Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жалбырак

Баш барак | Ботаника | Жалбырак

Жалбырак (латынча folium, грекче φύλλον) — ботаникада негизги функциясы фотосинтез, газ алмашуу жана транспирация болгон, өсүмдүктүн вегетативдик органы. Айтылган максаттар үчүн эреже катары жалбырактын хлоропласттарындагы клеткаларга хлорофил аталган атайын пигментти жана Күн нурун алуу үчүн пластина түзүмүнө ээ.

Ошондой эле, жалбырак өсүмдүктүн дем алуучу, буулануучу жана суу тамчыларын чыгаруучу (гуттация процесси) орган катары кызмат кылат. Жалбырактар өзүнө сууну жана азык заттарды камтышы мүмкүн, ал эми кээ бир өсүмдүктөрдө башка функцияларды дагы аткарат.

Талдын жалбырактары
Талдын жалбырактары

И. А. Крыловдун жалбырак жана тамыр жөнүндө тамсилинде «жалбырактын көркүнөн башка пайдасы жок, өсүмдүктөгү эң башкы нерсе — мээнеткеч тамыр» деп айтылат анда. Крыловдун заманында жалбырак илимде так ошондой бааланган. Бирок, мезгил өтүп, жашыл жалбыраксыз өсүмдүк эле эмес, жер жүзүндө эч нерсе жашай албастыгын, ансыз жашоо болбостугун илим тарабынан далилденген.

Хлорофиллдин жашыл бүртүкчөлөрү бар жалбырак клеткасында суу менен көмүр кычкыл газ биздин жашообуз үчүн эң керектүү заттар — кант жана крахмалга айланат. Айлануу учурунда, бардык жандыктар дем алуу үчүн пайдаланган газкычкылтекти бөлүп чыгарат.

К. А. Тимирязев жашыл жалбыракты «жашоо-тиричиликтин улуу фабрикасы» деп атаган. Жалбырак үчүн абадагы көмүр кычкыл газ менен суу — чийки зат, жарык нур — кыймылдаткыч болуп кызмат кылат. Жалбыракка жарык нур тиери менен фабрика суу менен көмүр кычкыл газды крахмал жана кантка айландыра баштайт.

Жарык жок болсо, хлорофилл бүртүкчөлөрүндөгү иш токтойт. Өсүш үчүн керектүү азык заттарды өсүмдүктөр денесине ушинтип чогултат. Бул заттар адам менен жаныбарларга да азык болот. Өсүмдүктөр абаны артыкбаш көмүр кычкыл газынан тазартып, кычкылтектин Жердеги корун тынымсыз толуктап турат.

Жалбырактын жашыл болушуна да хлорофилл бүртүкчөлөрү себепкер. Алар күн спектринин жашылдан башка бардык нурларын жутуп алып, жашыл нурларды чагылдырат. Ошондуктан жалбырак жана чөп бизге жашыл болуп көрүнөт.

Ботаникалык баяндалышы

Жалбырак — өсүмдүктүн түрүнө жана морфологиялык түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал түзүлүштүү жалбырактарга бөлүнөт. Жөнөкөй жалбырак бир гана пластинкадан турат. Бир сапта бир нече жалбырак пластинкасы болсо татаал жалбырак деп аталат (мисалы, беде, грек жаңгагынын жалбырагы).

Жалбырак пластинкасы ар кандай формада болот: сүйрү, тегерек, тасма, калак, жебе, канат, жумуртка, ромб сымал жана башка формасына жараша жалбырактын учу чукул, учтуу же шуштугуй сыяктуу. Ошондой эле, жалбырак жалпак пластинка түрүндө эмес ийне (ийне жалбырактуулар), түрпү сымал, жумуру формада да болот. Пластинкасынын бөлүнүшүнө жараша жара тилик, жылдыз сымал жана башка түрдөгү жалбырактар бар.

Карагайдын ийне жалбырактары
Карагайдын ийне жалбырактары

Жалбырак пластинкасы жука же калың, бети түктүү, түксүз, бырыштуу же жылма, кыры тегиз же тилкелүү келет. Жалбырактардын жазылыгы көбүнүкү 3-10 сантиметрдей, айрымдарыныкы (бразилия пальмасынын жалбырагы ) сабынын узундугу 4-5 метр , пластинасынын узундугу 22 метр, туурасы 12 метрге чейин жетет. Кыргызстандын флорасында чоң жалбырак даракта эмес, көбүнчө чөп өсүмдүктө (мисалы, балдыркан) кездешет. Жалбырактар саны боюнча көбүнчө дарактарда көп санда болот.

Жалбырактын астыңкы бети көп тарамыштуу. Алар бир үлүштүү өсүмдүктөрдө дого сымал, эки үлүштүүлөрдө тор сымал жайгашат. Түрдүү формада болсо да, анатомиялык түзүлүшү негизинен окшош. Астыңкы жана үстүңкү эпидермадан туруп, алардын ортосунда бир нече катмарлуу жашыл ткань — хлоренхимадан түзүлгөн негизги ткань — мезофил жайгашат. Жалбырактын негизги милдети болгон физиологиялык процесстер — фотосинтез жана дем алуу мезофил тканында жүрөт.

Тарамыштары — өткөргүч боочолор — жалбырак сабы жана өзөк аркылуу флоэма менен ксилемадан турган өткөргүч системага кошулат. Тамырдан суу жана анда эриген заттар ксилема аркылуу жалбырактын негизги тканына келип, флоэма аркылуу фотосинтез заттары башка органдарга кетип турат. Өсүмдүктүн сырткы чөйрө менен газ алмашуусу (транспирация) эпидермада жайгашкан үттөр аркылуу жүрөт.

Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн жалбырагында фотосинтез заттары гана пайда болбостон, анда запас заттар да топтолот. Магнолия, лимон, апельсин, мандарин сыяктуу тропик өсүмдүктөрү кышында жалбырагында крахмал топтоп, аны гүлдөө мезгилинде сарптайт. Жалбырактын формасынын, өлчөмүнүн, түзүлүшүнүн өтө көп түрдүүлүгү өсүмдүктүн белгилүү экологиялык шартка ылайыктанышын чагылдырат.

Терек жалбырагы
Терек жалбырагы

Мисалы, кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүктөрдүн жалбырагынын үстүңкү бети түктүү же кутикула жана мом катмары менен тыгыз капталып, жалбырактан суунун тез бууланып, ысырап болушуна жол бербейт. Эволюциялык өнүгүү процессинин натыйжасында аткарган милдетинин өзгөрүшүнөн улам кээ бир өсүмдүктөрдүн жалбырагынын түрү өзгөрүп кеткен. Мисалы, пияз менен капустанын жалбырактары азык зат топтоочу органга айланган. Бүчүрдүн түрпүлөрүн (кабырчыктарын) да, түрүн да өзгөрткөн жалбырак деп эсептөөгө болот.

Өсүмдүктүн өзгөчөлүктөрүнө жараша жалбырактын өсүү мезгили ар түрдүү. Мисалы, мелүүн климаттагы өсүмдүктөрдүн жалбырактары жарым жылга жакын убакытта, эрте жаздагы өсүмдүктүн жалбырагы 2-3 айдан кийин, башкача айтканда вегетация мезгили бүткөндөн кийин куурайт. Айрым учурда жалбырактын саргайып, тез куурашы фотосинтез жана зат алмашуу процесстеринин күчтүүлүгүнө же өсүмдүктүн кайсы бир ылаңга кабылганы менен байланыштуу.

Дайыма жашыл өсүмдүктөрдүн жалбырактары бир нече жыл өсүп, бир кылка эмес, ар түрдүү мезгилде түшүп, жаңыланат. Мисалы, лавр жалбырагы 3-4 жыл, Европа карагайыныкы 8-10 жыл, Шренк карагайыныкы 30 жылга чейин өсө берет. Жалбырак эл чарбасында кеңири керектелет. Көп өсүмдүктөрдүн жалбырактары тамак-аш катары жумшалат. Мисалы, козу кулак, ашкөк, капуста, пияз жана башка айрым өсүмдүктүктөрдүн (оймок гүл, меңдубана жана башка) жалбырагынан дары-дармек даярдалат. Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн жалбырагы малга тоют. Айрым өсүмдүктөрдүн (жалбыз, каз таман) жалбырагынан эфир майы, өңдөгүч заттар алынат. Жалбырак — чай жана тамеки өнөр жайынын чийки заты.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3233, Өзгөртүлгөн: 2024-02-12, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу