Белок - деп адатта тооктун жумурткасынын агы айтылат. Белоктордун өтө көп түрдүү экендигин, бардык тирүү жандар белоктон түзүлөрүн билесиңерби? Жумуртканын ичиндеги сарысы да ар түрдүү белоктордон турат. Тиричилик, жашоо бар жердин баарында белок бар. Булчуң эттерде көзгө көрүнбөгөн белок серпилтмелер иштейт. Көздүн ички капталы белоктун жарык сезүүчү жука катмары менен капталган. Жаркырак коңуздарда өзгөчө белоктор түнкүсүн табы жок жарык чыгарат. Деңиз скатынын электирлүү органында белок заттар электр тогун иштеп чыгарат. Белок организмдин тамакта-нуусун, бойдун өсүшүн, кыймыл-аракетти, сезгичтикти, мээнин ишин башкарат. Дегинкиси, алар аткаруучу иш көп. Хлорофилл белогу дарактардын, башка өсүмдүктөрдүн жалбырактарынын жашыл болуп турушун камсыз кылат. Бул белоктун эң сонун касиети бар: ал күн нурун кармап, анын энергиясынын жардамы менен жөнөкөй заттардан - көмүр кычкыл газ, аба, суудан татаал заттарды жасайт жана бул заттардан өсүмдүктөрдү калыптандырат.
Кызыл белок гемоглобин да тиричилик үчүн өтө маанилүү, касиети боюнча өтө ажайып. Дем алганда аба аркылуу кирген кычкылтекти мына ушул зат - гемоглобин кармап алып, денебиздин бардык клеткаларына ташып жеткирет. Эгер гемоглобин кычкылтекти ташыбай калса, денебиздин клеткалары өлүп кал ар эле. Денебиздин ар бир клеткасында миңге жакын белок бар, алардын ар бири өзүнө гана таандык жана тиричилик үчүн маанилүү ишти аткарат. Белок жаратылыштагы эң көп сандуу гана эмес, эң татаал, эң сырдуу зат. Акыркы жылдарда гана илимпоздор анын сырын ача башташты, көптөгөн белоктордун ички түзүлүшүн иликтешти. Кээ бир белокторду пробиркада жасалма жол менен алууга да мүмкүн болду. Бирок изилденбеген белгисиз жактары али көп. Келечекте илимпоз болууну каалап, белокторду изилдөөчү лабораторияларга келе турган болсоңор, силер үчүн да жумуш жетиштүү.