Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Албания

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Албания

Бул чакан өлкө Европанын түштүгүнөн орун алган. Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгү - кырка тоолор менен бөксө тоолор. Тоосунда жазы жалбырак жана эмен-бук токойлор көп. Таштан-ташка урунган суу капчыгайлардан деңизди көздөй агат. Бул суу Адрия деңизин бойлой 150 чакырымга созулуп жаткан күр топурактуу түздүктү кесип өтөт. Түздүктүн эни -15 чакырымдан 35 чакырымга чейин жетет. Климаты жумшак. Тоолуу жерлеринин климаты катаалыраак. Кышында шамал көп болуп, суук 20 градуска чейин жетет. 1944-жылы өлкөдө орнотулган элдик бийлик жылдарында өнөр жайлары, металл, жыгач иштетүү, цемент, энергетика өңдүү жаңы тармактары түзүлдү, тамак-аш, нефть алуу жана тоо-кен өнөр-жайлары өнүктү. Албания индустриалдык-агрардык өлкө.

Өлкөнүн аймагынын аз гана жери күр топурактуу болгондуктан, албандыктар саз жерлерди кургатышып, тоонун капталдарына жемиш бактарын отургузушкан. Алар жүгөрү, буудай, шалы, арпа, сулу эгишип, картошка, жашылча, буурчак, апельсин, лимон, жүзүм, зайтун өстүрүшөт. Ошондой эле өлкөдө тамеки, пахта, кант кызылчасы, жер жаңгак да өстүрүлөт. Албандар уй, жылкы, качыр, эшек, буйвол, чочко, эчки, кой асырайт. Көлдөр жана Адрия деңизинин жээктеринен балык кармалат. Албаниянын борбору - Тирана - өлкөнүн өнөр жай жана маданий борбору. Шаарда текстиль комбинаты, механикалык завод, мебель жана бут кийим фабрикалары, айнек, фаянс ж. б. заводдор бар. 1946-1976-жылдары Албания Эл Республикасы, 1976-жылдан Албан Социалисттик Эл Республикасы, 1991-жылдан Албания Республикасы деп аталат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1038, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо