Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Евразия

Баш барак | Башкалар | Евразия

Евразия — Жердеги алты материктин эң ириси. Аянты — 53,6 млн чарчы км, кургактыктын 36 % түзөт. Калкы — 5,349 млрд адам (2019-жыл, 1-июль), планета калкынын 70 %.

Мазмуну
Евразия
Евразия
Аянты53,6 млн км²
Түрүконтинент, материк
Калкы5,349 млрд адам (2019-жыл, 1-июль)
Жыштык99,79 адам/км²
Жашоочулар аталышыевразиялыктар, евразиялык
Өлкөлөр саны94 (99)
Таанылбаган аймактар8
Саат алкактарыUTC±0 — UTC+12
Ири шаарларыШанхай, Токио, Москва, Лондон, Стамбул, Джакарта, Дели, Мумбаи, Тегеран, Калькутта, Осака, Сеул, Пекин, Тяньцзинь, Манила, Карачи

Аталышынын келип чыгышы

Алгач дүйнөнүн ири континентинен түрдүү аталыштар берилген. Александр Гумбольд «Азия» аталышын бүткүл Евразияга колдонгон. Карл Густав Ройшле 1858-жылы «География боюнча маалымдама» (Handbuch der Geographie) китебинде «Азия-Европа кош континент» (Doppelerdtheil Asien-Europa) терминин колдонгон. «Евразия» терминин биринчилерден болуп геолог Эдуард Зюсс 1880-жылдары пайдаланган.

Географиялык абал

Континент Түндүк жарым шарда болжолдуу 9° батыш узундукта жана 169° батыш узундукта жайгашкан, ошону менен бирге Евразия аралдарынын бөлүгү Түштүк жарым шарда орун алган. Континенталдык Евразиянын көпчүлүк бөлүгү Чыгыш жарым шарда орун алып, материктин батыш жана чыгыш учтары Батыш жарым шарда жайгашкан.

Евразия
Евразия континенти (материги)

Континент эки дүйнө бөлүгүн камтыйт: Европа жана Азия. Европа жана Азиянын чек аралары Урал тоолорунун чыгыш капчыгайлары, Урал, Эмба дарыялары, Каспий деңизинин түндүк-батыш жээктеринен, Кума дарыясы, Кума-Маныч чуңкуру, Маныч дарыясы, Кара деңиздин чыгыш жээктери, Кара деңиздин түштүк жээги Босфор кысыгы менен, Мрамор деңизи, Дарданелла кысыгы, Эгей жана Жер Ортолук деңиздер аркылуу өтөт. Бул шарттуу бөлүү Каспий деңизинин бүтүн бассейнин, Кичи Азияны, Левантаны, ошондой эле Түштүк Иранды, Тигр жана Евфрат дарыя бассейндеринин аймактарын, Аравия жана Синайды Европага кошууга чейин Европа менен Азиянын чек араларын аныктоонун вариациялуу себеби болуп, тарыхый жактан калыптанган, ошону менен бирге Синай саясый себептер менен Африканын курамынан кошулуп калышы мүмкүн.

Табигый мааниде Европа менен Азиянын ортосунда чукул чек ара жок. Континент учурда калыптанган тектоникалык консолидациялангандыгы жана көптөгөн климаттык процесстердин биримдиги менен кургактагы үзгүлтүксүздүк менен бириктирилген (Евразия кургактык аркылуу Африка менен бириктирилген, Суэцк каналы — материктердин жасалма бөлүү линиясы).

Евразия — Жердеги төрт океандар менен чулганган жалгыз материк: түштүгүнөн — Индия, түндүгүнөн — Түндүк Муз, батышынан — Атлантика, чыгышынан — Тынч океан.

Аянты ≈53,6 миллион чарчы км болуу менен батыштан чыгышты карай 16 миң километрге, түндүктөн түштүктү карай — 8 миң км созулат. Планетанын бардык кургактыгынын үчтөн биринин көбүн ээлейт. Аралдарынын аянты болжолдуу 3,45 млн чарчы км.

Евразиянын четки чекиттери

Материктик чекиттери

Евразиянын географиялык борбору Семей шаарынан (мурдагы Семипалатинкс ш., Казакстан) 40 км батыш жагында жайгашкан.

Аралдык чекиттер

Ири жарым аралдар

Геологиялык мүнөздөмөлөр

Түзүм

Евразиянын геологиялык түзүмү сапаттуу түрдө башка материктерден айырмаланып турат. Бир нече платформа жана плиталар менен кошулган. Континент мезозой жана кайнозой доорлорунда калыптанып, геологиялык мааниде эң жаш. Бул, аны миллиард жыл мурун калыптанган, байыркы платформалардын дөңсөөлөрүн элестеткен башка континенттерден айырмалайт.

Евразиянын түндүк бөлүгү Архей, Протерозой жана Палеозой мезгилдеринде калыптанган плиталар жана платформалардын иретин түшүндүрөт: Балтика жана Украин тосмолорунан турган Чыгыш-Евразия платформасы, Алдан тосмосунан турган Сибирь платформасы жана Батыш-Сибирь плитасы. Чыгыш бөлүгү эки платформаны (Кытай-Кореялык жана Түштүк Кытай), кээ бир плиталарды жана мезозой менен альп аймактарынын бүктөлмөлөрүн камтыйт. Материктин түштүк-чыгыш бөлүгү мезозой жана кайнозой бүктөлмөлөрүнүн аймагын көрсөтөт. Материктин түштүк аймактары Индия жана Авария платформалары, Иран плитасы, ошондой эле альп менен мезозой бүктөлмөлөрүнүн аймактары менен берилген, акыркылары түштүк Европада көбүрөөк. Батыш Европа территориясы басымдуу түрдө өзүнө герцин бүктөлмөсүн жана палеозой платформаларынын плиталарына ээ. Континенттин борбордук аймактары палеозой бүктөлмөсү жана палеозой платформасынын плиталар зонасында орун алган.

Евразияда көптөгөн ири сыныктар жана жаракалар бар, алар: Сибирде (Батыш жана Байкал көлү), Тибетте жана кээ бир башка аймактарда.

Тарыхы

Материктин калыптануу мезгили чоң убакыт аралыгын камтып, бүгүнкү күндө дагы уланууда. Евразияны түзүүчү байыркы платформалардын калыптануу процессинин башталышы докембрий доорунда болгон. Анда үч байыркы платформа калыптанган: Кытай, Сибирь жана Чыгыш-Европалык, булар байыркы деңиздер жана океандар менен бөлүнгөн. Протерозойдун аягында жана палеозойдо кургактык массивдеринин океандар менен бөлүнгөн жерлеринин жабылуу процесси жүргөн. Бул убакта ошол платформалардын айланасында кургактыктын өсүү, топтолуу процесси жүргөн, натыйжада мезозой доорунун башында Пангея суперконтиненти пайда болгон.

Протерозойдо Евразиянын байыркы платформаларынын (Сибирь, Кытай жана Чыгыш Европа) калыптануу процесси жүргөн. Доордун аягында Сибирь платформасынан түшүтүгүрөөк жерде кургактык чоңойгон. Силура доорунда Европа жана Түндүк Америка платформаларынын биригүүсүндө тоолордун кеңири өсүп чыгуу эпизоду болгон, алар ири түндүк атлантикалык континентти жараткан. Чыгышта бир катар тоо системалары жана Сибирь платформасы биригип, Ангарида жаңы материгин түзгөн. Ал убакта кен жерлердин пайда болуу процесси жүргөн.

Көмүр-таш мезгилде жаңы тектоникалык цикл башталган. Интенсивдүү кыймылдар Сибирь менен Европаны бириктирип, тоо аймактарын келип чыгуусуна алып келген. Ушундай тоо аймактары заманбап Евразиянын түштүк аймактарында түзүлгөн. Триас мезгилинин башталышына чейин байыркы платформалардын бардыгы топтолуп, Пангея материгин жараткан. Бул цикл узак мөөнөткө созулуп, эки фазага бөлүнгөн. Баштапкы фазада учурдагы батыш Европанын түштүгүндө жана Борбордук Азиянын аймактарында тоо пайда болуу иши жүргөн. Пермь мезгилинде кургактыктын жалпы көтөрүлүшүнө удаалаш ири тоо пайда болуу процесстери болуп турган. Натыйжада, мезгилдин аягында Пангеянын Евразия бөлүгү ири бүктөлмөлүү аймакка айланган. Мында эски тоолордун бузулуу процесси жана кубаттуу калдыктуу катмарлардын калыптануусу жүрүп жаткан. Триас мезгилинде геологиялык активдүүлүк чабал болгону менен, бул мезгилде Пангеянын чыгышында акырындык менен Тетис океаны ачылган, кийинчерээк юр мезгилинде Пангеяны экиге бөлгөн — Лавразия жана Гондвана. Юр мезгилде орогенез (тоо калыптануу) порцесси башталып, туу чокусу кайнозой дооруна туура келген.

Континенттин калыптануусунун кийинки баскычы, Атлантика океаны ачыла баштаганда же бор доорунда башталган. Биротоло Лавразия континенти кайнозойдо бөлүнүп кеткен.

Кайнозой доорунун башында Евразия байыркы платформаларды кошуп, өз ара байкал, герцин жана каледон бүктөлмөлөрү менен бириктирилген, кургактыктын чоң массивинин өкүлү болгон. Чыгышында жана түштүк-чыгышында бул массивге мезозой аймагынын бүктөлмөлөрү кошулган. Батышында Евразияны Түндүк Америкадан ал убакта анча жазы эмес Атлантика океаны бөлүп турган. Түштүгүнөн бул ири массивди өлчөмү жагынан кичирейип калган Тетис океаны чулгаган. Кайнозойдо Тетис океанынын аянты кыскарып, континенттин түштүгүндө интенсивдүү тоо пайда болуу жүргөн. Үчүнчүлүк мезгилдин аягында континент өзүнүн заманбап көрүнүшүнө жеткен.

Физикалык мүнөздөмөлөр

Рельефи

Евразия рельефи өтө ар түрдүү, анда дүйнөдөгү эң чоң түздүктөр жана тоо системаларынын бирлери орун алган, Чыгыш-Европа түздүгү, Батыш-Сибирь түздүгү, Тибет тайпак тоосу. Евразия — Жердеги эң бийик материк, анын орточо бийиктиги — болжолдуу 830 метр (Антарктиданын орточо бийиктиги муз тосмонун айынан бийигирээк, бирок, эгер бийиктикти топурагынан алганда, анда континент эң төмөн болуп калат). Евразияда Жердеги эң бийик тоолор жайгашкан — Гималаи (индияча Карлардын жери), ал эми Гималай, Тибет, Гиндукуш, Памир, Тянь-Шань жана башкалар Жердеги эң ири тоо аймагын түзөт.

Континенттин заманбап рельефи неоген жана антропоген мезгилдеринде интенсивдүү тектоникалык кыймылдар менен шартталган. Эң кыймылдуулугу менен Чыгыш-Азия жана Альп-Гималай геосинкналдык алкактар мүнөздөлөт. Кубаттуу неотектоникалык кыймылдар менен Гассар-Алайдан Чукоткага чейинки теңдеш түзүмдөр кең алкактары мүнөздөлөт. Жогорку сейсмикалуулук Орто, Борбордук жана Чыгыш Азиянын көптөгөн аймактарына, Малай архипелагына мүнөздүү. Евразиянын ойго жаткан жанар тоолору Камчаткада, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азияда, Исландияда жана Жер Ортолук Деңизде жайгашкан.

Айтылгандай эле континенттин орточо бийиктиги — 830 м, тоолор жана бөксө тоолор Евразиянын 65 % ээлейт.

Евразиянын негизги тоо системалары:

Негизги түздүктөрү жана ойдуңдары:

Континенттин түндүк жана бир катар аймактарынын рельефи байыркы муз тоңуу таасирин башынан өткөргөн. Заманбап мөңгүлөр Арктика аралардында, Исландияда жана бийик тоо аймактарында сакталып калган. Болжолдуу 11 млн чарчы км (негизинен Сибирдин аймагында) аймак көп жылдык тоң тектери менен ээленген.

Материктик географиялык рекорддору

Евразияда Жердеги эң бийик тоо Джомолунгма (Эверест), эң ири (Каспий) жана терең (Байкал) көлдөрү, аянты боюнча эң чоң тоо системасы — Тибет, эң чоң жарым арал — Аравия, эң чоң географиялык аймак — Сибирь, кургактыктын эң төмөнкү чекити — Өлүк деңиз чуңкуру орун алган. Континентте түндүк жарым шар муздак уюлу — Оймякон бар.

Тарыхый-географиялык аймакташтыруу

Евразия байыркы цивилизациялардын мекени — шумер жана кытай, жана планетадагы дээрлик бардык цивилизациянын түзүлгөн жери. Евразия шартуу түрдө эки дүйнө бөлүгүнө бөлүнгөн — Европа жана Азия. Азия өзүнүн чоңдугуна байланыштуу майда аймактарга бөлүнөт — Сибирь, Алыскы Чыгыш, Приамурье, Приморье, Маньчжурия, Кытай, Индия, Тибет, Уйгурия (учурда Кытай Эл Республикасынын курамындагы Синьцзян), Орто Азия, Жакынкы Чыгыш, Кавказ, Персия, Индокытай, Аравия жана башкалар.

Климат

Евразияда бардык климаттык алкактар жана аймактар бар. Түндүгүндө арктикалык жана субарктикалык климаттык алкактар басымдуулук кылат, андан соң кеңири сызык менен Евразияны мелүүн алкактар кесип өтөт, андан кийин субтропикалык алкак. Евразиядагы тропикалык алкак континент бойлой Жер Ортолук Деңизден, Кызыл деңиз, Индияга чейин созулуп үзүлөт. Субэкваториалдык алкак түндүктү карай чыгып турат, өзүнө Индия, Индокытай, ошондой эле Кытайдын түштүгүн, ал эми экваториалдык алкак негизинен түштүк-чыгыш Азия аралдарын камтыйт. Деңиз климатынын климаттык зоналары айрыкча континенттин батышында, Европада, ошондой эле аралдарда орунда алган. Муссон климат зоналары чыгыш жана түштүк аймактарда басымдуулук кылат. Кургактыкка тереңдеген сайын климаттын континенталдуулугу мелүүн алкакта батыштан чыгышты карай жүрүп отурганда өзгөчө билинип турат. Эң эле континенталдуу климат зоналары Чыгыш Сибирде орун алган.

Табият

Табият аймактары

Евразияда бардык табият аймактары берилген. Бул материктин чоңдугу жана түндүктөн түштүккө чейин созулгандыгы менен байланыштуу.

Түндүк аралдар жана бийик тоолор жарым-жартылай мөңгүлөр менен капталган. Уюлдук чөл аймактары айрыкча түндүк жээктерди бойлой жана Таймыр жарым аралынын көпчүлүк бөлүгүнөн жайылат. Андан кийин тундра жана токой тундра кең алкактар турат, Чыгыш Сибирь (Якутия) жана Алыскы Чыгыштын кенен аймактарын ээлейт.

Дээрлик Сибирдин бардыгын, Алыскы Чыгыштын жана Европанын (түндүк жана түндүк-чыгыш) көпчүлүк бөлүгүн ийне жалбырактуу токойлор — тайга каптап турат. Батыш Сибирдин түштүгүндө жана Орус түздүгүндө (борбордук жана батыш бөлүктөрүндө), ошондой эле Скандинавия менен Шотландияда аралаш токойлор орун алган. Мындай токойлордун тилкелери Алыскы Чыгышта, Маньчжурияда, Приморьеде, Түндүк Кытайда, Кореяда жана Япон аралдарында бар. Жалбырагы түшүүчү токойлор негизинен материктин батышында, Европада басымдуулук кылат. Бул токойлордун анча чоң эмес тилкелери чыгыш Азияда (Кытай) кездешет. Евразиянын түштүк-чыгышында нымдуу экваториалдык токойлор массиви жайгашкан.

Борбордук жана түштүк-батыш аймактары артыкча чөл жана жарым чөлдөр менен ээленген. Индостан жана Түштүк-Чыгыш Азияда сейрек токойлор жана өзгөрмө-нымдуу, муссон токойлорлу бар. Муссон түрүндөгү субтропикалык жана тропикалык токойлор чыгыш Кытайда басымдуулук кылып, алардын мелүүн аналогдору Маньчжурия, Приамурье жана Приморьеде бар. Континенттин батыш бөлүгүнүн түштүгүндө (көбүнчө Жер Ортолук Деңизде жана Черномор жээктеринде) катуу жалбырактуу түбөлүк жашыл токойлор жана бадалдар аймактары бар (Жер Ортолук Деңиз түрүндөгү токойлор). Орус түздүгүнүн жана Батыш Сибирдин түштүгүнүн көпчүлүк бөлүгүн талаалар жана токой-талаалар ээлейт. Талаалар жана токой-талаалар Забайкалье, Приамурьеде дагы кездешет, кеңири аймактары Монголияда, ошондой эле түндүк жана түндүк-чыгыш Кытай менен Маньчжурияда да бар.

Евразияда бийик алкактуулук аймактары да кеңири таралган.

Фауна

Индо-Малай аймактарына Индостан жана Индокытай жарым аралдары материктик жанаша аймактары менен кошо кирет, Тайвань, Филиппин жана Зонд аралдары; Аравиянын түштүгү Африканын көпчүлүк бөлүгү менен Эфиопия аймагына таандык. Кээ бир Малай архипелагынын түштүк-чыгыш аралдарын көпчүлүк зоогеографтар Австралия зоогеография аймагына киргизишет. Бул бөлүштүрүү евразиялык фаунанын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүгүн мезозойдун аягында жана бүткүл кайнозойдогу табияттын өзгөрүү процессин, ошондой эле башка материктер менен болгон байланышын чагылдырат. Заманбап табият шарттарын мүнөздөө үчүн адамдын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында тарыхый убакта жок болгон, байыркы өлүп жок болгон фауна, ошондой эле заманбап фауна кызыктырууну жаратат.

Мезозойдун аягында Евразия аймагында түрдүү фауна жаралып, жалгыз тешиктүү жана баштыкчалуу сүт эмүүчүлөрдөн турган, жылаандар, таш бакалар ж. б. Плацентардык сүт эмүүчүлөрдүн пайда болуусу менен (өзгөчө жырткычтар), кенже сүт эмүүчүлөр түштүктү карай, Африка жана Австралияга чегинген. Алардын ордун кайнозой мезгилинде Евразиянын көпчүлүк бөлүгүндө жашаган тумшуктуулар, төөлөр, жылкылар, кериктер алмаштырган. Кайнозойдун аягындагы климаттын муздашы алардын көпчүлүгүнүн өлүп жок болушуна же түштүккө чегинүүгө алып келген. Евразиянын түндүгүндө тумшуктуулар, кериктер ж. б. казып алынма түрүндө гана белгилүү, азыр болсо алар Түштүк жана Түштүк-чыгыш Азияда гана жашашат (Евразия маанисинде). Төөлөр жана жапайы жылкылар жакынкы убакка чейин Евразиянын ички ариялык бөлүктөрүндө кеңири таралган.

Климаттын муздашы Евразияга катаал климаттык шарттарга ыңгайлашкан жаныбарлардын жердешүүсүнө алып келген (мамонт, тур ж. б.). Бул — түндүк фауна, анын калыптануусунун борбору Беринг деңизинин аймагында Түндүк Америка менен жалпы болуп, акырындык менен жылуулукту сүйүүчү жаныбарларды түштүктү көздөй четтете берген. Алардын өкүлдөрүнүн көпчүлүгү өлүп жок болгон, кээ бирлери заманбап тундра жана тайга токойлор фаунасынын курамында сакталып калган. Материктик ички аймактарынын климатынын кургашы, талаа жана чөл фаунасынын жайылышы менен коштолгон, ал негизинен Азиянын талааларында жана чөлдөрүндө сакталып, Европада жарым-жартылай өлүп жок болгон.

Климаттык шарттар кайнозойдун өтүшүндө олуттуу өзгөрүүгө кабылбаган, Азиянын чыгыш бөлүгүндө муз дооруна чейинки көптөгөн жаныбарлар баш калка табышкан. Андан тышкары, Чыгыш Азия аркылуу Голарктикалык жана Индо-Малай аймактарында жаныбарлар алмашуусу жүрүп турган. Анын чегинде, түндүктүн тереңине тропикалык жаныбарлардын формалары кирип кеткен, мисалы, жолборс, япон макакасы ж. б.

Евразиянын аймагындагы заманбап жапайы фаунанын бөлүштүрүлүшү анын өнүгүү тарыхында, табият шарттарынын өзгөчөлүгүндө жана адам тиричилигинин натыйжасында чагылдырылат.

Түндүк аралдарда жана материктин ыраакы түндүгүндө фаунанын курамы батыштан чыгышты карай дээрлик өзгөрбөйт. Тундра жана тайга токойлорунун жаныбарлар дүйнөсү анча-мынча эле ички айырмачылыктарга ээ. Түштүккө тереңдеген сайын кеңдик боюнча Голарктика чегинде айырмачылыктар көбөйө баштайт. Евразиянын ыраакы түштүгүнүн фаунасы ушунчалык спецификалуу жана тропикалык Африка менен Аравиянын фаунасынан өтө айырмаланганынан, аны түрдүү зоогеографиялык аймактарга киргизишет.

Евразиянын бүткүл аймагында тундра фаунасы (Түндүк Америка сыяктуу) өзгөчө бер тектүү.

Тундранын эң кеңири таралган ири сүт эмүүчүсү — түндүк бугу (Rangifer tarandus). Жапайы түрдө Европада дээрлик кездешпейт; ал түндүк Евразиянын эң кеңири таралган жана баалуу үй жаныбары. Тундранын бөлүгү ак түлкү, лемминг, ак коёндорго мүнөздүү.

Евразия өлкөлөрү

Төмөндөгү тизмеде Евразияда жайгашкан өлкөлөрдөн тышкары, Европа жана Азияга таандык анын аралдарындагы (мисалы, Япония) өлкөлөр да берилет. Евразия өлкөлөрүнүн жалпы саны — 99 (дүйнөлүк рекорд), алардын 50 Европага таандык.

Ички суулар

Материк жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларга бай. Анын аймагынан ири дарыялар түштүгүнөн тышкары бардык океандарга куят. Континенттин көлдөрү өлчөмү жана тереңдиктери менен өзгөчөлөнүп турат. Материктеги дарыялардын бөлүштүрүлүшү рельеф жана климат менен аныкталат, эң жыш дарыя тармагы анын чет жакаларында. Евразия ички суулары бир тектүү эмес бөлүштүрүлгөн.

Океандардан алыс жана обочолонгон суусу аз аймактар көп аянтты ээлейт. Ички агым бассейиндери материк аянтынын орточо экиден бирин түзөт. Жер астындагы суулардын ири запастары Батыш-Сибирь түздүгүнүн алдында табылган. Котловандар менен коңшулаш бийик тоолордун жанында, кургак аймактарда жер астындагы суулар булак болуп чыгат. Орто жана Борбордук Азиянын мындай жерлеринде оазистер калыптанган. Көптөгөн таза суу булактары материк муздарын сакталган (арктика аралдарында — каптама муздар, тоолордо — мөңгүлөр). Түндүк Муз Океанынын суулары (Печора, Обь, Енисей, Лена ж. б.) аралаш азыктандырылып, кардан пайда болгон суулар басымдуулук кылып, көпкө чейин тоңот. Көптөгөн суулар Атлантика океанына куят, тоңбойт, азыктандырылышы негизинен жаан суулары, тоолордо — мөңгүлөр. Бул бассейндин ири дарыялары — Дунай, Рейн, Эльба, Неман ж. б. Тынч океан бассейнинин дарыялары аралаш азыктандырууга ээ болуп, маанилүү ролду океандын жайкы муссондору алып келүүчү жаан-чачындар ойнойт. Мында Евразиянын ири дарыялары агат — Янцзы, Амур, Хуанхэ, Меконг. Индия океанына Ганг Брахмапутрасы менен, Инд, Тигр, Ганг жана Евфрат дарыялары өзүнүнүн сууларын куят. Булардын биринчи үчөөсү Гималайда башталып, түздүктөр менен агып, ал жерлерди сугарып турат. Дарыялар режими тоолордогу муздардын жана кардын эриши, муссондор менен байланыштуу.

Жайгаштыруу: 2021-05-02, Көрүүлөр: 13310, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-12-06
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу