffulta Улуу түздүктөрдүн кургак шарттарына жакшы ыңгайлашып, түштүктү карай Канададан Техаска чейин жана Индианадан Айдахого чейин өсөт. Ит мурундардын көп түрдүүлүгүнө карабастан Жаңы Жарык дүйнө бөлүгүндө бир дагы сары гүлдүү түркүм жок (2023), бул алардын Американын Евразиядан бөлүнгөндөн кийин пайда болгонун күбөлөндүрөт.
Аляскада ит мурундун үч түрү өсөт: ийнелүү, Вудс (Rosa woodsii) жана нутканс. Булардан тышкары, Алясканын батышында чектелген ареалга дөмпөк кулактуу ит мурун (Rosa amblyotis) ээ.
АКШнын көптөгөн аймактарында тикендүү, Rosa bracteata, майда гүлдүү (Rosa micrantha), күрөң, бырыштуу, жылмайкай (Rosa laevigata), көп гүлдүү ит мурундар табиятташкан.
Жаш бутак чыгаруучу жер астындагы тамыр катары колдонулган ит мурундун кээ бир түрлөрү (көп гүлдүү, кызыл-күрөң, Rosa fortuneana) Австралиянын аймагында өзүнө жагымдуураак шарттарда табиятташкан. Кызыл-күрөң ит мурун биринчи жолу Жаңы Зеландиянын 1815-жылдан 1820-жылдардагы көчөттөрүндө катталган. 1900-жылы ал зыяндуу отоо чөптөр менен күрөшүү мыйзамынын тизмесине киргизилген, бирок, ошого карабастан анын жайылуусуна катышкан канаттуулардын, коёндордун, поссумдардын азык чынжырына киргендиктен Түштүк аралда жашоосун улантууда (2023).
Эволюциянын жүрүшүндө жаныбарлардан механикалык түрдө коргонуу максатында тикендер жана кылдар пайда болгон. Бирок, бул жаныбарлардын кээ бир түрлөрүнө тоскоолдук жараткан эмес. Төөлөр, койлор, эчкилер эң тикендүү өсүмдүктөрдү оңой эле жеп коёоору белгилүү.
Ширелүү, ачык, жашыл жалбырак фонунда өзгөчөлөнгөн ит мурундун мөмөлөрү канаттуулар, сүт эмүүчүлөр, кемирүүчүлөр жана сойлоп жүрүүчүлөр үчүн азык катары кызмат кылат. Ит мурундун уруктарынын жаныбарлар тарабынан таратылышына анын түсү, бышкан мөмөлөрүнүн таттуу даамы, жана быша элегинде андай даамдын жоктугу, быша элегинде жаныбарлар тарабынан жеп жок кылынышынан коргойт. Жаныбарлар кыгы менен кошо жерге ит мурундун уруктарын калтырып, көп учурда түшкөн жери өсүмдүктөн кыйла алыстыктагы аралыкта болот, а бул анын жайылуусуна көмөк түзөт. Мөмөлөрү каракуштарга, токой илбээсиндерине, боз чилдерге, боз каргага, таандарга, чаар каргаларга, чыйырчыктарга жана башкаларга азык болот. Булардын ичинен чыйырчыктардан, боз чилдерден жана кара курлардан башкалары уруктарынын жайылышына көбүрөөк шарт түзөт. Кара курлардын ашказанында ит мурундун катуу жаңгакчалары майдалоочу жаргылчактын ролун аткарып, көпкө кармалуусунан улам өнүп чыгуу мүмкүндүгүн жоготот. Канаттуулардын арасынан боз таркылдак уруктарынын жайылуусуна эң көп өбөлгө түзөт. Бул анын мөмөлөрүн көп жегенинен, ошондой эле, анын азыктануу жерлери токойдун четтерине, жаш көчөттөр аймактарына жакын болуусу менен байланыштуу. Мөмөлөрүн коёндун айрым түрлөрү, сары моюндуу чычкан, боз талаа чычканы, түлкү дагы жейт. Түлкү өңдүү жырткыч жаныбарлар дайыма эт азыктар менен аралаштырып жеп турушат. Боз талаа чычкан уруктарын жана мөмөлөрүн ташып кетип, сактайт, бул дагы өсүмдүктүн жайылуусуна көмөк.
Деңиз жээктеринде өскөн бырыштуу ит мурундун (Rosa rugosa) уруктары сууда калкып жүрүп отуруп акыры кайрадан жээкке чыгып, ушундай ыкмада жайылат. Мөмөлөрүнүн бетиндеги тыгыз мом уруктарын ным болуп калуусунан коргойт, ал эми теңсалмактуулукту сактоочунун кызматын жемиш сабагы аткарат.
Кеңири жайылган табигый гибриддешүү, түркүмдүк өзгөрмөлүүлүгү жана көптөгөн маданий формаларынын болушуна байланыштуу Ит мурун тукумунун систематикасы өтө татаал. Өсүмдүктүн бул түрү ботаник-системачылардын көңүлүн өзүнө дайыма буруп келген. Ит мурунга арналган көптөгөн эмгектер жарыяланып, көптөгөн түрлөр жана түркүм ичиндеги таксондор баяндалган, ошону менен бирге тукумдун көлөмү боюнча каршы көз караштар дагы бар, жана анын систематикадагы ролунда көп нерселер белгисиз.
Түркүмдүк ар түрдүүлүк боюнча биринчи көрсөтмөлөр Геродот менен Теофрасттын дилбаяндарында берилген. Плиний жүз жалбырактуу ит мурундун (Rosa centifolia) жайылуусу боюнча ар кандай маалыматтарды жалпылаштырууга аракет кылган. Кайра жаралуу доорунда жана андан кечирээк XVIII кылымга чейин розалардын классификациясы аларды жапайы жана маданий деп бөлүштүрүү, гүлдөгү желекчелеринин санын дифференциациясы менен чектелген. К. Линней розалардын гибриддешүүсү жана аны менен байланышкан классификациялоо көйгөйүнө биринчилерден болуп көңүл бурган. «Species Plantarum» эмгегинде 1753-жылы ит мурундар менен розаларды биринчи жолу илимий жактан классификациялоо аракети болгон. Ошону менен бирге, түркүмдүн өзгөчөлүгү анын гипантийинин формасында гана болгон. Ушундай түрдө классификация XIX кылымдын башына чейин сакталган. 1811-жылы К. Вильденов ит мурундарда тикендердин жана бездердин болушу жана алардын формалары менен айырмаланаарына көңүл бурган. Анын мындай пикири XX кылымдын башына дейре, түрлөрдүн айырмачылыктарын белгилөөдө табиятта байкоодо эмес, жеке каалоолордо негизделген көптөгөн жаңы системалардын пайда болуусуна алып келген. Бул нерсе тукум таксонундагы сандардын аныкталуусундагы чоң айырмачылыктарга себеп болгон: 12ден (Линнейде) 146 чейин (Н. Серенжада).
1799-жылы розалар жөнүндө М. Лоуренстин биринчи монографиясы чыккан. 1813-жылы ит мурундун дароо үч классификациясы пайда болгон (Дюпондун, Н. Девонун жана А. Декандолдун). 1813-жылы розалар (алардын морфологиясы, физиологиясы жана систематикасы) жөнүндөгү илим — родология пайда болгон деп саналат. Декандоль ит мурундун гүлүнүн морфологиялык белгилеринин комплексине биринчи көңүл бурган: мамычалар, чөйчөк жалбыракчалар мүнөздөрү, жалбырак жана жалбыракчалардын вегетативдик белгилеринин комплекси, анын ичинде жалбырактарды кырларынын тиштүү болуусу, бул секциянын курамын сүрөттөөгө жардам берген. Декандоль тарабынан баяндалган Pimpinellifoliae, Synstylae жана Cinnamomeae секциялары бүгүнкү күнү (2024) дагы таанылып келет.
Түркүмдүн заманбап систематикасы морфологиялык, географиялык жана кариологиялык маалыматтарды эске алуу менен түзүлгөн. Жапайы түрлөрдү генеалогиялык жана морфологиялык жалпылыгын эске алуу менен секцияларга бириктиришкен. Негиз катары Белгиялык ири тукумчу, ит мурун тукумун изилдөөгө бүткүл жашоосун арнаган Ф. Крепэндин системасы алынган, кийинчерээк муну А. Редер жана Крюссман жакшырткан. Узак убакытка чейин Крепэн, Г. Буланже, Р. Келлер табигый тандоо менен байланышкан жеке (элементардык же бир жолку) өзгөрмөлүүлүктү топтук (статистикалык) өзгөрмөлүүлүктөн айырмалай алышкан эмес. Натыйжада, монографтар тарабынан европалык ит мурун тукумунун ареал аймагы үчүн жүздөгөн түрлөр, түркүмдөр жана формалар орнотулган.
XXI кылымда ит мурун тукуму төрт тукумчага бөлүнгөн система колдонулат: үчөө бир-эки түрдөн жана жалпы системадан четтеген (Hulthemia, Hesperhodos, Platyrhodon) өтө кичине тукумчар, жана Rosa аталган кеңири тукумчадан турат. Rosa тукумчасы (түркүмү) 10 секция жана 135 түрдөн турат. Жакшыраак изилдеген секциялар Gallicanae жана Cinnamomeae, анткени, булар чарбалык мааниге ээ, биринчиси эфир майларын камтыйт, экинчиси — витаминдүү түрлөрүнө ээ.
Химиялык курамы, витаминдер, танниндер, кант, органикалык кислоталар сыяктуу мөмөсүндөгү, жалбырактарындагы метаболизм (зат алмашуу) өндүрүмдөрүнүн топтолуусу, ар кандай түркүмдөгү ит мурундарда сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча кыйла айырмаланат.
Ит мурундун көптөгөн түрлөрүнүн мөмөлөрү көп сандаган C витаминин камтыйт, ошондуктан булар медицина жана ден-соолукка пайдалуу азыктануу үчүн баалуу.
Ит мурундун мөмөсүндө, карагатка караганда аскорбин кислотасы 10 эсе, лимонго салыштырмалуу 50 эсе, жана карагай, кызыл карагай, пихта, арчага караганда 60—70 эсе көп. Бул жаатта ак жана кызыл гүлдүү түрлөр баалуураак. Кызгылт гүлдүү түрлөрүнүнүн гипантийлеринде С витамини кыйла аз, ал эми сары гүлдүүлөрүнүн гипантийинде өтө аз, бирок, буларда танниндер жана танниддер көп. Өскөн жерине жараша ит мурундун түрүнүн мөмөлөрүнүн химиялык курамы өзгөрүп турат. Өнөр жайлык мааниге ээ болгон бырыштуу ит мурундун гипантийинин жемиш этинде (орусча мякоть) орточо 1% (чийки салмагына) С витамини бар. Россиянын европалык бөлүгүндөгү ийнелүү ит мурундун жаңы мөмөсүндө 1,5% С витамини бар, ал эми Казакстандагы Иртыш бассейниндеги ушул эле түрндө — 4,5%. Мурдагы СССР аймагындагы өсүүсү Беггер ит мурунунда С витаминин эң көп — 7ден 20% чейин.
Желекчелеринде кийинкилер бар:
Эфир майынын жогорку камтылышы бырыштуу ит мурунда белгиленген — 0,25—0,38%.
Момдун курамында альдегиддер, жогорку алифатикалык көмүр-суутектер, жогорку алифатикалык спирттер, жогорку май кислоталары (лаурин, миристин, пальмитин, стеарин, олеин, арахин, бегеновдук, лигноцериндик, церотиндик; тритерпендик кислоталар;), стероиддер бар.
Эфир майлуу розалардын желекчелериндеги эфир майында фенилэтил спиртин (болжолдуу 2% жана майдагы спирттин жалпы санынан 20—30%), цитранеллол (22,6 %), гераниол (50—60 %), нерол (до 10 %), нонадекан, жогорку алифатикалык көмүр-суутектерди (9 %) камтыйт. Мунун баары розанын жагымдуу жытын камсыздайт, ал эми фенилэтилдик спирт — роза суусунун жытынын негизги алып жүрүүчүсү. Андан тышкары, эфир майы эвгенол, цитраль, альдегиддерди (нонил, күрөң ж. б.), каротиноид рубиксантиндерди камтыйт. Эфир майлар байланыштыруучу, бактерициддик жана сезгенүүгө каршы таасир этет.
Жалбырактарында төмөнкүлөр камтылган:
Май айынын ит мурунун жалбырактарында полисахариддер, каротиноиддер табылган. Саргыч-кызыл ит мурундун жалбырактары 55% чейин эфир майын камтыйт.
Бутактары катехиндерди (18,28% чейин), сапониндерди, P витаминин, флавоноиддерди камтыйт. Тамыры сорбит затын камтыйт. Галлдар (өсүмдүктөгү патологиялык калыптануулар) ийлөө заттарына ээ.
Тамырлар ийлөө заттарын, флавоноиддерди, катехиндерди (8,24—18,28%), тритерпеноиддерди (5,2 %) камтыйт.
Ийлөө заттарынын бутак жана тамырларындагы камтылышы — 4,5% чейин, галлдарда андан дагы көп.
Ит мурундун мөмөлөрү тамак-ашка адам тарабынан муз доорунун аягында эле колдонулганы Швейцариядагы байыркы туруктарды казуулар күбөлөндүргөн. Көпчүлүгүнүн мөмөлөрүн жаңы башкан кезинде жесе болот, кургактылгандар чай, кайнатма катары колдонууга жарактуу. Мөмөлөрүнөн пюре, паста, кыям, кайнатма таттуу ботко, мармелад, компот, шорпо (шведдик жана армян ашканасы), момпосуй, квас ж. б. даярдалат.
Роза гүлүнүн желекчелеринен Кытайда ар кандай тамак-аштарды жасашчу. Ийнелүү ит мурундун гүлдөрү чийки бойдон жегенге жарактуу.
Чай суррогатын ийнелүү ит мурундун, Альберт, Беггер, Эйчисон, Федченко, самарканддык ит мурундун гүлдөрүнөн, француз ит мурунунун жаңгакчаларынан алышат, ошондой эле, даурский, борпоң (Rosa laxa), май, тикендүү ит мурундун мөмөсүнөн жана гүлдөрүнөн алынат. Кофе суррогаты ит ит мурунунан, күрөң ит мурундун жаңгакчаларынан алынат.
Словенияда болсо Cockta алкоголсуз суусундуктарын даярдоодо колдонулат. Винолорго ит мурундун мөмөсү кошумча жагымдуу даам берет.
Ит мурундун мөмөсү витаминдик заводдордун негизги өсүмдүк чийки заты болуп саналат. Бул максаттарда дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндө өнөр жайлык ит мурун плантациялар бар, өзгөчө Европа жана Азияда. Өндүрүштүк плантациялар айрыкча ийнелүү, даур, Беггер, Федрченко, борпоң, Альберт түрлөрү колдонулат.
Жагымдуу топурак — мелүүн нымдуу, кубаттуу айдалма катмарлуу кара топурак, жайылма, бирок, суу каптама эмес, кумдак же чополуу, азык заттарга бай, суу жана аба жакшы өтмө, pH 5,5—6,5. Ит мурун плантациясын салууга курамында акиташ, шагыл, туз көп топурактар болбойт, ошондой эле, саздануучу же жер астындагы сууга жакын (1—1,5 м) топурактар жарабайт.
Болгария жана Иранда розанын желекчелеринен кыям чыгарат, ал эми Франциянын чыгыш провинциялары Лотарингия жана Эльзаседе — ит мурун мөмөсүнөн консерва жана кыям даярдашат.
Роза майы санскрит адабиятынын байыркы эскертмеси Ведаларда эскерилген. Франциялык розанын желекчелеринен Болгарияда, Францияда, Югославияда, Грецияда, Тунисте, Индияда май алышат. Дамасск розасынын желекчелеринен — Болгария, Венгрия, Франция, Италия, Испания, Греция, Кипр, Иран, Афганистан, Сирия, Түндүк Африкада май алышат. Бырыштуу ит мурундун желекчелеринен майды Кореяда, Кытайда, Японияда алышат. Молдавия, Крым, Грузия жана Азербайжанда 4 миң гектар айланасындагы жер аянтында эфир майлуу розаларды өстүрүшкөн. Эфир майларынын арасынан роза майы эң кымбаты. Розалардагы анын камтылышы сейрек 0,15% ашат, ал эми заводдон чыгышы 0,06—0,1% түзөт. Башка маалыматтар боюнча розанын желекчелеринде 0,1—0,22% эфир майы камтылат. 1 кг роза майын алуу үчүн 3000 кг роза желекчелери талап кылынат. Кайнатып алууда роза суусу калат. Роза майы жана анын компоненттери ликёрлорду, винолорду жана кондитердик өндүрүмдөргө, кээ бир даарыларга жыпар жыт берүүдөгү эң кымбат косметикалык каражаттарды даярдоо үчүн пайдаланышат. Француз парфюмерлери Граса шаарынын жанында өскөн, ошондой эле, Казанлык жана Карлов шаарларынын арасындагы Болгария плантациясынын Розалар Өрөөнүндөгү розаларды өзгөчө баашалат. Дамасск розасынан алынган май өзгөчө баалуу. Казанлык өрөөнүндөгү бул розанын маданиятынын башаты XVIII кылымдан башталган. Казанлык өрөөнүнүн өзгөчө микроклиматы (абанын жогорку нымдуулугу жана гүлдөө мезгилиндеги мелүүн температура) роза желекчелеринде көп сандаган эфир майынын чогулушуна өбөлгө түзөт. Желекчелер күн чыгышта колго 20—30 күн ичинде чогултулуп, жаңы түрүндө фабрикаларда иштетилет.
Кошумча макала: Ит мурундун пайдасы
Ит мурундун мөмөлөрү фитонциддик жана күчтүү бактерициддик касиаеттерге ээ. Көп сандаган антиоксиданттарды камтыйт. Эң башкысы — ит мурундун мөмөсү баалуу поливитаминдик каражат катары саналат. Алар даарылык максатында колдонулган, өзгөчө XVI кылымдан тарта антицингалык каражат катары, балким, андан дагы мурда болгондур, качан суусарлар тукумундагы ким жаныбарынын терисине, баркыт жана атласка (жибек) алмашып турган мезгилинде.
Ит мурун мөмөсүнөн жасалган витаминдик экстракттар, шербеттер, таблеткалар, момпосуй түрүндөгүлөрү жана кайнатмалар организмдеги витаминдин жетишсиздигинен пайда болгон ооруларды даарылоо жана алдын алуу үчүн колдонулат, негизинен С витамининин жетишсиздиги, аз кандуулук, көтөрүм болуу менен байланышкан. Бул өсүмдүктөн жасалган дары-дармектер көмүр-суутектин (орусча углевод) алмашуусуна, чучук мээнин, боордун, өттүн иштөөсүнө жакшы таасир этет.
Элдик медицинада ит мурундан жасалган чайларды, тундурмаларды тиф, туберкулёз, бөйрөктүн сезгенүүсүндө, ичеги-карын, боор, ашказан ооруларында пайдаланышат.
Беггер, даурский, Федченко ит мурундарынын уруктарынан алынуучу майлуу май элдик медицинада күйүктөрдө, дерматитте, трофикалык жараларда жана теринин нурлардан бузулуусунда пайдаланылат.
Уруктардын кайнатмасы заара-таш ооруларында холерикалык, сезгенүүгө каршы, заара чыгаруучу каражат катары, ошондой эле диареяда колдонулат, гингивит болгондо сыртынан колдонот.
Роза желекчелеринин дарылык касиеттери антика мезгилинен бери эле белгилүү. Авиценна «Дарыгерлик илим канонунда» Тиштин саламаттыгы үчүн жатаарда тиштерди жана анын бүйлөсүн роза майы менен майлоону сунуштаган. Роза суусун көз ооруларын даарылоо жана ооздун жытын кетирүү үчүн колдонгон. Көз сезгенгенде Авиценна көзгө роза майын тамчылатып, алаксытуучу катары розанын уруктарын чекеге коюууну сунуштаган. Орто кылымдарда Салернодо винодо тундурулган роза желекчелерин ичтин өтүшүндө жана аялардын ооруларында колдонушкан; бал менен аралашкан желекчелер — тиштин бүйлөө ооруларында; бал суусу менен аралашканы — температура түшүрүүчү; роза майы — ашказандагы оорусунтууларда жана ич катууда; уксус менен айкалышында — инфекция кирген жарааттарды дарылоо.
Россияда XVII кылымда ит мурун түрктөр менен болгон согушта жараат алгандарды дарылоодо кеңири колдонулган. Желекчелерин сууга буулантып кайнатып таңгычтарды чылап, жаарааттарга коюшчу. Бул каражат жарааттын тезирээк айыгышына көмөктөшүп, күчөп кетпешин алдын алган.
Француз розасынын желекчелери кээ бир өлкөлөрдүн фармакопеясына сезгенүүгө каршы, антисептикалык, ооруксуздандыруучу, байланыштыруучу каражат катары киргизилип, гипертония, атеросклероз, жара, гастрит, дизентерия, боор ооруларында колдонулат. Болгарияда роза майынын негизинде розанол аталган дары жасалып, ал спазмалиттик, өт чыгаруучу жана бактерициддик касиеттерге ээ. Аны боор жана өт чыгуучу жолдордун, ошондой эле заара-таш ооруларында пайдаланышат.
Францияда француз розасынын желекчелери C витаминдик, ичеги курттарга каршы каражат максатында колдонушат, андан тышкары диарея, геморрой жана жалпы тонус берүүчү дары катарында сунушталат. Болгарияда дамасск розасынын желекчелери диареяда, ичеги-карын жолдорунун сезгенүүсүндө, ангинада жана көздүн былжыр челин сезгенүүлөрүндө колдонулат. Арменияда кызыл розанын желекчелерин боор ооруларында пайдаланышат, ал эми агын — жүрөк ооруларында.
Ак розада былжырлуу заттар камтылып, аз дозада ал ичеги куртка каршы каражат катары иштейт.
Роза суусу конъюнктивиттерде антисептика сыяктуу таасир этет.
Роза майын жаңы чогултулган желекчелерди 20—25 пайыздык натрий хлорид аралашмасы менен суу-буу кайнатуусунан өткөрүүдөн алат. Ал абцесстерде, ангинада, бронхалык астмада, дары-дармектердин жытын жана даамын жакшыртууда колдонулат.
Кургатылган роза желекчелери тынчтандыруучу чөп жаздыкчаларынын курамына кирет. Роза майы ароматерапияда кеңири пайдаланылат.
Бутактарды, сабактарды кайнатма түрүндө малярияда диуретикалык жана бекемдөөчү катарында колдонушат, ошондой эле, ревматизмде, радикулитте, суу тийгенде, температура болгондо, ичеги-карын бузулууларында, аз кандуулукта, менструалдык ооруксунтууларда. Кабыгы кустуруучу каражат жаатында пайдаланылат.
Жалбырактарынан жасалган тундурма сайгылашууда, гастралгияда, малярияда, антибактериалдык жана ооруну басаңдатуучу катары, ал эми диуретикалык каражат катары диареяда, диспепсияда, ревматизмде, радикулитте колдонулат. Жалбырактарынын кайнатмасы скарлатина, тиф, диарея, нефрит, өпкө туберкулёзу, төрөттө ооруну басаңдатуучу болот. Якут элдик медицинасында ийнелүү ит мурун жалбырактарынын кайнатмасы заара чыгаруучу дары катары колдонулчу, ал эми сабактары менен жалбырактарынын кайнатмасы — малярияда.
Тамырлары өт чыгаруучу, байланыштыруучу, антисептикалык жана бактерициддик касиеттерге ээ. Элдик медицинада тамырларынын кайнатмасы малярияда, бөйрөк, өт таш ооруларында, боор жана көк боор ооруларында, анорексияда, диареяда, диспепсияда, циститтерде, гипетониялык ооруларда, жүрөк ооруларында, респиратордук инфекцияларда колдонулат, сыртынан пайдалануу — ревматизмде, радикулитте, паралич. Кытайда ит мурундун тамырлары тамак сиңирүүнү жакшыртуучу жана ичеги курттарга каршы колдонулат. Тамырынын кабыгын кутурган иттер тиштегенде колдонушчу. Вашингтон штатында скагиттер нуткан ит мурунун тамынын кант менен кошо кайнатып тамактын сезгенүүсүндө пайдаланышат.
Ошондой эле, тамырлары ветеринарияда музоолордун диареясында колдонушат.
Ит мурундун мөмөлөрүнүн жана жалбырактарынын кайнатмасы, тундурмасы майлуу, анча-мынча безеткелүү, кургак, сезимтал, дүүлүккөн териге кам көрүү, ошондой эле ванналар үчүн пайдаланылат. Беттеги бырыштардын пайда болуусун алдын алуу үчүн ит мурун мөмөлөрүнүн кайнатмасы менен жуунуу сунушталат.
Ит мурун мөмөлөрүнүн этинен алынуучу майлуу экстракт (каротолин) өзүндө каротиноиддерди камтып, алар жаракаттардын тез айыгуусуна, теринин кургак болуусун жана туурулуп түшүсүн алдын алып, терини жумшартып түздөйт, ультракызгылт көк нурлардын зыяндуу таасиринен коргойт, сезгенүүгө каршы таасир этет. Ушуга байланыштуу каротолинди күндүзгү бет кремдеринин курамына кошушат.
Ит мурун майы косметикалык максаттарда Орто кылымдарда эле Салернодо (Түштүк Италиядагы шаар) колдонулган. Ал эми уруктарынын майы теринин саламаттыгы үчүн алмаштыргыс май кислоталарын камтыйт. Ал антиоксиданттык таасирге ээ болуп, теринин түзүмүн жакшыртат, жашартуучу таасир берип, теринин картаюуусуна тоскоол болот. Териге эң пайдалуусу — айтылуу муздак сыгып алуу ыкмасы менен алынган майы. Ит мурун майы ар кандай түрдөгү териге арналган косметикалык каражаттардын курамына кирет. Майлуу тери алмаштыргыс май кислоталарына муктаж, ошондуктан, ит мурун өспүрүмдөрдүн көйгөйлүү терисине арналган кремдердин курамына кирет.
Роза майы атыр даярдоо үчүн Байыркы Римде эле колдонулган. Пестум жана фазелийлик розалардын жыпарлары өзгөчө бааланчу. Атырды ванналарга кошуп, бөлмөлөргө жана жууркан-төшөктөргө себишчү. Атырларды өзгөчө баалуу винолорго дагы кошумча кылып коюшчу. Буларды шамдардын майына ошондой эле, адамды акыркы сапарга узатуудагы отко кошушчу. Роза майы учурда жогорку сорттогу атырларды, самындарды, помадаларды даярдоо үчүн колдонулат, ал эркек парфюмериясынын 46% жана аялдардын 98% курамына кирет. Роза майы каалаган териге туура келүүчү күндүзгү кремдердин курамына кирет. Роза майы, сүт жана бал кошулган ванна териге назиктикти жана жылмакайлуулукту берүүгө өбөлгө түзөт.
Роза мому эрин помадаларынын курамына кирип, 24% чейин болушу мүмкүн. Ал жыпар жыттуу болуп, антибактериалдык таасирге ээ, калыптандыруучу бөлүктөрү боюнча аарынын момуна жакын. Ошондой эле, роза мому кээ бир нымдаштыруучу кремдердин курамына кирип, суу алмашууну нормалдаштырып, жогорку тазалоочу жана жаңыртуучу таасирге ээ.
Колдун терисине кам көрүү үчүн аны глицерин аралашмасы, роза суусу (же роза желекчелеринин кайнатмасы) жана нашатыр спирти менен сүйкөө сунуштулат.
Ит мурун желекчелеринен бет жууган кайнатма, терини тонго келтирүүчү, дүүлүгүүнү жана чарчоону жоготуучу косметикалык маскалардын даярдамаларын дагы даярдашат. Египеттик Клеопатра ханышасы көптөгөн сулуулук рецептерин билген деп айтышат. Анын рецепттеринин бири роза суусун жана роза желекчелеринин тундурмасын камтыйт.
Кургактыкка жана суукка туруктуулугу, тамыр өркүндөрүнөн жаңылануусу, тамыр системасынын жакшы өнүккөндүгүнөн ит мурун топурак эрозиясына каршы жана коргоочу көчөт катары бааланат. Мисалы, ал жар алдындагы жана жарга жакын эрозияга каршы токой алкактарын түзүүдө колдонулат. Ит мурундар коюуу өсүндүлөрдү калыптандырууга мүмкүндүгү бар, ошондуктан, жандуу жашыл тосмолорду жасоодо көп колдонулат. Кээ бир түрлөрүн парктарда, бакчаларда декоративдик максаттарда отургузушат.
Роза сорттторун энелик формаларын аргындаштыруу менен алышат, ошондой эле, кокус мутация болгондо. Мындай сорттор алгачкылардан болуп антика мезгилинде бир нече жапайы розалардан алынып, алынган маданий сортторду башка жапайы түрлөр менен аргындаштырышкан. Жаңы алынган розалардын гүлдөрү кооздору декоративдик максаттарда пайдаланылган.
Розалар менен бакчалар, парктар, жер аянтчалары көркөмдөлгөн. Ошондой эле, буларды гүлдесте катары берүү үчүн өстүрүшөт, жана булардын гүлдөрү гана эмес мөмөлөрдү да көркөмдүк үчүн пайдаланылган. Кооз болуп гүл ачкан илээшип, чырмалып өскөн розалар менен өткөөлдөрдү, чатырчаларды, торчолорду капташкан. Кээ бир түрлөрүн бөлмө шартында идиштерде өстүрүшөт.
Ит мурун гүлү көп деле нектар бербейт, бирок ага аарылар көп конуп, кыйла көлөмдөгү чаңчаларын чогултат. Чаңчаларынын азыктык сапаттары өтө жогору.
Ит мурун тамырлары жана галлдары мурда кездемелерди күрөң түскө боёоо үчүн колдонулган, ал эми мөмөлөрүнүн кайнатмасы — саргыч-кызыл түс берген.
Ит мурун көчөттөрүн дан-куурай-кызылгат шиш тумшук, колочу, жалтылдак коңуздар, жалбырак түргүчтөрдүн, жибек көпөлөктөрдүн көпөлөк курту, май жана чыртылдак коңузунун личинкалары зыянга учуратат.
Бутактардында мох сымал өсүндүлөр — галлдар кездешет. Алар диплолепис розалык (латынча Diplolepis rosae) куртунун ийне саюуусунан пайда болуп, анын личинкаларына турак жай катары кызмат кылат.
Оорулардан көбүнчө ун шүүдүрүмү, кара тактар, боз тактар, дат жана вирустук оорулар көп кездешет.