Грекче арктикос - түндүк деген сөз. Түндүк муз океаны, андагы аралдар жана Европа, Азия, Американын түндүк чети Арктика деп аталат. Анда, түндүк муз океанынын ортосунда түндүк уюл орун алган. Түндүк уюлду курчап, материктердин четине чейин камтыган аймак Борбордук Арктика деп аталат. Анда бир жылда бир нече ай бою уюл түнү өкүм сүрүп турат. Бул мезгилде күн такыр көрүнбөйт, жылдыздар, ай, түркүн түстүү уюл жаркыроосу гана баш-аягы көрүнбөгөн чексиз мейкиндикке алсыз шоола чачат. Март айында күн адегенде болгону бир минута гана горизонттон кылтыйып көрүнүп, кайра батат. Ушундан тартып күн улам узара берет. Акырында түн таптакыр жоголуп, көз уялткан уюл күнү башталат. Уюл түнү сыяктуу эле ал да бир нече айга созулат.
Арктиканын жайы суук (орточо 1-3 градус жылуу) болсо да, Антарктиданын жайына Караганда жылуураак. Тиричилик Арктиканын бардык жеринде бар. Жайында деңиз жээктеринде жупуну түндүк гүлдөрү гүл ачат, жылуу Гольфстрим агымы жеткен жээк бойлорунда, мисалы, биздин өлкөдөгү Кола жарым аралында кадимкидей ысык жай болот. Түндүк муз океанынын сууларында Гренландия тюлени, морж, деңиз коёну, нерпа жашайт. Аралдарды жана муздарды ак аюу мекендейт. Ал эми жайында аралдардын деңиз боюндагы салаңдаган аскалары деңиз куштарынын уяларынан таптакыр көрүнбөй калат. Мындай жерлер канаттуулар базары деп аталат. Көптөгөн саякатчылар түндүк уюлга жетүүгө аракет кылышкан, бирок алардын аракети ийгиликсиз болгон.
1909-жылы гана америкалык саякатчы Роберт Пири түндүк уюлга жеткен. 1912-жылы орус саякатчысы Георгий Седов Түндүк уюлга баруу үчүн биринчи орус экспедициясын түзгөн. Алар Святой Фока кемеси менен жөнөшкөн. Экспедиция түндүк уюлга жетпей калган, анткени падыша өкмөтү аларга эч кандай жардам көрсөтпөй, экспедиция өтө начар жабдылган эле. Георгий Седов ушул саякатта курман болгон, бирок ошого чейин ал бир катар баалуу байкоолорду жүргүзүүгө үлгүргөн. Аларды кийин окумуштуулар өз иштеринде пайдаланышкан. Г. Седовдун ысымы менен аталган тумшукка жакын жерде бул атактуу Арктика изилдөөчүнүн урматына 1929-жылы уюлдук обсерватория курулган. Экспедициялар илимий изилдөө кемелери менен чыгышып, Түндүк Муз океаны аркылуу өтүүчү Түндүк деңиз жолун изилдеп өздөштүрө башташты. Кемелер Түндүк деңиз жолу аркылуу бир жайдын ичинде өтүүнү алышы үчүн жээк бойлорундагы гана эмес, бүткүл Арктика аймагындагы аба ырайын, муздардын калкуу багытын, деңиз агымдарын билүү зарыл.
Ушул максатта 1937-жылы тарыхта биринчи болуп советтик төрт окумуштуу Түндүк уюл аймагындагы музга чатыр тигишип, кышты ошол жерде өткөрүүнү чечишти. Алардын жетекчиси И. Д. Папанин болгон. Папанинчилер бет каарыган аязга, бороон-чапкынга, уюл түнүнө моюн бербестен Арктиканын табиятын тынымсыз изилдешкен. Азыр Арктиканын бардык жерлеринде калкыма муздарга орноштурулган Түндүк уюл деген илимий станциялар иштеп жатат. Бул станцияларда окумуштуулар кышы бою илимий байкоолорду жүргүзүшөт. Аба ырайы жана океандагы жагдай тууралуу радио менен күн сайын билдирип турушат. Бул маалыматтар бүткүл дүйнөдө пайдаланылат. 1955-жылдан тартып уюл изилдөөчүлөр, станциялар жок жердеги калкыма муздарга жыл сайын автоматтык станцияларды орното башташты.
Алар өздөрү эле муздардын жылышы жана аба ырайы жөнүндө билдирип турат. Уюл изилдөөчүлөр Арктиканын көп сырларын ачышты. Мисалы, папанинчилер Түндүк уюлда жана анын айланасында эч кандай арал же жер жоктугун аныкташкан. Кийинчирээк башка изилдөөчүлөр Түндүк Муз океанынын түбүнөн узундугу 1800 метрдей бийик тоо кыркасын табышты. Ага М. В. Ломоносовдун аты берилген. Арктиканы азыркы кезде элсиз ээн аймак деп айтууга болбойт. Муз океанынын жээгинде деңиз порттору, шаар жана шаарчалар пайда болду. Түндүк деңиз жолунда кеме катнашы жыл өткөн сайын жанданууда.
Азыр моряктар кеме кербенин жайкысын эле эмес кышкысын да бул жол аркылуу алып өтүп жатышат. Мында муз жаргыч кемелер, атомдук муз жаргыч алп кемелер зор иш аткарууда.