Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тынч океан

Баш барак | Гео | Тынч океан

Тынч океан (эскиче Улуу океан) — Жердеги аянты жана тереңдиги боюнча эң чоң океан. Батышта Евразия жана Австралия континенттеринин, чыгышында Түндүк жана Түштүк Американын ортолорунда, түштүгүндө Антарктиданын үстүндө жайгашкан.

Мазмуну
Тынч океан
Тынч океан картада
Тынч океан картада
Мүнөздөмөлөр
Аянты178 684 000 км²
Көлөмү710 360 000 км³
Эң терең жери10 994 м
Орточо тереңдиги3984 м
Жайгашуусу
9° түндүк кеңдик 157° батыш узундук

Тынч океан түндүктөн түштүккө болжол менен 15,8 миң кмге жана чыгыштан батышка 19,5 миң кмге созулат. Тынч океандын аянты деңиздери менен — 178,684 млн км², орточо тереңдиги — 3984 м. Тынч океандын (жана бүткүл дүйнө океандарынын) эң чоң тереңдиги 10 994 м (Мариан чуңкурунда). Тынч океан аркылуу болжодуу 180-меридиан аркылуу дата өзгөрүү сызыгы өтөт. Аянты боюнча бардык кургактыктан дээрлик 30 миллион км² көп.

Физика-географиялык мүнөздөмөсү

Жалпы маалыматтар

Океандардын негизги морфологиялык мүнөздөмөлөрү («Океандар атласы» маалыматы боюнча. 1980-жыл)
Океандар Суу бетинин аянты, млн км² Көлөмү,млн км³ Орточо тереңдик, м Океандын эң терең жери, м
Атлантика 91,66 329,66 3597 Пуэрто-Рико чуңкуру (8742)
Индия океаны 76,17 282,65 3711 Зонд чуңкуру (7729)
Түндүк Муз океаны 14,75 18,07 1225 Гренландия деңизи (5527)
Тынч океан 179,7 710,36 3984 Мариан чуңкуру (11 022)
Дүйнөлүк 361,26 1340,74 3711 11 022

Дүйнө океандарынын бетинин 49,5 % ээлеген жана анын суу көлөмүнүн 53 % батырган Тынч океан планетадагы эң чоң океан болуп саналат. Океан чыгыштан батышка карай 19 000 кмден ашык, түндүктөн түштүккө 16 000 кмге созулат. Сууларынын көбүнчөсү түштүк, азыраагы түндүк кеңдиктерде жайгашкан.

1951-жылы англиялык экспедиция «Челленджер» илимий-изилдөө кемесинде эхолот аппаратынын жардамы менен максималдуу 10 863 метр тереңдикти белгилешкен. 1957-жылы «Витязь» советтик илимий-изилдөө кемесинин 25-рейсиндеги өткөрүлгөн өлчөөлөрдүн жыйынтыгында (жетекчиси Алексей Дмитриевич Добровольский) чуңкурдун (Мариана) максималдуу тереңдиги — 11 023 метрди түзгөн (алгач тереңдиги 11 034 метр деген билдирүүлөр болгон). Өлчөөнүн татаалдыгы суудагы үндүн ылдамдыгы, түрдүү тереңдикте ар кандай болгон (суунун) касиеттеринен (өзгөчөлүктөрүнөн) көз карандылыгында болгон, ошондуктан, мындай өзгөчөлүктөр бир нече горизонтто атайын аспаптар (барометр, термометр) менен аныкталышы керек болуп, эхолот көрсөткөн тереңдик маанисине өзгөртүүлөр киргизилген. 1995-жылдагы изилдөөлөр тереңдиги болжол менен 10 920 м, ал эми 2009-жылдагы изилдөөлөр 10 971 м экенин көрсөткөн. 2011-жылдагы акыркы изилдөө ± 40 м тактыкта 10 994 м маанисин берген. Ошентип, «Челленджер ирими» (англисче Challenger Deep) аталган чуңкурдун эң терең чекити Джомолунга тоосунан (деңиз деңгээлинен баштап эсептегенде) дагы бийик делет.

Океан өзүнүн чыгыш кыры менен Түндүк жана Түштүк Американын батыш жээктерин, батыш кыры менен Австралия жана Евразиянын чыгыш жээктерин жана түштүгүнөн Антарктиданын жээктерин чулгайт. Түндүк Муз Океан менен болгон чек арасы Дежнёв тумшугунан Принц Уэлский тумшугуна чейинки Беринг кысыгындагы сызык саналат. Атлантикалык океан менен болгон чек араны Горн тумшугунан 68°04′ батыш узундукта же кыска аралык боюнча Түштүк Америкадан Антарктикалык жарым аралга чейин Дрейк кысыгы аркылуу, Осте аралынан Штернек тумшугуна чейин. Инди океаны аркылуу өткөн чек арасы: Австралиядан түштүгүрөөк — Боссов кысыгынын чыгыш чек арасы аркылуу Тасмания аралына чейин, андан кийин 146°55′ чыгыш узундуктагы меридиан боюнча Антарктидага чейин; Австралиядан түштүгүрөөк — Андаман деңизи менен Малакк кысыгынын ортосунан, андан кийин Суматра аралынын түштүк-батыш жээги, Зонд кысыгы, Ява аралынын түштүк жээги, Бали жана Саву деңиздеринин түштүк чек аралары, Арафур деңизинин түндүк чек арасы, Жаңы Гвинеянын түштүк-батыш жээги жана Торресов кысыгынын батыш чек арасы аркылуу. Кээде океандын түштүк бөлүгүн 35° түштүк кеңдиктен (суунун жана атмосферанын циркуляция белгилери боюнча) 60° түштүк кеңдикке (түбүнүн рельеф мүнөздөмөсү боюнча) чейинки түндүк чек арасы менен Түштүк океанга таандык кылышат.

Деңиздер

Тынч океандын деңиздеринин, булуңдарынын жана кысыктарынын аянты 31,64 млн км² (океандын жалпы аянтынын 18 %) түзөт, көлөмү 73,15 млн км³ (10 %). Деңиздердин көбү Евразияны бойлой океандын батыш бөлүгүндө жайгашкан: Беринг, Охотск, Япон, Ички Япон, Сары, Чыгыш Кытай, Филиппин деңиздери; Түштүк-Чыгыш Азиянын аралдарынын ортосундагы деңиздер: Түштүк Кытай, Яван, Сулу, Сулавеси, Бали, Флорес, Саву, Банда, Серам, Хальмахера, Молукк; Австралиянын жээгин бойлой: Жаңы Гвинея, Соломон, Корал, Фиджи, Тасман; Антарктида жактагы деңиздер (кээде Түштүк океанга киргизишет): Дюрвиль, Сомов, Росс, Амундсен, Беллинсгаузен. Түндүк жана Түштүк Американы бойлой деңиздер жок, бирок чоң булуңдар бар: Аляска, Калифорния, Панама.

Аралдар

Тынч океандагы аралдар, ар кайсы жагында жайгашып, саны бир нече миңди түзөт, тагыраак айтканда 10 миңдей, алар жанарлык жарылуулардан калыптанган. Бул аралдардын айрымдарын кораллдар каптап, натыйжада деңизге чөмүлүп, өзүнүн артынан коралл шакектери — атоллдорду калтырган.

Аралдардын саны (орточо 10 миң) жана алардын жалпы аянты боюнча Тынч океан океандар арасында биринчи орунду ээлейт. Океанда чоңдугу боюнча Жердин экинчи жана үчүнчү аралдары бар: Жаңы Гвинея (829,3 миң км²) жана Калимантан (735,7 миң км²); аралдардын ири тобу: Чоң Зонд аралдары (1485 миң км²). Башка ири аралдар жана архипелагдар:

Океандын калыптануу тарыхы

Мезозой заманында Пангея протоконтиненти Гондвана жана Лавразияга бөлүнгөндө аны курчаган Панталасса океанынын аянты азая баштаган. Мезозойдун аягында Гондвана жана Лавразия бөлүнүп, бири-биринен алыстай баштаганда заманбап Тынч океан калыптануусу башталган. Юра мезгилинде тынч океандык чуңкурдун чегинде төрт толук океандык тектоникалык плиталар өнүккөн: Тынч океандык, Кула, Фараллон жана Феникс. Түндүк-батыштык Кула плитасы Азия материгинин чыгыш жана түштүк-чыгыш четтерине жылып отурган. Түндүк-чыгыштык Фараллон океандык плитасы Аляска, Чукотка жана Түндүк Американын батыш четине жылган. Түштүк-чыгыштык Феникс океандык плитасы Түштүк Американын батыш четине чөгө баштаган. Бор мезгилинде түштүк-чыгыштык Тынч океандык плита ошол кездеги бирдиктүү болгон Австралия-Антарктикалык материктин чыгыш четине жылып отуруп, натыйжада материктен блоктор бөлүнүп учурдагы Жаңы Зеландиялык плато жана суу астындагы Лорд-Хау менен Норфолк дөңсөөлөрүн калыптандырган. Кеч Бор мезгилинде Австралия-Антарктика материгинин бөлүнүшү башталган. Австралия плитасы үзүлүп, экваторду көздөй жыла баштайт. Ошол эле учурда, олигоцен мезгилинде Тынч океан плитасы багытын түндүк-батышка өзгөрткөн. Кеч миоценде Фараллон плитасы экиге бөлүнгөн: Кокос жана Наска. Кула плитасы түндүк-батышка жылып, толугу менен Евразиянын жана прото-Алеут чуңкуруна (Тынч океандык плитанын түндүк чети менен кошо) чөккөн.

Бүгүнкү күндө тектоникалык плиталардын кыймылы уланууда. Бул кыймылдын огу Түштүк-Тынч жана Чыгыш-Тынч океандагы көтөрүңкүлөр: ортолук-океандык рифтик аймактар саналат. Бул аймактын батышында океандын эң чоң плитасы саналган Тынч океандык плита жатат, ал түндүк-батышты карай жылына 6—10 см ылдамдыкта кыймылын улантып, Евразия жана Австралия плиталарынын астына жылууда. Батышта Тынч океандык плита Филиппиндик плитаны түндүк-батышка түртүп, Евразия плитасынын алдына жылына 6—8 см ылдамдыкта кирүүдө. Орто-океандык рифттик аймактын чыгышында жайгашкандар: түндүк-чыгышында Хуан де Фука плитасы, жылына 2—3 см ылдамдыкта Түндүк-Америкалык плитанын алдына жылууда; борбордук бөлүгүндө Кокос плитасы түндүк-чыгыш багытында Кариб литосфералык плитасынын алдына жылына 6—7 см ылдамдыкта жылууда; түштүгүрөөк жакта Наска плитасы жайгашкан, ал чыгышты карай жылып Түштүк-Америкалык плитанын астына жылына 4—6 см ылдамдыкта чөгүүдө.

Түбүнүн геологиялык түзүлүшү жана рельефи

Материктердин суу астындагы чет жакалары

Материктердин суу астындагы чет жакалары Тынч океан аймагынын 10 % ээлейт. Шельфтин (шельф — океандын тайыз жээги) рельефинде субаэралдык реликтик рельефи бар трансгрессивдик түздүктөрдүн сызыгы көрүнүп турат. Мындай формалар Яван шельфиндеги суу астындагы дарыя өрөөндөрүнө жана Беринг деңизинин шельфине мүнөздүү. Корея жана Чыгыш Кытай деңизинин шельфинде куюлуш агымдар менен калыптанган рельефтин чөнөктүү формалары жайылган. Экватор-тропиктик суулардын шельфинде түрдүү коралл түзүмдөрү кеңири таралган. Антарктикалык шельфтин көпчүлүк бөлүгү 200 метр тереңдикте жатат, үстүңкү бети болсо бөлүктөргө бөлүнгөн, тектоникалык мүнөздөгү суу астындагы дөңсөөлөр грабен аталган терең депрессиялар (депрессия — формасы жана келип чыгышына карабастан жер бетинин төмөндөшү; кээде депрессия деп түбү океан деңгээлинен төмөн жаткан чуңкурду айтышат) менен кезектешип жатат. Түндүк Американын материктик капталдары суу астындагы кууш өрөөндөр (каньондор) менен бөлүнгөн. Беринг деңизинин материктик капталында ири суу астындагы кууш өрөөндөр бар. Антарктиданын материктик капталы рельефинин кеңдиги, көп түрдүүлүгү жана бөлүктөргө бөлүнгөнү менен айырмаланат. Түндүк Американы бойлой материктик этек өтө ири ылай агымдарынын конустары белгиленет, булар бирдиктүү жантайыңкы түздүккө кошулуп, материктик капталды кеңири алкак менен курчайт.

Жаңы Зеландиянын суу астындагы чети, өзгөчө материктик түзүлүшкө ээ. Анын аянты аралдардын аянтынан 10 эсе көп. Бул суу астындагы Жаңы Зеландиялык плато тегиз чокулуу көтөрүңкүлөр Кэмпбел жана Чатадан жана алардын ортосунда Баунки чуңкурунан турат. Ал бардык жагынан материк этеги аркылуу курчалган материктик каптал менен чектелген. Буга кеч мезозойдук суу астындагы Лорд-Хау кыркасын дагы киргизишет.

Өтмө аймак

Тынч океандын батыш четинде, материктин четинен океан бөлүмүнө өтүүчү аймактар жайгашкан: Алеут, Курил-Камчаткалык, Япон, Чыгыш Кытай, Индонезия-Филиппиндик, Бонин-Мариандык (океандын эң терең жери – Мариан чуңкуру менен кошо), Меланезиялык, Витязев, Тонга-Кермадектик, Маккуори. Бул өтмө аймактар өзүнө терең чуңкурларды, аралдык догоолор менен чектелген чет жакалуу деңиздерди камтыйт. Чыгыш чет жакада кийинкидей өтмө аймактар бар: Борбордук Америкалык жана Перу-Чилилик. Алар суунун тереңиндеги чуңкурлар менен көрүнүп турат, ал эми чуңкурларды бойлой аралдык догоолордун ордуна Борбордук жана Түштүк Американын аскалуу жаш тоолору созулуп жатат.

Бардык өтмө аймактарга жанар тоолуулук жана жогорку сейсмикалуулук мүнөздүү, алар четки Тынч океандык жер титирөө жана заманбап жанар тоолуулук алкагын түзөт. Тынч океандын батыш четиндеги өтмө аймактар эки эшелон түрүндө орун алган, өнүгүү деңгээли боюнча жашыраак аймактар океан түбүнүн чек арасында жайгашып, жашы улуураактары океан түбүнүн арал догоолору жана материктик жер кыртышы бар аралдык кургактык массивдери менен бөлүнүп турат.

Орто океандык кыркалар жана океан түбү

Тынчт океандын түбүнүн аянтынын 11 % Түштүк-Тынч океандык жана Чыгыш-Тынч океандык дөңсөөлөр менен берилген орто океандык кыркалар ээлейт. Алар кең, начар бөлүнгөн дөңсөөлөрдү элестетет. Негизги системадан Чили дөңсөөлөрү жана Галапагосс рифт аймактары түрүндөгү каптал бутактар кетет. Тынч океандын орто океандык кыркалар системасына океандын түштүк-чыгышындагы Горда, Хуан-де-Фука жана Эксплорер кыркаларын таандык кылышат. Океандын орто океандык кыркалары, бетинде тез-тез жер титирөөлөр жана активдүү жанар аракеттери менен коштолгон сейсмикалык алкактарды билдирет. Рифт зонасында негизинен гидротермалар (гидротерма — жер астындагы ысык минералдык аралашмалар) менен байланышкан жаңы лавалар жана металл алып жүрүүчү чөкмөлөр табылган.

Тынч океандык дөңсөөлөр системасы Тынч океандын түбүн эки бирдей эмес бөлүккө бөлөт. Чыгыш бөлүгү анча татаал эмес түзүлүп жана тайызыраак келет. Бул жерде Чили дөңсөөсүн (рифттик зона) жана Наска, Сала-и-Гомес, Карнеги, Кокос кыркаларын белгилешет. Бул кыркалар түбүнүн чыгыш бөлүгүн Гватемала, Панама, Перу жана Чили ойдуңдарына бөлөт. Булардын бардыгы түбүнүн татаал бөлүштүрүлгөн адырлуу жана тоолу рельефтери менен мүнөздөлөт. Галапагос аралдарынын аймагында рифт зонасын белгилешет.

Тынч океандык дөңсөөлөрдүн батышында жайгашкан түбүнүн экинчи бөлүгү Тынч океандын бүткүл түбүнүн орточо 3/4 бөлүгүн ээлеп, рельефтин абдан татаал түзүмүнө ээ. Ондогон дөңсөөлөр жана суу астындагы кырка тоолор океандын түбүн көп сандагы ойдуңдарга бөлүп турат. Кыйла маанилүү кыркалар, дөңсөөлөр жагынан догоо сымал системаны калыптандырып, батыштан башталып түштүк-чыгышта бүтөт. Биринчи мындай догоону Гавай кыркасы калыптандырат, ага жанаша кийинки догоону Картографтар, Маркус-Неккер тоолору, Лайн аралдарынын суу астындагы кыркалары түзөт, догоо Туамоту аралдарынын суу астындагы түпкүрү менен бүтөт. Кийинки догоо Маршалдык, Кирибати, Тувалу жана Самое аралдарынын суу астындагы түпкүрлөрүнөн турат. Төртүнчү догоо Каролин аралдарын жана Капингамаранги суу астындагы дөңсөөлөрдү камтыйт. Бешинчи догоо Каролин аралдарынын түштүк тобунан жана Эаурипик үймөгүнөн (тосмосунан) турат. Кээ бир кыркалар жана дөңсөөлөр айтылгандардан өзүнүн жайылгандыгы менен айырмаланат, булар, Императордук (Түндүк-Батыштык) кырка, Шатск, Магеллан, Хесс, Манихики дөңсөөлөрү. Бул дөңсөөлөр түздөлгөн чоку беттери менен айырмаланып, үстүнөн жогорку кубаттуулуктагы карбонаттык катмарлар менен капталган.

Гавайи аралдарында жана Самоа архипелагында активдүү жанар тоолор бар. Тынч океандын түбүндө 10 000ге жакын өзүнчө суу астындагы тоолор жайылган, көбүнчө жанар тектүү. Алардын көбү гайоттор (гайот — обочолонгон суу астындагы тоо). Кээ бир гайоттордун чокулары 2—2,5 миң метр тереңдикте, алардын үстүндөгү орточо тереңдик 1,3 миң метр. Тынч океандын борбордук жана батыш бөлүгүндөгү аралдардын көпчүлүгү коралл тектүү. Дээрлик бардык жанар тоолуу аралдар коралл курулмалары менен курчалган.

Тынч океандын түбү жана орто океандык кыркалар үчүн сыныктар аймагы (орусча разлом) мүнөздүү, негизинен рельефте, ылайыктуу жана сызыктуу багытталган грабендер (арыктар) жана горсттор (уялар) комплекси түрүндө берилген. Бардык сыныктар аймактарынын аталыштары бар: мисалы, Сервейор, Мендосино, Меррей, Кларион, Клиппертон жана башкалар. Тынч океандын түбүнүн ойдуңдарына жана дөңсөөлөрүнө океан тектүү жер кыртышы мүнөздүү, чөкмө катмардын кубаттуулугу түндүк батышта 1 км 3 кмге чейин, Шатск дөңсөөсүндө базальт катмарынын кубаттуулугу менен 5 кмден 13 кмге чейин. Орто океандык кыркалар жогорку тыгыздыгы менен айырмаланган рифтогеналдык түрдөгү жер кыртышына ээ. Бул жерде ультранегизги топурактар кездешет, ал эми Эльтанин сыныгынын аймагында кристаллдык сланецтер чыгарылган. Негизги догоолордун астынан субконтиненталдык (Куриль аралдары) жана континенталдык (Япон аралдары) кыртыш табылган.

Түпкү катмарлар

Амур, Хуанхэ, Янцзы, Меконг жана башка ушул сыяктуу Азиянын ири дарыялары Тынч океанга жылына 1767 миллион тонна топурак агызып келет. Бул аллювий (агызма) дээрлик толугу менен четки деңиздердин жана булуңдардын акваториясында калат. Американын ири дарыялары — Юкон, Колорадо, Колумбия, Фрейзер, Гуаяс жана башкалар — жылына болжолдуу 380 миллион тонна топурак агызып келет, жана аралаш материалдын 70—80 % ачык океанга чыгарылат, буга шельфтин анча маанилү эмес кеңдиги түрткү берет.

Тынч океанда кызыл чопо кеңири таралган, өзгөчө түндүк жарым шарда. Бул океан ойдуңдарынын чоң тереңдигине байланыштуу. Тынч океанда кремнийлүү диатомдук ылайлардын эки алкагы (түштүк жана түндүк) бар, ошондой эле, кремнийлүү радиолярий катмарларынын экватордук тилкеси (алкагы) так көрүнүп турат. Океандын түштүк-батышынын кеңири түпкү аймактары коралл-балырлуу биогендик катмарлар менен ээленген. Экватордон түштүктү карай фораминифердик ылайлар таралган. Коралл деңизинде птеропод катмарынын бир нече талаалары бар. Тынч океандын эң терең батыш бөлүгү, ошондой эле, Түштүк жана Перу ойдуңдарында темирмарганецтик конкрецияларынын кеңири талаалары байкалат.

Климаты

Тынч океандын климаты күн радиациясынын зоналык бөлүштүрүлүүсүнөн жана атмосферанын циркуляциясынан калыптанат, ошондой эле, Азиялык материктин кубаттуу мезгилдик таасир этүүсүнөн. Океанда дээрлик бардык климаттык зоналарды көрүүгө болот. Түндүк мелүүн аймакта кыш мезгилинде барикалык (атмосфералык басымга таандык түшүнүк) борбор катары, жайында азыраак белгиленген минималдуу Алеут басымы саналат. Түштүгүрөөк Түндүк Тынч океандык антициклон жайгашкан. Экваторду бойлой Экватордук депрессия белгиленип (төмөнкү басым аймагы), ал түштүгүрөөктө Түштүк Тынч океандык антициклон менен алмашат. Андан кийин түштүктү карай атмосфералык басым кайрадан төмөндөп, Антарктида үстүндө кайрадан жогорку басым аймагы менен алмашат. Шамалдын багыты барикалык борборлордун жайгашкан жерине жараша түзүлөт. Түндүк жарым шардын мелүүн кеңдиктеринде кышында батыштан соккон катуу шамаалдар басымдуулук кылат, жайкысын — түштүктөн соккон анча катуу эмес шамаалдар. Океандын түндүк-батышында кыш мезгилинде түндүк жана түндүк-чыгыш муссондук шамаалдар орнойт, жайында түштүк муссондорго алмашат. Полярдык фронттордо пайда болгон циклондор мелүүн жана полюстун айланасындагы зоналарда (айрыкча түштүк жарым шарда) бороондуу шамаалдын жогорку жыштыгын аныктайт. Түндүк жарым шардын субтропик жана тропиктеринде түндүк-чыгыш пассаттар үстөмдүк кылат. Экватордук зонада жыл бою негизинен тынч аба ырайы байкалат. Түштүк жарым шардын тропиктик жана субтропиктик аймактарында кышында катуу жана жайында жумшак болгон туруктуу түштүк-чыгыш пассат басымдуулук кылат. Тропиктерде (негизинен жайында) тайфун аталган катаал тропикалык бороондор жаралат. Негизинен алар Филиппинден чыгышыраак пайда болуп, ал жактан түндүк-батыш жана түндүктү карай Тайвань, Япония аркылуу жүрүп, Беринг деңизине кире беришинде басаңдайт. Тайфундардын башка жаралуу аймагы — Борбордук Америкага чектеш Тынч океандын жээктери. Түштүк жарым шардын кыркынчы кеңдиктеринде батыштан соккон катуу жана туруктуу шамалдар байкалат. Түштүк жарым шардын жогорку кеңдиктеринде шамаалдар Антарктиданын жанындагы төмөнкү басымдуулуктарына мүнөздүү жалпы циклондук циркуляцияга баш ийет.

Жалпы кеңдик аймактуулукка океан үстүндөгү абанын температурасынын бөлүштүрүлүшү баш ийет, бирок, батыш бөлүгү чыгышына караганда жылуураак климатка ээ. Тропикалык жана экватордук аймактарда абанын орто температуралары басымдуулук кылат, 27,5°Cдан 25,5°Cга чейин. Жай мезгилинде 25°C изотерма батыш бөлүгүндө түндүктү карай жана чоң эмес деңгээлде чыгышты карай кеңейет, ал эми түштүк жарым шарда бир топ түндүктү карай жылат. Океандын ири мейкиндиги аркылуу өтүү менен аба массалары интенсивдүү нымдуулукка каныгат. Экватордун эки жагындагы ага жакын аймакта 2000 мм изогиета менен сызылган эки жаан-чачындар максимумунун сызыгы белгиленет, ал эми экваторду бойлой, салыштырмалуу кургак аймак көрүнөт. Тынч океанда түндүк жана түштүк пассаттардын жыйналгычтык аймагы жок. Ашыкча нымдуу болгон өз алдынча эки аймак жаралып, аларды салыштырмалуу кургак аймак бөлүп турат. Чыгышта, экватордук жана тропиктик зоналарда жаан-чачындын көлөмү азаят. Түндүк жарым шардагы кургакчыл аймактар Калифорнияга, түштүк жарым шарда — Перу жана Чили ойдуңдарына кошулат (суу жээк аймактар жылына 50 мм төмөн жаан-чачын алат).

Гидрологиялык режим

Жер үстүндөгү суулардын айлануусу

Тынч океан агымдарынын жалпы схемасы жалпы атмосфера циркуляциясынын мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктайт. Түндүк жарым шардын түндүк-чыгыш пассаты океанды Борбордук Америка жээгинен Филиппин аралдарына чейин кесип өткөн Түндүк-Пассаттык агымдын пайда болушуна түрткү берет. Андан кийин агым эки жеңге бөлүнөт: биринчиси түштүккө бурулуп, бир бөлүгү менен Экватордук каршы агымды азыктандырып, бир бөлүгү индонезиялык деңиздердин бассейиндерине агып кетет. Түндүк жеңи (экинчиси) Чыгыш Кытай деңизин көздөй жылып, Кюсю аралынын түштүгүрөөк жеринен чыгат жана Куросио кубаттуу жылуу агымына башат берет. Бул агым япон жээктеринин климатына көрүнүктүү таасир этип түндүктү карай Япон жээтерине жылат. Чыгышты карай Орегон жээктерине багыт алган Куросио Түндүк кеңдиктин 40-градусунда Түндүк Тынч океандык агымга өтөт. Түндүк Америка менен кездешип ал жылуу Аляска агымынын (материкти бойлой Аляска жарым аралына чейин) түндүк бутагына жана муздак Калифорниялык түштүк агымга (айлампаны жабып, Түндүк-Пассат агымга кошулуп, Калифорния жарым аралын бойлой) бөлүнөт. Түштүк жарым шарда Түштүк-чыгыш пассат Түштүк Пассаттык агымды калыптандырат, ал Тынч океанды Колумбия жээктеринен Молукк аралдарына чейин кесип өтөт. Лайн жана Туамоту аралдарынын ортосунда өзүнчө бутакчаны калыптандырып, Чыгыш-Австралия агымын түзүп Коралл деңизине жылат, андан кийин Австралия жээгин бойлой түштүктү карай. Түштүк Пассаттык агымдын негизги массалары Мокулукк аралдарынан чыгышыраак жерде Түндүк-Пассаттык агымдын түштүк бутагы менен кошулуп, Экватордук каршы агымды түзөт. Жаңы Зеландиянын түштүгүндөгү Чыгыш-австралиялык агым Инди океанынан келген, Тынч океанды батышан чыгышты карай кесип өткөн кубаттуу Актарктикалык циркумуюлдук агымга кошулат. Түштүк Американын түштүк аякталышында бул агым түндүктү карай Перу агымы түрүндө бутактарга бөлүнөт, ал тропикте Түштүк Пассат агымына кошулуп, түштүк агымдар айлампасын жабат.

Тынч океан агымдары
Тынч океан агымдары

Батыш шамаалдар агымынын башка бутагы Түштүк Американы Горн тумшугунун аталышындагы агым менен курчап, Атлантика океанына кетет. Тынч океандын сууларынын циркуляциясындагы маанилүү роль суу бетинин астындагы агымдын Кромвелл муздак агымына таандык, ал Түштүк Пассат агымынын астында 154° батыш узундуктан Галапагосс аралдарынын аймагына чейин агат. Жайкысын океандын чыгыш экватордук бөлүгүндө Эль-Ниньо байкалат, мында жылуу, анча туздуу эмес агым Түштүк Америка жээктеринен муздак Перу агымын сүрүп чыгарат. Ошону менен бирге суу бетинин астындагы катмарга кычкылтекин кирүүсү токтоп, а бул планктон, балыктардын жана алар менен тамактанган канаттуулардын өлүмүнө алып келет, негизинен кургакчыл жээктерге катуу жамгыр жаап, катастрофалык суу ташкындарды чакырат.

Тынч океандын суу балансы («Океандар атласы» маалыматы боюнча. 1980-жыл)
Кириши Суунун саны миң км³ жылына Чыгышы Суунун саны миң км³ жылына
Индия океанынан Австралия кесиги аркылуу — Антарктида (147° чыгыш узундук) Батыш шамаалдардын агымы менен (Антарктикалык циркумуюлдук агым менен) 5370 Атлантикалык океанга Дрейк кысыгы аркылуу Батыш шамаалдардын агымы менен (Антарктикалык циркумуюлдук агым менен) 3470
Атлантикалык океандан Дрейк кысыгы аркылуу антарктикалык жээк агымы, тереңдик жана түбүнө жакын суулар менен 210 Инди океанына Австралия аркылуу — Антарктида (147° чыгыш узундук) антарктикалык жээк агымы, тереңдик жана түбүнө жакын суулар менен 2019
Жаан-чачындар 260 Инди океанына индонезия деңиздеринин кысыктары аркылуу 67
Дарыя агымдары 14 Түндүк Муз океанга Беринг кысыгы аркылуу 30
Жер астындагы агымдар 1 Буулануу 270
Антарктикалык муздардын ээришинен кирүүлөр 1
Бардыгы 5856 Бардыгы 5856

Туздуулук, муз калыптануу

Тынч океандын туздуулугу максималдуу түрдө тропикалык аймактарга таандык (максимум 35,5—35,6 ‰ чейин), мында буулануу интексивдүүлүгү салыштырмалуу аз сандагы жаан-чачындар менен айкалышат. Чыгышта муздак агымдардын таасири алдында туздуулук төмөндөйт. Жаан-чачындын көп болушу дагы туздуулукту төмөндөтөт, өзгөчө экватордо, мелүүн жана субуюлдук батыш циркуляция аймактарында.

Тынч океандын түштүгүндө муздар Антарктика алдындагы аймактарда пайда болот, түндүктө — Беринг, Охотск жана жарым-жартылай Япон деңиздеринде. Түштүк Аляска жээктеринен айсберг түрүндө бир канча сандагы муздар келет, алар март — апрель айларында 48—42° түндүк кеңдиктерге жетет. Океандын түндүк аймактарында сүзүп жүрүүчү муздардын дээрлик бардык массасын түндүк деңиздер камсыздайт, өзгөчө Беринг деңизи. Антарктидалык сууларда пак муздарынын (пак муздары — калыңдыгы 3 метрден кем эмес, 2 жылдан ашык өсүү жана эрүү циклдарында жашаган деңиз музу) чек арасы 60—63° түштүк кеңдиктерге чейин жетет, айсбергдер алыскы түндүккө 45° түштүк кеңдикке чейин жайылат.

Суу массалары

Тынкч океанда суу бетиндеги, суу бетинин астындагы, орто, тереңдик жана түпкү суу массаларын белгилешет. Суу бетиндеги суу массасы 35—100 м кубаттуулукка ээ болуп, температуралардын, туздуулуктун жана тыгыздыктын салыштырмалуу теңелгендиги менен айырмаланат, а бул өзгөчө, мүнөздөмөлөрдүн өзгөрмөлүүгү, климаттык көрүнүштөрдүн мезгилдүүлүгү менен шартталган тропиктик сууларга мүнөздүү. Бул суу массасы океан бетиндеги жылуулук алмашуусу, жаан-чачын менен буулануунун катыштыгы, жана интенсивдүү аралашуу менен аныкталат. Ушул эле, бирок азыраак деңгээлде суу бетинин астындагы массаларга таандык. Субтропиктерде жана муздак кеңдиктерде бул суу массалары жарым жыл суу бетиндеги масса болуп, жарым жыл суу бетинин астында болот. Түрдүү климаттык зоналарда алардын ортодогу суулар менен болгон чеги 220 жана 600 м чамасында. Суу бетинин астындагы суулар 13—18 °Cдан (тропик жана субтропиктерде) 6—13 °Cка чейин (мелүүн аймакта) температураларда жогорку туздуулугу жана тыгыздыгы менен айырмаланат. Суу бетинин астындагы суулар жылуу климатта суу бетиндеги туздуураак суулардын түшүүсү менен калыптанат.

Орто же ортолук суу массалары мелүүн жана жогорку кеңдиктерде 3—5 °C температура жана 33,8—34,7 ‰ туздуулукка ээ. Ортолук массалардын төмөнкү чеги 900 метрден 1700 метрге чейинки тереңдикте жатат. Тереңдик суу массалары антарктикага жакын жердеги жана Беринг деңизинин сууларынын, ал суулардын ойдуңдар аркылуу агып, муздатылган суулардын төмөн түшүүсүндө калыптанат. Түпкү суулар 2500—3000 метр тереңдиктеги түпкүрлөрдө жайгашкан. Алар төмөндөтүлгөн температура (1—2 °C) жана туздуулуктун бир түрдүүлүгү (34,6—34,7 ‰) менен мүнөздөлөт. Бул суулар Антарктиканын шельфинде күчтүү муздатуу шартында пайда болот. Алар акырындык менен океан түбү аркылуу агып-жайылып, бардык чуңкурларды толтуруп, орто-океандык кыркалардагы туурасынан кеткен өтмөлөр аркылуу Түштүк жана Перу, андан соң түндүк ойдуңдарга өтөт. Башка океандардын жана Тынч океандын түштүк бөлүгүндөгү түпкү суулары менен салыштырмалуу, Тынч океандын түндүк ойдуңдарынын түпкү суу массалары эриген кычкылтектин аз камтылышы менен айырмаланат. Тереңдик суулар менен бирге түпкү суулары Тынч океандын сууларынын бүткүл көлөмүнүн 75 % түзөт.

Флора жана фауна

Тынч океандын үлүшүнө Дүйнөлүк океандын бардык биомассасынын 50 % туура келет. Океандагы жашоо кенен жана ар түрдүү берилген, өзгөчө Азия жана Австралия жээктеринин ортосундагы тропикалык жана субтропикалык аймактарда, мында, ири территориялар коралл рифтери жана мангрлык бадалдар менен ээленген. Тынч океандын фитопланктону негизинен болжолдуу 1300 түрдү камтыган бир клеткалуу микроскопиялык балырлардан турат. Түрлөрдүн жарымына жакыны перидинеяларга, бир аз азыраагы диатомеяларга таандык. Тайыз аймактарда жана апвеллинг зоналарында өсүмдүктөрдүн көпчүлүк бөлүгү топтолгон. Тынч океандын түбүндөгү өсүмдүктөр, орточо балырлардын 4 миңдей түрүн жана гүлдүү өсүмдүктөрдүн 29га чейин түрүн камтыйт. Тынч океандын мелүүн жана муздак аймактарында массалык түрдө күрөң балырлар жайылган, өзгөчө ламинарий тобундагылар, түштүк жарым шарда бул балырлардын 200 метрге чейин жеткен гиганттары кездешет. Тропиктерде фукус, ири жашыл жана белгилүү кызыл балырлар таралган, булар коралл полиптери менен бир катар рифт калыптандыруучу организмдерге кирет.

Тынч океандын жаныбарлар дүйнөсү түрлүк курамы боюнча башка океандарга караганда 3—4 эсе бай, өзгөчө тропикалык сууларда. Индонезия деңиздеринде 2 миңден ашык балыктын түрлөрү белгилүү, түндүк деңиздерде орточо 300дөй. Океандын тропикалык аймагында 6 миңден ашык моллюсктар түрү бар, Беринг деңизинде 200дөй. Тынч океандын фаунасына мүнөздүү өзгөчөлүгү андагы көптөгөн систематикалык топтордун байыркы болгондугу жана эндемизми. Бул жерде көптөгөн байыркы деңиз кирпилери, кылыч куйруктуулардын примитивдүү тукумдары, башка океандарда сакталбай калган өтө байыркы балыктардын (мисалы, иордания, гильбертидия балыктары) кээ бир түрлөрү жашайт; лосось балыктарынын бардык түрлөрүнүн 95 % Тынч океанда күн көрүшөт. Сүт эмүүчүлөрдүн эндемикалык түрлөрү: дюгонь, деңиз мышыгы, сивучилер, калан. Тынч океан фаунасынын көпчүлүк түрлөрүнө гигантизм мүнөздүү. Океандын түндүк бөлүгүндө гигант мидиялар жана устрицалар белгилүү, экватордук аймакта эң ири эки капкактуу моллюск — тридакна жашайт, анын массасы 300 кг чейин жетет. Тынч океанда ультраабиссалдык фауна эң жакшы берилген. Эбегейсиз басым, 8,5 км тереңдиктеги төмөнкү температура шарттарында 45тей түркүм жашайт, алардын 71 % эндемиктер. Бул түрлөрдүн арасында өтө аз кыймылдуу жашоо образын жүргүзгөн голотуриялар басымдуулук кылат, булар андай тереңдикте азыктын жалгыз түрү болгон топуракты ашказаны аркылуу ири өлчөмдө жеп, өткөрүп турат.

Экологиялык көйгөйлөр

Тынч океандагы адам баласынын чарбалык ишмердүүлүгү анын сууларынын кирдешине, биологиялык байлыктардын азайышына алып келген. Мисалы, XVIII кылымдын аягында Беринг деңизинде толугу менен деңиз уйлары жок кылынган. XX кылымдын башында жоголуп кетүү коркунучу алдында түндүк деңиз мышыктары жана киттердин кээ бир түрлөрү болгон, азыр буларды кармоого тыюуу салынган. Океан сууларынын нефть жана нефти өндүрүмдөрү (негизги кирдеткичтер), оор металлдар жана атомдук өнөр-жайдын калдыктары менен кирдеши чоң коркунучту жаратууда. Зыяндуу заттар агымдар аркылуу бүткүл океанга тарайт. Ал гана эмес Антарктиданын жээктериндеги деңиз организмдеринин курамында бул заттар табылган. АКШнын он штаты өзүнүн таштандыларын дайыма океанга ыргытышат. 1980-жылы ушундай ыкма менен 160 000 тоннадан ашык калдыктар жок кылынган, андан бери бул сан азайган.

Тынч океандын түндүк бөлүгүндө пластик жана башка калдыктардан турган Чоң тынч океандык таштанды тагы (Чарльз Мур тарабынан табылган, аянты болжолдуу 1,5 млн чарчы километр) пайда болгон, ал тынч океандын агымдары менен калыптанып, океанга ташталган таштандылар Түндүк-Тынч океандык агымдар системасынын жардамы менен акырындан бир аймакта чогулушат. Бул так, Тынч океандын түндүк бөлүгү аркылуу созулуп жатат, болжолдуу Калифорния жээктеринен Гавайилерге жетпей, Японияга жетип-жетпей 500 деңиз миля аралыгында. Бул таштандылардын көпчүлүк бөлүгү болжолдуу Түндүк Американын жана Япониянын жээк сууларынан пайда болгон, ошондой эле, өтүп бараткан кемелерден ыргытылгандар. 2001-жылы таштанды аралдын массасы 3,5 млн тонна, ал эми аянты 1 млн чарчы километрден ашык болгон, бул зоопланктондун массасынан алты эсе көп. Ар 10 жылда таштанды аянты бир нече тартипке көбөйүүдө. Scientific Reports журналынын билдирүүлөрү боюнча 2018-жылы таштанды тагынын өлчөмү 1,6 миллион чарчы километрге жеткен. Орточо 1,1—3,6 триллион өзүнчө элементтерден турат. Таштанды негизинен пластик болуп, дээрлик жарымы — балык улоочу торлор.

1945-жылдын 6 жана 9 августунда АКШнын Куралдуу күчтөрү аркылуу Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарлары атомдук бомбалоого кабылган. Жалпы курман болгон адамдардын саны Хиросимада — 90 миңден 166 миңге чейин жана Нагасакиде — 60 миңден 80 миңге чейин. 1946-жылдан 1958-жылдары Бикини жана Эниветок (Маршалл аралдары) атоллдорунда (атолл — шакек сымал формадагы коралл аралы) Америка Кошмо Штаттары өзөктүк сынактарды өткөрүп турушкан. Бардыгы 67 атом жана суутек бомбаларынын жарылуулары ишке ашырылган. 1954-жылдын 1-мартында кубаттуулугу 15 мегатонн болгон суутек бомбасы суу үстүндө сыноо учурунда жарылуудан улам диаметри 2 км жана тереңдиги 75 метр болгон кратер калып, козу карын сымал булуттун бийиктиги 15 кмге жетип, диаметри 20 км түзгөн. Натыйжада, Бикини атоллу талкаланып, аймак АКШнын тарыхындагы эң ири радиоактивдүү булганууга жана жергиликтүү тургундардын зыяндуу нурларга кабылуусуна дуушар болгон. 1957—1958-жылдары Улуу Британия Полинезиядагы Рождество жана Молден атоллдорунда 9 атмосфералык өзөктүк сыноолорду өткөргөн. 1966—1996-жылдары Француз Полинезиясынын Муруроа жана Фангатауфа атоллдорунда Франция өлкөсү 193 өзөктүк сыноолорду өткөргөн (анын ичинде 46сы атмосферада, 147си жер астында).

1989-жылдын 23-мартында Аляска жээктеринде ExxonMobil (АКШ) компаниясына таандык «Эксон Валдиз» танкери авария болгон. Катастрофанын натыйжасында болжолдуу 260 миң баррель нефть деңизге куюлуп, аянты 28 миң чарчы километр так пайда болгон. Орточо эки миң километр жээк сызыгы нефть менен булганган. Бул катастрофа 2010-жылдын 20-апрелинде Мексика булуңундагы DH бургулоочу орнотмонун авариясына чейин деңиз үстүндө болгон катастрофалардын эң ириси болгон.

Тынч океан жээгиндеги мамлекеттер

Түздөн-түз океан мейкиндиктеринде аймакка кирбеген, Океанияны калыптандырган арал мамлекеттер жана мамлекет ээликтери бар:

Изилдөө тарыхы

Тынч океанды изилдөө жана өздөштүрүү адамзаттын жазма тарыхынын пайда болушуна чейин эле башталган. Океанда сүзүү үчүн джонкалар (кытайдын салттуу парустук кемелери), катамарандар жана жөнөкөй кайыктар пайдаланылган. 1947-жылкы норвегиялык Тур Хейердал жетекчилигинде, бальса устундарынан жасалган «Кон-Тики» кайыктарындагы экспедиция, Түштүк Американын борбордук бөлүгүнөн Полинезия аралдарына, батыш багытта Тынч океанды сүзүп (кесип) өтүү мүмкүн экенин аныктаган. Кытай джонкалары океандын жээктери менен Индия океанына чыгып турган (мисалы, 1405—1433-жылдардагы Чжэн Хэ жети саякаты).

Тынч океандын батыш четтерине болгон европалыктардын ишенимдүү документтелген биринчи саякаты катары Антониу де Абреу жана Франсишку Серрананын Малакки жарым аралынан Молукк аралдарына чейинки сүзүүлөрү саналат (бирок буларга чейин деле Тынч океандын батыш деңиздерине орто кылымдык еропалык саякатчылар сүзүп жүрүшсө керек, мисалы, Джованни Монтекорвино). Тынч океанды чыгыш жээгинен көргөн биринчи европалыктардын катарында испаниялык конкискадор Васко Нуньес де Бальбое саналат, ал 1513-жылы Панама моюнчасынын кайсы бир тоосунун адыр кыркасынан, түштүктү карай жайкалып жаткан Тынч океандын тегиз бетин көрүп, аны Түштүк деңиз деп атаган.

1520-жылдын күзүндө португалиялык деңиз сүзүүчүсү Фернан Магеллан Түштүк Американы айланып өтүп, кысыктан сүзүп чыгып жаңы суу мейкиндигин көргөн. Үч айдан ашык убакытты алган андан аркы Оттуу Жерден Филиппин аралдарына өтүү учурунда эспедиция бир дагы бороонго кабылган эмес, ошондуктан Магеллан океанды Тынч деп атаганы айкын. Тынч океандын оюлуп тартылган географиялык биринчи картасы Абрахам Ортелиус тарабынан түзүлүп, 1590-жылы чыккан биринчи географиялык дүйнө атласында жарыяланган. 1642—1644-жылдардагы Тасман Абель Янсзондун башчылыгындагы эскпедицияда Австралия өзүнчө материк экендиги тастыкталган.

Океандын активдүү изилденүүсү XVIII кылымда башталган. Европанын алдыңкы өлкөлөрү Тынч океанга деңиз сүзүүчүлөрү жетекчилик кылган илимий-изилдөө экспедицияларын жөнөтө баштаган: англиялык Джеймс Кук (Австралия менен Жаңы Зеландияны изилдөө, көптөгөн аралдарды, анын ичинде Гавайиди ачуу), француздар Луи Антуан Бугенвиль (Океания аралдарын изилдөө) жана Жан-Франсуа Лаперуз, италиялык Алессандро Маласпина (Горн тумшугунан Аляска булуңуна чейин Түштүк жана Түндүк Американын бүткүл батыш жээктерин картографтоо). Океандын түндүк бөлүгүн орус жер өтүүчүлөрү изилдген: С. И. Дежнёв (Евразия менен Түндүк Американын ортосундагы кысык), В. Беринг (океандын түндүк жээктерин изилдөө) жана А. И. Чириков (Түндүк Американын түндүк-батыш жээгин, Тынч океандын түндүк бөлүгүн жана Азиянын түндүк-чыгыш жээктерин изилдөө). 1803-жылдан 1864-жылдары орус деңизчилери (моряктары) тарабынан 45 жерди айлануу жана жарым-жартылай айланып сүзүүлөрү ишке ашырылган, натыйжада орус аскер жана коммерциялык флоту Балтика деңизинен Тынч океанга баруучу деңиз жолун, ага кошумча океандагы бир нече аралдарды ачкан. 1819—1821-жылдардагы Ф. Ф. Беллинсгаузен жана М. П. Лазаревдердин жетекчилиги алдындагы жерди айлануу экспедициясында дагы Тынч океандын бир нече аралдары ачылган.

1872—1876-жылдары англис парустуу-буу корвети «Челленджерде» биринчи илимий океандык эскпедия өткөн, мында океан сууларынын курамы, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсү, түбүнүн рельефи жана топурагы боюнча жаңы маалыматтар алынып, океан тереңдиктеринин биринчи картасы түзүлүп, тереңдиктеги жаныбарлардын топтому чогултулган. 1886—1889-жылдардагы окумуштуу-океанограф С. О. Макаровдун жетекчилиги алдында россиялык парустуу-винттик корвети «Витязь» кемесиндеги жерди айлануу экспедициясы Тынч океандын түндүк бөлүгүн изилдеген. 1883—1905-жылдардагы «Альбатрос» кемесиндеги америкалык экспедициянын натыйжасында тирүү организмдердин жаңы түрлөрү жана алардын өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү ачылган. Тынч океанды изилдөөдө чоң салымды «Планет» кемесиндеги германиялык экспедиция (1906—1907) жана норвег Х. У. Свердруптун жетекчилигиндеги «Карнеги» магниттик эмес шхунасындагы америкалык океанографиялык экспедиция (1928—1929) кошкон. 1949-жылы СССР Илимдер Академиясынын «Витязь» советтик илимий-изилдөө кемеси сууга түшүрүлгөн. 1979-жылга чейин кеме 65 илимий рейстерди ишке ашырып, натыйжада Тынч океандын түпкү рельфинин картасындагы көптөгөн бош жерлер жабылган (негизинен, Мариан чуңкурундагы максималдуу тереңдик өлчөнгөн). Ошол эле учурда, Улуу Британиянын («Челленджер II», 1950—1952), Швециянын («Альбатрос III», 1947—1948), Даниянын («Галатея», 1950—1952) жана башкалардын изилдөө экспедициялары жүргүзүлүп, океандын түбүнүн рельефи, түпкү катмарлары, океандагы жашоонун, сууларынын физикалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө көптөгөн маалыматтар алынган. Эл аралык геофизика жылынын алкагында (1957—1958) эл аралык күчтөр менен (өзгөчө АКШ жана СССР) изилдөөлөр жүргүзүлүп, натыйжада Тынч океандын жаңы биометриялык жана деңиз навигациялык карталары түзүлгөн. 1968-жылдан тарта америкалык «Гломар Челленджер» кемесинде үзгүлтүксүз тереңдик бургулоолор, суу массаларын чоң тереңдикте ордун которуу иштери, биологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. 1960-жылдын 23-январында Дүйнөлүк океандын эң тереңи — Мариан чуңкуруна биринчи жолу адамдын түшүүсү ишке ашырылган. «Триест» изилдөө батискафында чуңкурга АКШ аскер деңиз күчтөрүнүн лейтенанты Дон Уолш жана изилдөөчү Жак Пикар түшкөн. 2012-жылдын 26-мартында америкалык режиссёр Джеймс Кэмерон «Deepsea Challenger» терең сууга түшүүчү аппаратында Мариан чуңкурунун түбүнө биринчи жалгыз түшүү жана тарыхтагы адамдын экинчи жолу түшүүсүн ишке ашырган. Аппарат чуңкурдун түбүндө алты сааттай болуп, ал жактагы топурактын, өсүмдүктөрдүн жана тирүү организмдердин үлгүлөрү алынган. Кэмерон тартып алган кадрлар «National Geographic» каналынын илимий-документалдык фильминин негизине кирген.

1966—1974-жылдары СССР Илимдер Академиясынын океанография институту тарабынан чыгарылган 13 томдук «Тынч океан» аттуу монография чыккан. 1973-жылы Владивосток шаарында В. И. Ильичёв атындагы Тынч океандык океанологиялык институт түзүлүп, булар алыскы чыгыш деңиздерин жана Тынч океан мейкиндигинин кеңири изилдөөлөрүн жүргүзгөн. Акыркы он жылдыктарда космос спутниктеринен океандын көптөгөн өлчөөлөрү да болгон. Натыйжада 1994-жылы геофизикалык маалыматтардын Америкалык Улуттук Борбору тарабынан океандардын атласы чыгып, мында карталардын чечилиши 3—4 км жана тереңдиктин тактыгы ±100 м жеткирилген.

Аталышынын тарыхы

Океандын чыгыш жээгин көргөн биринчи европалык адам Нуньес де Бальбоа 1513-жылы океанга Памана булуңунан чыгып, түштүккө ачылып турган океанды көрүп мейкиндикти «Түштүк океан» деп атаган.

1520-жылдын 28-ноябрында Фернан Магеллан ачык океанга чыгып, Оттуу Жерден Филиппин аралдарына өтүүдө бир дагы бороонго кабылган эмес, ошондуктан океанды «Тынч океан» деп атаган.

1753-жылы Француз географы Жан-Никола Бюаш океан эң чоң болгонуна байланыштуу аны «Улуу океан» деп атоону сунуштанган. Бирок, бул жалпы колдоого алынбай, дүйнөлүк географиядагы аталыш Тынч океан бойдон калууда. Англис тилдүү өлкөлөрдө океанды «Pacific Ocean» деп аташат.

1917-жылга чейин орус карталарында «Тынч Деңиз» (1833) жана «Чыгыш океан» (орустардын океанга чыгуу салтынан улам) аталыштары колдонулган.

Океандын ысымынан берилген аталыштар

Океан астероиди (224) Тынч океандын атынан коюлган.

Экономикалык мааниси

Учурда (2022) Тынч океандын жээктери жана аралдары өтө бир тектүү эмес өздөштүрүлгөн жана отурукташкан. Өнөр-жайлык өздөштүрүүнүн ири борборлору: АКШ жээктери (Лос-Анджелес аймагынан Сан-Франциско аймагына чейин), Япония жана Түштүк Корея жээктери. Австралия жана Жаңы Зеландиянын экономикалык жашоосунда дагы океандын ролу маанилүү. Тынч океандын түштүк бөлүгү космос кемелеринин «көрүстөнү» саналат. Бул жерде, кеме сүзүүчү маршруттардан алыс, керектен чыккан космостук объектилер чөгөрүлөт.

Балык уулоо жана деңиз өнөр-жайы

Тынч океандын мелүүн жана тропикалык кеңдиктери көбүрөөк өнөр-жайлык мааниге ээ. Океандын суу аймагына дүйнөлүк балык улоонун 60 % туура келет. Алардын ичинде: лосостуулар (бүкүр чакчарылма, кета, кижуч, сима), айнакөз түспөлдүүлөр (анчоустар, сельдь, сардина), треска сымалдуулар (треска, минтай), окунь сымалдуулар (скумбрия, тунец), камбал сымалдуулар (камбалдар). Сүт эмүүчүлөрдү өндүрүү: кашалот, жаянкиттер, деңиз мышыгы, калан, морж, сивуч; омурткасыздуулар: крабтар, креветкалар, устрицалар, дениз таажы, баш буттуу моллюсктар. Азык-түлүк өнөр-жайында жана медицинада иштетилүүчү бир катар өсүмдүктөр жыйналат: ламинария (деңиз капустасы), анфельция (агаронос), деңиз чөбү (взморник жана филлоспадикс). Эң натыйжалуу өндүрүү Тынч океандын Батыш-бордордук жана Түндүк-батыш бөлүктөрүндө ишке ашырылат. Тынч океандын ири өндүрүүчү державалары: Япония (Токио, Нагасаки, Симоносеки), Кытай (Чжоушань архипелагы, Яньтай, Циндао, Далянь), Россия Федерациясы (Приморье, Сахалин, Камчатка), Перу, Таиланд, Индонезия, Филиппин, Чили, Вьетнам, Түштүк Корея, Корея Элдик Демократиялык Республикасы, Австралия биримдиги, Жаңы Зеландия, АКШ.

Транспорт жолдору

Тынч океан аркылуу тынч океандык бассейин өлкөлөрүнүн маанилүү деңиз жана аба коммуникациялары, ошондой эле, Атлантика, Индия океандарынын ортосундагы транзиттик жолдору өтөт. Маанилүү океан жолдор Канада менен АКШдан Тайванга, Кытайга жана Филиппинге алып барат. Тынч океандын негизги кеме жүрүүчү кысыктары: Беринг, Татар, Лаперуза, Корея, Тайван, Сингапур, Малакк, Сангар, Бассов, Торресов, Кука, Магеллан. Тынч Океан Атлантика океаны менен жасалма Панама каналы аркылуу кошулган, канал Түндүк жана Түштүк Америка ортосундагы Панама моюнчасында казылган. Ири порттор: Владивосток (генералдык жүктөр, нефть өндүрүмдөрү, балык жана деңиз азыктары, жыгач жана жыгач материалдары, металл, кара жана түстүү металлдар), Находка (көмүр, нефть өндүрүмдөрү, контейнерлер, металл, рефрижератордук жүктөр), Чыгыш Ванино (көмүр, нефть) (Россия), Пусан (Корея Республикасы), Кобе — Осака (нефть жана нефть өндүрүмдөрү, машина жана жабдуулар, автомобилдер, металлдар), Токио — Иокогама (металл, көмүр, кебез, дан, нефть, каучук, химиялык заттар, жүн, машина жана жабдуулар, текстиль, автомобилдер, дары-дармектер), Нагоя (Япония), Тяньцзинь, Циндао, Нинбо, Шанхай (кургак, куйма жана генералдык жүктөрдүн бардык түрлөрү), Сянган (текстиль, кийим-кечек, була, радио жана электротоварлар, пластмасса буюмдары, машиналар, жабуудалар), Гаосюн, Шэньчжэнь, Гуанчжоу (Китай), Хошимин (Вьетнам), Сингапур (нефть өндүрүмдөрү, каучук, азык-түлүктөр, текстиль, машина жана жабдуулар) (Сингапур), Кланг (Малайзия), Джакарта (Индонезия), Манила (Филиппин), Сидней (генералдык жүктөр, темир кени, көмүр, нефть жана нефть өндүрүмдөрү, дан), Ньюкасл, Мельбурн (Австралия), Окленд (Жаңы Зеландия), Ванкувер (жыгач жүктөр, көмүр, кендер, нефть жана нефть өндүрүмдөрү, химиялык жана генералдык жүктөр) (Канада), Сан-Франциско, Лос-Анджелес (нефть жана нефь өндүрүмдөрү, копра, химиялык жүктөр, жыгач, дан, ун, эт жана балык консервалар, цитрустар, банандар, кофе, машина жана жабдуулар, жут, целлюлоза), Окленд, Лонг-Бич (АКШ), Колон (Панама), Уаско (кендер, балык, отун, азык-түлүк) (Чили). Тынч океандык бассейнинде көп сандагы анча чоң эмес көп функционалдуу порттор да бар.

Маанилүү ролду Тынч океан аркылуу авиа жүк ташуулар ойнойт. Тынч океан аркылуу биринчи авиарейс 1936-жылы Сан-Франциско (АКШ) — Гонолулу (Гавай аралдары) — Манила (Филиппин) маршруту аркылуу жүргөн. Учурда (2022) негизги трансокеандык маршруттар Тынч океандын түндүк жана борбордук аймактары аркылуу жүргүзүлөт. Аралдар ортосундагы ички жүк ташуудагы авиалиниялар дагы чоң мааниге ээ. 1902-жылы Улуу Британия тарабынан океандын түбү менен биринчи суу астындагы телеграфтык кабель коюлган (узундугу 12,55 миң км), ал Фаннинг жана Фиджи аралдары аркылуу өтүп, Канада, Жаңы Зеландия, Австралия биримдигин байланыштырган. Радио байланыш кеңири жана көп убакыт бою пайдаланылган. Азыр (2022) Тынч океан аркылуу байланыш үчүн Жердин жасалма жандоочулары колдонулат, а бул өлкөлөр менен байланышуу каналынын сыйымдуулугун кыйла кеңейтет.

Пайдалуу кендер

Тынч океандын түбү түрдүү минералдардын кенине бай. Кытай, Индонезия, Япония, Малазия, Америка Кошмо Штаттары (Аляска), Эквадор (Гуаякил булуңу), Австралия (Бассов кысыгы) жана Жаңы Зеландиянын шельфтеринде нефть жана газ өндүрүшөт. Баалоолор боюнча Тынч океандын тереңи Дүйнөлүк океандын нефть жана газ корунун 30—40 % ээлейт. Каныккан оловонун ири өндүрүүчүсү Малазия, циркон, ильмениттики — Австралия. Океан темир-марганец конкрецияларына бай, суу бетиндеги жалпы кору 7 х 1012 т. Эң көп кору Тынч океандын терең түндүк аймактарында, ошондой эле Түштүк жана Перу ойдуңдарында байкалат. Негизги кен элементтерине эсептөөдө океан конкрецияларында марганец 7,1 х 1010 т, никель 2,3 х 109 т, жез 1,5 х 109 т, кобаль 1 х 109 т. Тынч океандын терең сууларында газ гидраттары дагы бар: Орегон чуңкурунда, Курил жээгинде жана Охотск деңизиндеги Сахалин шельфинде, Япон деңизиндеги Нанкай чуңкурунда жана Япония жээктеринин айланасында, Перу чуңкурунда.

Рекреациялык ресурстар

Тынч океандын рекреациялык ресурстары кыйла ар түрдүүлүгү менен мүнөздөлөт. Эл аралык туристтик уюмдун маалыматы боюнча XX кылымдын аягында Чыгыш Азия жана Тынч океандык аймакка эл аралык туристтик келүүлөрдүн 16 % туура келген. Бул аймактагы туризмдин калыптануусунун негизги өлкөлөрү: Япония, Кытай, Австралия, Сингапур, Корея Республикасы, Россия, АКШ жана Канада.

Негизги рекреациялык зоналар: Гавай аралдары, Полинезия жана Микронезия аралдары, Австралиянын чыгыш жээги, Кытайдагы Бохай булуңу жана Хайнань аралы, Япония деңизинин жээктери, Түндүк жана Түштүк Американын жээктериндеги шаарлардын аймактары жана шаар агломерациялары.

Азия-Тынч океандык аймактагы туристтердин агымы көп болгон өлкөлөр (Дүйнөлүк турисстик уюмдун 2010-жылга маалыматы): Кытай (жылына 55 миллион келүүлөр), Малайзия (24 миллион), Гонконг (20 миллион), Таиланд (16 миллион), Макао (12 миллион), Сингапур (9 миллион), Корея Республикасы (9 миллион), Япония (9 миллион), Индонезия (7 миллион), Австралия (6 миллион), Тайвань (6 миллион), Вьетнам (5 миллион), Филиппин (4 миллион), Жаңы Зеландия (3 миллион), Камбоджа (2 миллион), Гуам (1 миллион); Түндүк жана Түштүк Американын жээк өлкөлөрүндө: АКШ (60 миллион), Мексика (22 миллион), Канада (16 миллион), Чили (3 миллион), Колумбия (2 миллион), Коста-Рика (2 миллион), Перу (2 миллион), Панама (1 миллион), Гватемала (1 миллион), Сальвадор (1 миллион), Эквадор (1 миллион).

COVID-19 пандемиясынын натыйжасында 2020-жылдын биринчи жарымында Азия-Тынч океандык аймактарыгы туристтердин саны 72 % азайган. Ушул көрсөткүч боюнча аймак биринчи орунга ээ болгон, экинчи орунда — Европа (-66 %), андан кийин Африка жана Жакынкы Чыгыш (экөө тең -57 %), Түндүк жана Түштүк Америка (-55 %).

Жайгаштыруу: 2022-03-15, Көрүүлөр: 9275, Өзгөртүлгөн: 2022-03-15, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо