Зат алмашуу же метаболизм — организмде бардык биохимиялык процесстердин жыйындысы. Зат алмашуу организмдин өсүп-өнүгүшүн, өзүн-өзү сактоосун жана жаратуусун камсыз кылат. Башкача айтканда тирүү организмдеги жашоону сактап туруучу химиялык реакциялар.
Бул кубулушту Ф. Энгельс «Табият диалектикасы» деген эмгегинде белгилеген. Зат алмашууда организм айлана-чөйрөдөн түрдүү заттарды сиңирип, аларды өзгөртүп өз затына айлантат (ассимиляция процесси). Ушул эле убакта ассимиляцияга тескери диссимиляция процесси жүрүп, организм клеткаларындагы заттар ажырап, анын орду жаңы химиялык заттар менен толукталат.
Зат алмашууда витамин, ауксин, фермент, гормон, фотосинтез, гумордук факторлор чоң роль ойнойт. Жагымсыз шарттар зат алмашуунун бир калыпта жүрүшүнө тоскоол болуп, организмди жарым-жартылай же толук өлүмгө учуратат. Жерде жашаган түрдүү организмдердеги зат алмашуу процесстери бири-бири менен өз ара байланыштуу. Мал организми курчап турган чөйрөдөн тоют менен белок, көмүртек углевод, май, витамин, минералдык туз, суу, кычкылтекти кабыл алып, акыркы заттары — көмүр кычкылы, суу, аммиак, мочевина бөлүп чыгарат.
Мында ассимиляция жана диссимиляция процесстеринин бири-бирине катышы мал жашына, физиологиялык абалы жана өөрчүү стадиясына жараша болот. Малда зат алмашууну изилдөөдө колдонулуучу ыкмалар: газ алмашууну изилдөө, баланс тажрыйбасы; изотоптуу атом; айрым органдан жана ткандан кесип алып изилдөө, клетка органчаларын изилдөө.
Организмдин сырткы чөйрөдөн кабыл алган затына жараша зат алмашуу, белок, май, углевод, суу жана минералдык алмашуу болуп бөлүнөт. Төмөндө малдын мисалында көрсөтүлөт.
Белок алмашуу — белок мал организмине тоют менен келип, ичеги-карында ферменттер, ичеги-карын зилинин (пепсин, трипсин) таасиринен пептид жана амин кислоталарына ажырайт.
Ажыраган заттар канга сиңип, ткандарга тарайт, белокту синтездейт. Белок акыркы заттар — амин кычкылы, аммиак, көмүр кычкыл газ жана сууга ажырап, сыртка бөлүнүп чыгат.
Май алмашуу — мал организмине келип түшкөн жана организм, ткандардагы май, май сымал заттардын химиялык айланышынын жыйындысы. Майлар (липиддер) негизинен малдын ичегисинде липаза, лецитиназа, коламин-фосфотаза, глице-рофосфотаза ферменттеринин катышуусу менен моноглицерид, глицерин, холестеринге ажырайт да ичегиге сиңет. Майда витаминдер жана өт кычкылы чон мааниге ээ.
Углевод алмашуу — мал организминдеги негизги энергия булагы.
Зат алмашуу туруктуу жүрүп турмайынча, жашоо болушу мүмкүн эмес. Башкача айтканда, ар бир тирүү организмде, анын ичинде адамдын организминде да үзгүлтүксүз болуп туруучу өзгөрүүлөрсүз жашоо болбойт.
Денебиздин бардык мүчөлөрүнүн жана клеткаларынын текши иштешин камсыз кылуу үчүн көп энергия керек. Анын булагы эмне? Ооба, тамак-аш. Адамдын денесинин салмагы канча болсо, карынга 20 күндүн ичинде ошончо салмактагы ар түрдүү азыктар жана суу барат. Адамдын тамак сиңирүү органдарында негизги азык заттар — белоктор, май жана углеводдор иштетилет. Бул заттардын бөлүкчөлөрү ошондой эле өтө майда бүртүкчөлөргө бөлүнөт.
Бул ошол бүртүкчөлөрдүн канга өтүшү үчүн зарыл. Кан аларды дененин бардык бөлүктөрүнө, ар бир клеткага ташып жеткирет. Кызыктын баары ошол клеткалардан башталат. Клетка өзүнчө эле заводго окшоп кетет. Анын ар бир цехинде иш кайнап жатат. Ал тургай клетканын сырткы чели да ишсиз калбайт. Аны жабдуу цехи деп коюуга болот.
Клеткага керектүү заттарды ал ичкери ташып, керексиздерди сыртка түртүп таштайт. Клеткада азык заттар кайра иштетилип өзгөрөт. Айта кетчү нерсе, мындагы бардык өзгөрүүлөр таң каларлыктай тез жүрөт. Буга белоктор менен байланышкан тездеткичтер жардам берет. Углеводдор менен майдын бөлүкчөлөрү эмне болот?
Алардын бир азыраагы сакталып коюлат. Ал эми көпчүлүгү клеткага керектүү башка заттарга айланат же кычкылтек менен биригип, башкача айтканда кычкылданып алсырай баштайт. Кан кычкылтекти өпкөдөн алып келет (Дем алуу). Кычкылдануунун натыйжасында башында айткандай май жана углеводдор толугу менен көмүр кычкыл газына жана сууга айланат. Мындай ажыроонун жүрүшүндө организмге керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Тамак-аш жалаң гана энергиянын булагы эмес, курулуш материалы да болот. Клетканы түзүп турган белоктор бир аздан бузулуп, кычкылданат. Алардын ордуна жаңы белоктор түзүлүшү керек. Клетканын жыйноо цехинин ишине көз салып көрөлүчү.
Бул жерде биз жогоруда айтып өткөн бүртүкчөлөрдөн белоктор жыйналат. Бул өтө татаал жана кыйын жумуш. Анткени клетка 100дөн ашуун ар түрдүү белоктон түзүлөт, анын үстүнө ар башка клеткалардын белоктору бири-бирине окшобойт. Ар кандай жоготууну кечеңдетпей толуктап, бүртүкчөлөрдү тез жана катасыз бириктирүү керек. Аларды бириктирүүдө кичине эле жаңылыштык кетирилсе, клетканын гана эмес, бүтүндөй органдын ишинин катуу бузулушуна алып келиши мүмкүн. Клетка өзүнүн белокторун тез жана катасыз курат. Болжол менен жарым жылдын ичинде бардык белоктор толук алмашат. Такай жаңыланып, клетка өмүр бою ишке жөндөмдүүлүгүн жоготпойт. Зат алмашуунун нормалдуу жүрүшү үчүн тамакта белок, май, углеводдор, ошондой эле витаминдер жетиштүү болушу керек.
Бирок алардын артыкбаш болушу да зыяндуу. Мындан тышкары, көп кыймылдап, гимнастика жасоо, спорт оюндарын ойноп, күн нуруна кактануу режимин сактоо зарыл. Организмдеги зат алмашуу же башкача айтканда метаболизм функциялары ушундай экен.