Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Россия

Жеринин аянты - 17075200 чарчы/чакырым. Калкы - 145470000 адам. Түндүк Муз океанынан Казакстандын талааларына чейин, Балтика деңизинен Тынч океанга чейин Россия мейкиндиги чалкып жатат. Россия, Русь... Чайковскийдин музыкасын угуп, Шишкиндин, Поленовдун, Левитандын картиналарын көрүп, Пушкиндин, Лермонтовдун, Некрасовдун ырларын окусаң - алардан орус жаратылышын, анын кооздугун жана улуулугун сезесиң. Орус жери кооз гана эмес, бай дагы. Россияда көмүр, нефть, табигый газ, темир, слюда, түрдүү курулуш материалдары, металлдардын ири кендери бар. Жаратылыштын күрөө тамырындай агын суулар менен зор дарыялар агат. Эбегейсиз кенен аянттарды ээлеп, токой, шалбаа, мелтиреген талаалар созулуп жатат.

Кыялыбызда Россиянын кең аймагынын үстү менен анын батышынан чыгышына карай Санкт-Петербургдан Тынч океандын порту Владивостокко чейин чабыттайлы. Алдыбызда Чыгыш Европа түздүгүнүн токойлору, талаалары, көлдөрү, дарыялары чубап өтөт. Мында орустун улуу дарыясы Волга агып жатат. Байыркы заманда бул жерде Орус мамлекетинин чордону тарыхый жактан калыптанган. Россия Федерациясынын борбору - Москва шаары да ушул жерден орун алган. Андан ары чыгышта, ажайып Урал тоолорунун чыгышында адамдарга байыртан эле өз байлыгын тартуулап келе жаткан Сибирь мейкиндиги көрүнөт. Сибирь таң каларлык масштабга ээ. Батыш Сибирь түздүгү - дүйнөдөгү эң кен түздүк. Байкал дүйнөдөгү эң терен көлдүн бири, анын суусу Балтика деңизиникинен да көп. Учу-кыйырсыз тайга Канада менен АКШнын токой аянттарынан көптүк кылат.

Эң чоң дарыялары - Обь, Енисей, Лена. Чынжырдай чиркелишкен тоо кыркалары миңдеген чакырымга созулуп жатат. Мында пайдалуу кендердин көбү бар. 20-кылымдын маанилүү курулушу аталган Байкал - Амур темир жолу (БАМ) Сибирь менен Ыраакы Чыгыштын байлыгын мыктылап өздөштүрүүгө көмөктөшөт. Россиянын Ыраакы Чыгышы четки аймак, ал Түндүк Муз океаны менен Тынч океанга барып такалат. Россия Федерациясы - дүйнөдөгү чоң өлкөлөрдүн бири. Республиканын негизги калкы болгон орустардан башка бул жерде татар, чуваш, башкырт, мордва, мари, удмурт, коми, осетин, кабардин, балкар, чечен, ингуш, калмак, якут, бурят, тува - бардыгы жүздөн ашуун улут жашайт. Россия - көп улуттуу мамлекет, ал федерация, башкача айтканда, ар түркүн элдин бирикмеси. Россиянын европалык бөлүгүндө көптөгөн тарыхый эстеликтер, анын ичинде мамлекеттин мурдагы борбору, 200 жылдан ашуун тарыхы бар, кооз шаарлардын бири, илим-билимдин очогу - Санкт-Петербург шаары жайгашкан.

Бул Нева дарыясынын боюнан орун алган шаардагы Эрмитаж музейи дүйнөгө белгилүү. Ал эми Россиянын борбору - Москва шаары дүйнөдөгү ири шаар. Шаардагы көп кабаттуу үйлөр, асфальт төшөлгөн кенен көчөлөр менен аянттар, гранит төшөлгөн жээктер жана көпүрөлөрдүн бийик аркалары, көк-жашыл болгон парктар менен бульварлар, эски имараттар, орус архитектурасынын баалуу эстеликтери менен айкалышып турат. Москва - маданияттын, илимдин жана искусствонун дүйнөлүк борбору. Мында Россия Илимдер Академиясы, башка академиялар жана илимий институттар, М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, ондогон жогорку окуу жайлары менен жүздөгөн китепканалар иштейт.

Москвада 60тан ашык музей: тарых музейи, Третьяков галереясы жана башка көптөгөн музейлер бар. Борбордо ондогон театрлар, көп сандаган клуб, кинотеатрлар элге кызмат кылат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 34661, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо