Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Казакстан

Баш барак | Өлкөлөр жана шаарлар | Казакстан

Казакстан (казакча — Қазақстан Республикасы, официалдуу аталышы — Казакстан Республикасы, аббревиатурасы КР) — Евразиянын борборундагы мамлекет, көпчүлүк бөлүгү Азияга, аз бөлүгү Европага таандык.

Мазмуну
  1. Жалпы маалымат
  2. Этимология
  3. Тарыхы
    1. Казак хандыгы
    2. Россия империясы
    3. РСФСР
    4. Советтер Союзу
      1. Кайра куруу мезгили
    5. Көз карандысыздык
  4. Географиясы, административдик бөлүнүүсү
    1. Суулары
    2. Климаты
    3. Табият ресурстары
    4. Жер кыртыштары
    5. Рельефи
    6. Геология
    7. Жапайы табият
    8. Экологиялык абал
  5. Экономика
    1. Инфратүзүм
    2. Айыл чарба
    3. Туризм
    4. Жашыл экономика
    5. Түз чет өлкөлүк инвестициялар
    6. Облигациялар рыногу
    7. Банк ишмердүүлүгү
    8. Кыймылсыз мүлк рыногу
    9. «Нұрлы жол» экономикалык саясаты
    10. Экономикалык атаандаштыкка туруктуулук
    11. Ишкерлик
    12. Өнөр жай
    13. Коррупция
    14. Валюта
    15. Тышкы экономикалык байланыштар
  6. Аскер жана полиция
    1. Аскерлери
    2. Полиция
  7. Илим жана технологиялар
  8. Калк
    1. Этникалык курам
    2. Тилдер
    3. Билим берүү
    4. Дин
    5. Саламаттыкты сактоо
    6. Социалдык камсыздоо
    7. Жакырлык
  9. Маданият
    1. Адабият
    2. Архитектура
    3. Театралдык искусство
    4. Сүрөт искусствосу
    5. Музыка
    6. Музейлер
    7. Ашкана
    8. Спорт
    9. Кинематография
    10. ММК
    11. Майрамдар
    12. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас объектилери
Казакстандын мамлекеттик желеги
Мамлекеттик желек
Казакстандын мамлекеттик герби
Мамлекеттик Герби

Мамлекеттик гимни
Негизделиши
1465-жылКазак хандыгы
1917-жыл, 13-декабрьАлаш автономиясы
1919-жыл, 10-июльКыргыз аймагы
1920-жыл, 26-августКыргыз АССРи
1925-жыл, 19-июньКазак АССРи
1936-жыл, 5-февральКазак АССРи
1936-жыл, 5-декабрьКазак ССРи
1990-жыл, 25-октябрьСССРдин курамында суверенитетин жарыялоо
1991-жыл, 10-декабрьКазакстан Республикасы
Көз карандысыздык датасы1991-жыл, 16-декабрь (СССРден)
Официалдуу тилдерказак — мамлекеттик, орус — мамлекеттик мекемелерде жана жергиликтүү башкаруу органдарында официалдуу
Борборумурда — Акмолинск, Целиноград, Акмола, Нур-Султан (2019—2022), Астана (2022-жылдан тарта)
Ири шаарларАлма-Ата, Астана, Шымкент, Актөбө, Караганда, Тараз, Павлодар, Усть-Каменогорск, Семей
Башкаруу формасыпрезиденттик
Мамлекеттик динсветтик өлкө
Аймагы
Бардыгы2 724 902 чарчы км
Суу бетинин %2,8
Калк
Баалоо (2021-жыл, 1-январь)18 877 128 адам
Жыштык6,93 адам чарчы км
ИДӨ (САП)
Бардыгы (2019)508,501 млрд доллар
Киши башына27 292 доллар
ИДӨ (номиналдуу)
Бардыгы (2019)181,667 млрд доллар
Киши башына9750 доллар
Адам Өнүгүү Индекси (АӨИ, 2009)0,817 (абдан жогору), 50-орун
Жашоочулар аталышыказактар, казакстандыктар
Валютатеңге (₸) (KZT, код 398)
Интернет домендер.kz, .қаз
ISO кодKZ
Эл аралык олимп комитет (ЭОК) кодуKAZ
Телефондук код+7
Саат алкактарыUTC+5:00 жана UTC+6:00
Жол жүрүүоң жагынан

Жалпы маалымат

Казакстан Борбордук Азияда жайгашкан мамлекет. Ал батыштан чыгышка 3 миң, түндүктөн түштүккө 1,5 миң чакырымга созулуп жатат. Казакстандын эң түндүгү ар кайсы жеринде кайың же байтерек токойлору бар талаа. Түштүгүрөөктөн мелтиреген кең талаа башталат. Бул жерде да токойлуу талаадагыдай эле буудай, жүгөрү, күнкарама айдалат. Албетте, силер дың, дың жер деген сөздөрдү уккансыңар. Казакстанда совет мезгилинде 24 миллион гектар дың (башкача айтканда мурда эч качан айдалбаган) жана көптөн бери айдалбай жаткан жерлер айдалган. Аянты боюнча бул, мисалы, Англия сыяктуу бүтүндөй бир мамлекетке барабар. Азыр Казакстан мамлекети жөнүндө айтсак, өлкө Орто Азиядагы эгин өндүрүүчү ири мамлекет. Казакстандын дың жери өздөштүрүлө баштаганда, жаңы жерлерди айдап, эгин себүү, жыйноо, кыштактарды, шаарларды куруу үчүн СССРдин бардык жерлеринен бул жакка тракторчу, комбайнчы, курулушчулар келишкен.

Казакстан облустары
Казакстан облустары

Дагы түштүгүрөөктө чөлдөр жана жарым чөлдөр созулуп жатат. Мында дарыялардын бойлорунда, көлдөрдүн жээктеринде гана көгөргөн дарактарды, бадалдар менен чөптөрдү көрүүгө болот. Мындай жерлерди оазис же көк жайык дешет. Ал эми чөлдүн кумдак, чополуу кыртышында эрте жазда, күн катуу ысый электе гана көгөрүп чөп чыгып, гүлдөр бажырайып ачылат, бирок эки-үч жумадан кийин куурап калат. Бул кайрак жерлер малга жайыт катары пайдаланылат. Казакстандын дээрлик бүт аймагы дөңсөөлүү түздүк, чыгыш жана түштүк-чыгыш четинде гана Алтай, Жунгар Алатоосу, Тяньшань тоо кыркалары асман тирейт.

Казакстан тоолорунда жамгыр көп жаайт, бул жерлерде кооз токойлор, чөбү көйкөлгөн шалбаалар, өрөөндөр көп. Тяньшандын кой-эчки гана жете алган бийик беттери - жайлоолор эң мыкты жайыт болуп саналат. Too чокуларын дайыма кар менен муз каптап жатат. Казакстан мамлекетинин эң түштүгүндөгү, тоо этектериндеги боз топурактуу түздүктөр түшүмдү көп берет. Мында шалы, кант кызылчасы, пахта, жүзүм, дарбыз, ар түрдүү дары-дармек өсүмдүктөрү жана көптөгөн башка баалуу өсүмдүктөр эгилет. Бирок бул жерге жаан өтө аз жаайт.

Казакстан өлкөсүндө аба ырайы абдан ысык жана кургакчыл. Жаан жаабаса мунун баары кантип өсөт? - деп сурашыңар мүмкүн. Мисалы, шалы суу көлмөктөгөн жерге эгилет эмеспи. Бул жерлерди суу менен дарыялар камсыз кылат. Иле, Чүй, Сырдарыяга курулган суу сактагычтардын суусу каналдар аркылуу айдоо талааларына барат. Мында жемиш бактар, айрыкча алма бактар көп. Республиканын мурдагы борбору - Алма-Ата шаары Тяньшань тоосунун этегинде, түндүктү көздөй жантайган түздүктөн орун алган.

Бийик тоодогу Медео муз аянты шаарга жакын жайгашкан. Кийин Казакстандын борбору 1998-жылы Алма-Атадан Астана шаарына көчүрүлгөн (2019-жылдан 2022-жылдары Нур-Султан аталышта, 2022-жылдан тарта кайрадан Астана). Бул жаңы ордо калаада учурдун талабына ылайык курулуп, Борбордук Азиянын эң бир кооз шаарларынын бирине айланды. Казакстандын жери кен байлыктарга бай. Бул жерде жер жүзүндөгү пайдалуу кендердин көбү бар. Алардын көпчүлүгү: темир рудалары, түстүү жана асыл металлдар (жез, коргошун, цинк, күмүш, алтын ж. б.), көмүр, нефть, фосфорит кендери Совет бийлигинин мезгилинде ачылган.

Республиканын жер байлыктарын өздөштүрүүгө, жаңы индустриялуу Казакстанды курууга бүткүл Советтер Союзу жардам берген: шахта, рудник, завод, электр станцияларын, темир жана автомобиль жолдорун, суу сактагычтар менен сугат каналдары курулуп, Балкаш, Жезказган, Рудный, Темир-Тоо, Ермек, Шевченко сыяктуу өнөр жайлуу жаңы шаарлар өсүп чыккан. Казакстан азыр таанылгыс болуп өзгөрдү. Казактар бир кезде негизинен мал баккан көчмөн эл болгон. Кой, эчки, жылкыларын жайыттан жайытка айдап, үй-бүлөлөрү менен жыл бою көчүп жүрүшкөн. Казактарда мектеп да, китеп да, гезит да, ал тургай жазмасы да болгон эмес.

Азыр казак эл акыны Жамбыл айткандай: «Жагымдуу, эркин, таптаза, Казактын иши башкача. Талаасы данга бүтүмдүү, Заводдор үйлөйт түтүндү». Качандыр бир мезгилде үстүнөн бүркүттөн башка эч нерсе айланып учпаган бетегелүү казак талаасындагы белгилүү Байконур космодромунан кубаттуу космос кемелери учуп турат.

Мамлекет территориясынын аянты — 2 724 902 чарчы км. Калкы, 2020-жылдын 1 октябрына мамлекеттик статистика комитетинин баалоосу боюнча 18 809 210 адамды түзөт. Калктын жыштыгы эң төмөнкүлөрдүн катарында: 1 чарчы километрге 7 адамдан төмөн. Борбор шаары — Астана. 1,977 млн калкы бар ири шаары — Алма-Ата. Территориясы боюнча өлкө дүйнөдө 9-орунда, КМШ өлкөлөрүнүн арасында 2-орунда (Россиядан кийинки), САП (сатып алуучулук паритет) боюнча ИДӨ (Ички Дүң Өндүрүм) менен 42-орунда жана калктын саны боюнча 64-орунда.

Казакстан официалдуу түрдө түрдүү маданий мурастуу демократиялык, светтик, унитардык, конституциялык республика. Казакстан аймагы өзүнө түздүктөрдү, талааларды, тайганы, аскалуу кууш өрөөндөрдү, дарыя куйган жерлерди, карлуу тоолорду жана чөлдөрдү камтыйт. Экономикасында көмүртек өнөр жайы басымдуулук кылат, калк ишмердүүлүгү тейлөө жаатында максималдуу. Учурда Казакстан өкмөтү диверсификация боюнча олуттуу иштерди жасап, улуттук индустрияны жогорку кошумча баалуу товарларды чыгарууга өткөрүүгө аракет кылууда.

Каспий деңизи менен Төмөнкү Поволжье, Урал, Сибирь, Кытай жана Орто Азиянын арасында жайгашкан. Түндүгү жана Батышында Россия (чек ара узундугу — 7548,1 км), чыгышында — Кытай (1782,8 км), түштүгүндө — Кыргызстан (1241,6 км), Өзбекстан (2351,4 км) жана Түркмөнстан (426 км) менен чек аралаш. Казакстандын чыгыш чек араларынан Монголиянын батыш чек араларына чейин болжолдуу 40 км. Кургактагы чек аралардын жалпы узундугу — 13 392,6 км. Чыгыштан батышты карай өлкөнүн узундугу 2963 км, ал эми түндүктөн түштүктү карай — 1652 км. Аймагы боюнча Түрк кеңешинин эң чоң өлкөсү. Ички континенталдык Каспий жана Арал деңиздеринин суулары менен чуулганат. Деңизге чыгуусу жок жана ушундай өзгөчөлүгү бар өлкөлөрдүн эң ириси.

Административдик-аймактык жактан 14 облуска бөлүнөт, анын ичинде республикалык маанидеги 3 шаар: Астана, Алма-Ата жана Шымкент. Андан тышкары өзгөчө абалга ээ болгон Байкоңур шаары бар, ал 2050-жылга чейин Россия өлкөсү тарабынан ижарага алынган, жана бул мезгилге чейин Россия Федерациясынын федералдык шаарына туура келген мамиле абалга ээ; Россия тарабынан ижарага алынган жерлердин жалпы аянты 111 913 чарчы км (өлкөнүн 4,1%). Экономика-географиялык жактан Казакстан Борбордук, Батыш, Чыгыш, Түндүк жана Түштүк аймактарга бөлүнөт.

Казакстантын аймагы тарыхый жактан көчмөн этностор менен отурукташып, түрдүү убактарда империянын курамына кирген. Байыркы заманда бул жерлерде скифтер көчмөндүк кылган. Түрк тектүү көчмөндөр өлкө тарыхынын көпчүлүк мезгилинде жашашкан. Ахемениддер державасы болжолдуу биздин заманга чейин IV кылымда заманбап өлкө аймагынын түштүк бөлүгүнө жайылган. XIII кылымда — Монгол империясынын курамында, Чыңгызхандын бийлиги алдында. XVI кылымда казактар үч жүздүккө (белгилүү бир аймакты ээлеген ата-бабалар бутактары) бөлүнгөн өзүнчө топ болуп калыптанган. Россия империясы Казак талааларына XVIII кылымда басып кире баштаган, жана XIX кылымдын жарымында бүтүн Казакстанды башкарган. 1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин жана андан кийинки жарандык согушта Казакстандын аймагы бир нече жолу кайра уюшууга кабылган. 1936-жылы Советтик Союздун курамына кирген Казак Советтик Социалисттик Республикасы уюшулган.

1991-жылдагы Советтер Союзунун урашында көз каранды эместигин жарыялаган өлкөлөрдүн ичинен Казакстан союздук республикалардын эң акыркысы болгон. Республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев болгон. 2019-жылдын март айында ал кызматынан кетип, Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу президенттин кызматын аткарган, кийин 2019-жылдын 9-июнунда шайлоодон жеңип чыккан. Human Rights Watch жана башка укук коргоо уюмдары Казакстандагы адам укуктарынын абалын начар деп баяндашат.

2009-жылдагы эл каттоого ылайык Казакстандын 131 этникалык тобунун ичине казактар (калктын 63 %), орустар, өзбектер, украиндер, немецтер, татарлар жана уйгурлар кирген. Калктын 70 % диний ишеними Ислам болуп, Христианчылык — 26 % түзгөн. Казакстан официалдуу түрдө дин тутуу эркиндигин декларациялап келет. Казак тили мамлекеттик тил, орус тили бардык административдик жана институциондук деңгээлдеги багытта теңдеш официалдуу абалга ээ. Өлкө БУУ, дүйнөлүк соода уюму, КМШ, ШКУ, Евразиялык экономикалык бирикмеси, жамааттык коопсуздук келишим уюму, европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, ислам кызматташтык уюму жана ТЮРКСОЙдун курамына кирет.

Этимология

Аталышы қазақ этностун жеке аталышынан чыккан, сөз байыркы түрктөрдүн «казак» («эркин») сөзүнөн келип, калктын көчмөн жашоо образын чагылдырат. Өлкө аталышынын элементи «-стан» «жер, орун, аймак» дегенди билдирет, Иран тилдүү текке ээ болуп Чыгышта кеңири таралган, ошондуктан «Казакстан» аталышын сөзмө-сөз «эркин адамдардын жери» деп которсо болот. 1936-жылы казак сословиеси жана казак эли (казах) менен болгон башаламандык болбос үчүн «казак» аталышын «казах» дегенге өзгөртүшкөн.

Бирок салттуу түрдө сөз этникалык казактар жөнүндө гана болот, анын ичинде Кытайда, Россияда, Турцияда, Өзбекстанда жана башка өлкөлөрдө жашаган казактар, «казак» термини Казакстандын каалаган жашоочуларын белгилөө үчүн көп колдонулууда, анын ичинде казак эместер да бар.

Тарыхы

Казакстанда палеолит доорунан тарта эле адамдар жашаган. Мал чарбачылык неолит доорунда өнүгүп, аймактын климаты жана рельефи көчмөн жашоо образына туура келген. Казакстан аймагы образдуу айтканда кургактагы жибек жолунун бабасы, евразия талаа маршрутунун негизги түзүүчү бөлүгү болгон. Археологдордун ою боюнча адамдар биринчилерден болуп ушул жерден жылкыны колго үйрөтүп, үй жаныбары кылган дешет. Акыркы тарыхка чейинки мезгилде Борбордук Азия балким, кийинкидей топтор менен отурукташкан болушу мүмкүн, протоиндоевропалык афанасьевск маданияты менен андроновск сыяктуу кечирээк жана эрте индоиран маданияттары, жана сак менен массагет сыяктуу кеч индоиран маданияттары. Башка топтор өзүнө көчмөн скифтерди заманбап өлкөнүн түштүгүндө Ахемениддер персид державасын камтыган. Биздин заманга чейин 329-жылы Александр Македонский жана анын аскерлери Яксартадагы кармашта скифтерге каршы Яксартес дарыясын бойлой согушушкан, заманбап Казакстандын түштүк чек арасын бойлой учурдагы Сырдарыяда.

Казак хандыгы

Кумандар заманбап Казакстандын талааларына болжолдуу XI кылымдын башында кирип келишкен, кийинчерээк алар кыпчактарга кошулуп, кеңири Куман-кыпчак конфедерациясын негиздешкен. Ал убакта Азия менен Европаны бириктирген Тараз (Аулие-Ата) жана Түркстан сыяктуу байыркы шаарлар жана көп мезгил бою жибек жолун бойлой маанилүү эс алуучу жерлер болгон, чыныгы саясый консолидация XIII кылымдын башындагы монгол башчылыгынан башталган. Монгол империясынын тушунда дүйнө тарыхындагы ири административдик аймактар түзүлгөн. Акыр аягы алар жаңыдан жаралган Казак хандыгынын бийлигине өтөт.

Буз мезгилдин өтүшүндө талааларда салттуу көчмөн жашоо образы жана мал чарбачылык үстөмдүк кылган. XV кылымда түрк урууларынын арасынан так казак окшоштугу калыптана баштап, процесс XVI кылымдын ортосунда казак тилинин, маданиятынын жана экономикасынын пайда болуусу менен бекемделген.

Ошого карабастан, аймак жергиликтүү казак эмирлери менен түштүктөгү коңшу перс тилдүү элдер ортосунда улам өсүп келе жаткан талаштардын чордонунда болгон. Өзүнүн гүлдөө мезгилинде ханчылык Борбордук Азиянын бөлүктөрүн башкарып, Куманияны көзөмөлдөгөн. XVII кылымдын башында Казак хандыгы уруулук атаандаштыктын таасири менен күрөшүп, ал дээрлик калкты Улуу, Орто жана Кичи ордого (жүз) бөлгөн. Саясый катышпастык, уруулардын атаандаштыгы жана чыгыш менен батыштын кургактагы соода жолдор маанисинин азайышы Казак хандыгын алсызданткан. Хивин хандыгы бул мүмкүнчүлүктү колдонуп Мангышлак жарым аралын аннексирлеген. Өзбек башкаруусу ал жакта орустар келгиче 2 жүз жылга созулган.

XVII кылымдын жүрүшүндө казактар батыш-монгол урууларынын федерациясы — йоратамдар менен салгылашышкан, анын ичинде жунгарлар менен дагы. XVIII кылымдын башталышы Казак хандыгынын гүлдөөсүнүн туу чокусу болгон. Бул мезгилде Кичи ордо 1723—1730-жылдардагы Жунгарларга каршы согушка катышып, алардын артынан ээрчиген «улуу кырсык» же казактардын аймагына кирүү болгон. Абулхаир хандын кол башчылыгы алдында казактар 1726-жылы Буланты суусунун жанында жана 1929-жылы Анракаеде жунгарлар үстүндө ири жеңиштере жетишкен.

Абылай хан 1720-жылдардан 1750-жылдарга чейин жунгарларга каршы болгон эң маанилүү салгылашууларга катышкан, бул үчүн эл аны батыр деп жарыялаган. Казак волгалык калмыктардын тез-тез кол салуусунан көп жапа чегишкен. Кокон хандыгы казак жүздөргө болгон Жунгар жана Калмактардын чабуулдарынан кийинки алсыздыгын пайдаланып, азыркы түштүк-чыгыш Казакстанды, анын ичинде XIX кылымдын биринчи чейрегинде расмий борбору болгон Алма-Ата шаарын жеңип алган. Мындан тышкары, Бухара эмирлиги Шымкентти орустар басып ала электе эле башкарып турган.

Россия империясы

Кыпчак уруулары мурдатан эле Түндүк жана Борбордук Казакстандын, ал эми уйсун уруулары Түштүк-Чыгыш Казакстандын аймагында жашап келишкен. Алар казактардын Улуу жана Орто жүз этногенезинин түзүлүшүнө негиз салган. Керейлер менен Уактар Иртыш аймагына XIII кылымдын башында келишкен. XVI кылымдын орто ченинде жунгарлар түштүк жана чыгыш монголдордон жеңилүү ызасын тартып, батыш жана түндүктү карай кетишип, ал жактан Казак хандыгынын негизги жүгүн көтөргөн керей, уак жана кыпчак казак урууларын сүрүп чыгышкан. Казак-жунгар согушунда казактардын бир бөлүгү Каратау тоолорун көздөй чегинүүгө жана Сырдарыянын жээгин бойлоп отурукташууга аргасыз болушкан. Ошол учурда Россия империясы чептерден турган линияларды кура баштайт. Жаңы сызык 200-250 чакырымга (километр менен алмаштырбайлы) чейин Орто жүздүн ичин карай жылдырылган.

Басып алган аймакта казактардын чабуулдарын алдын алуу жана казак жерин андан ары колонизациялоо үчүн XVII кылымдын биринчи жарымында Россия империясы кырк алты форт жана токсон алты редуттан турган Иртыш линиясын курган, анын ичинде Омск (1716), Семипалатинск (1718), Павлодар (1720), Оренбург (1743) жана Петропавловск (1752) болгон. Линия Сибирь линиялык аскерлеринин казактары менен кайтарылган. Бул аскерлер басып алган аймактарга отурукташкан Ермак отрядынын калдыктарынан чыккан. Алардын негизги милдети — аскерлерди кыргыз (казак) талаасында кармоо.

Айтылган окуялардын карама-каршы версиясы да бар.

Жунгар хандыгы кулагандан кийин (1755), казактардын бир бөлүгү түндүккө көчүп келип, азыркы Омск менен Усть-Каменогорск аймагынын ортосундагы жерге отурукташкан. Казактардын түндүккө, Сибирь жерлерине өтүшү ушунчалык тез жана массалык болгондуктан, орус бийлиги казактардын Россия чек араларына көчүүсүн токтотуу үчүн Сибирь линиясын бойлой он чакырымдык чек ара тилкесин уюштурууга аргасыз болгон. Бирок, бул чара олуттуу тоскоолдук жарата алган эмес, ошондуктан орус бийлиги бара-бара казактарга бул чектен өтүүгө уруксат бере баштаган. Казактар Омск уездинин аймагында отурукташып, кыйла бөлүгү Тобольск жана Томск губернияларынын түштүк бөлүктөрүнө, Тюкалинск жана Тарский уездерине жыла башташкан.

XVIII кылымдын аягында, Поволжьеде топтолгон Пугачев көтөрүлүшүнөн пайдаланып, казактар орус жана поволжье немистери отурукташкан жерлерине чабуул жасоого аракет кылышкан. XIX кылымда Россия империясы Орто Азияда таасирин кеңейте баштаган. «Чоң оюн» мезгили жалпысынан, болжолдуу 1813-жылдан 1907-жылдагы англис-орус конвенциясына чейин созулган деп саналат. Орус падышалары чындыгында азыркы Казакстан Республикасына таандык аймактын көпчүлүгүн башкарып турган.

Орус империясы өз таасирин түштүктөн Индияга жана Түштүк-Батыш Азияга жайылта баштаган Британ империясына каршы аймакта үстөмдүк кылуу үчүн «Улуу оюн» деп аталган иш-чаранын чегинде Борбордук Азияда катыштыгын орнотуу үчүн, башкаруу тутумун киргизип, аскер гарнизондору менен казармаларын курган. Орус бийлиги орус тилин бардык мектептерде жана мамлекеттик мекемелерге киргизген.

Россиянын өзүнүн башкаруу тутумун таңуулоо аракеттери казак элинин нааразычылыгын жаратып, 1860-жылдарга карата айрым казактар орус бийлигине каршылык көрсөткөн. Казактардын улуттук кыймылы Россия империясынын ассимиляция жасоо жана басаңдатуу аракеттерине каршы туруп, тилин жана өз алдынчалыгын сактап калууга умтулган.

Бирок, натыйжада салттуу көчмөн жашоо образы жана мал чарбасына негизделген экономика бара-бара кыйрап, элдер ачкачылыктан жана алсыздыктан жапа чегишкен, ал эми айрым казак уруулары таптакыр жок болуп кетишкен.

1890-жылдардан баштап, Россия Империясынан көчүп келгендердин саны көбөйүп, азыркы Казакстандын аймагын, өзгөчө, Семиречье провинциясын колонизациялай баштаган. 1906-жылы Оренбургдан Ташкентке чейинки Арал темир жолунун курулушу аяктагандан кийин көчүп келгендердин саны андан дагы көбөйгөн. Санкт-Петербургдагы атайын түзүлгөн Миграция башкармалыгы (Көчүү башкармалыгы) аймактагы Россиянын таасирин кеңейтүү максатында миграцияны көзөмөлдөп жана ага кол кагыш кылган. XIX кылымда Казакстанга 400 миңге жакын орустар жана XX кылымдын биринчи үчтөн бир бөлүгүндө миллиондой славяндар, немистер, еврейлер жана башкалар көчүп келишкен. Ошол убакта Василий Балабанов көчүрүү мезгилинин көпчүлүк мезгилинде көчүрүү боюнча жооптуу администратор болгон.

Казактар менен жаңы келгендердин ортосундагы жер-сууга болгон атаандаштык Россия империясынын акыркы жылдарындагы колониялык падышалыгына чоң нааразычылыктарды жараткан. Эң ири көтөрүлүш — орто азиялык көтөрлүш, 1916-жылы болгон. Казактар, орус жана казак көчмөндөрүнө, аскер гарнизондоруна чабуул жасап турушкан. Көтөрүлүш бир катар кагылышууларга жана эки тараптан бирдей ырайымсыз өлтүрүүлөргө алып келген. Эки тарап тең 1919-жылдын аягына чейин большевиктик бийликке каршылык көрсөтүп келишкен.

РСФСР

1917-жылдын ноябрындагы Петроградда борбордук бийлик кулагандан кийин, казактар (ал кезде Россияда расмий түрдө «кыргыздар» деп аталган) кыска мөөнөттүү автономияны (Алаш автономиясы) башынан өткөрүп, акыры большевиктер бийлигине баш ийген. РСФСРдин Элдик Комиссарлар Кеңешинин (ЭКС) декрети менен 1919-жылдын 10-июлунда Кыргыз аймагы, 1920-жылдын 26-августунда РСФСРдин курамындагы Кыргыз Автономиялык ССРи түзүлгөн. Кыргыз АССРи өзүнө азыркы Казакстандын аймагын камтыган, бирок, анын административдик борбору негизинен орустар отурукташкан Оренбург шаары болгон. Кийинчерээк, 1925-жылы республиканын административдик борбору түштүгүрөөк Ак-Мечит шаарына көчүрүлүп, Оренбург губерниясы Кыргыз АССРинин курамынан чыгарылып, РСФСРдин курамына киргизилген. 1925-жылдын июнь айында Кыргыз АССРи Казак АССРине өзгөртүлүп, июль айында Ак-Мечит борбору Кызыл-Ордо болуп өзгөрүлгөн. 1927-жылдын апрелинен тартып Кыргыз АССРинин административдик борбору — Алма-Ата болгон.

Салттуу элитага каршы советтик репрессиялар, 1920, 1930-жылдардын аягындагы күчкө салып коллективдештирүү ачкачылыкка жана өлүмдүн көбөйүшүнө алып келген, кийин баш аламандыктар орун алган. 1930-жылдары, Москвада өткөрүлгөн саясий репрессиянын алкагында казак интеллигенциясынын айрым өкүлдөрү өлүм жазасына тартылган.

Советтер Союзу

1936-жылдын 5-декабрында Казак АССРи (ал мезгилде аймагы азыркы Казакстандын аймагына туура келген) РСФСРдан бөлүндүрүлүп, Казак ССРи болуп кайра түзүлгөн, СССРдин толук кандуу союздук республикасына айланган, ошол учурда, Кыргыз ССРи сыяктуу он бир республикалардын катарын толуктаган.

Республика сүргүнгө айдалгандар жана соттолгондордун бирден-бир пункту, ошондой эле 1930, 1940-жылдары СССРдин борбордук бийлиги тарабынан демилгеленген массалык көчүрүү же депортациялоо багыттарынын бири болгон. АССР Немец Поволжьесинен 400 000 поволжьелик немистер 1941-жылдын сентябр — октябрь айларында депортацияланган. Андан соң гректердин жана крымдык татарлардын депортациясы жүргүзүлгөн. Камакка алынгандар ГУЛаг системасындагы эмгек лагерлерине киргизилген. Ошол эле учурда, бир катар ири лагерлер соттолгондорго арналган эмес, мисалы, «эл душманы» деп эсептелген эркектердин аялдары үчүн «АЛЖИР» лагери багытталган. Ошентип, Казакстан калкынын олуттуу бөлүгүн депортациялангандар жана атайын көчмөндөр түзүп калган.

Улуу Ата Мекендик согуш интенсивдүү индустриялаштырууга жана СССРдин согуш аракеттерин колдоо максатында тоо-кен өндүрүшүнүн көбөйүшүнө алып келген. Ошого карабастан, 1953-жылга карата Казакстанда дагы деле айыл чарба экономикасы басымдуулук кылган. Ошол эле жылы Советтик лидер Никита Хрущёв дың жерлерди өздөштүрүү боюнча компанияны баштап, Казакстандын салттуу жайыт жерлери Советтер Союзу үчүн буудай өндүрүүчү ири аймак болмок. Дың жерлерге болгон саясат аралаш натыжайларга алып келет. Бирок, советтик лидер Леонид Брежневдин жетекчилиги астында кийинки модернизациялоолор, Казакстан калкынын көпчүлүк бөлүгүнүн жашоо булагы болгон айыл чарба тармагынын тез өнүгүшүнө шарт түзгөн. Он жылдык жокчулук, согуш жана көчүрүүлөрдүн айынан 1959-жылы өз өлкөсүндө казактар аз улуттук болуп, калктын 30 % гана түзүп калган. Этникалык орустар 43 % түзгөн.

1947-жылы СССР өкмөтү атом бомбасын жасоо долбоорунун алкагында, түндүк-чыгыштагы Семипалатинск шаарынан алыс эмес жерде атом бомбасын сыноочу полигонду түзүп, 1949-жылы биринчи советтик атом бомбасын сыноо жүргүзүлгөн. 1989-жылга чейин жүздөгөн өзөктүк сыноолор жүргүзүлүп, экологиялык жана биологиялык терс кесепеттерге алып келген. 1980-жылдардын аягында Казакстандагы антиядролук кыймыл негизги саясый күч болуп калган.

Кайра куруу мезгили

Казак ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Динмухамед Кунаевди РСФСРден Геннадий Колбин менен алмаштырууга каршы нааразычылык билдирүү менен 1986-жылдын декабрь айында Алма-Ата шаарында жаш этникалык казактардын массалык демонстрациялары болуп өткөн, кийин ал Желтоксан көтөрүлүшү деп аталган. Көптөгөн демонстранттар камалып, бир нече адам каза таап, өкмөттүк аскерлер баш аламандыкты баскан.

Кийин, советтик бийликке болгон нааразычылык күчөп, советтик лидер Михаил Горбачёв жүргүзгөн ачык саясатында өз туюнтмасын тапкан.

Көз карандысыздык

1990-жылдын 25-октябрында Казакстан СССРдин курамындагы республика катары өз аймагында эгемендүүлүгүн жарыялаган. 1991-жылы август айындагы Москвада болгон мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин, Казакстан 1991-жылдын 16-декабрында эгемендүүлүгүн жарыялаган, ошентип, эгемендүүлүгүн жарыялаган акыркы советтик республика болуп калган. Он күн өткөндөн кийин Советтик Союз өзү жок болгон.

Казакстандык коммунисттик доорунун лидери Нурсултан Назарбаев өлкөнүн биринчи президенти болуп, айрым маалымат булактарында авторитардык режимде башкарган деп айтылат. Саясий реформалар экономикада жетишкендиктерден артта калып жатканда, өлкөнүн экономикасын базар экономикасына айландырууга басым жасалган. 2006-жылга чейин Казакстан Борбордук Азиядагы ИДӨнүн 60% генерациялаган, негизинен өзүнүн мунай өнөр жайынын эсебинен.

1997-жылы өкмөт 1927-жылдан 1997-жылга чейин болгон өлкөнүн борбор шаары Алма-Атаны Акмолага (1998-жылы Астанага, андан соң 2019-жылдын 23-мартында Нур-Султан болуп өзгөртүлгөн, 2022-жылы кайрадан Астана) көчүргөн.

Географиясы, административдик бөлүнүүсү

Казакстан — дүйнөнүн эки бөлүгүндө, Европа менен Азиянын чек арасында жайгашкан мамлекет; өлкөнүн көпчүлүгү Борбор Азияда, ал эми азыраак бөлүгү Чыгыш Европада орун алган. Советтик, орус жана казак авторитеттүү булактарында Европанын чек арасын Казакстан аркылуу өткөн Мугоджарам тоолору жана Эмбе дарыясы аркылуу өткөрүшөт.

Көлөмү боюнча 2,7 млн чарчы км — Батыш Европага теңдеш — Казакстан чоңдугу боюнча тогузунчу жана дүйнөдөгү деңизге чыга албаган эң ири өлкө.

Казакстандын Россия менен чек арасы дүйнөдөгү эң узун кургактагы үзгүлтүксүз чек ара болуп саналат — 6846 км, Өзбекстан менен — 2203 км, Кытай менен — 1533 км, Кыргызстан менен — 1051 км жана Түркмөнстан менен — 379 км. Чыгыш узундукта 45 ° жана 87 °, түндүк кеңдикте 40 ° жана 55 ° арасында жайгашкан (Географиялык координаталар).

Өлкө ландшафты батыштан чыгышка Каспий деңизинен Алтай тоолоруна чейин жана түндүктөн түштүккө Батыш Сибирь түздүктөрүнөн Борбордук Азиянын оазистери жана чөлдөрүнө чейин созулуп жатат. Аянты болжол менен 804 500 чарчы км болгон Казак талаасы (түздүгү) өлкө аймагынын үчтөн бирин ээлеп, дүйнөдөгү эң ири кургак талаа аймагы болуп саналат. Талаалары жайыт чөптүү жана кумдуу жерлердин ири аймактары менен мүнөздөлөт. Негизги деңиздер, көлдөр жана дарыялар өзүнө Арал деңизи, Балхаш жана Зайсан көлдөрү, дарыялар Иле, Иртыш, Ишим, Урал жана Сырдарьяны камтыйт.

Суулары

Казакстанда бир нече маанилүү, кеме жүрүүчү дарыялар бар. Алардын бардыгы өлкөнүн чет жакасында, борбордук бөлүгүндө агат, бирок борборунда талаа дарыялары агып, жайдын чилдесинде соолуп калат.

Өлкөнүн эң узун суулары (дарыялары) — Иртыш (4472 км, анын ичинде Казакстанда 1700 км), Сырдарыя (2212/1400 км), Урал (2428/1100 км) жана Иле (1001/815 км). Башка маанилүү суулар өзүнө Ишим, Тобол, Эмба, Сарысу (эң узун суусу талаа дарыясы), Чу жана Нураны камтыйт. Иртыш менен Нуру өлкөнүн маанилүү каналын бириктирет: Иртыш — Караганда (500 км).

Казакстан көлдөргө бай, өзгөчө өлкөнүн түндүгүндө. Өлкөдө болжолдуу 48 миң чоң жана кичи көлдөр бар, алардын көпчүлүгү туздуу. Өлкөдөгү эң ири көл Каспий деңизи, учурда болжол менен 371 миң чарчы км; анын акваториясынын төрттөн бир бөлүгү Казакстанга таандык. Каспий деңизи табигый ресурстарга бай, мисалы, балык; мында коргоого алынган Каспий нерпасы жашайт.

Казакстандын чодугу боюнча экинчи орундагы көл — Балхаш. Анын аянты 18 428 чарчы км, узундугу 620 км. Балхаш толук Казакстанга таандык. Балхаштын өзгөчөлүктөрүнүн бири — ал сейрек кездешүүчү көлдөрдүн бири, анын акваториясынын жарымына жакыны таза, ал эми экинчи жарымы — туздуу.

Мурда экинчи орунда (Балхаштын ордуна) Арал деңизи турган, бирок анын акваториясы ХХ кылымдын экинчи жарымында — XXI кылымдын башында кыйла азайып кеткен. Бул соолуу процесси буга чейин эле адамдарга жана жаратылышка олуттуу зыян келтирген. Арал деңизинин соолушу Өзбекстан менен Казакстан көптөгөн жылдар бою Аралга куйган Аму-Дарыя жана Сырдарыя сууларынын басымдуу бөлүгүн сугат (биринчи кезекте пахта өстүрүү үчүн) иштерине колдонгонуна байланыштуу. Кургаган Арал деңизи үч көлмөгө бөлүнүп, эң түндүгүндө жайгашканы — Кичи Арал деңизи (3300 чарчы км) толугу менен Казакстанда жайгашкан, ага Сыр-Дарыя суусу куят, суу түштүк Өзбекстан бөлүгүнө өтүп кетпөө максатында тосмо менен тозулган.

Ири суу сактагычтар — Капчыгай, Бухтармин жана Шардарин.

Климаты

Казакстандагы климат чукул континенталдуу, жайы жылуу, кышы суук. Астана Улан-Батордон кийин дүйнөдөгү эң муздак борборлордун экинчиси. Жаан-чачындар кургак жана жарым кургак шарттарда оошуп өзгөрүп турат, кышы өзгөчө кургак.

Казакстандын ири шаарларынын орточо күнүмдүк максималдуу жана минималдуу температуралары
ШаарИюль (°С)Январь (°С)
Актөбө30/15−8/−16
Алма-Ата30/180/−8
Караганда27/14−8/−17
Астана27/15−10/−18
Павлодар28/15−11/−20
Шымкент32/174/−4

Табият ресурстары

Казакстан жеткиликтүү бай минералдык жана казып алма күйүүчү отун ресурстарына ээ. Мунай, жаратылыш газы жана пайдалуу кендерди казып алууну өнүктүрүү 1993-жылдан бери Казакстанга 40 миллиард доллардан ашык чет элдик инвестицияларды алып келип, өлкөнүн өнөр жай өндүрүшүнүн 57 % (же ички дүң өндүрүмдүн 13 %) түзөт. Кээ бир баалоолор боюнча, Казакстан уран, хром, коргошун жана цинк запасы менен кинчи; марганец үчүнчү; жездики бешинчи; көмүр, темир жана алтын запастары менен дүйнөдө биринчи ондуктуктун катарына кирет. Ошондой эле мамлекет алмаздын да экспорттоочусу. Экономикалык өнүгүү үчүн эң маанилүүсү, мунайзат жана жаратылыш газынын запастарынын чалгындоосу боюнча өлкө 11-орунда турат.

Жалпысынан 2,7 млрд тонна нефтиси бар 160 кен чыккан жерлер чалгындалган. Бирок, заманбап эсептөөлөр, Каспийдин жээгиндеги кен чыккан жерлер бир топ чоң кендердин кичинекей гана бөлүгү. Бул аймакта 3,5 млрд тонна нефть жана 2,5 млрд куб газ табууга мүмкүн деп божомолдонот. Казакстандын жалпы нефть чыккан жерлери 6,1 млрд тоннага бааланган. Ошону менен бирге өлкөдө 3 гана нефть иштетүүчү завод бар, алар Атырау, Павлодар жана Шымкентте жайгашкан. Булар чийки мунай заттын бардыгын иштете албайт, ошондуктан нефтинин көпчүлүгү Россияга экспорттолот. АКШнын Энергетика маалыматы башкармалыгынын айтуусу боюнча, 2009-жылы Казакстан күнүнө болжолдуу 1 540 000 баррель (245 000 куб/м) нефть өндүргөн.

Ошондой эле, Казакстан ири фосфорит кендерине ээ. 650 млн тонна P2O5. Каратау бассейни жана Казакстандын түндүк-батышында орун алган Актөбө фосфорит бассейнинин Чилисай кен жери эң ирилери болуп эсептелинет, акыркысынын ресурсу P2O5 9—10 % камтыган 500—800 млн тонна руда.

2013-жылдын 17-октябрында Казып алуучу тармактардын ачыктыгынын демилгеси (КТАД) Казакстанды «КТАДга туура келет» деп тааныган, а бул, өлкөдө табигый ресурстардан түшкөн кирешелерди такай ачып турууну камсыз кылган базалык жана функционалдык процесс бар экенин билдирет.

Жер кыртыштары

Республиканын түндүк бөлүктөрүндө кара топурак басымдуулук кылат. Алар нымдуу талаа түздүктөрүндө жайгашкан. Булардын жайылуу зонасы Түндүк Казакстан облусунун бардык аймагында жайгашып, негизги түшүмдүү аймакты түзөт.

Кара топурактан түштүгүрөөк кара коңур жер кыртыштары орун алган. Кара коңур жерлер Борбордук Казакстанды, бир бөлүгү Каспий алдындагы ойдуңдарды ээлейт. Бул жер кыртыштар талаа жана жарым чөл зоналарда кезигип, өлкө аймагынын 34 % барабар. Гумустун (чириндинин) курамы — 4—3 %. Кургак жана орто кургак талаанын кара коңур топурактары жана жарым чөлдүн ачык коңур топурактары болуп бөлүнөт.

Аймактын түштүк бөлүгүн күрөң жана күрөң-боз топурактар ээлейт. Гумустун (чириндинин) курамы аз, болжолдуу — 1—2 %. Бул аймактар негизинен мал чарбачылык үчүн пайдаланылат. Жер иштетүү, сугат иштери болгондо гана мүмкүн.

Батыш Тянь-Шандын тоолорунда күрөң топурак алкагы бар; Тарбагатай, Батыш Алтай тоолорунда — коңур, кара коңур жана кара топурак. Тоолор жана анын этектериндеги топурактар өлкөнүн 12,4 % ээ.

Бүгүнкү күндө Казакстанда топурак кыртышынын бузулуу көйгөйү бар. Республиканын топурак изилдөө институтунун маалыматы боюнча өлкө топурагынын 26 % бузулууга ийимдүү. Орточо 52 млн га жер шамал эрозиясына, ал эми 17 млн га жер — топурактын суу эрозиясына ийкемдүү.

Рельефи

Казакстандын рельефи өтө ар түрдүү, бирок көпчүлүк бөлүгү түздүктөрдөн, анча бийик эмес тоолордон жана дөңсөлөрдөн турат. Өлкөнүн борбордук аймактарында казак майда дөңсөлөрү жайгашкан, казакча «Сары-Арка». Казак майда дөңсөлөрүнүн борборунда, Ишим дарыясынын башында өлкөнүн борбор шаары — Астана, ал эми майда дөңсөлөрдөн батышыраак — Тургай платосу жайгашкан.

Бүткүл түндүк бөлүгү Батыш-Сибирь түздүгүндө орун алган. Түздүктөн кичине түштүгүрөөк анча чоң эмес Кокшетау тоолору көтөрүлүп турат.

Өлкөнүн батыш бөлүгү көбүнчө Каспий алдындагы ойдуңу жана Урал алдындагы бөксө тоо жайгашкан Чыгыш Европа түздүгүндө турат. Казакстанда Урал тоолорунун түштүк уландысы болгон анча бийик эмес Мугоджара тоолору бар. Мангышлак жарым аралында деңиз деңгээлинен 132 м төмөн Карагие (Батыр) чуңкуру (ойдуңу) жайгашкан. Мангышлак жарым аралынан батышты карай Устүрт платосу созулуп жатат, алардын четтери бийик кырларды (чинки) калыптандырат.

Казакстандын чыгышында Алтай жана Тарбагатай тоолору орун алып, Зайсан (Жайсан) көлү менен бөлүнгөн.

Казакстандын түштүгүнөн чыгышына чейин Кыргызстан жана Кытай чек арасын бойлой Тянь-Шандын түндүк аймактарынын кыркалары созулуп, Казакстан, Кыргызстан жана Кытай чек араларынын кошулган жеринде деңиз деңгээлинен 7 миң метрге чейин жетет (Хан-Тенгри чокусу, 6995 м). Өлкөнүн түштүк-чыгышында Жунгар Алатау жана Заилий Алатау тоолорунун кыркалары бар, Заилий Алатаусынын этегинде Казакстандын мурунку борбору жана өлкөнүн эң ири шаары — Алма-Ата жайгашкан.

Геология

Өлкөнүн батышында Чыгыш Европа платформасынын бөлүгү, түштүк-батышында — Альп алкагынын бүктөлгөн түзүмдөрү, калган бөлүгүндө бүктөлгөн түзүмдөр жана Урал-Монгол алкагынын эпигенциндик плиталары бар, буга себептүү, тез-тез жер титирөөлөр болуп турат.

Казакстандагы Чыгыш-Европа платформасынын бөлүгү болуп Каспий алдындагы синеклиз саналат. Альп алкагынын бүктөлмө түзүмдөрү Мангыстау жарым аралында.

Урал-Монгол алкагынын бүктөлмө түзүмдөрү өлкөнүн борбордук, чыгыш жана түштүк-чыгыш бөлүгүн ээлейт. Буларга каледониддер таандык — Казакстандык жана Алтай-Саян бүктөлмө системалар; жана герциниддер — Жунгар-Балхаш, Урал жана Иртыш бүктөлмө системалары.

Каралган түзүмдүн каледондук бөлүгү литосфералык плиталардын тектоникасы жагынан ортопалеозой Казакстан континенти катары белгиленген. Кеч палеозойдо бул континент герциниддин эсебинен чоңоюп, натыйжада Евроамерикалык (Лавруссия) жана Сибирь континенти менен биригип калган.

Аймактын каледон бөлүгүнүн өзгөчөлүгү андагы жер кыртышынын гранит-метаморфтук катмары ордовик доорунун аягында калыптанган, а бул казакстан констинентинин пайда болуусун аныктаган. Буга чейин, неопротерозойдун өтүшүндө — кембрия берилген облусу, океан кыртышы жана өтмө түрдөгү чуңкурлар менен бөлүнгөн түрдүү блоктордон жана микроконтиненттерден турган.

Урал-Монгол алкагынын эпигерцин плиталары түндүктөн түштүккө чейинки аймактарын ээлейт. Аларга Туран жана Батыш-Сибирь плиталары таандык. Эки плита Тургай ийилмесин бөлүп турат. Плиталарды Казакстандагы Урал-Монгол алкагынын каледонид жана герциниддери бөлөт.

Жапайы табият

Казакстанда сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр менен жаныбарлардын баш калкалоочу жайы болгон 10 табигый корук жана 10 улуттук парк бар. Кеңири таралган өсүмдүктөр — төө куйрук (астрагал), канаттуулар пиязы, пияз, өлөң чөп жана учтуу кайыкчылар (Oxytropis); жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдүн түрүнө жергиликтүү жапайы алма бактар (Malus sieversii), жапайы жүзүм (Vitis vinifera) жана жапайы жоогазындын бир нече түрү (мисалы Tulipa greigii), сейрек кездешүүчү пияздын түрү Allium karataviense, ошондой эле Iris willmottiana жана Tulipa kaufmanniana кирет.

Көп кездешүүчү сүт эмүүчүлөргө карышкыр, түлкү, корсак, багыш, аркар (жапайы койлордун эң ириси, кулжа деген аталышта да белгилүү), евразия сүлөөсүнү, мадыл жана ак илбирс кирет, кээ бирлери коргоого алынган. 2016-жылга карата Казакстандын Кызыл китебинде коргоого алынган түрлөргө 125 омурткалуулар, анын ичинде көптөгөн канатуулар жана сүт эмүүчүлөр, ошондой эле 404 өсүмдүк түрлөрү, анын ичинде козу карындар, балырлар жана эңилчектер.

Экологиялык абал

Казакстандагы чоң көйгөйлөрү болуп климаттын өзгөрүшү жана озон катмарынын ичкериши, биологиялык ар түрдүүлүктүн кыскарышы, чөлдөрдүн көбөйүүсү, суу ресурстарынын жана абанын булганышы, өндүрүштүк жана керектөө калдыктарынын топтолушу саналат. Чөлдөрдүн көбөйүүсү жана деградация процесстери республиканын 70 % аймагында жерлер түрдүү деңгээлде дуушар болушуп, көбүнчө өлкөнүн табигый өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Өлкөнүн 188,9 млн га жайыттарынын чегине жеткен деградациясы 26,6 млн гектар жерлерде байкалат.

Йель Университети тарабынан 2018-жылы жарыяланган Environmental Performance Index отчётуна ылайык, өлкө айлана-чөйрө абалы боюнча 180 орундун ичинен 101-орунга ээ болгон. Башка көйгөйү абанын булганышы: Ошол эле 2018-жылкы Environmental Performance Index отчётуна ылайык Казакстан абасынын тазалыгы боюнча 90-орунду ээлеген. Ошондой эле, Казакстан курчап турган чөйрөнү, жоголуп бара жаткан биологиялык түрлөрдү коргоо жана айыл чарбасын жүргүзүүнүн сапаты сыяктуу ченөлчөмдөр боюнча төмөнкү орундарды ээлейт.

Экономика

Казакстан республикасы аймакта ИДӨнүн 60 % чыгарып Борбордук Азияда эң чоң экономикага ээ. Дүйнөлүк банктын 2019-жылга карата эсептөөлөрүнө ылайык, өлкө ИДӨнүн (САП) деңгээли боюнча 42-орунда, номиналдуу ИДӨ боюнча 54-орунда жана киши башына ИДӨ (номиналдык) 72-орунда.

Мамлекет Эл аралык Валюта Фондусуна болгон карызын, мөөнөтүнөн 7 жыл мурда төлөгөн мурдагы Союздук өлкөлөрдүн биринчиси болгон. Өлкө XXI кылымдын биринчи он жылдыгында 25 динамикалык экономикалардын ичинен Кытай жана Катардан кийин үчүнчү орунду ээлеген. 2015-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна кирген.

Дүйнөлүк чийки нефтинин жогорку бааларынын колдоосу менен ИДӨнүн өсүү темпи 2000 — 2007-жылдар аралыгында 8,9 % дан 13,5 % га чейин, 2008 жана 2009-жылдары 1-3% га чейин төмөндөп, 2010-жылдан баштап кайра жогорулаган. Казакстандын башка негизги экспорттук товарлы өзүнө буудай, текстиль жана мал-жандарды камтыйт. Урандын башкы экспортёрлорунун бири.

Өлкө 2014-жылдын февраль айында өзүнүн валютасын 19 % баасын түшүргөн. Дагы бир 26 % девальвация 2015-жылдын август айында болгон. 2019-жылы ИДӨнүн өсүшү 4,5 % түзгөн. 2020-жылдын январь айында Казакстандын ИДӨнүн өсүшү 3,6 % жеткен.

2009-жылы өкмөт банкттарды рекапиталдаштыруу, кыймылсыз мүлк жана айыл чарба тармактарын, чакан жана орто ишканаларды (ЧОИ) колдоо сыяктуу массалык чараларды киргизе баштаган. Дем берүүчү программаларынын жалпы баасы 21 млрд долларды же өлкөнүн ИДӨсүнүн 20 % түзүп, 4 млрд доллар каржы секторун турукташтырууга багытталган. Дүйнөлүк экономикалык кризис мезгилинде Казакстандын экономикасы 2009-жылы 1,2 % кыскарып, андан кийин өсүү темпи 2011-жылы 7,5 %, 2012-жылы 5 % көбөйгөн.

2002-жылдын сентябрь айында Казакстан ири эл аралык рейтинг агенттигинен, инвестициялык деңгээлдеги кредиттик рейтинг алган СНГ өлкөлөрү арасында биринчи өлкө болгон.

Экономикалык өсүш, мурдагы салык жана каржы тармагындагы реформалар менен айкалышта, мамлекеттик каржыны 3,5 % деңгээлиндеги ИДӨгө барабар 1999-жылкы бюджет тартыштыгынан 2003-жылдагы ИДӨнүн 1,2 % тартыштыгына чейин азайтып жакшырткан. Өкмөттүн кирешеси 1999-жылы 19,8 % ИДӨдөн, 2001-жылкы 22,6 % ИДӨгө чейин өсүп, 2003-жылы ИДӨ 16,2 % кыскарган. 2000-жылы Казакстан жетишкендиктерин бекемдөө максатында жаңы салык кодексин кабыл алган.

1998-жылы пенсиондук реформа боюнча амбициоздук программаны ишке ашыра баштаган. 2020-жылдын 1-апрелинде пенсиондук активдер 11,7 триллион теңгени түзгөн. Өлкөдө 11 пенсиондук топтоочу фонд бар. Жагыз мамлекеттик топтоочу пенсиондук фонд 2006-жылы менчиктештирилген. Өлкөнүн бирдиктүү каржы башкаруучу агенттиги пенсиялык фонддорду башкарат. Пенсиялык фонддордун сапаттуу инвестицияга суроо-талаптын өсүшү, карыздык баалуу кагаздар рыногунун тез өнүгүшүн шарттаган. Пенсиялык фонддун капиталы дээрлик жалаң корпоративдик жана мамлекеттик облигацияларга салынып, анын ичинде Казакстан өкмөтүнүн евробонду бар. Казакстандын өкмөтү бирдиктүү улуттук пенсиялык фонд түзүү проектисин изилдеп жана жеке пенсиондук фонддогу эсептерди ага өткөрүүнү караштырууда.

Улуттук банк өзүнүн банк тармагын бекемдөө кампаниясынын алкагында салымдарды камсыздандыруу системасын киргизген. Көйгөйлүү жана иштебеген начар активдердин айынан банк тармагы туруктуулугун жоготуп алуу тобокелчилигинде (2021). Казакстанда бир нече чет элдик банктардын филиалдары бар. 2019-жылы Казакстан 25 млрд доллар чет өлкөлүк түз инвестицияларды өлкөгө алып келген.

2013-жылы Aftenposten газетасы, укук коргоочу жана адвокат Денис Дживагуганын Казакстанда «нефть фонду бар, бирок кирешелер кандайча сарпталып жаткандыгын эч ким билбейт» деп айткан сөзүн цитаталаган.

Wall Street Journal жана Heritage Foundation жарыялаган 2020-жылдын экономикалык эркиндүүлүк индексинде өлкө 39-орунда жайгашкан.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча, нефитинин баасы төмөндөсө да, бирок дагы деле жогору баалар шартында (баррелине 71$ орудна 64$), учурдагы операциялардын эсеп дефицити 5,5 млрд долларга чейин кеңейген.

Казакстандын негизги экономикалык жана соода өнөктөшү катары Кытай саналат.

Инфратүзүм

Темир жолдор, жүк жана адам ташуу боюнча өлкөнүн 57 % аймагында 68 % түзөт. 2017-жылга 16 614 колея, алардын 4200 км электрленген. Шаарлардын көпчүлүгү темир жол менен бириктирилген; ылдам поезд Алма-Атадан Петропавловскко чейин жүрүп, орточо 18-19 саатта жетет.

«Казакстан темир жолдору» (КТЖ) улуттук темир-жол компаниясы болуп саналат. КТЖ локомотивдерди чыгаруучу франциянын Alstom компаниясынын өндүрүмү менен кызматташышат. Казакстанда Alstomдун 600дөн ашык кызматкери, КТЖ менен биргелешкен эки мекемеси жана анын туунду компаниясы бар. 2007-жылы Alstom, Казакстанда биринчи локомотивдерди оңдоо борборун ачкан. Бул Борбордук Азияда жана Кавказда жалгыз оңдоо борбору (2021).

2017-жылдын 31-майында Астанада Казакстандагы эң заманбап «Нұрлы жол» темир жол вокзалы ачылган. Вокзалдын ачылышы эл аралык ЭСКПО-2017 көргөзмөсүнүн ишинин баштоосуна туура келген. АК «Казакстан темир жолдорунун» маалыматы боюнча аянты 120 000 чарчы метр болгон вокзал күнүнө 54 поезд менен иштетилип, 35 000 жүргүнчүлөрдү тейлей алат.

Алма-Ата шаарында анча чоң эмес метро системасы бар, узундугу 11,3 км (2021). Кийинчерэкэк экинчи жана үчүнчү метро линиясын куруу пландаштырылууда. Экинчи линия биринчиси менен Алатау жана Жибек Жолы станцияларында кесилишет. 2011-жылдын май айында Алма-Ата 1 метро линиясынын экинчи, кезектеги куруулуусу башталган. Генералдык иш жасоочу (подрядчик) — Алматаметрокурылыс. Учурда кеңейтүү проектиси боюнча 300 метрден ашык тоннель казылган. Кеңейтүү өзүнө беш жаңы станцияларды камтып, Алма-Ата шаарынын борборун шаар четиндеги Калкаман менен бириктирет. Анын узундугу 8,62 км болот делет. Куруу иштери 3 баскычка бөлүнгөн. Биринчи баскыч (учурдагы) эки станцияларды кошуу: Сайран жана Москва станциялары, аралыгы 2,7 км. Ошондой эле шаарда 10 линиядан турган трамвайдык система болгон, ал 1937-жылдан 2015-жылга чейин иштеген.

Астана жеңил метрополитен системасы куруу баскычында. Көп убакыттан кийин 2013-жылы проект каралбай калып, 2015-жылдын 7-майында аны ишке ашыруу макулдашуусуна кол коюлган.

Усть-Каменогорск шаарында трамвай системасынын паркы 1959 жана 1978-жылдар арасында ачылып, 2018-жылы жабылганга чейин транспорттун популярдуу түрү болгон. Эң жогорку чегинде мында алты маршут болуп, бирок, акыры 4 маршрут иштеп калган. 50 трамвайдык вагон паркынан турган. 2012-жылга Павлодар шаарында 86 километрлик трамвай тармагы болгон, ал 1965-жылы 20 регулярдуу жана үч атайын маршруттар менен иштечү. Тармак аймактык коомдук транппорттун 60 % ээлейт.

Кургак порт ЭЭА «Хоргос — Вочточные ворота» Кытай менен Европа ортосундагы 9000 км саякаттаган транс-евразиялык поезддерди иштетүү үчүн Казакстандагы негизги кургак порттордун бири.

Казакстанда 96 аэропорт бар. Бул тармакта Европа менен Азиянын ортосундагы жүк жана пассажирдик тразит чоң мааниге ээ.

2009-жылы Европа комиссиясы Air Astana авиакомпаниясынан башкасын, тагыраак айтканда, казакстандын авиа ташуучулардын баардыгын кара тизмеге киргизген. Ошондон бери Казакстан акырындык менен учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө жана жаңылоого чараларды көрүп, 2016-жылы европанын учуулар боюнча коопсуздук органдары бардык казакстандык авиакомпанияларды кара тизмеден чыгарып, казакстан авиакомпаниялары жана Жарандык авиация комитети тарабынан жетишээрлик ылайык келүү ырастоолорун алышкан.

2017-жылга өлкөдөгү жол тармагынын жалпы узундугу 95 405 миң км түзгөн.

Айыл чарба

2019-жылы Казакстандын ИДӨнүн 4,5 % айыл чарбага таандык болгон. Буудай, картофель, жүзүм, жашылчалар, коондор жана мал-жандар эң эле маанилүү айыл чарба товарлары болуп саналат. Айыл чарба багытындагы жерлердин аянты 846 000 чарчы км. Алардын 205 000 чарчы км айдоо, 611 000 чарчы км жайыт жана чабыт чөп жерлер. Өлкөнүн жалпы аянтынын 80 % ашыгы чарба жерлери, анын ичинде 70 % жайыттар. Айдоо жерлери бир жашоочуга жеткиликтүүлүгү (1,5 га) боюнча 2-орунда.

Мал чарбанын артыкчылыктуу өндүрүмдөрүнө сүт азыктары, тери, эт жана жүн кирет. Өлкөнүн негизги дан өсүмдүктөрү кийинкилерди камтыйт: буудай, арпа, пахта жана күрүч. Буудайды экспорттоо Казакстандын башкы экспорттоо соода товарларына таандык. Мисалы, 2019-жылы Казакстанда 17,4 млн тонна буудай тарттырылып, 2018-жылга караганда 14,3 % аз. Казакстандын айыл чарбасында советтик мезгилдеги эффективдүү эмес башкаруудан улам экологиялык көйгөйлөр азыр деле көп (2021).

Казакстан алма жаралган жерлердин бири деп эсептелинет, өзгөчө Malus Domestica жапайы түпкүрү. Бул дарак бүгүнкү күндө дагы Борбордук Азия тоолорунда, Казакстандын түштүгүндө, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Кытайдын Сыньзянында кездешет.

Туризм

Бүгүнкү күндө туризм Казакстандын экономикасынын маанилүү түзүүчүлөрүнөн эмес. 2018-жылга туризм Казакстандын ИДӨсүнүн 5,7 % түзгөн, бул көрсөткүчтү өлкө өкмөтү 2025-жылы 8 % көтөрүүнү пландаштырууда. Акча маанисинде 2018-жылдын көрсөткүчү 3,4 трлн теңгени түзгөн. 2018-жылы бул тармак түз жана кыйыр маанисинде өлкөдө 450 миңден ашык жумуш ордун камсыз кылган. Дүйнөлүк экономикалык форум (ДЭФ) өзүнүн 2017-жылга болгон отчётунда өлкөнү 81-орунга койгон, бул мурдагы мезгилге караганда төрт орунга жогору.

2018-жылы Казакстанга 8,5 миллион чет өлкөлүк туристтер келип кетишкен. The Guardian Казакстанда кызыктуу, таң калтырган тоолордун, көлдөрдүн жана чөлдөрдүн ландшафттары болгонуна карабастан, өлкө туризми «өтө начар өнүккөн» деп баяндайт. Туристтердин көп келүүсүнө тоскоолдук болгон фактор катары баалардын кымбаттыгы, «инфраструктуранын эскилиги», «начар тейлөө» жана географиялык жактан чоң өлкөнүн саякаттар логистикасы жагынан оорчулуктары кирет. Жергиликтүү жашоочулар үчүн да башка өлкөдө эс алуу, Казакстанда эс алууга караганда жарым баасын гана ээлейт.

Казакстан өкмөтү «2020-жылга чейин Казакстандагы туризм тармагын өнүктүрүү концепциясы» аттуу демилгени ишке ашырууну баштаган. Бул демилге Казакстанда беш туристтик класстерди түзүүгө багытталган: Астана шаары, Алма-Ата шаары, Чыгыш Казакстан, Түркстан жана Батыш Казакстан облустары. Ошондой эле бул 4 млрд долларлык инвестицияларды жана туризм индустриясында 2020-жылы 300 000 жаңы жумуш орундарын божомолдойт.

Казакстан Армения, Белорусия, Грузия, Молдавия, Кыргызстан, Монголия, Россия жана Украинанын жарандарына 90 күндүк визасыз режим сунуштап, ал эми Аргентина, Азербайжан, Сербия, Корея Республикасы, Тажикстан, Турция, Өзбекстан жана башка өлкөлөргө 30 күндүк визасыз режим берет.

Өлкө визасыз режимди 57 мамлекетке койгон, анын ичинде Евробиримдик, Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун өлкөлөрү, АКШ, Бириккен Араб Эмирлиги, Корея Республикасы, Австралия жана Жаңы Зеландия.

Жашыл экономика

Жашыл экономикага 2050-жылы өтүү үчүн өкмөт максат койгон. Божомолдорго ылайык жашыл экономика ички дүң өндүрүмдү 3 %га көтөрүп, 500 000 ашык жумуш орундарын түзөт.

Кайра иштетүү булактарынан алынган энергияга өкмөт кийинкидей бааларды койгон: шамал электростанциялары өндүргөн 1 кВт/с энергияга 22,68 теңге ($0,12), кичи гидроэлектр станциялары өндүргөн энергиянын баасы 1 кВт/с 16,71 теңге ($0,09), ал эми биогаз орнотмолору — 32,23 теңге ($0,18).

Түз чет өлкөлүк инвестициялар

Казакстанга көз карандасыздык мезгилинде 120 өлкөдөн 330 млрд доллар инвестиция тартылган. АКШнын мамлекеттик департаментинин маалыматы боюнча өлкө аймактагы мыкты инвестициялык климаттын ээси деп эсептелинет. 2002-жылы өлкө эл аралык кредиттик рейтингтер агенттигинен инвестициялык деңгээлдеги кредиттик рейтинг алган биринчи Советтик Союз өлкөлөрүнүн, суверендик мамлекети болгон. Түз чет өлкөлүк инвестициялар, муруңку советтик республикалардын көпчүлүгүнө караганда, улуттук экономикада маанилүү роль ойнойт.

Президент Назарбаев чет өлкөлүк түз инвестицияларга көмөктөшүү үчүн салык жеңилдиктери жөнүндөгү мыйзамга кол коюп, мыйзам корпоративдик салыктан он жылга бошотуу, кыймылсыз мүлк салыгын сегиз жылга жана башка салыктар боюнча он жылдык тоңдурууну камтыйт. Башка түрткү берүүлөр өзүнө өндүрүш объектисин эксплуатацияга киргизгенден кийин 30 % өлчөмдө капиталдык салымдарды кайтарууну камтыйт.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) президенти Сума Чакрабарти Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Казакстандын чет өлкөлүк инвесторлор кеңешин башкарган. 2014-жылдын май айында ЕРӨБ менен Казакстан өкмөтү Казакстандагы реформа процесстерин активдештирүү үчүн эл аралык финансы мекемелери менен кызматташуу, Казакстан өкмөтүнө берилген 2,7 млрд долларды Казакстандын маанилүү экономикалык тармактарына багыттоо максатында өнөктөштүк түзүшкөн. Өнөктөштүк инвестицияларды демилгелеп, өлкөдөгү реформаларды алга жылдырат делет.

2014-жылдын май айына 1991-жылы эгемендүүлүккө жеткенден баштап Казакстан 190 млрд долларга чет өлкөлүк дүң инвестиция тартып, КМШ өлкөлөрүндө киши башына түз чет өлкөлүк инвестиция боюнча биринчи орунда. Бирден-бир чет өлкөлүк инвестицияларды тартуучу факторлордун бири өлкөнүн саясый туруктуулугу. Дүйнөлүк банктын докладына ылайык Казакстан саясый жактан кыйла туруктуу жана зомбулуктан эркин деген дүйнө өлкөлөрүнүн 40 % кирет.

Ошондой эле Казакстан 2014-жылы Ernst and Young компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо жогорку натыйжаларын алган. EY 2014 изилдөөсүнө ылайык «Казакстан потенциалына болгон инвесторлордун ишеними рекорддук жогорку деңгээлде: респонденттердин 47,3 % Казакстандын кийинки үч жыл ичинде мындан дагы кызыктыруучу деңгээлге жетээрин күтүшөт». Инвесторлор үчүн ыңгайлуулугунун негизги себептери катары экономикалык, саясый жана социалдык туруктуулуктун жогорку деңгээли жана корпоративдик салыктын конкуренттүүлүгү аталган.

2017-жылкы экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун инвестициялык саясатынын серебинде, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүк ачууда жана түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу саясатын жакшыртууда «чоң кадамдар» жасалды деп белгиленет.

Облигациялар рыногу

2014-жылдын 5-октябрында Казакстан 10 жана 30 жылга 2,5 миллиард долларлык облигацияларды чыгарган, бул 2000-жылдан берки өлкөнүн АКШ долларындагы биринчи эл аралык сатуусу болгон. Казакстан 10 жылдык долларлык облигацияларын орточо көрсөткүчтөн 1,5 пайыз жогору жана 1 миллиард доллар 30 жылдык карыз боюнча орточо деңгээлден 2 пайыздык пунктка жогору саткан. Өлкө 11 млрд долларга билдирме берген.

Банк ишмердүүлүгү

Казакстандын банк тармагы 2000-жылдардан бери көтөрүлүү жана түшүүлөрдүн циклдерин башынан өткөргөн. 2000-жалдардагы бир нече жыл тез өсүп, кийин банк тармагы 2018-жылы ураган. Бир нече банк топтору, анын ичинде БТА Банк, АО «Казакстан инжиниринг» жана Альянс Банк көп өтпөй дефолд жарыялаган. Ошондон бери тармак кыскарып, түзүмүн өзгөрткөн, ошону менен бирге жалпы системалык насыялар ИДӨнүн 2007-жылы 59 %нан 2011-жылы 39 % чейин кыскарган. Казакстандагы банктар саясый туруктуулук жана экономикалык өсүүнүн узакка созулган мезгилин баштарынан өткөрүшкөн. Банк жана финансы саясатына рационалдуу мамиле кылуу Казакстандын банк системасын жаңы өнүгүү деңгээлине чыгарууга мүмкүндүк түзгөн.

Кыймылсыз мүлк рыногу

2018-жылы Казакстандагы жалпы турак жайлардын аянты 347,4 млн чарчы метрди түзгөн. 2016, 2017 жана 2018-жылдары 403,4 миң үй эксплуатацияга берилген, алардын ичинен 99,5 миң жеке жана 303 миңден ашыгы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер. Көп батирлүү үйлөрдүн үчтөн бири 50 жаштан улуу, башкача айтканда 1970-жылга чейин курулган. Орточо 65 % 25 жыл мурун эксплуатацияга берилген.

2018-жылы бир казак жаранга туура келүүчү жашоо аянты 21,6 чарчы метр болгон.

«Нұрлы жол» экономикалык саясаты

2014-жылдын 11-ноябрындагы «Нур Отан» партиясынын Полит кеңешинин кеңейтилген отурумунда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астанадагы элге күтүлбөгөн жолдомо менен кайрылуу жасайт, анда «Нұрлы жол» (Келечекке жол) аталган жаңы экономикалык саясатты сунуштап, ал инфраструктурага салынуучу кийинки бир нече жылда ири инвестициялаярды билдирген. «Нұрлы жол» саясаты нефтинин баасынын 25 пайызга төмөндөшү, Украинанын айынан Россия менен Батыштын ижара санкциялары ж. б. у. с. заманбап глобалдуу экономикалык жана геосаясаттык чакырыктардын шарттарында, экономиканын туруктуу өсүүсүн камсыз кылуу үчүн превентивдүү (алдын ала сактоочу) ыкма катары кабыл алынган. Саясат, экономикалык өсүүнүн бардык аспектилерин камтыйт, анын ичинде финансы, өнөр жай жана социалдык камсыздандыруу, бирок инфраструктура жана курулушка болгон инвестицияны баса белгилейт. Чийки затты экспорттоодогу кирешелердин төмөндөшүн эске алуу менен каражаттар Казакстандын Улуттук фондунан бөлүнөт дешет.

Экономикалык атаандаштыкка туруктуулук

Казакстан атаандаштыкка туруктуулугу бар 50 өлкөнүн катарына кирүү максатына 2013-жылы жетип, бирок 2019-жылы 55 орунга түшүп калган. 2013-жылы Казакстан СНГ өлкөлөрүнүн атаандаштыкка туруктуулугу боюнча дээрлик бардык негизги көрсөткүчтөрүнөн алдыга чыккан, анын ичинде, институттар, инфраструктура, макроэкономикалык чөйрө, жогорку билим жана профессионалдык даярдык, товардык рыноктун эффективдүүлүгү, эмгек жана финансы рыногунун өнүгүүсү, технологиялык даярдык, рынок көлөмү, бизнестин жана инновациялардын татаалдыгы, артта калуусу бир гана саламаттыкты сактоо жана баштапкы билим берүүдө болгон.

Ишкерлик

2020-жылдын 1-январына карата иштеп жаткан кичи жана орто ишкерликтин (КОИ) субъектилери 1,3 млн бирдикти түзгөн; катталганы — 1,6 млн. 2010-жылдан 2017-жылдарга чейин кичи жана орто ишкерликтердин активдүү субъектилери 661 598ден 1 145 994кө өскөн; мындай өсүү орто ишкерликтин юридикалык жактарынан башка бардык түрлөрүндө байкалган.

2018-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгы боюнча иштеп жаткан жеке ишкерлердин саны 1,3 млн адам болгон — мурдагы жылга караганда 6,9 % көбүрөөк.

2019-жылдын башында Казакстанда 999,7 миң жеке ишкерлер катталган — мурдагы жылга караганда 0,6 % гана көбүрөөк. 2013—2015-жылдары бул сан миллиондон ашык болгон.

Жеке ишкерлик субъектилеринде иш алып баргандардын эң көбү (2019-жылдын биринчи чейреги) — Алма-Ата жана Астанада: Алма-Атада — 196,4 миң жана Астанада — 121 миң адам. Бул аймактар өндүрүм чыгаруу боюнча биринчи орунда: Алма-Ата — 217,4 млрд теңге, Астана — 129,7 млрд теңге. Жеке ишкерлик боюнча иш жүргүзгөндөрдүн үчүнчү орунунда Чыгыш-Казакстан облусу: 113,9 миң адам. Өндүрүм чыгаруу боюнча үчүнчү орунда Караганда облусу — 79 млрд теңге.

2020-жылга кичи жана микробизнести колдоо максатында болжолдуу колдонулуучу ыкма — текшерүүлөргө тыюуу салуу жана салыктан үч жылга бошотуу.

Дүйнөлүк банктын 2020-жылга «Бизнес алып баруу» рейтингинде Казакстан дүйнөдө 25-орунга ээ болуп, миноритардык инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча дүйнөдө мыкты өлкө болгон.

Өнөр жай

2019-жылы Казакстандын ИДӨсүндөгү өнөр жайдын үлүшү 27,2 % түзгөн. 1991-жылдан бери Казакстандын өнөр жайынын өнүгүүсү тышкы жана ички факторлордун таасири алдында болуп, реформанын жүрүшүнө жана тармактын абалынан бир тектүү эмес таасир жасаган. 1991—1995-жылдары өнөр жай өндүрүштөрүнүн көлөмүнүн төмөндөгөнү байкалган. 1998-жылкы кризисти эске албаганда 1996-жылдан баштап азыркы убакка чейин (2021) өндүрүштү көбөйтүү камсыздалган.

1991-жылы өнөр жай өндүрүш көлөмүнүн көпчүлүгүн кийинкилер ээлеген: азык-түлүк жана жеңил өнөр жай, машина куруу жана металл иштетүү, түстүү металлурргия жана отун өнөр жайы.

Бүгүнкү күндө өндүрүш түзүмүнүн 60 % ашыгы нефть жана газ казып алуу, металлургиялык өнөр жай, электр энергиясын өндүрүүлөр туура келет. Көпчүлүк кайра иштетүү фабрикалары жана металлургиялык заводдор республиканын түндүгүндө жана түндүк-чыгышында топтолгон: Семей, Астана, Петропавловск жана Актөбө шаарларында. Түштүк жана Борбордук Казакстанда маанилүү индустриалдык борбор катары кийинки шаарлар саналат: Шымкент — химиялык, жеңил жана азык-түлүк өнөр жай, металлургия; Алма-Ата — жеңил жана азык-түлүк (же тамак-аш) өнөр жай, машина куруу; жана Тараз — машина куруу, химиялык жана тамак-аш өнөр жайлары.

Өлкөдө нефтинин кийинкидей бай кендери бар: Кашаган, Тенгиз, Үзөн, Карачаганак жана башкалар. Өлкөдө алынуучу нефтинин жалпы көлөмүнүн дээрлик жарымы Түндүк Каспийдеги ири үч кендерге туура келип, Казакстан чийки нефть запастары боюнча дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет.

Табигый ресурстардын кыйла запаста болуусу жана туруктуу экономикалык саясат өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүүсүн шарттап, натыйжада казып алуучу жана кайра иштетүүчү өнөр жай өнүккөн. Ошону менен бирге объективдүү жана субъективдүү себептер менен республиканын өнөр жайынын түзүмү өтө деформацияланган абалда болуп, акыркы коомдук керектөө түзүмүнө жооп бербейт, а бул акыркы өндүрүмдөрдү чыгарууда бир кыйла артта калууга алып келген; бүгүнкү күндө дагы, казып алуучу тармактар көп болуп, өнөр жайдын кайра иштетүү тармактарынын көптөгөн түрлөрү жок ж. б. у. с.

Коррупция

2005-жылы Дүйнөлүк банк Казакстанды коррупциянын кызуу түйүндөр тизмесине Ангола, Боливия, Кения, Ливия жана Пакистан өлкөлөрү менен теңдеш кылып киргизген. 2019-жылы Казакстан коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча төмөнкү орундардын бирин алып (180 өлкөнүн ичинен 113-орун), Дүйнөлүк экономикалык форум өлкөдө бизнес алып баруунун олутту көйгөйү катары коррупцияны атаган. Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун 2017-жылга Казакстан боюнча отчётунда Казакстанда мамлекеттик кызмат, сот системасы, коррупцияны алдын алуу каражаттары, маалыматка жана коррупция үчүн соттук артынан түшүүгө мүмкүндүк алууга тиешелүү болгон мыйзамдар реформаланган.

2011-жылы Швейцария банктарындагы эл аралык тергөөнүн жүрүшүндө 48 млн долларлык казакстандык активдер конфискацияланган. АКШнын укук коргоо органдары бул каражаттар америкалык нефти компаниялары тарабынан Казакстанда нефти казып алуу жана чалгындоо иштерине укук алуу үчүн казакстандык чиновниктерге берилүүчү пара деп ойлошкон.

Валюта

Казакстандын валютасы 1993-жылдан бери теңге саналат. Ал 100 тыйынга бөлүнөт. Символдор: ₸, ISO 4217 номенклатурасына ылайык — KZT. Казакстан Борбордук Азияда кыйла алдыда болгон банк системасына ээ. 2020-жылдын февраль айында колдонууда болгон накталай акча 20,794 трлн теңгени түзгөн.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ичинде накталай эмес, карталар менен жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн суммасы 13 305 млрд теңгеге жеткен. 73 % интернеттеги төлөмдөр.

Мурдагы Советтер Союзунун рубль аймагынан өлкө акыркылардын бири болуп чыккан. Улуттук валютанын айлануусу 1 теңге — 500 СССР рубльга тете болуп 1993-жылдын 15-ноябрында киргизилген. «Теңге» аталышы орто кылымдык түрк күмүш тыйыны «денге» же «танга» аталышынан чыккан, ушул эле аталыш орустардын тыйыны «деньга» жана деньги аталышы да чыккан. Заманбап теңгелер орто кылымдагы Казакстандын Отрара жана Тараз шаарларынын салттарын улантууда, айта кетсек бул шаарларда жеке тыйындар XIII кылымда эле басылчу (чеканкаланчу).

Суверендүү Казакстандын биринчи акчасы «Харрисон жана балдары» (Harrison and Sons) эски англис компаниясы тарабынан басылып чыккан. Жеке банкноталык фабрикасы 1995-жылы ачылган. Бүгүнкү күндө 18 баскычтагы коргоого ээ болгон казакстандык теңге дүйнөнүн эң корголгон валюталарынын катарына кирет. Учурда Казакстандын аймагында кийинкидей номиналдагы акча белгилери айланат: Банкноталар — 200, 500, 1000, 2000, 5000, 10 000, 20 000 теңге; тыйындар — 1, 2, 5, 10, 20, 50, 100, 200 теңге.

Тышкы экономикалык байланыштар

2017-жылы казакстандын өндүрүмдүн эң көп көлөмдөгү экспорту Италияга (17,9 % 2017-жылкы баалоо менен), Кытай Эл Республикасына (11,9 %) жана Нидерландыга (9,8 %) жөнөтүлүп турган. Казакстанга товарларды импорттоодогу жетектөөчү өлкөлөр: Россия (38,9 % 2017-жылкы баалоо менен), Кытай Эл Республикасы (16 %) жана Германия (5 %), АКШнын Казакстанга келүүчү жалпы импорттогу бөлүгү болжолдуу 4 %. 2019-жылдын жыйынтыгы менен импорттолуучу товарлардын жана кызматтардын баасы 38,4 млрд долларды түзүп, экспорт 57,7 млрд долларга бааланган.

Казакстандын экспортунун негизги түзүүчүлөрү нефть жана нефть өндүрүмдөрү, табигый газ, кара металлдар, химикаттар, машиналар, буудай, жүн, эт, көмүр. Импорт машина жана жабдууларда, металл буюмдары, азык-түлүктөрдө деп эсептелет.

Аскер жана полиция

Аскерлери

Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн көпчүлүк бөлүгү Түркстан аскер аймагындагы советтик куралдуу күчтөрүнөн калган. Бул бөлүкчөлөр Казакстандын жаңы аскерлеринин өзөгү болуп калды десе болот. Казакстан 40-аскерлердин (муруңку 32-аскер) бардык бөлүктөрүн жана 17-аскер корпусунун бөлүгүн алган, анын ичинде алты кургактагы дивизия, сактоо базалары, 14чү жана 35чи аба-десант бригадасы, эки ракеталык бригада, эки артилериялык полк, жана көп сандагы жабдуулар, мунун баары Европадагы жөнөкөй куралдуу күчтөр жөнүндөгү келишимге кол коюлгандан кийин Урал аймагынан алып келинген. XX кылымдын аягынан баштап казакстандык аскер күчтөрү өзүнүн брондуу танкалык бөлүктөрүн кеңейтүүгө көп иш алып барган. 1990-жылдан бери брондолгон танка бөлүктөрүнүн саны 500дөн 2005-жылы 1613кө көбөйгөн.

Казакстандын аскер-аба күчтөрү негизинен советтик мезгилдеги учактардан турат, анын ичинде 41 — МиГ-29, 44 — МиГ-31, 37 — Су-24 жана 60 — Су-27. Каспийде анча чоң эмес аскер-деңиз күчтөрү сакталууда. 2019-жылга болгон аскердик чыгымдар ИДӨнүн 1,6 % түзгөн.

Көпчүлүк эркектер аскерге 18—27 жашында чакырылып, он эки ай кызмат өтөшөт. Аскерге чакыруу жылына эки жолу болот, апрелден июнга жана октябрдан декабрга чейин. Жыл сайын аскерге чакыруу жашына 120 миңден ашык эркектер жетет.

Иракка кол салуудан кийин АКШга жардам катары Казакстан 49 аскер инженерин жөнөткөн. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Иракта казакстандык аскерлер 4 млн мина жана башка жарылуучу каражаттарды зыянсыздардырган, 5000 ашык коалиция мүчөлөрүнө жана жарандарга медициналык жардам көрсөтүшкөн, 6718 куб/метр суу тазалашкан.

Казакстандык Улуттук Коопсуздук Комитети (УКК) 1992-жылдын 13-июлунда түзүлгөн. Ага ички коопсуздук кызматы, аскер контр чалгындоо, чек ара кызматы, бир нече топтук бөлүмчөлөр жана тышкы чалгындоо кызматы («СЫРБАР») кирет, акыркысы УККнын эң маанилүү бөлүгү делет. Төр арагасы — Карим Масимов (2021).

2002-жылдан бери Казакстандн өкмөтү «Талаа бүркүтү» аталган биргелешкен тынчтык орнотуучу тактикалык окууларды өткөрүп келет. «Талаа бүркүтү» коалицияны түзүүгө багытталып, катышуучу өлкөлөргө биргеликте иштөөгө мүмкүндүк берет. «Талаа бүркүтү» машыгуулары учурунда «КАЗБАТ» тынчтык орнотуу батальону көп улуттуу күчтөрдүн курамында, көп профильдүү тынчтык орнотуу операциялар чегинде бирдиктүү күчтөрдүн башкаруусунда НАТО жана АКШнын куралдуу күчтөрүнүн катышуусу менен иш алып барат.

2013-жылдын декабрь айында Казакстан БУУнун Гаитидеги, Батыш Сахарадагы, Кот-д‘Ивуардагы жана Либериядагы тынчтык орнотуу күчтөрүнө колдоо көрсөтүүгө офицерлерин жөнөтө тургандыгын билдирген.

Полиция

Казакстан полициясы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) юрисдикциясында турат. Полицияга чалуу үчүн Казакстанда каалаган телефон аркылуу 102 номерин терүү керек.

Ички иштер министрлигинин штаттык кызматкерлеринин саны ИИМдин мурдагы башчысы Калмуханбет Касымовдун маалыматы боюнча 2019-жылдын башында 86 миң адамга жеткен. 2018-жылдын официалдуу маалыматы боюнча 221 жаранга бир полиция кызматкери туура келген, а бул орточо европалык көрсөткүчтөн кыйла жогору турат (Европада 300—400 адамга 1 полиция).

Ички иштер министрлиги советтер союзунан бери болгон укук коргоо органдарынын системасында реформаланган ведомство болуп саналат. Көз карандысыз булактардын ою боюнча демократия үчүн өлкөдө олуттуу стимулдар болгон эмес, ошондуктан коомчулукту көзөмөлдөө моделинин милитаризацияланган ведомствосу сакталып калган. Акыркы жылдары мамлекет полициянын техникалык камсызданышына көңүл буруп, полиция кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө турак-жай жеңилдиктерин жана социалдык пакеттерди берүү менен колдоп келет. Бул мааниде Казакстан полициялык мамлекет болуп саналат.

Илим жана технологиялар

Изилдөөлөр негизинен дагы деле Казакстандын ири шаары жана мурдагы борбору Алма-Атада топтолгон, мында өлкөнүн илимий кызматкерлеринин 52 % жашайт. Коомдук изилдөөлөр негизинен институттар менен чектелип, университеттер символикалык салымдарды гана кошот. Илимий-изилдөө институттары Билим жана илим министрлигинин колдоосунда улуттук изилдөө кеңештеринен каржыланышат. Бирок, алардын өндүрүмү, шартка ылайык базардын (рыноктун) муктаждыктары менен байланышы жок. Иштиктүү тармакта аз гана өнөр жай мекемелери өз алдынча изилдөө жүргүзүшөт.

Казакстандагы инновацияга болгон чыгымдар 2010—2011-жылдары эки эседен ашык көбөйүп, 235 млрд теңгени түзгөн (болжолдуу 1,6 млрд доллар), же ички дүн өндүрүмдүн 1,1 %. Болжолдуу жалпы көлөмдүн 11 % изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга коротулган. Бул өнүккөн өлкөлөрдүн инновацияга болгон чыгымдарынын болжолдуу салыштырмалуу 40—70 %. Көбөйүү, ошол мезгил аралыгында, казакстандык инновациялык чыгымдардын негизги бөлүгүн түзгөн машиналарды жана жабдууларды сатып алууга азайтып (же зыянга учуратып), өндүрүмдөрдүн дизайнынын кескин жогорулашы жана жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү ошондой эле өндүрүш ыкмаларын киргизүү менен шартталган. Окутууга болгон чыгымдар инновация чыгымдарынын 2 % гана түзүп, өнүккөн өлкөлөргө караганда бир кыйла аз.

2012-жылдын декабрь айында Нурсултан Назарбаев Казакстандын 2050-жылга чейин стратегиясын жарыялаган. 2050-жылга чейин мобилдик технологиялар, мультимедия, нано- жана космотук технология, робототехника, гендик инженерия жана альтернативдик энергетика сыяктуу чөйрөлөрдө жаңы тармактар пландаштырылууда. Өлкөнү уйдун этинин, сүттүн жана башка айыл-чарба өндүрүмдөрүнүн ири аймактык экспортёруна айлантуу максатында тамак-аш өнөр жайынын ишканаларын өнүктүрүү пландаштырылууда; сууну көп талап кылган маданий сортторду өсүмдүк, май жана тоют өндүрүмдөрүнө алмаштыруу. «Жашыл экономикага» өтүү программасынын чегинде 2030-жылы айдоо аянттарынын 15 % сууну үнөмдөөчү технологиялар менен айдоо пландаштырылууда. Эксперименталдык агрардык жана инновациялык класстерлерди түзүү, ошондой эле кургактыкка туруктуу генетикалык модификацияланган өсүмдүктөрдү иштеп чыгуу пландалууда. «Казакстан 2050» стратегиясы 2050-жылга жаңы технологиялуу тармактарды өнүктүрүү үчүн ички дүң өндүрүмдүн 3 % изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга бөлүүнү максат кылат.

Калк

АКШнын эл аралык каттоо бюросунун маалымат базасында Казакстан калкынын саны 18,9 миллион адамды түзөт (2019-жылдын июль айы), ошол эле убакта БУУнун булактарында 2019-жылга 18 551 427 адам деп бааланат. 2021-жылдын 1-январына болгон официалдык баалоого ылайык калктын саны 18 877 128 адамды түзгөн, анын ичинде шаардык — 11 149 699 адам (59,06 %), айылдык — 7 727 429 адам (40,94 %).

2009-жылкы калк санын баалоо 1999-жылкы маалыматтан 6,8 % жогору. 1989-жылдан кийин башталган калк санынын кыскаруусу, токтогон. Калк санынын гендердик бөлүштүрүүсү кийинкидей: эркектер — 48,3 %, аялдар — 51,7 %.

Калкынын саны боюнча өлкөлөр тизмесинде 64-орунда. Орточо тыгыздык — 1 чарчы км 6,74 адам (184-орун).

Этникалык курам

2020-жылдын башындагы маалыматтар боюнча: казактар — 68,51 %, орустар — 18,85 %, өзбектер — 3,25 %, уйгурлар — 1,47 %, украиндер — 1,42 %, татарлар — 1,08 % жана башкалар. Украиндер, корейлер, поволжиялык немецтер (1,1 %), чечендер, месхетин-түрктөр сыяктуу кээ бир аз улуттар, саясый режимдин каршылаштары Казакстанга 1930—1940-жылдары Сталин тарабынан депортацияланган. Өлкөдө ири советтик эмгек-түзөтүү лагерлердин кээ бирлери болгон.

Бир кыйла россиялык иммиграция дагы айдалбаган жер компаниясы (целина) жана Никита Хрущёв мезгилиндеги советтик космос программасы менен байланыштуу болгон. 1989-жылы этникалык орустар калктын 37,8 % түзгөн, ал эми казакстар 20 аймактын 7синде гана көпчүлүк кылган. 1991-жылы өлкөдө орточо 1 миллион немец болгон, көпчүлүгү Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда депортацияланган поволжьялык немецтердин тукумдары. Советтер союзу чачырагандан кийин алардын көбү Германияга эмиграцияланып кеткен. Көптөгөн грек аз улуттар Грецияга кеткен.

1990-жылдан бери орустардын, немецтердин, украиндердин жана башка улуттардын үзгүлтүксүз эмиграциясы жүрүүдө. Ошол эле убакта этникалык казактардын Казакстанга Өзбекстан, Кытай, Монголия, Россия, Түркмөнстандан жана башка өлкөлөрдөн активдүү иммиграциясы байкалууда. Айтылган абалдар казакстардын бала төрөмдүүлүгүнүн жогору болушу менен бирге казактар өлкөсүндө эң чоң этноско айлантууда.

Тилдер

Казакстан официалдуу түрдө эки тилдүү мамлекет. Калктын 83,1 % түшүнгөн казак тили (кыпчак түрктөрдүн тилдерине кирген тил) мамлекеттик статуска ээ, ал эми көпчүлүк казактар жакшы билген орус тили официалдуу деп жарыяланып, негизинен иштиктүү, өкмөттүк жана этникалар ортосунда баарлашуу үчүн колдонулат, бирок, казак тили акырындык менен орус тилин сүрүп чыгарууда. Өлкөдө көп таралган аз улуттардын тилдери өзүнө өзбек, украин, уйгур, кыргыз жана татар тилдерин камтыйт.

2015-жылы казак өкмөтү латын алфавитинин системасы катары кирилицаны казак тилинин жазуусу үчүн 2025-жылга чейин алмаштырылат деп жарыялаган.

2017—2018 окуу жылдары республиканын 3 миллион мектеп окуучуларынын 2 миллиону казак тилинде, 900 миңи — орус тилинде, 100 миңи башка тилдерде билим алышкан. 2019-жылдагы Назарбаевдин отставкага кетүү сөзүндө Казакстан келечекте үч тилде сүйлөйт деп жоромол кылган.

Билим берүү

Орто билим, баарына жалпы жана милдеттүү, чоң кишилердин сабаттуулугу 99,8 %. Орточо бул статистикалык маалыматтар Казакстандын аялдарына да, эркектерине да бирдей.

Билим берүү үч негизги баскычтан турат: Башталгыч билим берүү (1—4-класстар [башталгыч билим берүүнүн алдында бир жыл мектепке чейинки билим берүү жүрөт]), негизги толук эмес (5—9-класстар) жана толук орто билим (10—12-класстар), үзгүлтүксүз жалпы жана кесиптик болуп бөлүнгөн. Кесиптик билим берүү (же билим алуу) 3—4 жыл созулат. Көрсөтүлгөн деңгээлдер бир эле же өз-өзүнчө мекемелерде болушу мүмкүн (мисалы, баштапкы мектепте, андан соң орто). Орто кесиптик билим берүү атайын кесиптик окуу жайларда, лицейлерде жана колледждерде сунушталат.

Жогорку билим берүү (алуу) системасында университеттер, академиялар, институттар жана консерваториялар бар. Бул мекемелерде үч негизги баскыч бар: тандалган билим алуу чөйрөсүнүн негиздерин камсыз кылуучу жана бакалавр деңгээлин берүүчү базалык жогорку билим; адистештирилген жогорку билим, муну аяктаганда студенттер адистик дипломун алышат; жана магистр деңгээлине жол ачуучу илимий-педагогикалык жогорку билим. Дипломдон кийинки билим, илимдин жана докторлук илимдин кандидаты, окумуштуу деңгээлдерине барат.

2019-жылы жумушсуздук чоң кишилерде 4,8 % жана жаштар арасында 3,9 % (15—18 жаш) түзгөн.

Дин

Диний эркиндиктер Казакстан Конституциясынын 39 беренеси менен кепилденип, ал кийиндей: «Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин саясый мотивдер боюнча чектөөнүн эч кандай формаларына жол берилбейт». 14-берене диний белгилери боюнча дискриминацияга тыюуу салат, ал эми 19-берене ар бир адам (жаран) «өзүнүн улутун, партиялык жана диний тиешелүүлүгүн аныктоого жана көрсөтүүгө же көрсөтпөөгө укукттуу» экенин кепилдейт.

Калктын динчилдиги (43 %) Борбордук Азия аймагында эң төмөн деп Америкалык Геллап институтунун изилдөөлөрү көрсөткөн. Жалпысынан дүйнөдө бул көрсөткүч боюнча Казакстан Словения жана Швейцария менен орун бөлүшөт.

Ислам — өлкөдө кеңири таралган дин, андан кийин жайылуу деңгээли боюнча православдык Христиан дини. Советтер Союзунун мезгилиндеги ондогон жылдар бою динди басмырлап, Казакстандын көз карандысыздыкка жеткенден кийин этникалык окшоштуктун өсүүсүнө алып келген, анын бөлүгү катары дин да болгон. Диний эркиндик тажрыйбасы орнотулуп, калктын диний активдүүлүгү жана общиналары, имараттары өсө баштаган. Жүздөгөн мечиттер, чиркөөлөр жана башка имараттар бир нече жылдын ичинде курулган, ал эми диний бирикмелердин саны 1990-жылы 670тен 2010-жылы 4170ке өскөн.

Кээ бир маалыматтар боюнча деноминациондук эмес мусулмандар көпчүлүгүн түзөт дешсе, башкалары өлкөдөгү мусулмандардын көпчүлүгүн ханафий мазхаб сунниттери түзөт дешет. Буларга калктын 60 % түзгөн этникалык казактар, ошондой эле өзбектер, уйгурлар жана татарлар кирет. 1 % азы шафиит мазхаб сунниттери (негизинен чечендер). Ошондой эле кээ бир ахмади-мусулмандар бар. Бардыгы болуп 2550 мечит бар (2017-жылдын башы), мунун баары Жогорку муфтий башкарган «Казакстандын мусулмандар диний бирикмесине» кирет. Курман айт өлкөдө улуттук майрам катары таанылган.

Калктын төрттөн бири — православдар, анын ичинде этникалык орустар, украиндер жана белорустар. Башка Христиан топтору өзүнө католиктер, грек католиктери, лютерандар, пресвитериан, жетинчи күндүн адвентисттери, мормондорду жана «христиан илими» окуусунун жолун жолдоочуларын камтыйт. Жалпысынан 294 православ, 109 католикалык жана 495тен ашык протестант чиркөөлөрү бар (2017). Православдык Рождество майрамы Казакстанда улуттук майрам деп таанылган. Башка диний топтор иудаизм, бахаи, индуизм, буддизм жана башкаларды камтыйт.

2009-жылдын эл каттоо маалыматына ылайык, славян жана герман этникалык топторунан тышкаркы христиандар өтө эле аз.

2017-жылкы АКШнын диний эркиндик докладына ылайык Казакстан аны кыйла чектейт деген ойдо.

Саламаттыкты сактоо

«Казакстан-2030» стратегиясы жарандардын ден-соолугун мамлекеттин өнүгүүсүнүн узак мөөнөттөгү артыкчылыктуу ишинин бири катары белгилейт, мында Назарбаев тармактык реформа багыттарынын медициналык кызматтар жана жогорку технологиялуу саламаттыкты сактоо системасын жакшыртууну белгилеп көрсөткөн.

Төрөлгөндөгү орточо күтүлүүчү жашоонун узактыгы Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун орточо көрсөткүчүнөн 8 жылга төмөн, ал эми аймактык деңгээлде ден-соолуктун негизги көрсөткүчтөрү боюнча теңсиздик сакталууда. Ымыркайлар жана эненин оорулары менен өлүмү башка Борбордук Азия өлкөлөрүнө караганда төмөн болсо да, тең салмактуу эмес тамактануу, айланы-чөйрөнүн кирдеши жана төрөткө чейинки туура эмес кам көрүүнүн айынан батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу кыйла жогору.

Өлкөдө инфекциялык жана мителик оорулардан өлүмгө учуроонун төмөнкү деңгээли белгиленет, бирок, кургак учук боюнча ооруп калуулар коркунучтуу көйгөйдү билдирет. Оорулар түзүмүндө өнөкөт оорулар көп, жана Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун мүчөлөрү болгон өлкөлөргө салыштырмалуу бул боюнча өлүмгө учуроо көрсөткүчтөрү аналогиялуу көрсөткүчтөргө караганда кыйла жогору.

Көз карандысыздык алгандан бери медициналык-санитардык биринчи жардам көрсөтүү, автономияны колдоо жана жеке менчик формасын диверсификациялоо сыяктуу медициналык кызматтарды көрсөтүү системасын жаңылоо боюнча бир катар реформалар жүргүзүлгөн. Ошого карабастан медициналык кызматтарды көрсөтүү тармагында дагы деле стационарлар көптүк кылып, астма жана диабет сыяктуу амбулатордук даарылоого мүмкүн болуучу оорулардын госпиталдаштыруусунун жогорку деңгээлде болуусу белгиленүүдө.

Медициналык кызматтарды көрсөтүү системасы майдаланган абалда болуп, аларга мүмкүндүк алуу медициналык кадрларынын жана жабдуулардын чектелгендигинен татаалдыктарды жаратууда, өзгөчө чоң шаарлардан алыс жайгашкан аймактарда. Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун ченеми боюнча Казакстанда саламаттыкты сактоого мамлекеттик инвестициялардын төмөнкү деңгээли сакталып, бул медициналык жардамга мүмкүндүк алууну кошумча татаалдантып, бейтаптар үчүн формалдуу эмес чоң көлөмдөгү чыгымдарды жаратууда.

2015-жылы республикада орточо 765 медициналык мекеме болгон. 2016-жылга болгон алдын ала маалыматтар боюнча саламаттыкты сактоо тармагындагы жумушчулардын саны орточо 252 миң адамды түзгөн, анын ичинде 74 600 врач жана 177 600 орто звенодогу адистер. 2016-жылы 87 172 бейтапкана орундары болгон (1000 адамга 4,9 орун).

Казакстан жыл сайын саламаттыктык сактоо системасына ички дүң өндүрүмдүн 3,5 % коротот. Казакстандыктардын 2020-жылга күтүлүүчү жашоо узактыгы 72 жашка жетет. Өлкө эне өлүмү боюнча дүйнө коэффициенти менен 42-орунда, жана ымыркай өлүмү боюнча 79-орунда.

Социалдык камсыздоо

Калкты социалдык жактан камсыздоо өлкөдө Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине жүктөлгөн. Социалдык камсыздоо кийинкидей элементтерди камтыйт: мамлекеттик жөлөкпул; милдеттүү социалдык камсыздандыруу; пенсиондук камсыздоо, кепилденген медициналык жардам; энелик жана балалыкты коргоо; акысыз билим алууга мүмкүндүк алууну камсыздоо (жалпы жана профессионалдык [кесиптик]); социалдык жардам. 2020-жылдын 1-январынан тарта акысыз медициналык жардамдын мамлекеттик көлөм модели киргизилген. Мунун чегинде жардам бардык жарандарга, оралмандарга жана Казакстанда туруктуу түрдө жашаган жарандыгы жок чет өлкөлүк адамдарга берилет.

Жакырлык

Статистика боюнча комитеттин маалыматына ылайык 2019-жылдын июль—сентябрь айларында Казакстанда калктын 4,5 % жашоо минимумунан төмөн киреше алган жарандар болгон. 2020-жылы бул көрсөткүч 7 % болот деп күтүлүүдө.

2018-жылдын күзүндө жарыяланган Дүйнөлүк банктын докладында, уюмда кабыл алынган жакырлыктын эң жогорку чегин алганда Казакстандагы жакырлык деңгээли 65 %дан (2011) болжолдуу 8,5 %га төмөндөгөн (2017). Ошону мене бирге көптөгөн көйгөйлөр да сакталууда; Казакстан дагы деле экономикалык толкундоолорго чабал, мындайлар мезгил-мезгили менен акчасыздыкты кыскартууда артка тартып келет. Төмөнкү экономикалык өсүү мезгилдеринде же рецессияда, мисалы 2005 жана 2013—2016-жылдардагыдай көптөгөн адамдар жакырлык чегинде калган; кийинки жылдары өсүүнүн калыбына келүүсү менен кырдаал кайрадан жакшырган. Эгер эң жогорку жакырлык чегин колдонгондо 2013-жылдагыдай деңгээлге жеткен эмес деп белгиленет докладда.

Көз карандысыз изилдөөчүлөр мамлекеттик статистика көрсөткөндөн кыйла жогору деген ойдо.

Маданият

Россиянын колонизациясына чейин казактар өзүнүн көчмөн мал-чарбалуу маданиятында негизделген жогорку деңгээлде өнүккөн маданияты болгон. Арабдардын VIII кылымда келиши менен өлкөгө Ислам киргизилген. Алгач түштүк Түркстандын бөлүктөрүндө бекилип, андан соң түндүктү карай жайылган. Саманиддер өзүнүн миссионердик ишине байланыштуу диндин бекемделишине өбөлгө түзгөн. Кийин Алтын Ордо аймактагы урууларга ислам динин жайылтуу иштерин XIV кылымдын өтүшүндө уланткан.

Казакстан адабияттын, илимдин жана философиянын белгилүү авторлорунун мекени болуп саналат: Абай Кунанбаев, Мухтар Ауэзов, Габит Мусрепов, Каныша Сатпаева, Мухтар Шаханов, Сакен Сейфуллин, Жамбыл Жабаев жана башкалар.

Адабият

Британиялык энциклопедия казак адабиятын «Борбордук Азиядагы казак элинин, казак тилинде жаралган оозеки жана жазуу адабиятынын жыйындысы» деп аныктайт. Казак адабияты Казакстандын заманбап аймагынан, анын ичинде Казак ССР мезгилин жана Казак хандыгынан тарта кеңейип келет. Темалары менен бир нече бири-бирин толуктаган окшоштуктар бар, анын ичинде Казакстанды жердеген түрк урууларынын адабияты, жана этникалык казактар тарабынан жазылган адабияттар.

VI—VIII кылымдардагы кытай жазуу булактарына ылайык, Казакстандын түрк уруулары оозеки поэтикалык салтка ээ болгон. Бул салт мындан да эрте мезгилдерден келип, барддардан берилген: профессионалдык аңгемечилер жана музыкалык аткаруучулар. Салттардын издери биздин замандын V—VII кылымдарындагы Орхон таш жазмаларында дагы байкалат, анда түрктөрдүн башчылары (Каган) Култегин жана Билге хандардын башкаруулары баяндалат. Казактар арасында бард дайыма эле эркектердин кесиби болгон эмес. XVII кылымдан баштап казак барддарын эки негизги бөлүмгө бөлсө болот: жыршы — башкалардын чыгармаларын шартка ылайык өзгөртпөстөн, өзүнүн чыгармаларын кошпостон берген; жана акындар, булар импровизация кылып, өзүнүн ырларын, аңгемелерин түзүшкөн. Иштердин бир нече түрлөрү болгон, дидактикалык терминдер, элегиялык толгау жана эпикалык ырлар. Аңгемелердин булагы белгисиз болсо дагы, алардын көпчүлүгү алыскы жана жакынкы өткөн мезгилдин барддары менен байланыштуу болгон, болжолдуу казак поэзиясы менен прозасы аларды түзгөн же бергендер тарабынан XIX кылымдын экинчи жарымында биринчилерден болуп жазылган убакта. Биринчи XIX кылымда жана эрте мезгилдер менен даталанган, бирок XXI кылымга чейин документтештирилбеген иштердин ортосунда кыйла стилистикалык айырмачылыктар бар, мисалы, XVI жана XVII кылымдарга таандык барддар Эр Шобан менен Досмамбет-жырау, ал гана эмес XV кылымдын барддары Шалкииз жана Асан Кайгы сыяктуу.

Башка белгилүү барддар арасында — Казтуган-жырау, Жиембет-жырау, Ахтамберды-жырау жана Абылай хандын кеңешчиси болгон Бухар жырау Калкаманулы. Ер Таргын менен Алпамыс — XIX кылымда катталып калган казак адабиятынын белгилүү эки мисалы. «Чоң атам Коркуттун китеби» менен Огуз-хан — түрктөрдүн эң белгилүү баатырдык легендалары. Башында болжолдуу IX кылымда түзүлүп, муундан муунга оозеки түрдө берилип келген. Бул легендарлуу жомоктор XIV—XVI кылымдарда түрк авторлору тарабынан жазылган.

Заманбап адабий казак тилинин өнүгүүсүндө олуттуу роль Абай Кунанбаевге таандык, анын эмгектери көпчүлүк түрдө казак элдик маданиятынын өнүгүүсүнө түрткү болгон. Абайдын негизги чыгармаларынын бири анын «Кара сөздөрү» («Насыят сөздөрү»), философиялык трактат жана ырлар жыйнагы, мында ал Россиянын колониалдык саясатын сындап, казактарды билим алууга жана сабаттуулукка чакырат. ХХ кылымдагы казактардын интеллектуалдык жана саясый жашоосунун өнүгүүсүнө маанилүү ролду «Айкап» (1911-жылдан 1915-жылга чейин араб тилинде басылган) жана «Казак» (1913-жылдан 1918-жылдарга чейин басылган) адабий журналдары ойногон.

Архитектура

Отурукташкан уруулардын алгачкы турак-жайлары жана айылдары Борбордук, Түндүк, Батыш жана Чыгыш Казакстанда жайгашкан. А. Х. Маргулан Казакстанды коло доорунда (б. з. ч. XVIII—VIII кылымдарда) калкы абдан жыш жайгашкан деген ойдо. Ал убактагы патриархалдык үй-бүлөнүн турак жайы аянты 200 чарчы метрге чейин болуп, бир нече бөлмөлөрдөн турган.

Бирок, биздин заманга чейин биринчи миң жылдыктын башында тарыхчылар тарабынан сак урууларына таандык делген мобилдик турак жайдын бир нече түрү пайда болгон. Изилдөөлөрдүн жетишсиздигинен улам мобилдик турак-жайлардын бардык түрлөрү (чатырдан баштап, көп бурчтуу ашталган үйлөр) көбүнчө «боз үй» деп жалпы термин менен бириктирилген. Боз үйдүн ойлоп чыгарылышы жана жайылуусу биринчи миң жылдыктын ортосуна таандык.

Усундар менен кангуйлар — сактардын маданий салттарынын түз улантуучулары, булардын маданияты 700 жыл ичинде өнүгүп келген (биздин замандын V кылымына чейн). Усун мезгилинин көп сандаган кургандары тоолордон аккан суулардын жанында, кыштоо жана жайлоо жерлерде тургузулган. Жанадарыя бассейнинде жайгашкан «Чирик-Рабат» шаарында биздин заманга чейинки IV—II кылымдарга таандык эки мавзолей жана «Бабиш-Мулла-2» мемориалдык курулма табылган.

Түрк каганынын калыптанышына байланыштуу архитектурада мемориалдык структуралардын салттуу түрлөрүнүн калыптанышына таасир эткен маанилүү процесстер болуп, анча-мынча өзгөрүүлөр менен бүгүнкү күнгө чейин жеткен. Мисалы, алтай түрктөрүнүн устундуу конустук же чатырлуу кошулуштары бар көрүстөн курулмалары жаңы жерде, жаңы шарттарда кыштан жасалган конструкцияларын жасай башташкан.

Көрүнүктүү өнүгүүгө маданий жана жарандык мүнөздөгү имараттардын курулушу жетишкен: сепил-ордолор, чиркөөлөр, ордо комплекстер ж. б. Булардын катарына дээрлик VII—IX кылымдарда курулган цитадель ордолору Куйрук-тобе, Баба-ата, Актөбө, Тараз, Кулан (Луговой), Кокмардандагы чейрек чиркөө, Барак-там, Акыртас сепил-ордосу жана башкалары кирет.

XIV—XV кылымдардын чеги Казакстанда Түркстандгагы Ходжи Ахмед Ясави мавзолеинин курулушу менен белгилүү болгон — Мавераннахр архитектурасынын көркөм жана конструктивдүү салттарын, имараттардын функционалдык түзүмүн уюштуруунун казакча ыкмалары менен органикалык айкалышынын жана биригишинин натыйжасы. Мавзолейдин архитектурасы көп жылдар бою окшоштуруп жасоонун предмети болуп, Казакстандын элдик архитектурасын өнүктүрүүгө чоң таасир эткен.

XV кылымдан тарта Казак хандыгынын билими жана өнүгүүсү менен байланышкан монументалдык архитектуранын жаңы өнүгүү баскычы башталган.

Раби жана Султан-бегим мавзолейлеринин архитектурасы кийинки доорлордогу архитектуранын өнүгүүсүнө таасирин тийгизген, мунун натыйжасында XVI кылымдан тарта архитектурада түрлөрдүн ар түрдүүлүгү пайда болот, өзгөчө мемориалдык жана сыйынуу курулмалары, ошондой эле куруу иштеринин көлөмү көбөйгөн. Борборлоштуруу жана аң-сезимди бекемдөө идеясы казак элинин архитектурасынын улуттук айырмачылык эстеликтеринин жеке тиричиликтик мүнөздөрүн күчөшүнө алып келген. Композициялардын көлөмдүк-мейкиндик курулушу боюнча бул мезгилдеги мавзолейлер порталдык-, борбордук-куполдук жана мунаралык болуп бөлүшү мүмкүн. XVI кылымдын ири эстеликтерине Сауран мунарасын, Окши-ата, Асан-ата, Жунус-ата, Жаланаш-ата, Мулкалан, Кесене, Акшора, Уштам, «Сегиз кырдуу» жана «Аты жок» портарлдык-куполдук мавлозейлерин, ошондой эле Түркстандагы чыгыш мунара, Сарайчиктеги казак хандары Жаныбек менен Касымдын мавзолейлерин киргизсек болот.

XVII кылымдын экинчи жарымында казак жерлерине чыгыш кошуналары — калмактардын (ойрат) кысымы күчөгөн. XVII кылымдын аягында эле жунгарлар Семиречьени басып алып, Түштүк Казакстанга чабуулун уланткан. Бул Чыгыш Казакстандын жана Семиречьенин кээ бир аймактарына буддист-ламаисттик маданият элементтеринин кирип кетүүсүнө алып келген. Бул жөнүндө XVII кылымда Аблайкит палатасы жана Семи Палаттын, XVIII кылымда Актам ламаист имараты жана мавзолейинин курулушу күбө боло алат.

XVIII кылымдын экинчи жарымында өлкөнүн түштүк аймагында ири мемориалдык курулмалардын курулушу улана баштайт. Салттуу деп Карашаш-ана, Жунус-ата порталдык-куполдук мавзолейлер саналат. Бирок, өзүнүн композициясы боюнча кичине айырмаланган эки эстелик да белгилүү: Тараздан 10 км батышыраак тургузулган Аккесене жана Түштүк Казакстан облусунун түндүгүндөгү Уванас мавзолеи, булар мемориалдык курулмалардын дагы бир түрүнүн пайда болуусун күбөлөндүрөт.

XIX жана XX кылымдын башында функционалдык белгилери боюнча көчмөн турак-жайдын негизги түрлөрүнүн калыптанышы аяктайт, алардын негизгиси — анык улуттук жана аймактык өзгөчөлүктөрү бар казак боз үйүнүн жаралышы. Турак-жай өзүнүн маданий-тиричилик шарттары боюнча 4 негизги топко бөлүнөт: коюмдун административдик-коомдук мүнөзүндөгү боз үй, конок үй; негизги турак үй (үй-бүлө башчысы — улкен үй, ак үй, боз үй) өзүнчө үй-бүлөнүн кадимки боз үйү, жаңы үйлөнгөндөрдүн үйү (отауи күймө); көчүп-конуучу (жолым үй, кос, курке, аблайша) жана турмуш-тиричилик боз үйлөрү (тамак-аш даярдоо жана азык-түлүктөрдү сактоо үчүн — ас үй). Казакстанда кеңири жайылган жана өнүккөн коюм, конок жана жайкы боз үйлөр өзүнүн көркөм-архитектуралык түзүлүшү боюнча кыпчак (казак) жана калмак (торгоут) болуп бөлүнөт. Сфералык капталышы бар казак боз үйлөрүнүн түрү XVIII жана XIX кылымдын башында биротоло калыптанып, калмак түрүндөгү боз үй бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Ошентип, Казакстандын көчмөн коомунда көркөм-архитектуралык ой спецификалык шарттарда өнүгүп, жеңил, бекем, кооз жана пайдалуу турак-жайдын түзүлүшүнө багытталган. Шартка ылайык бир үй-бүлөнүн бир нече боз үйү болгон.

XIX кылымдын аягында орус архитектурасында, анын ичинде Казакстанда да модерн пайда болгон — принципиалдуу жаңы стилдик архитектуралык багыт. Ал мезгилде Казакстандын шаарларында ар түрдүү коомдук имараттарды куруу өзгөчө жайылууга жеткен: административдик-башкаруу мүнөздөгү, маданий-агартуу, оорукана-ден-соолукту чыңдоочу, көркөм-көңүл ачуучу мекемелер, ашканалар жана ресторандар, мейманкана, транспорттук-өндүрүштүк комплекстер, булардын көпчүлүгү мурда Казакстанда белгисиз болчу.

Көз карандысыздыкка жетүү менен архитектура жаңы өнүгүү баскычына түшкөн. Борбор шаарды көчүрүү бүтүн жер шарынын архитекторлорун өзүнө тарткан. Астанадагы Байтеректин автору Акмурза Рустембеков болуп, эмгеги үчүн көптөгөн сыйлыктарга татыган.

Театралдык искусство

1920-жылдардын жарымына чейин өлкөдө сүйүүчүлөрдүн (любительский) гана театралдык топтору болгон, алардын белгилүүлөрү Семипалатинск жана Оренбург казак элдик билим алуу институтунун театры. Акыркысынын базасында 1926-жылдын январь айында Кызыл-Ордодо биринчи профессионалдык казакстандык театр ачылып, анда М. Ауэзов, Ж. Шанин, С. Кожамкулов, К. Куанышпаев, К. Джандарбековдор иштеген.

1930-жылдарда республикада бир катар жаңы театрлар пайда болот. 1937-жылы Кызыл-Ордодо Кореялык музыкалык-драма театр ачылган, ошол эле жылы Казакстан театры академиялык театр болуп, бир катар актёрлор республиканын элдик жана эмгек сиңирген артист наамдарына ээ болгон. Облустук, өздүк көркөм жеке чыгармачылык театрлар өнүгө баштаган. Ш. Айманов, С. Кожамкулов, Е. Омурзаков, К. Кармысов, X. Букеева аталган актёрлор атак-даңкка жетишкен; И. Ногайбаев, Н. Жантурин сыяктуулар жана башка көптөгөндөр артисттик ишмерликтерин башаташат.

Казакстандын 1940—1950-жылдарынын экинчи жарымындагы маданий жашоосу катуу идеологиялык көзөмөл алдында болгон, анын негизинде «ВКП (б) кыскача тарыхындагы» маданият ролунун догматикалык көз караштары жаткан, мында маданий курулуш, өзүнчө маданий ишмердүүлүктөрдүн түрлөрү жөнөкөй суммалоо катары кабыл алынчу: мектеп курулушунун жайылуусу, жогоркуу окуу жайлардын санын өсүүсү, маданий-агартуу иштери ж. б. Ошону менен бирге, социализмдин «жеңилбестигинин» кепилдиги катары, маданият менен саясаттын байланышы негизги болгон.

Казак ССРинин 30 жылдыгына театр Г. Мустафиндин «Миллионер» спектаклин даярдап, жылдын аягына чейин «Абай», П. Павленконун «Бакыт» жана У. Шекспирдин «Азоону (Кежирди) жоошутуу» спектакль постановкаларын ишке ашырган. 1950-жылдын өтүшүндө облустук орус драма театры И. Штоктун «Грушенькасын»; К. Симоновдун «Бөтөн көлөкөсүн»; С. Михалков менен Д. Самойловдун «Сырдуу согушун»; А. Островскийдин «Таланттар жана күйөрмандарын», «Кирешелүү жерин» жана «Ысык жүрөгүн»; М. Сагалович менен Б. Фаянстын «Мамлекеттик кеңешчисин»; Л. Компанейцтин «Адам жашашы керек» пьесаларынын поставновкасын ишке ашырган. Каркара совхоз-колхоз театрынын жаңы репертуарына ошол жылы Байжановдун «Жолдастары», Мухтаровдун «Аландын үй-бүлөсү», В. Собконун «Экинчи фронт артындасы» жана С. Бегалиндин «Шолпан» поставновкалары киргизилген.

Бирок, чыгармачыл коллективдердин аракетине жана мамлекеттик, партиялык органдардын өлкөдөгү театр искусствосун өнүктүрүү маселесине жогорку көңүл буруусуна карабастан, театрга келүүнүн төмөндөө тенденциясы өсө берген. Бул абалдын себептерин аныктоо жана аны чечүүнүн жолдорун табууга театр директорлорунун жана искусство иштери боюнча облустук бөлүмдөр башчыларынын кеңешмеси арналган (1951-жыл 17-март, Алма-Ата ш.), анда драма театрлардын репертуарларынын абалдары, советтик адам образынын үстүндө театрдын иш алып баруу тажрыйбасы, спектакльдардын көркөм кооздолушунун сапатын жогорулатуу суроолору каралган.

Борбордук Казакстандын театр искусствосунун кийинки өнүгүүсүнө 1957-жылы Казак ССРинин маданият министрлиги тарабынан биринчи болуп уюшулган республикалык драма театрлардын кароо сынагы таасирин тийгизген, сынактын жеңүүчүлөрү өлкөнүн «Театралдык жазына» катышууга укук алган. Калыстардын жогорку баалоосуна облустук казак жана орус театрларынын спектальдары ээ болгон, алар: Павлодар ш. (Н. Виртанын «Дали неогладные»), Акмолинск (А. Корнейчуктун «Эмнеге жылдыздар жылмайганы»), Караганда (Н. Гогольдун «Ревизору»), Кустанай (В. Гусевдин «Иван Рыбакову»).

Сүрөт искусствосу

Казакстандын профессионалдык станоктук сүрөт искусствосунун формалары — жандуу тартуу (живопись), скульптура, графика — XX кылымдын 1920-жылдары калыптанган. Буга чейин бирдиктүү сүрөт борбору болгон эмес; сүрөтчүлөр өз-өзүнчө эмгектенишкен. Республикадагы улуттук көркөм сүрөт билим берүүнү өнүктүрүү жана уюштурууда орус сүрөтчүлөрүнүн эмгеги зор, алардын ичинде Н. Г. Хлудов бар. Ал Одесса сүрөт тартуу мектебинде, андан соң Петербургда сүрөтчү Н. Гоголинскийден билим алган; 1879-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Верныйда (Алма-Ата) жашап, эмгектенген. 1920-жылы сүрөтчүлөр тобун бириктирген (Н. Хлудов, А. Пономарёв, В. Антонов ж. б.) сүрөт өнөрканалары түзүлүп, бул өлкө сүрөтчүлөрүнүн консолидациялоодо маанилүү болгон. Сүрөт искусствосуна жана сүрөт сабатына өзүнүн чыгармачыл-уюштуруучулук эмгеги менен Николай Крутильников чоң салым кошкон. Бүткүл чыгармачыл жашоосун Николай Казакстанда өткөргөн, алгач Семипалатинскте, андан соң Кызыл-Ордо жана Алма-Атада. 1916-жылы Казан сүрөт окууж айын бүтүргөн; 1921-жылы Семипалатинскке көчүрүлүп келип, коомдук-маданий ишмердүүлүгү ошол жактан баштаган: жаш чыгармачыл адамдарды издеп, жайылтуучу иштерди алып барып, искусство чыгармаларын калк арасында пропагандалаган. Крутильников шаардагы сүрөт студиясынын, ошондой эле, республика боюнча биринчи көчмө көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири. Ошол эле жылдары мезгилдик басмаларда М. Кудряшов, В. Панаев, И. Савельев, ага-ини Кулахмед менен Хожахмед Хожиковдор, В. Нестеров, А. Исмаиловдордун сүрөттөрү кездешет. Бирок, Казакстан сүрөтчүлөрүнүн активдүү чыгармачыл жашоосу жөнүндө айтуу эрте болчу: уюштуруучу борбордун жоктугу өз кедергисин тийгизген.

Улуттук мектептин жаралышы өзгөчө таланттын пайда болуусу менен коштолот эмеспи. Ал мезгилде казак сүрөтчүсү Абылхан Кастеев (Казакстандын профессионалдык сүрөтчүсү, Ч. Валиханов атындагы Казакстандын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты) чыгармаларын жаратып жүргөн. Анын ысымы менен казак сүрөт искусствосунун калыптанышы жана өнүгүүсү, өлкөнүн сүрөт мектебинин өз алдынча жол баштоосу байланыштуу. Анын чыгармачылыгы 1920-жылдардын аягында башталып, «Эски жана жаңы тиричилик» аттуу серияга бириктирилген көптөгөн акварельдерди жазган. Сүрөтчүнүн эмгектеринде адамдык эргүүлөр, тарыхка, салка жана улуттук өзгөчөлүктү аныктагандыгы, бардыгына аяр мамиле жасоо кезедешет. Кастеевдин чыгармалары — миңдеген сүрөттөр, акварельдер — республиканын сүрөт жылбаяны деп аташат.

Өлкөнүн маанилүү сүрөт окуясы — 1928-жылы КазАССРдин элдик агартуу Наркоматы тарабынан казакстандык сүрөтчүлөрдүн көчмө чыгармалар көргөзмөсүн уюштуруу болгон. Ошондон тарта Казакстанда системалык түрдө көчмө сүрөт көргөзмөлөр уюшула баштайт (Алма-Ата, 1929; Павлодар, 1931); аналогдук көргөзмөлөр Семипалатинскте, Патропавловскто, Актөбөдө, Чымкентте аймактын сүрөтчүлөрдүн күчтөрү менен ачылган. 1928-жылдан тарта Казакстанда ири индустриялык объекттер Турксибанын курулушу менен коомдук-сүрөт жашоо активдеше баштайт. Өлкөгө маданият, искусство, сүрөт билими боюнча адистер борбордук облустардан келе баштайт. Казакстанга Москванын сүрөт уюмдарынын кызыкчылы жаралат, негизинен «Сүрөтчү» Бүткүл россиялык кооперативдик шериктештиги. 1932-жылы СССР сүрөтчүлөр бирикмесинин оргкомитети түзүлгөн, ал эми 1933-жылы Казакстан сүрөтчүлөр бирикмесинин оргкомитети түзүлүп, уюштуруучуларынын бири Н. И. Крутильников болгон; биринчи төрагасы Аубакир Исмаилов — сүрөтчү жана график. Казакстан сүрөтчүлөр бирикмесинин оргкомитетинин түзүлүшү республиканын көркөм сүрөт жашоосунда ири окуя болуп калган; бирикменин ишмердүүлүгү көргөзмөлөрдү үзгүлтүксүз уюштуруу, сүрөтчүлөрдү консолидациялоо жана чыгармачылык жактан мобилиациялоо менен коштолгон. Алма-Ата шаарында 1933-жылы Оргкомитет тарабынан уюшулган биринчи көргөзмө чыгармачыл улуттук күчтөрдү табууну максат кылган. 1934-жылы бир нече көргөзмөлөр уюштурулуп, алардын эң маанилүүсү СССР эмгекчилерин казак искусствосу менен кеңири тааныштыруу үчүн Москвадагы чыгыш маданияттар музейиндеги Казакстандын Эл Комиссарлар Кеңешинин атайын токтомунан кийин 8-майда ачылган «Советтик Казакстандын Искусствосу» аттуу көргөзмө болгон. Көргөзмөдө улуттук кадрларды өстүрө турган республиканын өзүнүн сүрөт мектеби жетишпей жатканы анык болгон.

Казакстан сүрөтчүлөрүнүн I съезди доордук окуя болгон (Алма-Ата, 1940-жыл, 24-июнь). Съездде Казакстан сүрөтчүлөр бирикмеси оргкомитетинин жетишкендиктери белгиленип, ошону менен бирге сүрөтчүлөр алдында профессионалдык чеберчиликти жогорулатуу, таланттуу жаштар менен иш алып барууну жакшыртуу маселелери тургандыгы айтылган. Ал мезгилде Казакстанда улуттук сүрөтчүлөрдүн түпкүрү түптөлүп калган.

Музыка

Казакстан Курмангазы атындагы элдик аспаптар мамлекеттик оркестрдин, Мамлекеттик филармониялык оркестрдин, улуттук опера жана Мамлекеттик үйлөмө аспаптар оркестринин мекени. 1931-жылы түптөлгөн Музыкалык-драмалык техникум биринчи музыкалык жогорку окуу жай болгон. Жетектөөчү консеватория Алма-Ата шаарында орун алган (Курмангазы атындагы консерватория).

Россиянын катуу таасириндеги Казакстандын музыкасы, аспаптык жана вокалдык музыкадан турат. Пьесалары бар аспаптык музыканы солисттердин аткаруусуна берет. Вокалдык музыка көбүнчө үйлөнү үлпөттүн азем бөлүгү катары (негизинен аялдардын аткаруусунда) же кайсы бир майрамдын бөлүгү катары аткарылат.

Казак музыкасынан Россиянын таасирин эки чөйрөдө көрүүгө болот: биринчиден, опералык театрлары бар концерттик үйлөр, европа музыкасы аткарылган жана окутулган консерваториялар сыяктуу музыкалык академиялык институттарды киргизүү, экинчиден казак салттуу музыкасын ошол академиялык түзүмдөргө киргизүүгө аракет жасоо. Алгач Россия империясы, андан соң Советтер Союзу менен көзөмөлдөнгөн казак элдик жана классикалык салттары этникалык орус жана батыш европалык музыка менен байланышта болуп калган.

Казактар өзүнүн музыкасын нота менен 1931-жылга чейин жазган эмес. Кийинчерээк казак элдик маданиятына Советтер Союзунун курамында саясый жана социалдык толкундоолордон алыс болуу үчүн чыпкалануу ыкмасы менен дем берилип тураган. 1920-жылы орус чиновниги Александр Затаевич казак эл музыкасынын элементтери бар көркөм обондуу музыкалардын ири чыгырмаларын жараткан.

Учурдагы абалды европа музыкалык стилдеринин таасирине чейинки салттуу музыканы кайрадан ачуу аракети менен мүнөздөсө болот. Бирок, аткаруу сапаты жана нукуралыкка умтулууларгө көңүл бурбай коюууга болбойт, салттуу элдик музыка арасында чыгып жүргөн заманбап музыканттар (Раушан Оразбаева, Рамазан Стамгазиев) жакшы даярдыктан өткөн профессионалдар экенин методологиялык себептер менен эстен чыгарбоо керек.

Дагы бир татаал аспект жаш композиторлор, ошондой эле рок- жана джаз музыканттар муунунан келип чыгууда, алар салттуу мурасты батыш маданиятынан үйрөнгөн музыка менен айкалыштырууга умтулушуп, муну менен «заманбап этникалык классиканын» же этникалык рок менен джаздын так казакча угулган жаңы баскычын калыптандырууда. Мындай музыканын мисалдарына кийинкилерди белгилеп айтса болот: белгилүү классикалык тармак үчүн: Актота Рахметуллаевна, «Туран» ансамбли; джаз үчүн: «Көчмөндөр сыйкыры»; рок үчүн: Роксонаки, Уркер, Улатау, Aldaspan.

Музейлер

Алма-Ата — өлкөнүн тарыхый жактан маанилүү шаарларынын бири. Шаар Казакстандын тарыхын түзгөн көптөгөн тарыхый объектилерге ээ. Анын Борбордук мамлекеттик музейинде сүрөт, графика, скульптура, декоративдик жана прикладдык искусство чыгармаларынын 20 миңден ашык экспонаттары сакталган. Музейде тарыхтын түрдүү мезгилдерин көрүүгө болот. Учурдагы республиканын аймангындагы биринчи мамлекеттердин калыптануусуна, көчмөн маданияттын өнүгүүсүнө, шаарлардын түзүлүшү жана массалык көчүүлөрдүн мезгилине кайтууга болот. Абылхан Кастеев атындагы Мамлекеттик музей болжолдуу 20 миңдей искусство жана сүрөт чыгармалары бар. Мында батыш устаттардын 200дөй чыгармаларын кезиктирүүгө болот.

Элдик музыкалык аспаптар музеи 1980-жылы уюшулган. Бул «түштүк борбордун» маданий ажайып каналардын бири. Мында казак акындары, жырау (ырчы-жомокчулар) жана композиторлору ойногон музыкалык аспаптарынын уникалдуу жыйындысы бар, анын ичинде Абай Кунанбаевдин, Жамбыл Мухамбеттин, Амре, Динанын домбралары жана башка музыка искусствосунун ишмерлеринин аспаптары жайгашкан.

Ошондой эле Алма-Атада Жамбыл Жабаевдин наамына арналган адабий-мемориалдын музей бар. Музей комплекси 1936—38 жана 1938—45-жылдары жашаган акындын үйүн, акындын сөөгү коюлган мазар, гараж жана административдик имаратты камтыйт. Белгилүү композитор жана аткаруучу Нургиса Тлендиев дагы ушул ушул аймакта коюлган.

Музейлердин фонду жана экспозициялары 2016-жылга карата болжолдуу 3,6 млн маданий баалуулуктары болгон. Орточо музейлер тарабынан жыл сайын 7 миңден ашын көргөзмөлөр, 11 миң лекциялар, 190 миң экскурсиялар өкткөрүлөт; экспозициялар менен 5 миллиондон ашык келүүчүлөр таанышат.

2001-жылы өлкөдө 103 музей иштеген, 2016-жылы алардын саны 234кө жеткен. 234 музейдин 89у — аймак таануучу, 52и — мемориалдык, 50 — тарыхый, 11 — искусство музейлери, 10 корук-музей, 4 табият таануу музеи жана 181 — башка багыттагы музейлер.

Өлкөнүн тогуз корук-музейлеринин аймагында 2 эл аралык, 40тай републикалык жана дээрлик 100 аймактык маанидеги эстеликтер, ошондой эле 5 миңден ашык петроглифтер, 100 ашык күмбөздөр бар.

Ашкана

Улуттук ашканада малдын эти түрдүү ыкмалар менен даярдалып, негизинен кеңири ассортименттеги нан азыктары менен берилет. Ысылыктар (закускалар) көп учурда кара чайдан жана сүттүн негизинен турган суусундуктардан турат, мисалы, айран, шубат, кымыз. Салттуу казак кечки тамагы өзүнө көптөгөн ысылыктарды камтып, биринчиге шорпо берилет, андан соң күрүч же бешбармак сыяктуу бир же эки негизги тамактар берилет. Казактардын улуттук суусундугу болгон кымызды дагы ичишет.

Атактуу ысылыктары боорсок жана шелпек, түрдүү аземдерде чоң мааниге ээ. XX кылымдын өтүшүндөгү орустардын катуу таасиринен улам кээ бир орус жана украин тамактары да Казакстанда бекемделип калган. Алар: борщ, орус куймактары, пирожкилери ж. б.

Казак ашканасы узак убакыт бою эт менен сүттү колдонуудан турган. Жылкынын, койдун эттери жана алардын иштетилмелери — казактар колдоно алган чектелген жана бир түрдүү азык түлүк ассортименти. XVIII кылымдын аягы — XIX кылымдын башындагы буудай жана жашылча азык-түлүктөрүнүн дээрлик жоктугун эске албаганда, өзгөчө турак-жайдын туруксуздугу жана өтө чектелгендин шарттарында, фантазиясы жакшы өнүккөн адам дагы эт менен сүттөн көп түрдүү тамак жасай албаганы ачык.

Булгаары каптарда (саба — жылкынын терисинен жана торсык — койдун терисинен) кымыз жана башка кычкыл сүттүү азыктарды жасашкан, ал эми жыгач челектерде жана сабаларга ысык таштарды салып эт бышырышкан. Ушуга байланыштуу эски казак ашканасында толугу менен шорпо тамактар болгон эмес, эт болсо көбүн эсе кайнатылып желген. Казан-аяктын жана очок кананын негизги идиши — чоюн казан XVIII кылымда гана келип, аны менен бирге өзбектерден келген кээ бир куурулган эттердин түрлөрү пайда болгон.

XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында казак ашканасына жана казак улуттук дасторконуна мүнөздүү өзгөчөлүктөр калыптанып калган — эт жана камыр азыктар, негизги улуттук тамактарда эт менен камырдын айкалыштары басымдуулук кылган, мунун классикалык мисалы катары бешбармак боло алат. Ошол эле убакта жылкынын жана койдун сүтүнөн жасалган түрдүү азыктарды колдонуу — кымыз, курут, айран, сыр ж. б. — кичине четте кала баштаган.

Казактардын салттуу майрамдык түштөнүүсү ар түрдүү. Алгач кымыздан башталып, андан соң сүт чай берилет, буга мейиз, жаңгак, кургатылган быштак жана боорсоктор кошо берилет. Андан кийин жылкынын этинен жасалган түрдүү ысылыктар берилет — ышталган, мала туздалган, кайнатылган (казы, сужук, жал, жай), ошнодой эле кой этинен ысылыктар — кабырга же бауыр-куйрык (жылкы менен койдун ич этинин кычкыл сүттүү суюк татымал айкалышында). Мунун баары бири-биринен эттин курамы менен гана эмес, даярдоо ыкмалары, сапаты жана консистенциясы (майлуу, жумшак, кара кесек ж. б.) менен да айырмаланат. А бул, бир караганда бир тектүү эттү дасторконго даамдын ар түрдүүлүгүн кошот, анын үстүнө ысылыктарды таба-нан (буудай унунан дайындалып, каймак май кошулган казак токочтору) жана турптан же башка жашылчалардан (томат, бадыраң) жасалган салаттар менен жешет. Анан куурдак (койдун куурулган ич эти, негизинен боор, бөйрөк жана өпкөсүнөн), анын артынан самса жана түштөнүү аягында — бешбармак (эт же ет) тартылат, башкача айтканда кайнатылган жылкынын же койдун майда тууралган этин кесмеге аралаштырып, коюуу шорподон куюп, үстүнө күнжүт же тууралган пыяз коюп, ак нан менен берилет. Артынан кымыз, кымыздан кийин карандай чай ичилет.

Спорт

Казакстан туруктуу түрдө олимп оюндарына катышып келет. Өзгөчө бокс тармагында ийгиликтүү. Бул Борбордук Азия улуттарына дүйнө элинин көңүлүн буруп, дүйнө коомчулугунун өлкө спортсмендери жөнүндөгү маалыматын жогорулаткан.

Алма-Ата шаары кышкы Олимп оюндарын өткөрүүгө эки жолу билдирме (заявка) берген: 2014-жылы жана кайрадан 2022-жылкы кышкы Олимп оюндарына. Астана жана Алма-Ата шаарлары кышкы Азия оюндарын 2011-жылы өткөргөн.

Казакстандагы популярдуу спорттун түрлөрү: футбол, баскетбол, кадимки жана топ хоккей, бокс.

Футбол — Казакстанда бокс сыяктуу эле популярдуу спорт түрлөрүнүн бири. Казакстан футбол федерациясы (КФФ) — улуттук башкаруу органы. КФФ эркек, аял жана мини-футбол топторун уюштурат.

Казакстандын белгилүү баскетболчусу Алжан Жармухамедов, ал 1960-жылдары москванын ЦСКАсында жана 1970-жылдары Советтер Союзунун курамасында ойногон. Өзүнүн мансабында ал дүйнөнүн кээ бир эң престиждүү баскетбол мелдештеринде көптөгөн наамдардын жана медалдардын ээси болгон, анын ичинде жайкы Олимп оюндары, баскетбол боюнча дүйнө чемпионаты, Евробаскет жана Евролига. 1971-жылы эл аралык класстагы СССР спортунун устаты наамын алып, бир жылдан кийин «Ардак Белги» ордени менен сыйланган. Советтер Союзу урагандан кийин 1992-жылы Казакстандын баскетбол боюнча улуттук курамасы түзүлгөн. Түзүлгөн мезгилинен эле ал континенталдык деңгээлде конкуренттүү келген. Кураманын эң жогорку жетишкендиги 2002-жылдагы Азия оюндарында көрсөтүлгөн, анда ал өзүнүн аякы оюнунда коло медалга жетүү үчүн Филиппиндерди уткан. Учурда FIBA (французча Federation Internationale de Basketball) чемпиондор Кубогу аталган Азиянын баскетбол боюнча официалдуу чемпионатында курама 20 орундан спортсмендер финишинин мыктысы болуп 4-орунга ээ болгон.

Хоккей салттары да Казакстанда кеңири белгилүү. Чыныгы хоккейчилердин устаканасы катары, бүгүнкү күнгө чейин Усть-Каменогорск саналат. «Торпедо» клубунун оюнчуларынан куралган Казакстандын хоккей боюнча курамасы Наганодо өткөн 1998-жылкы Олимпиадада 5—8-орундарды АКШ, Швеция жана Белорусиянын курамалары менен бөлүшкөн. Кийинчерээк «Устинканын» ондогон хоккейчилери океан артында НХЛде (Национальная Хоккейная Лига же кыргызча Улуттук Хоккей Лигасы — УХЛ) ойношкон. Учурда Казакстандагы хоккей кайра жаралуу мезгилин башынан өткөрүүдө, өлкөнүн ички чемпионаттары ойнотулуп, тайпалар КХЛ (Континенталдык хоккей лигасы) жана ЖХЛ (Жогорку хоккей лигасы) лигаларында ойношууда. Казакстан клубтары Жогорку хоккей лигасында ийгиликтүү ойношууда, негизинен Усть-Каменогорсктун Казцинк-Торпедосу жана Карагандалык Сарыарка, акыркысы 2013—2014-жылкы мезгилдин «Братина» кубогунун ээси.

Казакстандын топ менен ойногон хоккейинин курамасы дүйнөдөгү мыктылардын бири жана бир нече жолу топ менен хоккей ойноо чемпионатында коло медалга жеткен, анын ичинде 2012-жылкы Казакстандагы турнир. Топ менен хоккей ойноонун кышкы Азия оюндарында тайпа биринчи турнирди утуп алган. Совет мезгилинде Алма-Аталык «Динамо» Советтер Союзунун 1977 жана 1990-жылдардагы улуттук чемпионаттарын, ошондой эле 1978-жылкы Европа Кубогун уткан. Топ менен ойнолуучу хоккей өлкөнүн 17 административдик аймагынын 10да өнүгөт (14 облустун 8 жана 3 шаардын 2сүндө). Бирок, Уральсктагы Акжайык жападан-жалгыз профессионалдык клуб.

Казакстандын боксёрлору дүйнөдө жакшы белгилүү. Акыркы үч Олимп оюндарында алардын чыгуулары мыктылардын бири деп бааланган, жана алардын Куба менен Россиядан тышкары, каалаган башка дүйнө өлкөлөрүнө караганда медалдары көп болгон. 1996 жана 2004-жылы Казакстандык үч боксёр (1996-жылы Василий Жиров, 2004-жылы Бахтияр Артаев жана Серик Сапиев 2012-жылы) Вэл Баркердин Кубогунда өзүнүн техникасы менен мыкты боксёрлор деп таанылган. 2000-жылдагы Австралиянын Сиднейиндеги жайкы Олимп оюндарында Казакстан бокс жаатында абдан жакшы оюн көрсөткөн. Эки боксёр, Бекзат Саттарханов жана Ермахан Ибраимов алтын медалга татыган. Дагы эки боксёр, Булат Жумадилов жана Мухтархан Дильдабеков күмүш медаль алышкан.

Кинематография

Мамлекеттик киноиндустрия көбүнчө Алма-Атада жайгашкан «Казакфильм» киностудиясы менен башкарылат. Өлкөдө жыл сайын «Astana» экшн-фильмдер жана «Евразия» кинофестивалдары өтүп турат.

Казакстандагы жалгыз коммерциялык ийгиликтүү жанр — комедия. Казакстан рыногунун көлөмүн эске алганда, Мамлекеттик кинону колдоо борбору алгач фильмдин мүдөөлүк баалуулуктарын биринчи коёт. Пайда табуу экинчи планга өтүп, постсоветтик мезгилдеги фильмдер тарыхы муну көрсөтүп турат.

Казакфильм киностудиясынын сайтындагы маалымат боюнча 2010-жылдан 2018-жылга чейин мамлекеттик каражатка 85 көркөм фильм тартылган. Алардын ичинен болжолдуу үчөө гана өзүн актап, киреше алып келген. Алар: «Мын Бала Аскерлери», «Шал» жана «Кызгылт коён жөнүндө баян». Калган эмгектер кирешесиз болуп чыккан.

Казак кинематографиясынын башталышы катары 1938-жылы тартылган «Амангелди» фильми саналат. Казакстан киноискусствосунун XX кылымдагы борбордук темасы ал убактагы заманбаптуулук сюжеттери болуп, кийинки фильмдерде жакшы чагылдырылган, «Биз Семиречьеденбиз» (режиссёр С. Ходжиков жана А. Очкин) — вернендик большевиктердин Совет бийлигин орнотуудагы күрөшү, «Жашоо жолу» (К. Абусеитов) — Турксибдин курулушу жана өлкөнүн жумушчу классынын калыптанышы жөнүндө, «Иртыштын баш ийбеген жээгинде» (Е. Арон) — Иртыштагы гидроэлектрстанция куруучуларынын жашоосу жөнүндө.

1950-жылдар өлкөнүн киноискусство тарыхына анын жемиштүү өнүгүү баскычтары катары кирген. Республикадагы бул процесске СССРдин министрлер Кеңешинин 1952-жылдын 18-ноябрындагы «Көркөм фильмдерди чыгарууну көбөйтүү иш-чаралары жөнүндө» токтому чоң таасир эткен. Репертуарга кийинкидей пьесалар бекем орун алган: М. Ауэзовдун «Абайы», Ш. Хусаиновдун «Кечээ жана бүгүнү», А. Тажибаевдин «Бир дарак — токой эмеси», А. Абишевдин «Достук жана сүйүүсү», К. Мухамеджановдун «Бөлтүрүк бөрүк астындасы».

Советтик кинематографисттер көркөм жана документалдык кол тийбеген эпопея киножылбаянын түзүүгө чоң маани беришкен. 50-жылдардын экинчи жарымында алар кол тийбеген жерлерди (целина) иштетүүчү адамдар жөнүндө алты көркөм фильм тартышкан. Айдалбаган жерлерди өздөштүрүүнүн жүрүшү байма-бай «Советтик Казакстан» мезгилдик киножурналында атайын документалдык фильмдерде чыгып турган. «Миллиард үчүн күрөш» (М. Дулеппо) фильми өзгөчө таң калтыраарлык болуп чыккан.

Режиссёр Тимур Бекмамбетов дүйнө таанымалын алган.

Анын фильмдери Чыгыш Европада гана эмес, Батышта да берилген, анын ичинде АКШда дагы. Бекмамбетовдун эмгектеринде башкы ролдорду дүйнө киносунун жылдыздары аткарышкан.

Серик Апрымовдун «Бауыр» фильми Борбордук жана Чыгыш Европанын goEast кинофестивалында Германиянын тышкы иштер министрлигинин сыйлыгын алган.

ММК

2019-жылга карата Казакстанда 3328 массалык маалымат каражаттары катталган, алардын 2790 мезгилдик басылмалар, 128 — телеканалдар, 70 — радио, 340 — маалымат агенттиктери жана тармак басылмалары. Көпчүлүгүн түзгөн мезгилдик басылмалар башкы орунда — 2790 (83,8 %) жалпы катталган ММКнын ичинен, мында 1800 — газеталар жана 990 журналдар. 2019-жылдын 15-январына карата ММКда 225 чет өлкөлүк теле- жана радиоканалдар катталган. 161 — Россиялык телеканалдар, 20 — Улуу Британия, 16 — Эстонилык, 15 — АКШ, 6 — Франция, 1 — Кипр. Республиканын бардык аймактарында кабель жана спутник каналдар аркылуу BBC, CNN, Deutsche Welle, «Радио Свобода», Польшалык Polonia каналы, Россия каналдары жана башка теле- жана радиоканалдар берилип турат.

Негизги тилдерден тышкары (казак жана орус) ММК украин, польша, немец, корей, уйгур, түрк, дунган жана башка тилдерде чыгат.

Майрамдар

Жаңы жыл, Эл аралык аялдар күнү, Жеңиш күнү сыяктуу Казакстанда белгиленүүчү майрамлар Советтер Союзунан калган. Республиканын суверенитет алгандан кийин пайда болгон жаңы майрамдар дагы бар. Мисалы, Көз карандысыздык жана Конституция күнү.

Жаңы майрамдарга 1 майда белгиленүүчү Эл биримдигинин майрамын кошсо да болот. Көптөгөн адамдар үчүн Эмгек майрамынын саясый боёгу жок болуп, дагы бир жазгы майрам катары эле кабыл алышчу. Казакстандан Өкмөтү эмгекчилердин ойлорун эске алып, биринчи май майрамын «нейтралдык» коннотацияга айландырып калтырган.

Жыл сайын 1-декабрда белгиленүүчү Казакстандын Биринчи Президентинин майрамы 2011-жылы уюшулган. 2012-жылдан баштап Ата-Мекенди коргоочулардын күнү мамлекеттик макамга ээ болгон.

Нооруз майрамы 1926-жылы Совет бийлиги тарабынан жоюлуп, 1988-жылы кайрадан кабыл алынган, ал эми 1991-жылдын 15-мартында Казак ССР президентинин «Элдик жаз майрамы жөнүндө» жарлыгынан кийин мамлекеттик макамга ээ болгон. 2009-жылдан баштап Нооруз официалдуу түрдө Казакстанда үч күн катары менен белгиленет — 21, 22 жана 23-мартта.

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас объектилери

Казакстан ЮНОСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде маданий жана табигый мурастарынын беш объектисине ээ: Ходжи Ахмед Ясави мавзолеи, Тамгалы археологиялык ландшафтынын петроглифтери, Сарыарка — Түндүк Казакстандын талаалары жана көлдөрү, батыш Тянь-Шан жана Чанъань — Тянь — Шанск коридорундагы Улуу Жибек жол объектилери.

Жайгаштыруу: 2018-03-31, Көрүүлөр: 30964, Өзгөртүлгөн: 2024-01-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу