Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дарак

Баш барак | Ботаника | Дарак

Дарак, же бак (латынча arbor) — сөңгөгү жашоосунун акырына чейин сакталуучу көп жылдык жыгачтуу өсүмдүктөрдүн түрү, токойдун негизги түзүүчүсү.

Дарак

Дарак — калың токойдо түз, бийик өсүп, шагын аз байлайт, ачык жерде жапалак жана жоон өсүп, коюу бутактайт. Токойчулукта дарак бийиктиги боюнча бөлүнөт: 25 метрден жогору (кызыл карагай, эмен, ак карагай, кара кайың, шуң дарак, жөкө дарак), 15-25 метр (бай терек, ак кайың, ак мажүрүм тал, бал карагай), 7-15 метр (ак чечек, арча, четин жана башка). Ийне жалбырактуу дарактар кышында дагы жашыл түсүн жоготпойт.

Мөмө дарактар (же жемиш бактар) үч түргө бөлүнөт:

Дарак сөңгөгүнөн курулуш материалдары жана башка айыл чарбасына керектүү жыгач буюмдары жасалат.

Породалар

Дарак жана бадал породалары — (коргоо токоюн өстүрүүдө) негизги, жардамчы жана бадал сымалдарга бөлүнөт. Негизги породадан тигилген токойлор бийик, туруктуу жана көпкө өсүп турат. Буга көбүнчө эң бийик дарактар — эмен, кара карагай, кызыл карагай (карагайлар), кайың, терек, жаңгак, ак акадия, кара жыгач жана башка кирет. Жардамчы породага орточо бийиктиктеги дарактар кирет.

Аралаш тигилген убакта булар негизги породанын өсүшүн тездетет, токой тилкесинин жыштыгын камсыз кылып, отоо чөптөрдөн коргойт. Ага ак чечек, сыйдам кара жыгач, токой алмуруту, алма, алча жана башка кирет. Бадал сымалдар кыртыш сактоочу майда токойду түзөт да, топурак эрозиясынан, отоо чөптөн сактап, ным топтойт. Коргоо токоюн өстүрүүдө колдонулуучу бадал сымалдар: карагат (кара, кызыл), шилби, чычырканак, чие, сары акация жана башка дарак жана бадал породалары токойлорду жаңыртууда, коргоо токой тилкелерин өстүрүүдө, топуракты эрозиядан сактоодо жана ным топтоодо мааниси зор.

Дарак породасы классификацияда — дарак уруулары жана түрлөрү. Дарак породасы биологиялык касиеттерине жана чарбалык маанисине жараша классификацияланат. Морфологиялык систематикалык белгилери боюнча ийне жалбырактуулар (кызыл карагай, карагай, көк карагай) жана жалбырактуулар (эмен, кайың, жөкө дарак, бай терек), ал эми бийиктиги жагынан дарак, бадал, карагайга бөлүнөт. Дарак породасы эң бийик (25 метрден жогору: кара карагай, кызыл карагай, эмен), бийик (15-25 метр — бай терек , кайың, жөкө дарак), орто (7-15 метр — ак чечек, четин), жапыз (5-7 метр — мисте дарагы) бөлүккө бөлүнөт. Дарак 35-2500 жылга чейин өсүп турат. Дарак породасынын тез өскөнү (терек, кайың, кара карагай), жай өскөнү (кызыл карагай, эмен, жөкө дарак), кеч жетилгени (тикендүү карагай, тоо кызыл карагайы, тянь-шань карагайы). Чарбалык маанисине карай токой жана токой мелиорациялык, декоративдик жана мөмө дарак породасы болуп бөлүнөт.

Кызыл карагай, кара карагай, карагай, эмен токой чарбасында негизги порода катары бөлүнүп, чарбанын башкы объектиси болуп, ал эми ак чечек, кара жыгач, кайың, бай терек, ошондой эле, майда токой жардамчы (кошумча) породалары деп эсептелинет. Дарак породасы коргоо токой тилкеси, кум тосуу, жерлерди селден сактоо, топурак эрозиясына каршы, айыл-кыштак, шаарларды жашылдандыруу үчүн колдонулат. Багбанчылыкта мөмө дарагы жана жер жемиш бадалы, ошондой эле уруктуу адаптациялык (ыңгайланган) өзгөрүүлөр жыйыла берет.

Жашы

Дарак жашы — дарактарды мүнөздөөчү негизги таксация (жыгач көчөттөрдүн санын аныктоо) белгилеринин бири. Болжолдуу кипарис жана кедр — 2500, тисс, арча — 2000, эмен — 1500, липа — 800, кызыл карагай — 450, кайың — 150 жыл жашайт, ал эми баобаб дарагы 4—5 миң жылга чейин жашайт. Дарактар жашы боюнча класстарга бөлүнөт. Ийне жана катуу жалбырактуу уруктук дарактар үчүн 20 жылдык, жумшак жана жазы жалбырактуу уруктук дарактарга 10 жылдык, бадалдар үчүн 5 жылдык жаш класстары белгиленген. Таксациялык так изилдөөдө дарак жашын аныктоо үчүн бир нече дарак кыйылат да жыл сайын дүмүрүндө пайда болуучу катмарлар эсептелет. Айрым учурда дарак жашы анын сырткы белгилерине (жалбырагынын өңү, шагы, түрү, кабыгы жана башка) жараша болжол менен аныкталат.

Илдеттер

Дарак илдеттери — түрдүү себептердин (илдет козгогуч менен айлана-чөйрөнүн ыңгайсыз шартынын) таасиринен дарак өсүмдүктөрүнүн өсүү функциясынын (фотосинтез, дем алуу, суу жана азык зат сиңирүү) жана анын түзүлүшүнүн бузулушу. Дарак илдеттери этиологиясына жараша жугуштуу жана жугушсуз илдетке бөлүнөт. Жугуштуу илдетти мите козу карын, бактерия, балырлар, актиномицеттер жана вирустар пайда кылат. Жугушсуз илдет айлана-чөйрөнүн ыңгайсыз шартынан жаралат. Дарак илдеттери эл чарбасына өтө чоң зыян келтирет. Мөмө дарактын түшүмү төмөндөп, жыгач зыянга учурайт. Дарак көбүнчө рак, чирик, дат, жараат илдеттерине чалдыгат. Каршы күрөшүү чаралары: илдеттүү дарак же бутакты кыркып таштоо; урук (үрөн), көчөткө формалин жана башка фунгицид чачуу; агротехниканы туура жүргүзүү.

Көңдөйлөнүү

Дарактын көңдөйлөнүшү — дарак сөңгөгүнүн жана жоон бутактардын ички ткандарынын бузулушунан (чиришинен) пайда болгон боштук. Дарактын сөңгөгү же бутагынын сынган же кабыгынын сыйрылган жерине сапрофит мите козу карын жана бактерия кирип чиритип көңдөйлөнтөт. Сөңгөгү көңдөйлөнгөн дарак начар өсүп, кийин куурайт. Дарактын көңдөйлөнгөн жерин дарылоо үчүн чириген ткандарды кырып тазалап, 1% дуу формалин, сулема же 3-5% дуу темир же жез купоросу менен дезинфекциялап, анча чоң эмес көңдөй жыгач тыгын менен бүтөлөт. Көңдөй жер чоң болсо ылай толтурулуп, сырты цемент менен шыбалат.

Көчөттөр

Дарак көчөтү — бак, парк жана башка жерге отургузуу үчүн урук же калемчеден өстүрүлгөн жаш дарак. Жемиш берүүчү дарак көчөтү кыйыштырылып, питомникте 1-2 жыл өстүрүп, кийин туруктуу жерине көчүрүлөт. Дарак көчөтүнө урук же калемчеден өстүрүлүп, негизинен калктуу пункттарды жашылдандырууга арналган жаш дарактар да кирет (караңыз: көчөт).

Көчүрүү

Дарак жана бадал көчүрүү — багбанчылыкта өсүмдүктү бир жерден экинчи жерге көчүрүп тигүүдө колдонулуучу агротехникалык ыкма. Чоң түп дарак тамырына жабышкан чым-топурагы менен кошо көчүрүлөт. 7-10 жылдык дарактын тамырындагы топурактын диаметри 1,25 метр, 10-15 жылдык дарактыкы 1,5 метр болуу керек. Адатта дарак эрте жазда же кеч күздө көчүрүлөт. Ага мурдатан чуңкур (отургузулуучу дарак тамырындагы чым-топурактын диаметринен 50-60 сантиметрге чоң) даярдалат. Дарак отургузулгандан кийин чуңкурдун бош жерине күрдүү топурак толтурулуп сугарылат. Бадалдардан барсылдак, карагат жана башка ушундай эле жол менен көчүрүлүп отургузулат.

Жайгаштыруу: 2023-11-22, Көрүүлөр: 399, Өзгөртүлгөн: 2024-03-14, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу