Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коён

Баш барак | Жаныбарлар | Коён

Коён (латынча Lepus) — коён түркүмүндөгү тукум жана жаныбар. Австралия жана Антарктидадан тышкаркы бардык жерлерде жайылган. 30дай түрү бар. Узун кулактары, кыска көтөрүңкү куйругу, начар өнүккөн акыреги, арткы узун буттары менен айырмаланып, бул буттары аларга секириктер менен кыймылдоого мүмкүндүк берет.

Коён
Коён
Илимий классификациясы
Домен: Эукариоттор
Падышалык: Жаныбарлар
Түр: Хордалуулар
Класс: Сүт эмүүчүлөр
Отряд: Коён сымалдуулар
Түркүм: Коён
Тукум: Коёндор
Эл аралык илимий аталышы
Lepus, Карл Линней, 1758
ITIS: 180111
NCBI: 9980
EOL: 10840
FW: 42176

Коен деген эмне? Коёндор жалгыз же түгөйлөп жашашат. Бакма коёндон (орусча кролик) айырмаланып коёндор ийин казбай, анча чоң эмес чуңкурларда уя жасашат. Бөжөктөрү жүнү менен, көздөрү ачык болуп өнүккөн түрдө туулуп, энеси алар менен 5—6 күн гана болот, андан кийин кээде гана келип турат; мунун натыйжасында коёнектердин көбүнчөсү жаныбарларга жем болот. Жапайы коён менен бакма коён аргындаштырылбайт. Бакма коён деп аталышы шарттуу гана анткени, булар дагы жапайы болушу мүмкүн. Коёндордун көрүүсү начар, жыт сезүүсү — жакшы, угуусу — мыкты. Көптөгөн душмандарына (адам, жырткыч сүт эмүүчүлөр жана канаттуулар) карата коргоно албагандыктан, булар өтө сак жана жашыруун жүрүшөт.

Коёндор табиятынан эле спортсмен келип, өтө катуу чуркайт. Кысылган серпилгичтей болуп, дароо атырылып качууга даяр. Буга байланыштуу жапайы коёндун эти бакма коёнго салыштырмалуу майы аз келип, эти катуураак.

Ар кандай өсүмдүктөр менен азыктанат: чөп, дан өсүмдүктөрү, жашылчалар, жыгачтуу кабыктар, өзгөчө петрушканы, шалгамды жакшы көрөт. Булар айыл-чарбага кыйла зыян алып келиши мүмкүн.

Жазында күүлөө мезгилинен кийин эркектери ургаачылары үчүн катуу кармашат: арткы буттарына туруп алып, алдыңкы колдору менен бири-бирин ургулашат. Мындай учурда булар сактыгын жоготот дагы, адамдар же жаныбарлар байкап жатканын сезбей калат.

Баяндалышы

Коён жонундо маалыматты улай, сейрек токойдо жана талааларда сур коён жашайт. Ал бир топ эле чоң: салмагы 6кгга жетет. Анын өңү бүт бойдон бозомук күрөң, куйругу гана аппак. Көпчүлүк жаныбарлардай коён да бөжөктөрүнө куйругу менен белги берет. Коён куйругун көтөрсө, бөжөктөрү аны көрөт да жашынганга шашылат, алар күзгү чөп-чарга өңдөшүп, көзгө оңой менен байкалбайт. Коёндун душманы көп: түлкү, карышкыр, сүлөөсүн, булгун, ит, ошондой эле үкү менен бүркүт. Бул жонундо жомок-уламыштарда көп айтылат. Коёндун жараткандан мүчөлөрүн сураган Коён уламышы дагы бар.

Бирок, чоң коён оңойлук менен кармала койбойт, ал өзүн коргоп салгылашканды да билет. Чалкасынан жатканды да билет. Чалкасынан жатып алып, узун тырмактуу арткы буттары менен тепкилейт. Аңчылар тирүү коёнду кулагынан кармап, көтөрүүгө болбосун билишет: ал олуттуу жаралантып коюшу мүмкүн.

Коёнду адатта коркок дешет. Бул туура эмес. Коркок бир нерседен корккондо эмне кыларын билбей, өзүн жоготуп коёт. Туш келди жакка буту үзүлгөнчө чуркап же ордуна туруп калтырай берет. Мисалы, коёндун тайгандан кантип качканын көрдүңөр беле? Ал жерге боюн жашыра чоң-чоң секирип чуркайт, узун кулагын жонуна жапырып алат.

Ал эми тайгандар болсо арылдап үрүп аны кууп жөнөшөт. Коён иттерден алыс узагандан кийин артка, туш-тушка секирип, изин жашыра баштайт. Андан соң, бир чоң секирип изин үзөт да, буйтка жерге жашынып калат. Коён бекеринен каптал (кыйшык) көздүү эмес, ал алдын, капталын гана эмес, арт жагын да бир аз көрөт. Кулагын да бардык тарапка бура алат: башын ары-бери кыймылдатуунун кажети жок.

Аба ырайы суук жерлерде ак коён жашайт. Кышкысын токой ак кар жамынат. Коён күзүндө түлөп боз жүнү түшүп, ордуна кардай аппак жүн чыгат. Кулагынын учу менен таноосу гана кара түстө болот. Ак коён сур коёндон кичине, бирок изи аныкынан чонураак болгондуктан, аны чоң коён деп ойлошуңар мүмкүн. А чынында ак коёнго токойдо калың карды малтып жүрүүгө туура келгендиктен, анын тамандары жазы жана өтө жүндүү келет. Бул болсо карда тыгылбай жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Сур коён жылуу жерде жашап, туш келген жерде түнөй берет. Ал эми ак коёндор тундрада да ийин казат. Сур коён менен ак коёндун ургаачылары үчтөн бешке чейин бөжөк тууйт. Туулганда эле башында айткандай алардын көзү көрүп, жүндүү болот. Карап турсаң чоң коёнго опокшош. Коёндор бир жылда эки, кээде ал тургай төрт жолу төлдөйт.

Сур коёндун ургаачысы бөжөктөрдү жарым-жартылай багып чоңойтот. Ал эми ак коёндордун ургаачысы бөжөктөрдү тойгузат да, такыр таштап кетип калат. Бирок, бул акылсыздык же таш боордук эмес. Анткени, жырткыч айбандар энесинин изи менен келип балдарын таап аларын жакшы билет. Эгер ургаачы коён дайыма келе берсе, алар сөзсүз бир жырткычка жем болмок. Ал эми бөжөк кыймылдабай бир жерде болсо, аларды эч ким көрбөйт жана сезбейт. Коёндун сүтү абдан аш болумдуу — уйдун сүтүнөн 6 эсе майлуу, ошондуктан бөжөктүн курсагы үч-төрт күнгө чейин ачпайт. Алар ачка боло баштаганда кыймылдап, үн салышат. Мына ошондо, бөжөктөрдү издеп жүргөн ургаачысы аларды табат. Ага бөжөктөр өзүнүкүбү же башка коёндукубу баары бир. Ургаачы коён биринчи жолуккан ач бөжөктөрдү тойгузуп кете берет.

Үч-төрт күндөн кийин бөжөктөр өздөрү чөп жей баштайт. Азыраак из калтыруу үчүн адегенде тегерегиндеги чөптү жеп түгөтөт, андан соң секирүүгө да жарап калышат.

Жайгаштыруу: 2018-04-13, Көрүүлөр: 29664, Өзгөртүлгөн: 2024-03-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо