Атлантика океаны же Атлантикалык океан — түндүгүндө Гренландия менен Исландиянын, чыгышында Европа менен Африканын, батышында Түндүк жана Түштүк Американын, түштүгүндө Антарктиданын ортосунда жайгашкан, чоңдугу жана тереңдиги боюнча Тынч океандан кийинки океан.
Атлантика океаны | |
---|---|
Мүнөздөмөсү | |
Аянты | 91,66 млн км² |
Көлөмү | 329,66 млн км³ |
Эң терең көрсөткүчү | 8742 м |
Орточо тереңдиги | 3736 м |
Жайгашуусу | |
0° түн. кең. 30° бат. уз. |
Аянты 91,66 млн км², анын 16 % жакыны деңиздерине, булуңдарына жана кысыктарына туура келет. Жээктердеги деңиздердин аянты анча чоң эмес жана жалпы акваториянын 1 % ашпайт. Суусунун көлөмү 329,66 млн км³, бул Дүйнөлүк океандын көлөмүнүн 25 % барабар. Орточо тереңдиги — 3736 м, эң тереңи — 8742 м (Пуэрто-Рико чуңкуру). Океан сууларынын орточо жылдык туздуулугу 35‰. Атлантика океанынын жээк сызыгы булуң-буйткалуу, аймактык акваторияларга көрүнүктүү болуп кийинкидей бөлүнөт: деңиздер жана булуңдар.
Аталышы грек мифологиясындагы титан Атластын (Атлантанын) атынан келген, ушуга байланыштуу кыскартылып Атлантика аталат.
Океандын аталышы биринчи жолу биздин заманга чейинки V кылымдагы байыркы грек тарыхчысы Геродоттун эмгектеринде кездешет, ал мындай деп жазган: «Гераклдын түркүктөрү бар деңиз Атлантис аталат (байыркы грекче Ἀτλαντίς — Атлантида)». Аталыш Байыркы Грециядагы Атлант жөнүндөгү мифтен келген, бул титан Жер Ортолук Деңиздин четки батыш чекитинде далы менен көмкөрүлүп турган асманды көтөрүп турган имиш. Рим окумуштуусу Плиний Улуунун (орусча Старший деген мааниде) I кылымда океандын заманбап Океанус Атлантикус аталышын пайдаланган (латынча Oceanus Atlanticus). Ар кайсы мезгилдерде океандын өзүнчө бөлүктөрүн Батыш океан, Түндүк деңиз, Тышкы деңиз деп дагы аташкан; Атлантика океанынын түштүк жарымы кээде Эфиопиялык деңиз же океан деп аташчу, анткени, «Эфиопия» термини салтка ылайык Сахарадан түштүгүрөөк бүткүл Африкага колдонулат (ал эми Эфиопиялык империяга «Абиссиния» экзоними колдонулат).
XVII кылымдын ортосунан баштап гана Атлантикалык океан аталышы заманбап маанисинде колдонула баштаган, ал эми, орус тилиндеги биринчи дүйнө атластарында (1737, 1757) «Түндүк деңиз» аталышы колдонулчу. Океан чоңдугуна байланыштуу эки деңизге бөлүнөт: Экваторго чейинки түндүк бөлүгү Атлантикалык деңиз делет. Түштүк бөлүгү — Эфиопиялык деңиз, 1824-жылкы көргөзмөлүү окуутуу дүйнө картасында «Атлантикалык океан» заманбап маанисинде колдонулат.
Атлантика океаны Жердеги океандар арасында чоңдугу боюнча экинчи орунда. Аянты 91,66 млн км², суусунун көлөмү — 329,66 млн км³. Субарктикалык кеңдиктерден Антарктидага чейин созулат. Индия океаны менен чек арасы Игольный тумшугунун меридианы аркылуу (20° чыгыш узундук) Антарктида жээктерине чейин өтөт (Ханыша Мод Жери). Тынч океан менен болгон чек араны Горн тумшугунан 68°04′ батыш узундук меридианы аркылуу же Түштүк Америкадан Антарктикалык жарым аралга чейинки эң кыска аралык аркылуу (Дрейк кысыгы аркылуу Осте аралынан Штернек тумшугуна чейин) өткөрүшөт. Түндүк Муз океаны менен болгон чек ара Гудзон кысыгынын чыгыш оозу аркылуу, андан ары Девисов кысыгы жана Гренландия аралынын жээктери менен Брустер тумшугуна чейин, Дания кысыгы аркылуу Исландия аралындагы Рейдинупюр тумшугуна чейин, анын жээктери менен Герпир тумшугуна чейин, андан соң Фарер аралдарына, андан ары Штеландия аралдарына жана 61° түндүк кеңдик менен Скандинавия жарым аралынын жээктерине чейин өтөт. Кээде океандын түштүк бөлүгүн, 35° түштүк кеңдиктен (суунун жана атмосферанын циркуляция белгилери боюнча) 60° түштүк кеңдикке чейин (түбүнүн рельеф мүнөзү боюнча) Түштүк океанга таандык кылышат.
Океандар | Суу бетинин аянты, млн км² | Көлөмү,млн км³ | Орточо тереңдик, м | Океандын эң терең жери, м |
---|---|---|---|---|
Атлантика | 91,66 | 329,66 | 3736 | Пуэрто-Рико чуңкуру (8742) |
Индия океаны | 76,17 | 282,65 | 3711 | Зонд чуңкуру (7209) |
Түндүк Муз океаны | 14,75 | 18,07 | 1225 | Гренландиялык деңиз (5527) |
Тынч океан | 178,68 | 710,36 | 3976 | Мариана чуңкуру (11 022) |
Дүйнөлүк | 361,26 | 1340,74 | 3711 | 11 022 |
Атлантика океанынын деңиздеринин, булуңдарынын, ошондой эле кысыктарынын аянты 14,69 млн км² (жалпы океан аянтынын 16 %), көлөмү 29,47 млн км³ (8,9 %). Эң белгилүү деңиздер жана негизги булуңдар (саат жебеси боюнча): Ирландия деңизи, Бристоль булуңу, Түндүк деңиз, Норвегия деңизи, Балтика деңизи (Ботния булуңу, Финляндия булуңу, Рига булуңу), Бискай булуңу, Жер Ортолук деңиз (Альборан деңизи, Балеар деңизи, Лигурия деңизи, Тиррен деңизи, Адриатикалык деңиз, Ионикалык деңиз, Эгей деңизи), Мрамор деңизи, Кара деңиз, Азов деңизи, Гвинея булуңу, Рисер-Ларсен деңизи, Лазарев деңизи, Уэддел деңизи, Скош деңизи (акыркы төртөөнү кээде Түштүк океанга таандык кылышат), Кариб деңизи, Мексика булуңу, Саргасс деңизи, Мэн булуңу, Ыйык Лаврентий булуңу, Лабрадор деңизи. Ошондой эле Ирмингер деңизин (Гренландия менен Исландиянын ортосунда), Кельт, Ируаз деңиздерин, Нидерланд жээктериндеги ваттарды (Ватт — немисче Watten, нидерландча wadden, данияча vade — «жээктердеги тайыз жерлер») белгилешет.
Атлантика океанынын эң чоң аралдары жана архипелагдары: Британ аралдары (Улуу Британия, Ирландия, Гебрид аралдары, Оркни аралдары, Шетланд аралдары), Чоң Антиль аралдары (Куба, Гаити, Ямайка, Пуэрто-Рико, Хувентуд), Ньюфаундленд, Исландия, Отту Жер архипелагы (Отту Жер, Наварино), Маражо, Сицилия, Сардиния, Кичи Антиль аралдары (Тринидад, Гваделупа, Мартиника, Кюрасао, Барбадос, Гренада, Сент-Винсент, Тобаго), Фолкленд (Мальвина) аралдары Чыгыш Фолкленд (Соледад), Батыш Фолкленд (Гран-Мальвина), Багам аралдары (Андрос, Чоң Инагуа, Чоң Багама), Кейп Бретон, Кипр, Корсика, Крит, Антикости, Канар аралдары (Тенерифе, Фуэртевентура, Гран-Канария), Зеландия, Принс Эдвард, Балеар аралдары (Мальорка), Түштүк Георгия, Лонг-Айленд, Моонзунд архипелагы (Сааремаа , Хийумаа), Жашыл тумшук аралдары, Эвбея, Түштүк Спорадалар (Родос), Готланд, Фюн, Киклад аралдары, Азор, Ионкалык аралдары, Түштүк Шетланд аралдары, Биоко, Бижагош, Лесбос, Аланд аралдары, Фарер, Эланд, Лолланн, Түштүк Оркней аралдары, Сан-Томе, Мадейра, Мальта, Принсипи, Ыйык Елена, Вознесения, Бермуд аралдары.
Атлантика океаны мезозой мезгилинде байыркы супер континент Пангеянын түштүк материги Гондвана жана түндүгү Лавразияга бөлүнгөндө калыптанган (кененирээк: материк макаласында). Бул материктердин ар тарапка жылуусунун натыйжасында триас мезгилинин аягында учурдагы Түндүк Атлантиканын биринчи океандык литосферасынын калыптануусуна алып келген. Пайда болгон рифт аймагы, Тетис океанынын рифттик жаракасынын уландысы болгон. Атлантикалык чуңкур өзүнүн эрте өнүгүүсүндө эки океандын эки ири океан бассейндеринин биригүүсү катары калыптанган, чыгышында Тетис жана батышында Тынч океандын. Андан кийинки Атлантика океанынын чуңкурунун өсүүсү Тынч океандын өлчөмдөрүнүн кыскаруусунун эсебинен жүргөн. Эрте юр мезгилинде Гондвана Африка жана Түштүк Америкага бөлүнүп, заманбап Түштүк Атлантиканын океандык литосферасы калыптанган. Бор мезгилинде Лавразия экиге бөлүнүп, Түндүк Американын Европадан бөлүнүшү башталган. Ошол эле учурда, Гренландия түндүккө жылып, Скандинавия менен Канададан бөлүнгөн. Соңку 40 миллион жылдын өтүшүндө жана азыркы мезгилге чейин, болжолдуу океандын ортосунда орун алган жалпы рифтик ок боюнча Атлантика океанынын бассейнинин кеңейүүсү жүрүүдө. Бүгүнкү күндө тектоникалык плиталардын кыймылы уланууда. Түштүк Атлантикада Африка жана Түштүк Америкалык плиталардын бири-биринен алыстоосу жылына 2,9—4 см ылдамдыкта жүрүүдө. Борбордук Атлантикада Африкалык, Түштүк жана Түндүк Америка плиталары жылына 2,6—2,9 см ылдамдыкта бири-биринен алыстоодо. Түндүк Атлантикада болсо, Евразия жана Түндүк Америка плиталарынын жайылышы жылына 1,7—2,3 см ылдамдыкта болууда. Түндүк жана Түштүк Америка плиталары батышка, Африкалык плита түндүк-чыгышка, ал эми Евразия плитасы түштүк-чыгышка жылып, Жер Ортолук Деңиз аймагында кысылуу алкагын калыптандырууда.
Шельфтин (шельф — океандын тайыз жээк аймагы) олуттуу аймактары Түндүк жарым шар менен тең салмактуулугу белгиленип, Түндүк Америка менен Европанын жээктерине чектеш. Төртүнчүлүк мезгилде шельфтин басымдуу бөлүгү материктик тоңууга дуушар болуп, бул рельефтин реликтик мөңгү формаларын түзгөн. Шельфтин реликттик рельефинин башка элементи — чөгүп кеткен дарыя өрөөндөрү, булар Атлантика океанын дээрлик бардык шельфтик аймактарында кездешет. Реликтик континенттик катмарлар кеңири таралган. Африка жана Түштүк Америка жээктериндеги шельфтер азыраак аянтты ээлейт, бирок, Түштүк Американын түштүк бөлүгүндө булар кыйла кеңейүүдө (Патагониялык шельф). Суунун көтөрүлүүсүндө пайда болгон агымдар менен кумдуу жөөктөр же чөнөктөр калыптанган, булар кеңири жайылууну рельефтин заманбап субаквалык формаларынан алган. Мындайлар, шельфтүү Түндүк деңизге өтө мүнөздүү, көп санда Ла-Маншта кездешет, ошондой эле, Түндүк жана Түштүк Американын шельфтеринде. Экватордук-тропикалык сууларда (өзгөчө Кариб деңизинде, Багам аралдарында, Түштүк Американын жээктеринде) коралл рифтери ар түрдүү жана кеңири таралган.
Атлантика океанынын көпчүлүк аймактарындагы материктик жантаймалар же капталдар, кээде тепкич сыяктуу профильгее ээ болуп, суу астындагы каньондор менен бөлүнгөн тик боорлор менен берилген. Кээ бир аймактарда материктик жантаймалар четки платолор менен толукталат: Американын суу астындагы четтеринде: Блейк, Сан-Паулу, Фолкленд; Европанын суу астындагы чет жакасында: Подкупайн жана Гобан. Чоң кесектүү түзүм катары Исландиядан Түндүк деңизге чейин созулган Фарер-Исландиялык босоголор саналат. Ошол эле аймакта Роколл дөңсөөсү орун алган, бул Европалык субконтиненттин суу астындагы чөгөрүлгөн бөлүгү.
Көпчүлүк жерлериндеги материктик этектер, 3—4 км тереңдикте жаткан жана кубаттуу түпкү калың катмарлар (бир нече километр) менен кошулган аккумуляциялык түздүктү билдирет. Атлантика океанынын үч дарыясы дүйнөдөгү эң чоң он дарыяга кирет — Миссисипи (жылына 500 миллион тонна катуу агын), Амазонка (499 миллион тонна) жана Саргылт (153 миллион тонна). Атлантика океанынын бассейнине 22 негизги дарыялар менен жыл сайын агылып чыгуучу чөгүндү материалдын жалпы көлөмү 1,8 миллиард тоннаны түзөт. Материктик этектин өзүнчө аймактарында ылай агындыларынын ири конустары жайгашкан, алардын ичиндеги суу астындагы каньондорду агызуучу кыйла маанилүү конустар арасында: Гудзон, Амазонка, Рона (Жер Ортолук Денизде), Нигера, Конго. Түндүк Америкалык континенталдык чет жаканы бойлой түштүк багыттагы материктик этектерде муздак артикалык түпкү агымдардын эсебинен гиганттык аккумуляциялык рельеф формалары калыптанат (мисалы, Ньюфаундленддик, Блейк-Багамалык жана башка «тунма кыркалар»).
Атлантика океанындагы өтмө аймактар кийинкидей облустар менен берилген: Кариб, Жер Ортолук Деңиз жана Скоша деңизинин же Түштүк-Сандвич облусу.
Кариб аймагына таандык: Кариб деңизи, Мексика булуңунун терең суулар бөлүгү, аралдык догоолор жана терең суулуу чуңкурлар. Мында кийинкидей аралдык догоолорду белгилөөгө болот: Кубалык, Кайман—Сьера-Маэстра, Ямайка—Түштүк Гаити, Кичи Антиль аралдарынын тышкы жана ички догоолору. Андан тышкары, бул жерде суу астындагы Никарагуа дөңсөөсүн, Беата жана Авес кыркаларын белгилешет. Куба догоосу татаал түзүмгө жана ларамиялык бүктөлмөлүүлүк жашына ээ. Анын уландысы — Гаити аралынын түндүк кордильерасы (кордильерлер — созулгандыгы боюнча чоң тоо системасы, тоолор макаласын караңыз). Миоцендик жашка ээ болгон Кайман—Сьера-Маэстра бүктөлмөлүү түзүмү Юкатан жарым аралында Майя тоолору менен башталып, Кайман суу астындагы кыркасы жана Түштүк Кубанын Сьера-Маэстра тоо кыркасы түрүндө уланат. Кичи Антиль догоосу бир катар жанар калыптанууларын камтыйт (анын ичинде үч жанар тоо, мисалы, Мотань-Пеле). Жарылуудан чыккан өндүрүмдөрдүн курамы: андезиттер, базальттар, дациттер. Догоонун тышкы катмары — акиташтуу. Түштүктөн Кариб деңизин эки жанаша жаш кырка тоолор менен жээктелет: Шамалдуу аралдар догоосу жана Кариб Анддарынын тоо чынжыры, чыгышында бул Тринидад жана Тобаго аралдарына өтөт. Аралдык догоолор жана суу астындагы кыркалар Кариб деңизинин түбүн бир нече ойдуңдарга (котловиналарга) бөлөт, булар кубаттуу карбонаттуу түпкү тунма катмарлар менен түздөлгөн. Ойдуңдардын эң тереңи — Венесуэла ойдуңу (5420 м). Ушул эле жерде эки терең чуңкурлар бар — Кайман жана Пуэрто-Рико (акыркысында Атлантика океанынын эң терең жери орун алган — 8742 м.)
Скоша кыркаларынын жана Түштүк Сандвич аралдарынын аймагы бордерленддер менен берилген — жер кыртышынын тектоникалык кыймылдары менен майдаланган континенталдык чет жакалардын суу астындагы аймактары. Түштүк-Сандвич аралдарынын аралдык догоосу бир катар жанар тоолор менен татаалдашкан. Чыгыштан тереңдиги 8228 м болгон Түштүк Сэндвич чуңкуру кошулат. Скоша деңизинин тоолуу жана дөңсөөлүү түпкү рельефи орто океандык кырканын бир бутагынын октук аймагы менен байланышкан.
Жер Ортолук деңизде континенттик жер кыртышынын кеңири таралышы белгиленет. Субокеандык жер кыртышы эң терең ойдуңдарда гана тактар сыяктуу болуп өнүккөн: Балеар, Тиррен, Борбордук жана Крит кыртыштары. Шельф болсо Адриатика деңизинин жана Сицилия босогосунун чегинде гана өнүккөн. Ионикалык аралдарды, Критти жана Криттин чыгышындагы аралдарды бириктирген тоолуу бүктөлмөлүү табигый курулма, аралдык догоону элестетет, ал түштүгүнөн Эллин чуңкуру менен чектелип, чуңкур өз кезегинде түштүгүнөн Чыгыш-Жер Ортолук Деңиз тосмосунун дөңсөөсү менен чектелген. Жер Ортолук деңиздин түбүндөгү геологиялык кесилишинде мессин ярусунун (жогорку миоцен) туздуу катмарлары менен түзүлгөн. Жер Ортолук деңиз сейсмикалык аймак болуп саналат. Бул жерде бир нече активдүү жанар тоолор (вулкандар) сакталып калган (Везувий, Этна, Санторин).
Меридионалдык Орто Атлантика кыркасы Атлантика океанын чыгыш жана батыш бөлүккө бөлөт. Ал Исландиянын жээгинен Рейкьянес кыркасы аталган ат менен башталат. Анын октук түзүлүшү базальт кырын түзөт, рифтик өрөөндөр рельефте начар берилген, бирок капталдарында активдүү жанар тоолор белгилүү. 52—53° түндүк кеңдикте орто океандык кырканы Гиббс жана Рейкьянес жаракаларынын туурасынан кеткен аймактары кесип өтөт. Алардын артында Орто Атлантикалык кырканын так аныкталган рифтик аймагы менен көптөгөн туурасынан кеткен жаракалар жана терең кырлары бар риф өрөөндөрү башталат. 40° түндүк кеңдикте орто океандык кырка, көп сандагы суу үстүндөгү (аралдарды калыптандырган) жана суу астындагы жанар тоолору менен Азор жанар тоо платосун (бөксө тоо) түзөт. Азор платосунан түштүктү карай рифтик аймакта, кубаттуулугу 300 м акиташ ылайларынын астында базальттар жатат, анын астында ультра негизги жана негизги тектердин чоң кесектери бар. Бул аймакта заманбап катуу жанар жана гидротермалдык активдүүлүк байкалат. Экватор алдындагы бөлүктөгү Түндүк Атлантикалык кырка көп сандаган туурасынан кеткен жаракалуу бир катар сегменттерге бөлүнгөн, булар бири-бирине карата кыйла (300 км чейин) латералдык (каптал) жылышууларга дуушар болот. Экватордун өзүндө тереңдиктеги жаракалар менен тереңдиги 7856 м чейинки Романш чуңкуру байланышкан.
Түштүк Атлантика кыркасы меридионалдык жайылууга ээ. Бул жерде рифтик өрөөндөр белгиленип, туурасынан кеткен жаракалардын саны азыраак, ошондуктан, бул кырка Түндүк Атлантикалык кырка менен салыштырмалуу монолиттүүрөөк көрүнөт. Кырканын түштүк жана ортоңку бөлүктөрүндө Вознесения жанар платосу, Тристан-да-Кунья, Гоф, Буве аралдары белгиленет. Плато, активдүү жана жакында активдүү болгон жанарларга туура келтирилген. Буве аралынан Түштүк Атлантикалык кырка чыгышты карай бурулуп, Африканы айланып, Индия океанында Батыш Индия ортолук кырка менен кошулат.
Орто Атлантикалык кырка Атлантика океанынын түбүн дээрлик бирдей эки бөлүккө бөлөт. Батыш бөлүгүндө табигый тоо курулмалары: Ньюфаундленд кыркасы, Баракуда кыркасы, Сеара жана Риу-Гранди көтөрүңкүлөрү океан түбүн ойдуңдарга (котловиналарга) бөлөт: Лабрадор, Ньюфаундленд, Түндүк Америка, Гвиана, Бразилия, Аргентина ойдуңдары. Океандык ортолук кыркадан чыгышты карай океан түбү Канар аралдарынын суу астындагы түпкүрү, Жашыл Тумшук аралдарынын көтөрүңкүсү, Гвинея көтөрүңкүсү жана Кит кыркасы менен ойдуңдарга бөлүнгөн, алар: Батыш Европалык, Иберия, Түндүк Африка, Жашыл тумшук, Сьерра-Леоне, Гвинея, Ангола, Кап ойдуңдары. Ойдуңдарда жалпак абиссалдык түздүктөр кеңири жайылган, негизинен, акиташтуу биогендүү, ошондой эле, терригендүү материалдан турат. Океан түбүнүн аянтынын көпчүлүк бөлүгүндөгү тунмалардын кубаттуулугу 1 км ашык. Тунма тектердин астында жанар жана тыгыздалган тунма тектер менен берилген катмар табылган.
Суу астындагы материк четтеринин аймактарынан алыс жайгашкан ойдуңдар аймагында, орто океандык кыркалардын перифериясы боюнча абиссалдык адырлар жайылган. Океан түбүнүн чечинде болжолдуу 600дөй тоолор орун алган. Суу астындагы тоолордун чоң тобу Бермуд платосуна туура келет (Түндүк-Америкалык ойдуң). Бир нече чоң суу астындагы өрөөндөр бар, алардын ичинен кыйла маанилүүлөрү: Атлантика океанынын түбүнүн түндүк бөлүгүндөгү Хейзен жана Мори өрөөндөрү, булар Орто океандык кырканын эки жагына созулат.
Атлантика океанынын тайыз жерлеринин катмарлары көбүнчө терригендик жана биогендик катмарлар менен берилип, океан түбүнүн аянтынын 20 % ээлейт. Терең жерлеринде акиташтуу фораминифердик ылайлар жайылган (океан түбүнүн аянтынын 65 %). Жер Ортолук жана Кариб деңиздеринде, Түштүк-Атлантикалык кырканын түштүк аймагында птероподдук катмарлар көп. Тереңдиктеги кызыл чопо океан түбүнүн аянтынын болжолдуу 20 % ээлеп, эң терең океан ойдуңдарына туура келет. Ангол ойдуңунда радилярдык ылайлар кездешет. Атлантиканын түштүк бөлүгүндө аутигендик кремнезёму 62 — 72 % түзгөн кремнийлүү диатомдук катмарлар берилген. Батыш Шамалдар агымынын аймагында Дрейк кысыгынан тышкары жалаң диатомдук ылайдан турган талаа жатат. Океан түбүнүн кээ бир ойдуңдарында терригендик алевриттер жана пелиттер кыйла өнүккөн. Абиссалдык тереңдиктердеги терригендик катмарлар Түндүк Атлантикалык, Гавай жана Аргентина ойдуңдарына мүнөздүү.
Атлантика бетиндеги климаттык шарттардын түрдүүлүгү анын меридионалдык созулгандыгы жана негизги атмосфералык борборлордун таасири алдында аба массаларынын циркуляциясы менен аныкталат, алар: Гренландиялык жана Антрактикалык максимумдар, Исландиялык жана Антарктикалык минимумдар. Мындан тышкары, субтропиктерде дайыма эки антициклон иштеп турат: Азор жана Түштүк Атлантикалык. Алар төмөнкү басымдагы экватордук аймак менен бөлүнөт. Барикалык аймактарды мындай бөлүштүрүү Атлантикадагы үстөмдүк кылган шамалдарды аныктайт. Атлантика океанынын температуралык режимине көбүрөөк таасирди анын меридионалдык созулгандыгы гана таасир бербестен, Түндүк Муз океан, Антарктика деңиздери жана Жер Ортолук деңиз менен суу алмашуусу таасир берет. Үстүңкү сууларга экватордон жогорку кеңдиктерге алыстаган сайын алардын акырындык менен муздашы мүнөздүү, бирок, кубаттуу агымдардын болушу аймактык температуралык режимдерден четөөсүн шарттайт.
Атлантика мейкиндиктеринде бардык климаттык алкактар берилген. Тропикалык кеңдиктерге анча маанилүү эмес температуранын мезгилдик өзгөрүүлөрү (орточо көрсөткүч — +20 °C) жана мол жаан-чачындар мүнөздүү. Тропиктерден түндүктү жана түштүктү карай сезилээрдик мезгилдик (кышында 10 °Cдан, жайында 20 °C чейин) жана суткалык температуранын өзгөрүүлөрү бар субтропикалык алкактар жайгашкан; жаан-чачындар көбүнчө жайында түшөт. Субтропикалык аймактагы тез-тез болуучу көрүнүш — тропикалык бороондор. Мындай катаал атмосфералык бурганактарда шамалдын ылдамдыгы саатына бир нече жүздөгөн километрге жетет. Эң күчтүү тропикалык бороондор Кариб бассейнинде катуу болот: мисалы, Мексика булуңунда жана Вест-Индия аралдарында. Вест-Индиялык тропикалык бороондор океандын батыш бөлүгүндө, тагыраак айтканда 10—15° түндүк кеңдикте калыптанып, Азор аралдарына жана Ирландияны карай жылат. Андан ары, түндүктү жана түштүктү карай субтропик аймактары башталат, мында, жылдын эң муздак айында температура 10 °C чейин төмөндөйт, ошондой эле, кышында төмөнкү басымдагы уюлдук аймактардан келген муздак аба массалары мол жаан-чачындарды алып келет. Мелүүн кеңдиктерде жылдын эң жылуу айындагы орточо температура 10—15 °C чегинде, эң муздагы −10 °C. Бул жерде күнүмдүк температуранын кыйла өзгөрүүлөрүн белгилешет. Мелүүн алкак үчүн жетишээрлик түрдө жыл ичинде бирдей деңгээлдеги жаан-чачындар мүнөздүү (орточо 1000 мм), күз-кыш мезгилдеринде эң жогорку чегине жетип, алай-дүйлөй бороондор көп, ушуга байланыштуу түштүк мелүүн кеңдиктерди «ырылдаган кырктыктар» деп атап коюшкан. 10 °C изотерма Түндүк жана Түштүк уюл алдындагы чекти аныктайт. Түндүк жарым шарда бул чек 50° түндүк кеңдиктеги (Лабрадор) жана 70° түндүк кеңдиктеги (Түндүк Норвегия жээги) кеңири сызыкта өтөт. Түштүк жарым шарда уюл алдындагы зона экваторго жакын жерде башталат — болжолдуу 45—50° түндүк кеңдиктерде. Эң төмөнкү температура (-34 °C) Уедделл деңизинде катталган.
Жылуулук энергиясынын кубаттуу алып жүрүүчүлөрү катары экватордун эки жагында жайгашкан үстүңкү айланып жүрүүчү агымдар саналат: мындайларга, мисалы, океанды чыгыштан батышты карай кесип өткөн Түндүк жана Түштүк Пассаттык агымдар кирет. Кичи Антиль аралдарынын аймагындагы Түндүк Пассаттык агым кийинкидей бөлүнөт: чоң Антиль аралдарынын жээктерин түндүк-батышты карай бойлой түндүк бутакка (Антиль агымы) жана Кичи Антиль аралдарынын кысыгы аркылуу Кариб деңизине, андан ары Юкатан кысыгы аркылуу Мексика булуңуна куюлуп, мындан Флорида кысыгы аркылуу чыгып, Флорида агымын калыптандырган түштүк бутагы. Акыркысы саатына 10 км ылдамдыкка ээ болуп, атактуу Гольфстрим агымына башат берет. Гольфстрим, америка жээктерин бойлой 40° түндүк кеңдикте батыш шамалдардын жана Кориолис күчүнүн таасиринин натыйжасында чыгыш, андан соң түндүк-чыгыш багытка ээ болуп, Түндүк Атлантика агымы аталышын алат. Түндүк Атлантика агымынын сууларынын негизги агымы Исландия жана Скандинавия жарым аралдарынын ортосу аркылуу өтүп, Арктиканын Европалык секторундагы климатты жумшартуу менен Түндүк Муз океанга куюлат. Түндүк Муз океандан муздак тузсуздандырылган суулардын кубаттуу эки агымы агып чыгат — Гренландиянын чыгыш жээгин бойлой өткөн Чыгыш-Гренландиялык агым жана Лабрадорду, Ньфаундленди айланып, Түндүк Америка жээгинен Гольфстримди сүрүп чыгарып, Хаттерас тумшугуна чейин түштүккө кирген Лабрадор агымы.
Түштүк Пассаттык агым жарым-жартылай Түндүк жарым шарга кирип, Сан-Роки тумшугунан эки бөлүккө бөлүнөт: алардын бири түштүктү карай кетип, Бразилия агымын калыптандырат, экинчиси түндүккө бурулуп, Гвиан агымын калыптандырып, ал болсо Кариб деңизине кетет. Бразилия агымы Ла-Плата аймагында муздак Фолкленд агымы менен кездешет (Батыш Шамалдар агымынын бутагы). Африканын түштүк этегинин жанында Батыш Шамалдар агымынан муздак Бенгель агымы бөлүнөт, ал Түштүк-Батыш Африка жээктерин бойлой акырындык менен батышты карай четтейт. Гвинея булуңунун түштүк бөлүгүндө бул агымдын артынан Түштүк пассаттык агымдын антициклондук айлампасы кошулат.
Атлантикалык океанда бир нече тереңдик агымдарынын катмарлары бар. Гольфстримдин астынан күчтүү карама-каршы агым өтөт, анын негизги өзөгү 3500 мге чейинки тереңдикте жатып, ылдамдыгы секундасына 20 см чейин жетет. Карама-каршы агым ичке агым менен материктик жантайманын ылдыйкы бөлүгү аркылуу өтөт, бул агымдын калыптануусу Норвегия жана Гренландия деңиздеринин тереңдиктеги муздак агымдары менен байланыштуу. Океандын экватордук зонасында суу бетинин астындагы Ломоносов агымы ачык. Ал Антиль-Гвиан карама-каршы агымынан башталып, Гвинея булуңуна чейин жетет. Түбүнө жакын агымдар менен калыптанган, жер ортолук суулардын Гибралтар кысыгы аркылуу келүүчү туздуураак жана жылуураак суулары, кубатуу тереңдиктеги Луизиан агымы Атлантика океанынын чыгыш бөлүгүндө байкалат.
Атлантикалык океанга Канаданын жана Улуу Британиянын фьордалык (фьордалык булуң — терең жана кууш, кургактыктын тереңине кирип барган, бийик түпкү тектерден, суб уюлдук жана уюлдук кеңдиктердин жээктеринен түзүлгөн булуң) булуңдарында белгиленген суулардын көтөрүлүшүнүн эң чоң чоңдуктары туура келет. Дүйнөдөгү эң чоң суу көтөрүлүш чоңдугу Канаданын чыгыш жээгиндеги Фанди булуңунда белгиленген, мындагы суунун максималдуу көтөрүлүшү 15,6—18 м жетет.
Келиши | Суунун саны, жылына тыс.км³ менен | Чыгышы | Суунун саны, жылына тыс.км³ менен |
---|---|---|---|
Түндүк Муз океандан кысыктар аркылуу: Дейвис, Дания, Фарер-Исландия, Фарер-Шетланд кысыктары | 260 | Түндүк Муз океанга кысыктар аркылуу: Дейвис, Дания, Фарер-Исландия, Фарер-Шетланд кысыктары | 225 |
Жер Ортолук деңизден Гибралтар кысыгы аркылуу | 52 | Гибралтар кысыгы аркылуу Жер Ортолук деңизге | 55 |
Тынч океандан Дрейк кысыгы аркылуу Батыш Шамалдар агымы менен (Антарктикалык циркумуюлдук агым менен) | 3470 | Тынч океанга Атлантика океанынан Дрейк кысыгы аркылуу Антарктика жээк агымы, тереңдиктеги жана түбүнө жакын суулары менен | 210 |
Индия океанынан Африка — Антарктида аркылуу (20° чыг. уз.) Антарктиканын жээк агымы, тереңдик жана түбүнө жакын суулары менен | 1692 | Индия океанына Африка — Антарктида аркылуу (20° чыг. уз.) Батыш Шамалдар агымы менен (Антарктикалык циркумуюлдук агым менен) | 4976 |
Жаан-чачындар | 93 | Буулануу | 125 |
Дарыялык агым | 20 | ||
Жер астындагы агым | 1 | ||
Арктикалык муздардын эришинен кириши | 2 | ||
Антарктикалык муздардын эришинен кириши | 1 | ||
Бардыгы | 5591 | Бардыгы | 5591 |
Антлантика сууларынын жыл ичиндеги температурасынын өзгөрүүсү анча чоң эмес: экватордук-тропикалык алкакта — 1—3°тан ашпайт, субтропиктерде жана мелүүн кеңдиктерде — 5—8° чегинде, уюл алдындагы кеңдиктерде — түндүктө 4 °С жакын жана түштүктө 1 °С ашпайт. Эң жылуу суулар — экватордук жана тропикалык кеңдиктерде. Мисалы, Гвинея булуңунда үстүңкү катмардын температурасы 26 °C түшпөйт. Түндүк жарым шарда тропиктерден түндүктү карай үстүңкү катмардын температурасы төмөндөй баштайт (60° түн. кең. жайкы температура 10 °C түзөт). Түштүк жарым шарда температуралар кыйла тезирээк өсүп, 60° түш. кеңдикте болжолдуу 0 °C айланасында. Жалпысынан түштүк жарым шарда түндүккө караганда муздагыраак. Түндүк жарым шарда океандын батыш бөлүгү чыгышка караганда муздагыраак, ал эми түштүктө тескерисинче.
Ачык океандагы суунун үстүңкү катмарынын эң туздуу бөлүгү субтропикалык аймакта байкалат (37,25 ‰ чейин), ал эми максимум Жер Ортолук деңизде — 39 ‰. Жаан-чачындын максималдуу саны белгиленген экватордук аймакта туздуулук 34 ‰ чейин төмөндөйт. Суунун кескин тузсуздануусу суунун деңизге куйган жеринде болот (мисалы, Ла-Плата оозунда 18—19 ‰).
Атлантика океанындагы муз калыптануу Гренландия жана Баффинов деңиздеринде, ошондой эле антарктикага жакынкы сууларда жүрөт. Түштүк Атлантикадагы айсбергдердин негизги булагы Уедделл деңизиндеги Фильхнер муз шельфи саналат. Гренландия жээгиндеги айсбергдер чыгармылма мөңгүлөрдөн өндүрүлөт, мисалы, Диско аралынын аймагындагы Якобсхавн мөңгүсү. Сүзүп жүргөн муздар Түндүк жарым шарда июль айында 40° түндүк кеңдиктерге чейин жетет. Түштүк жарым шарда сууда сүзгөн муздар жылы бою 55° түштүк кеңдикке чейин болуп, максималдуу жайылуусу сентябрь—октябрь айларына туура келет. Түндүк Муз океанынан чыгуулардын жалпы саны жылына орточо 900 000 км³ деп бааланат, Антарктиданын бетинен — жылына 1630 км³.
Шамалдын жана конвекциялык процесстердин таасири алдында Атлантика океанындагы суунун вертикалдуу аралашуусу жүрөт, бул океандын Түштүк жарым шардагы үстүңкү катмардын 100 метрлик кубаттуулугун камтыйт, ал эми тропик жана экватордук кеңдиктерде 300 м чейин жетет. Үстүңкү суулар катмарынан ылдый, субарктикалык аймактан тышкары, Атлантика океанында Антарктикалык ортолук суу жайгашкан, бул дээрлик бардык жерде туздуулук минимуму менен окшош келип, биогендик элементтердин камтышы боюнча үстүңкү сууларга караганда жогорураак катышы менен мүнөздөлүп, түндүктү карай 20° түндүк кеңдик аймактарына чейин 0,7—1,2 м тереңдикте жайылат.
Түндүк Атлантиканын чыгыш бөлүгүндөгү гидрологиялык түзүмдүн өзгөчөлүгү анын ортодогу Жер Ортолук деңиздик суу массаларынын болушу, суу акырындык менен 1000ден 1250 метр тереңдикке чейин түшүп, тереңдик суу массасына өтөт. Түштүк жарым шарда бул суу массасы 2500—2750 метрге чейин түшүп, 45° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөк жерине чейин кирип барат. Булардын негизги өзгөчөлүгү — жогорку туздуулугу жана айланасындагы сууларга караганда жылуулугу. Гибралтар кысыгынын түбүнө жакын катмарындагы туздуулук 38 ‰, ал эми температура 14 °C чейин деп белгиленет, бирок, Жер Ортолук деңиздик суулар Атлантика океанындагы жайгашкан тереңдиктерине чыккан Кадисс булуңунда, фондук (фонд эмес фон) суулар менен аралашуусунун натыйжасында туздуулугу 36 ‰ жана температурасы 12—13 °C чейин төмөндөйт. Жайылуу перифериясында (тышкы бөлүгүндө) анын туздуулугу 35 ‰ жана температурасы 5 °C айланасында. Түндүк жарым шардагы Жер Ортолук деңиздик суу массаларынын астында түндүк атлантикалык тереңдик суулары калыптанат, Түндүк Европалык бассейндеги жана Лабрадор деңизиндеги бул салыштырмалуу туздуу суулар Түндүк жарым шарда 2500—3000 м тереңдикке чейин түшөт, ал эми Түштүк жарым шарда болжолдуу 50° түштүк кеңдикке чейин жетип, 3500—4000 метрге чейин түшөт. Түндүк Атлантикалык тереңдик суулары өйдө жана төмөн жайгашкан антарктикалык суулардан жогорку туздуулугу, температурасы жана кычкылтектин камтылышы, ошондой эле, биогендик элементтердин аз камтылышы менен айырмаланат. Антарктикалык түпкү суу массасы антарктикалык жантайманын жанында, муздак жана оор антарктикалык шельфтик суунун жеңилирээк жана жылуураак циркум уюлдук тереңдик суулары менен аралашуунун натыйжасында калыптанат. Бул суулар Уэдделл деңизинен жайылып, 40° түндүк кеңдикке чейинки бардык орографиялык тоскоолдуктардан ашып түшүп, деңиздин түндүгүндө минус 0,8 °C төмөнүрөөк, экватордо 0,6 °C жана Бермуд аралдарында 1,8 °C температурасына ээ. Арктикалык түпкү суу массасы андан өйдө жайгашкан сууларга салыштырмалуу туздуулугу төмөнүрөөк, Түштүк Атлантикада болсо биогендик элементтердин жогорку камтылышы менен мүнөздөлөт.
Атлантиканын түндүк бөлүгүнүн түпкү флорасы күрөң (негизинен фукоиддер, ал эми сублиторалдык аймакта — ламинария жана алярия) жана кызыл балырлар менен берилген. Тропикалык аймакта жашыл (каулерпа), кызыл (акиташтуу литотамниялар) жана күрөң балырлар (саргасстык) басымдуулук кылат. Түштүк жарым шарда түпкү өсүмдүктөр негизинен ламинариялар менен берилген. Атлантика океанынын фитопланктонунун 245 түрү бар: перидиней, кокколитофориддер, диатомдуулар. Акыркылары так зоналык жайылууга ээ, алардын максималдуу саны Түндүк жана Түштүк жарым шарлардын мелүүн кеңдиктеринде жашайт. Батыш Шамалдар тилкесиндеги агымда диатомдуулардын популяциясы жышыраак.
Атлантика океанынын жаныбарлар дүйнөсүнүн бөлүштүрүлүшү так зоналык мүнөзгө ээ. Субантарктикалык жана антарктикалык сууларда өнөр-жайлык мааниге нототениялар, путассу жана башкалар ээ. Атлантика океанындагы бентос жана планктон түрлөрү биомассасы боюнча жардыраак. Субантартикалык аймакта мелүүн аймактын кошулган тилкесинде биомасса максимумга жетет. Зоопланктондор (агымдарга каршылык көрсөтө албаган суу жаныбарлары) арасында калак бутуу рактар, птероподдор басымдуулук кылат, нектондордон (активдүү сүзүп жүрүүчү суу организмдеринин жыйындысы) — сүт эмүүчүлөрдөн: киттер (көк кит), капак буттуулар (орусча ластоногие), балыктардан — нототендүүлөр. Тропикалык алкакта зоопланктон көп сандагы фораминифтер жана птероподдор түрлөрү, бир нече радиолярий, калак буттуулар, моллюска личинкалары жана балыктар түрлөрү менен берилген, ошондой эле, сифонофорлор, түрдүү медузалар, ири баш буттуулар (кальмарлар), анын ичинде бенталдык формалар — осьминогдор бар. Өнөр-жай балыктары макрель, тун (орусча тунец), сардиналар, муздак агымдар аймагында — анчоустар менен берилген. Тропикалык жана субтропикалык зоналарга кораллдар туура келет. Түндүк жарым шардын мелүүн кеңдиктери салыштырмалуу анча чоң эмес түрлөрдүн ар түрдүүлүгү менен кошо кеңири жашоо-тиричилик менен мүнөздөлөт. Өнөр-жай балыктарынан сельдь, треска, пикша, палтус, деңиз окуну чоң мааниге ээ. Зоопланктон үчүн фораминиферлер, копеподдор көбүрөөк мүнөздүү. Ньюфаундленд банкасы жана Норвегия деңизинин аймагында плантондор көп. Тереңдиктеги фауна рак сымалдуулар, ийне терилүүлөр, балыктын спецификалык түрлөрү, губкалар, гидроиддер менен берилген. Пуэрто-Рико чуңкурунда бир нече эндемикалык полихеттердин, изоподдордун жана голотурийлердин түрлөрү табылган.
Атлантика океаны байыртадан бери эле интенсивдүү балык уулоонун жана аңчылыктын жери болуп келген. Кубаттуулуктардын чукул өсүүсү жана балык улоо технологиясындагы революция коркунучтуу масштабдагы көйгөйлөргө алып келген. Гарпундук замбиректин ойлоп табылышы менен түндүк Атлантикадагы киттер негизинен XIX кылымдын аягында эле кырылган. XX кылымдын жарымында антарктикалык сууларда пелагиялык китке аңчылык кылуунун массалык өнүгүүсүнөн улам бул жерде дагы толук кырылууга жакын болгон. 1985—1986-жылкы сезондон баштап киттерге аңчылык кылуу боюнча Эл аралык комиссия тарабынан каалаган түрдөгү киттерге коммерциялык аңчылык кылууга толук мораторий киргизилен. Эл аралык китке аңчылык кылуу комиссиясынын 2010-жылдын июнь айындагы 62-отурумунда Япония, Ислания жана Даниянын кысымы алдында мораторий убактылуу токтотулган.
2010-жылдын 20-апрелинде британиялык BP компаниясына тиешелүү Deepwater Horizon нефти платформасында болгон жарылуу, деңизде болгон эң ири экологиялык катастрофа деп саналат. Кырсыктын натыйжасында Мексика булуңунун сууларына болжолддуу 5 миллион баррель чийки нефть төгүлүп, 1100 миль узундуктагы жээктер кирдеген. Бийлик тарабынан балык улоого тыюуу салынып, өнөр-жайлык иштер үчүн Мексика булуңунун төрттөн бир бөлүгү жабылган. 2010-жылдын 2 ноябрына 6814 өлгөн жандыктар чогултулган, анын ичинде 6104 канаттуулар, 609 деңиз таш бакалары, 100 дельфин жана башка сүт эмүүчүлөр, 1 сойлоп жүрүүчү. Океандык жана атмосфералык башкармалыктардын Улуттук башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу ресурстар башкармалыгынын маалыматы боюнча 2010—2011-жылдары Мексика булуңунун түндүгүндө мурдагы жылдарга караганда (2002—2009) кит сымалдуулардын өлүмдүүлүгү жогорулаганы байкалган.
Саргасс деңизинде океан агымдары менен калыптанып, акырындык менен суу аймагында чогулган пластик жана башка калдыктардан турган чоң таштанды тагы пайда болгон. Италия жээктеринен анча алыс эмес жердеги Жер Ортолук деңиздин түбүндө микропластиктин эң чоң топтолуусу табылган. Бул жерде, түбүнүн 1 м² жерине 1,9 миллион пластмассалык бөлүкчөлөр туура келет, негизинен синтетикалык кездемелердин булалары жана чоңураак пластик буюмдардын майда кесиндилери. Микропластиктер ылдам агымдардан улам деңиздин ар кайсы жерлеринде чогулат. Бул бөлүкчөлөр абдан кичинекей болгондуктан, ылдам агымдарга түшүү менен суу түбүнө тез өтөт.
Атлантика океанынын кээ бир райондорунда радиоактивдүү булгануу да байкалат. Атомдук электр станцияларынын жана изилдөө борборлорунун калдыктары дарыяларга жана деңиздердин жээк сууларына ташташат, кээде океандын тереңдиктерине дагы чөгөрүп жиберишет. Радиоактивдүү калдыктар менен катуу булганган Атлантика океанынын акваторияларына Түндүк, Ирландия, Жер Ортолук деңиз, Мексика, Бискай булуңдары жана АКШнын Атлантикалык жээги кирет. 1977-жылы эле Атлантикага 5650 тонналык радиоактивдүү калдыктардан турган 7180 контейнер ташталган. АКШнын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттиги Мэриленд жана Делавэр штаттарынын ортосундагы чек арадан чыгышыраак 120 миль аралыктагы деңиз түбүнүн булгангандыгы жөнүндө билдирген. Ал жакта 30 жыл ичинде 14 300 цементтелген контейнерлер көмүлгөн, алардын курамында плутоний жана цезий болуп, радиоактивдүү булгануу «күтүлгөн» нормадан 3—70 эсе ашып түшкөн. 1970-жылы АКШ Флорида жээктеринен 500 км аралыктагы жерде «Рассел-Бриге» кемесин чөгөрүшкөн, анын бортунда 418 бетон контейнерге салынган 68 тонна нерв-паралитикалык газ (зарин) болгон. 1972-жылы Азор аралдарынан түндүгүрөөк жердеги океан сууларына Германия күчтүү аракеттенүүчү цианиддүү ууларды камтыган өнөр-жай калдыктарынан турган 2500 темир челектерди чөгөргөн. Контейнерлердин Түндүк жана Ирландия деңиздериндеги, ошондой эле Ла-Манш кысыгында салыштырмалуу терең эмес суулардагы фауна жана флораны бүлгүнгө учуратып, тез бузулуу учурлары белгилүү. Түндүк Атлантика сууларында болсо 4 атомдук суу астындагы сүзүүчү кемелер чөгүп кеткен: 2 советтик (Бискай булуңунда жана океандын ачык бөлүгүндө) жана 2 америкалык (АКШнын жээктеринде жана океандын ачык бөлүгүндө).
Атлантика океанынын жээктеринде жана анын курамына кирген деңиздерде кийинкидей мамлекеттер жана көз каранды аймактар бар:
Улуу географиялык ачылыштар дооруна чейин эле Атлантика океанында көп сандаган кемелер жүрүп турушчу. Биздин заманга чейин 4000 жылда Финикия эли Жер Ортолук деңиздин жашоочулары менен деңиз соодасын жүргүзүп турушкан. Кийинчерээк б.з.ч. VI кылымдан тарта финикиялыктар, грек тарыхчысы Геродоттун күбөлөндүрмөсү боюнча Африканы айланта жүрүштөргө чыгып турган, ал эми Гибралтар кысыгы аркылуу жана Пиреней жарым аралын айланта Британ аралдарына чыгышкан. Б.з.ч. VI кылымга жакын Байыркы Греция ошол убакта ири аскер-соодалык флотго ээлик кылуу менен Балтика деңизинен Англиянын жана Скандинавиянын жээктерине, ошондой эле, Африканын батыш жээктерине чейин сүзүп турушкан. Колумбга чейин ачылыштардын көпчүлүк изилдөөчүлөрүнүн ойлору боюнча X-XI кылымдарда викингдер, биринчилерден жана бир нече жолу океанды сүзүп өтүп, Гренландияны жана Лабрадорду ачып, Америка континентинин жээктерине жеткен.
XV кылымда испан жана португал деңиз сүзүүчүлөрү Индия жана Кытайга жол издеп алыскы сүзүүлөрдү аткарышчу. 1488-жылы Бартоломеу Диаштын португалиялык экспедициясы Жакшы Үмүт тумшугуна (орусча мыс Доброй Надежды) жетип, Африканы түштүгүнөн айланып өткөн. 1492—1498-жылдары Христофор Колумбдун экспедициясы Кариб бассейнинин көптөгөн аралдарын, кийинчерээк Америка аталган ири континентти картага түшүрүшкөн. XV кылымдын аягында Испания менен Португалиянын Атлантикага болгон үстөмдүк атаандаштыгы курчуп, Ватикан конфликтке кийлигилүүгө аргасыз болгон. 1494-жылы 48—49° батыш узундугуна айтылуу «папа меридианы» орногон келишимге кол коюлган. Ушул координаталардын батышындагы бардык жерлер Испанияга, ал эми чыгышындагылары Португалия берилген. Бул шарттуу сызык чыгышында Түштүк Американы кесип өткөн.
1497-жылы Васко да Гама Африканы түштүгүнөн айланып Европадан Индияга сүзүп өткөн. Америго Веспуччи Алонсо де Охеданын экспедициясынын курамында Суринамдын жээгине 1499-жылы түшкөн. 1500-жылдын 22-апрелинде Индияга сүзүп бараткан Педру Алвареш Кабрал тарабынан Бразилия ачылган. 1520-жылы Фернан Магеллан биринчи дүйнөлүк саякатында Магеллан кысыгы аркылуу Атлантика океанынан Тынч океанга өткөн. XVI жүз жылдыкта колониалдык байлыктарды өздөштүрүүдө Атлантикада Европага алтын, күмүш, кымбат баалуу таштар, калемпир, какао жана кант ташыган кемелер тез-тезден сүзүп турушкан. Ошол эле жол менен (Атлантика аркылуу), Америкага куралдар, кездемелер, спирт ичимдиктери, азык-түлүктөр, пахта менен кант камыштарынын плантацияларына кулдар жеткирилип турган. XVI—XVII кылымдарда бул аймактарда деңиз каракчылыгы гүлдөгөнү таң калыштуу деле эмес, ал эми, Джон Хокинс, Френсис Дрейк жана Генри Морган сыяктуу белгилүү каракчылар өз ысымдарын тарых барактарына калтырып кеткен.
Атлантиканын Түштүк чек арасы (Антарктиканын шельфтик мөңгүлөрү) 1820-жылы Ф. Ф. Беллинсгаузен жана М. П. Лазаревдердин антарктикалык орус экспедицияларында ачылган.
Океан түбүнүн биринчи изилдөө аракеттери 1779-жылы Дания жээктеринин жанында болгон, ал эми олуттуу илимий изилдөөлөрдүн башталышына 1803—1806-жылдары деңиз офицери Иван Крузенштерндин башатында орустардын биринчи дүйнө экспедициясы койгон. Ар кандай тереңдиктеги температураларды өлчөөнү Дж. Кук (1772-жыл), О. Соссюр (1780-жыл) жана башкалар жүргүзгөн. Кийинки жүрүштүн катышуучулары ар кандай тереңдиктеги температураны өлчөө, суунун салыштырмалуу салмагын аныктоо, суунун тунуктугунун үлгүсүн алып жана суу астындагы агымдарды аныктаган. Чогултулган материал Гольфстрим картасын (Б. Франклин, 1770), Атлантика океанынын түндүк бөлүгүнүн тереңдик картасын (М. Ф. Мори, 1854), ошондой эле, океандын шамалдар жана агымдар картасын түзүүгө (М. Ф. Мори, 1849—1860), башка изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген.
1872-жылдан 1876-жылга чейин англис желкин-буу (парус-буу) «Челленджер» корветинде илимий океандык экспедиция жүрүп, океандын суулары, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, түбүнүн рельефи жана топурагы жөнүндө жаңы маалыматтар алынган, океан түбүнүн биринчи картасы түзүлүп, тереңдиктеги жаныбарлардын биринчи жыйындысы чогултулган, мунун натыйжасында кеңири маалыматтарды камтыган 50 томдук басылма басылып чыккан. Анын артынан россиялык желкин-винттик корвет «Витязьда» (1886—1889), немец кемеси «Вальдивия» менен «Гаусста» (1898—1899) жана башка экспедициялар өткөн. Эң маанилүү жана ири эмгектер англичандардын «Дисковери II» кемесинде өткөрүлгөн (1931-жылдан тарта), буга ылайык Түштүк Атлантиканын ачык бөлүгүндөгү чоң тереңдиктерде океанографиялык жана гидробиологиялык изилдөөлөр аткарылган. Эл аралык геофизика жылынын алкагында (1957—1958) эл аралык кубаттардын жардамы менен (өзгөчө АКШ жана СССР) изилдөөлөр өтүп, мунун натыйжасында Атлантика океанынын жаңы батиметрикалык жана деңиз навигациялык карталары түзүлгөн. 1963—1964-жылдары Өкмөт аралык океанографиялык комиссия тарабынан океандын экватордук жана тропикалык бөлүктөрүн изилдөө боюнча ири экспедиция өткөрүлүп, ага СССР, АКШ, Бразилия жана башка өлкөлөр катышкан.
Акыркы отуз жылда (2020 чейин) океанды космос спутниктери тарабынан изилдөө боюнча көптөгөн өлчөөлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада 1994-жылы Американын Улуттук геофизикалык маалымат борбору тарабынан океандардын батиметрикалык атласы чыгарылган, мында картанын мүмкүндүк берүүсү 3–4 км түзүп, тереңдик тактыгы ±100 м болгон.
Атлантика океаны дүйнөлүк балык улоонун 2/5 берип, бул үлүш азаюууда. Субантарктикалык жана антарктикалык сууларда өнөр-жайлык мааниге нонотениялар, путассу ж. б. ээ, тропикалык алкакта — макрель, тунецтер, сардиналар, муздак агымдар аймактарында — анчоустар, Түндүк жарым шардын мелүүн кеңдиктеринде — сельдь, треска, пикша, палтус, деңиз окундары. 1970-жылдары кээ бир балык түрлөрүн көп кармоонун натыйжасында, өнөр-жай көлөмдөрү кыскарып кеткен, бирок, балыктарга болгон катуу чектөөлөрдү киргизгенден кийин балык запастары акырындан калыбына келип турат. Атлантика океанынын бассейнинде балык улоо боюнча бир нече эл аралык конвенциялар иштейт, булардын максаты: өнөр-жай регламентациясы боюнча илимий негизделген чараларды колдонуу менен биологиялык ресурстарды эффективдүү жана рационалдуу колдонуу. Түндүк-батыш жана түштүк батыш Атлантика балык улоо макулдашуулары менен жөнгө салынат.
Атлантикалык океан дүйнөлүк кеме жүрүүдө алдыңкы орундарды ээлейт. Каттамдардын көбү Европадан Түндүк Америкага барат. Атлантика океанынын негизги кеме жүрүүчү кысыктары: Босфор жана Дарданелла, Гибралтар, Ла-Манш, Па-де-Кале, Балтика кысыктары (Скагеррак, Каттегат, Эресунн, Чоң жана Кичи Бельт), Дания, Флорида. Атлантика океаны Тынч океан менен Түндүк жана Түштүк Америка боюнча Панама моюнча казылган жасалма Панама каналы аркылуу кошулган, Индия океаны менен болсо, Жер Ортолук деңизи аркылуу казылган Суэцк каналы менен. Ири порттор: Санкт-Петербург (негизги жүктөр, нефть өндүрүмдөрү, металлдар, жыгач, контейнерлер, көмүр, кендер, химиялык жүктөр, металлолом), Гамбург (машина жана жабдуулар, химиялык өндүрүмдөр, металлургия үчүн чийки заттар, нефть, жүн, жыгач, азык-түлүктөр), Бремен, Роттердам (нефть, табигый газ, кендер, жер семирткичтер, жабдуулар, азык-түлүктөр), Антверпен, Гавр (нефть, жабдуулар), Филикстоу, Валенсия, Альхесирас, Барселона, Марсель (нефть, кендер, дан, металлдар, химиялык жүктөр, кант, мөмө жемиштер жана жашылчалар, вино), Джоя-Тауро, Марсашлокк, Стамбул, Одесса (кант, чийки заттар, контейнерлер), Мариуроль (көмүр, кендер, дан, контейнерлер, нефть өндүрүмдөрү, металлдар, жыгач, азык-түлүктөр), Новороссийск (нефть, кендер, цемент, дан, металлдар, жабдуулар, азык-түлүктөр), Батуми (нефть, генералдык жана төкмө жүктөр, азык-түлүк), Бейрут (чыгаруу: фосфориттер, мөмө жемиштер, жашылчалар, жүн, жыгач, цемент, киргизүү: машиналар, жер семирткичтер, чоюн, курулуш материалдар, азык-түлүк), Порт-Саид, Александрия (чыгаруу: кебез, күрүч, кендер, киргизүү: жабдуулар, металлдар, нефть өндүрүмдөрү, жер семирткичтер), Касабланка (чыгаруу: фосфориттер, кендер, цитрустуулар, азык-түлүктөр, киргизүү: жабдуулар, кездемелер, нефть өндүрүмдөрү), Дакар (чыгаруу: жер жаңгак, курма, кебез, мал-жандыктар, балык, киргизүү: жабдуулар, нефть өндүрүмдөрү, азык-түлүк), Кейптаун, Буэнос-Айрес (чыгаруу: жүн, эт, дан, тери, өсүмдүк майы, зыгыр уругу, кебез, киргизүү: жабдуулар, темир кени, көмүр, нефть, өнөр-жай товарлары), Сантус, Рио-де-Жанейро (чыгаруу: темир кени, чоюн, кофе, кебез, кант, какао даны, кесилген жыгач, эт, жүн, тери, киргизүү: нефть өндүрүмдөрү, жабдуулар, көмүр, дан, цемент, азык-түлүктөр), Хьюстон (нефть, дан, күкүрт, жабдуулар), Жаңы Орлеан (кендер, көмүр, курулуш чийки заттары, авто унаалар, дан, кире буюмдар, жабдуулар, кофе, мөмө жемиштер, азык-түлүк), Саванна, Нью-Йорк (негизги жүктөр, нефть, химиялык жүктөр, жабдуулар, целлюлоза, кагаз, кофе, кант, металлдар), Монреаль (дан, нефть, цемент, көмүр, жыгач, металлдар, кагаз, асбест, курал-жарактар, балык, буудай, жабдуулар, кебез, жүн).
Атлантика океаны аркылуу Европа менен Түндүк Американын ортосундагы эл ташууда башкы ролду авиа каттамдар ойнойт. Трансатлантикалык каттамдардын көбүнчөсү Түндүк Атлантикада Исландия жана Ньюфаундленд аркылуу өтөт. Башка каттам Лиссабон, Азор жана Бермуд аралдары аркылуу кетет. Европадан Түштүк Америкага болгон авиатрасса Лиссабон, Дакар, андан ары Атлантика океанынын эң кууш бөлүгү Рио-де-Жанейро аркылуу жүрөт. АКШдан Африкага болгон авиа каттамдар Багам аралдары, Дакар жана Робертсон аркылуу каттайт. Атлантика океанынын жээгинде космодромдор да бар: Канаверал тумшугу (АКШ), Куру (Франция Гвианасы), Алкантара (Бразилия).
Пайдалуу кендерди казуу, негизинен нефть жана газ өндүрүү материктик шельфтерде жүргүзүлөт. Нефть Мексика булуңунун, Кариб деңизинин, Түндүк деңиздин, Бискай булуңунун, Жер Ортолук деңиздин жана Гвинея булуңунун шельфтеринде өндүрүлөт. Түндүк деңиздин шельфинде жаратылыш газы да алынат. Мексика булуңунда өнөр-жай деңгээлинде күкүрт өндүрүлөт, ал эми Ньюфаундленд аралында — темир кени. Түштүк Американын материктик шельфиндеги деңиз катмарларында алмаз кызалат. Мааниси жагынан кийинки минералдык топту титандын, цирконийдин, оловонун, фосфориттин, монациттин жана янтардын суу жээк кендери калыптандырат. Ошондой эле, деңиз түбүнүнөн көмүр, барит, кум, майда таш (галька) жана акиташ казышат.
Атлантика океанынын деңиз жээктеринде суу деңгээлинин көтөрүлүп түшүүсүндө негизделген электр станциялары курулган: Франциянын Ранс дарыясындагы «Ля Ранс», Канаданын Фандия булуңундагы «Аннаполис», Норвегиядагы «Хаммерфест»
Атлантика океанынын рекреациялык (эс алуу) ресурстары кыйла ар түрдүүлүгү менен мүнөздөлөт. Бул аймактагы негизги чыкма туризмди калыптандырган өлкөлөр Европада (Германия, Улуу Британия, Франция, Италия, Нидерланд, Бельгия, Австрия, Швеция, Россия Федерациясы, Швейцария жана Испания), Түндүк (АКШ жана Канада) жана Түштүк Америкада калыптанат. Негизги рекреациялык аймактар: Түштүк Европанын жана Түндүк Африканын Жер Ортолук деңиз жээктери, Балтика жана Кара деңиз жээктери, Флорида жарым аралы, Куда жана Гаити аралдары, Багама шаар аймактары, Түндүк жана Түштүк Американын Атлантика жээктеринин шаар агломерациялары. Акыркы мезгилде (2022) Жер Ортолук деңиздин Турция, Хорватия, Египет, Тунис жана Марокко сыяктуу өлкөлөрүнүн популярдуулугу өсүүдө. Атлантика океанынын өлкөлөрүнүн арасында туристтердин көп агымы менен (Дүйнөлүк туристтик уюмдук 2010-жылкы маалыматы боюнча) кийинкилер белгиленет: Франция (жылына 77 миллион келүүлөр), АКШ (60 миллион), Испания (53 миллион), Италия (44 миллион), Улуу Британия (28 миллион), Түркия (27 миллион), Мексика (22 миллион), Украина (21 миллион) , Россия Федерациясы (20 миллион), Канада (16 миллион), Греция (15 миллион), Египет (14 миллион), Польша (12 миллион), Нидерланд (11 миллион), Марокко (9 миллион), Дания (9 миллион), Түштүк Африка (8 миллион), Сирия (8 миллион), Тунис (7 миллион), Бельгия (7 миллион), Португалия (7 миллион), Болгария (6 миллион), Аргентина (5 миллион), Бразилия (5 миллион).