Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кой

Баш барак | Жаныбарлар | Кой

Кой же койлор (латынча Ovis) — үлүк (орусча полорогий, Bovidae) сымалдуулар бүлөсүнөн чыккан үй коюн камтыган ача туяктуулар тукуму. Макала жалпы кой тукуму жөнүндө. Кошумча макала «Үй кою».

Мазмуну
Кой
Аркар
Аркар
Илимий классификациясы
  • Домен: Эукариоттор
  • Падышалык: Жаныбарлар
  • Падышалыкча: Эуметазоилер
  • Рангсыз: Эки жактуу-симметриялуу
  • Рангсыз: Экинчилик ооздуу
  • Түр: Хордалуулар
  • Түрчө: Омурткалуулар
  • Инфратүр: Жаак ооздуу
  • Класс үстү: Төрт аяктуу
  • Клада: Амниоттор
  • Клада: Синапсиддер
  • Класс: Сүт эмүүчү
  • Классча: Желиндүү айбандар
  • Клада: Эутериялар
  • Инфракласс: Плацентардык
  • Магнотряд: Бореоэутериялар
  • Отряд үстү: Лавразиатериялар
  • Клада: Scrotifera
  • Клада: Ферунгуляттар
  • Грандотряд: Туяктуулар
  • Отряд: Кито ача туяктуулар
  • Клада: Кито кепшөөчүлөр
  • Отрядча: Кепшөөчүлөр
  • Инфраотряд: Чыныгы кепшөөчүлөр
  • Бүлө: Көңдөй мүйүздүү
  • Бүлөчө: Эчкилер
  • Түркүм: Койлор
Эл аралык илимий аталышы
Ovis Linnaeus, 1758-жыл
Синонимдер
  • Aries Brisson, 1762
  • Musimon Pallas, 1776
  • Musmon Schrank, 1798
  • Ægoceros Pallas, 1811
  • Ammon de Blainville, 1816
  • Oegoceros Lesson, 1827
  • Caprovis Hodgson, 1847
  • Argali Gray, 1852
  • Pachyceros Gromova, 1936
Типтүү түр
Ovis aries Linnaeus, 1758
Тукумдар
  • Ovis
  • Pachyceros

Аталышы персче bärre «козу», грекче arēn «кой», индоевропалык uer «жүн» сөзүнө келет. Башка версия боюнча, аталышы түрк тилдеринин ортомчулугу аркылуу Иран тилдеринен алынган.

Тышкы көрүнүшү

Койлордун узундугу 1,4 метрден 1,8 метрге чейин жетет. Куйругу 7ден 15 смге чейин. Далысына чейинки бийиктиги 65тен 125 смге чейин, салмагы 20дан 200 кг чейин, кочкорлору (эркектери) ургаачыларына караганда дайыма салмактуураак. Түгүнүн түсү агышыраактан кочкул күрөңгө чейин, кара дагы болот, түгүнүн алмашуусу сейрек эмес. Кочкорлору моюнунун айланасында көп учурда жал сыяктуу жүнү болот, бирок эчкилерден айырмаланып сакалы жок. Мүйүздөр ургаачысында дагы, эркегинде дагы бар, бирок ургаачыларыныкы кичирээк. Эркектеринин мүйүзү убакыттын өтүшү менен спираль сымалдуу оролуп, узундугу 1 метрге чейин жетип барат.

Кой өлчөмдөрү

Генетика

Койлордун ар кандай топторундагы диплоиддик клеткаларында түрдүү сандагы хромосомалар бар. Бул сан (2n) 52ден (аркарларда же кар [ак] койлорунда, Ovis nivicola) 58ге чейин (уриалда, Ovis vignei).

Кээде хромосомалардын саны бир түрдүн өкүлдөрүндө, ал тургай бир койдо ар кандай болушу мүмкүн. Үй койлорунда негизинен 54 хромосомадан турган топтом бар бирок, хромосома саны 50дөн 53кө чейинки клеткалар сейрек эмес. Мындан тышкары 52 хромосомалуу жалгыз жашаган организмдери басымдуулук кылган үй койлордун породалары дагы бар.

Хромосомаларынын саны айырмаланган тукумдардын өкүлдөрүн аргындаштырууга болот, жана мындай учурда жашоого туруктуу жана тукумдуу укум-тукум бере алат. Эльбрус тоолорундагы уриал (2n = 58) жана муфлон (2n = 54) ареалдары кесилишкен жерлерде гибрид тектүү койлор топтору дагы бар. Булардын хромосомаларынын саны 54төн 58ге чейин жетет.

Жашоо цикли

Койлордун балдары козу деп аталат. Койлордун бооз мезгили болжолдуу беш айга созулат. Жашоо узактыгы орточо 10дон 12 жылга чейин.

Жүрүм-туруму

Койлор күндүзгү жашоо образын жүргүзөт бирок, өзгөчө ысык күндөрү көлөкө жерлерге эс алуу максатында жашынып, оттоону кечки же түнкү убакка жылдырышы мүмкүн. Ургаачылары жана козулары өзүнчө үйүрдү калыптандырып, кээде мындай үйүр менен андан дагы чоңураак үйүргө биригиши мүмкүн. Эркек койлор убактысынын көпчүлүгүн ургаачыларынан өзүнчө өткөрүшөт мисалы, же жалгыз жүрүшөт, же жалаң кочкорлордон турган топ арасында болот. Мындай топтун ичинде бекем иерархия сакталып, алар мүйүздөрүнүн чоңдугуна же түздөн-түз кармашуулардан кийин түзүлөт. Койлор — өсүмдүк менен азыктануучу (кепшөөчү) жаныбарлардан болуп, негизинен чөп жешет.

Жайылуусу

Жапайы койлор батыш, борбордук жана түндүк-чыгыш Азияда кездешет, ошондой эле Түндүк Американын батышында. Европада алар Балкан жарым аралында жашашкан, бирок 3 миң жыл мурун өлүп жок болгон. Кээ бир Жер Ортолук деңиз аралдарындагы муфлондор (жапайы койлор) популяциясы тууралуу алар чынында эле жапайы койлорбу же жапайы болуп кеткен үй жаныбарларыбы деген талаштар бар. Койлордун көбү тоолуу аймактарда жашашат, бирок чөлдө жашагандары да бар, мисалы жоон мүйүздүүлөрдүн кээ бир популяциялары.

Эволюция

Митохондриялык ДНКнын анализинин натыйжалары боюнча, тукумдун заманбап өкүлдөрүнүн эволюциялык байланыштары төмөнкүдөй реконструкцияланган:

Койлор эволюциясы

Классификациясы

Башында койлордун классификациясы мүйүздөрүнүн формасы деген сыяктуу морфологиялык критерийлерде негизделген. Кийинчерээк хромосомаларынын саны жана митохондриялык ДНК түзүлүшү колдонулуп калган. Ошону менен бирге түрдүү авторлор тарабынан ар кандай классификация варианттары дагы сунушталган.

Кээ бир изилдөөчүлөр Ovis тукумундагы койлорго жалдуу жана көк койлордуу кошууну сунушташкан бирок, бул тукум негизинен тар көлөмдө кабыл алынат.

Түрлөрдүн саны боюнча пикирлер дагы ар кандай. Бир эле топту ар кайсы изилдөөчүлөр түрлөр тобу, өзүнчө түр, тукум чегинде топчолордун тобу, ал гана эмес түрдүн бөлүгү катары карашы мүмкүн.

Аталыштары Түрдүү басмаларда түрлөргө бөлүштүрүү (классификациянын кээ бир варианттарында үй койлору каралбай, жапайы түрлөрү гана каралат)
Groves & Grubb, 2011 Nadler et al., 1973 Festa-Bianchet Nowak, 1999, Павлинов, 2006, Rezaei & al., 2010 Shackleton & Lovari, 1997 Grubb, 2005 Соколов, 1979, Данилкин, 2005
Үй кою Ovis aries Ovis aries Ovis aries
Муфлондор Европалык муфлон Ovis musimon Ovis gmelini Ovis orientalis Ovis orientalis Ovis ammon
Кипр муфлону Ovis orientalis
Армян муфлону Ovis gmelini
Исфахан муфлону Ovis isphaganica
Ларистан муфлону Ovis laristanica
Уриалдар Ладак уриалы Ovis vignei Ovis vignei Ovis vignei Ovis vignei
Пенджаб уриалы Ovis punjabiensis
Бухара уриалы Ovis bochariensis
Ovis arabica
Устюрт кою Ovis cycloceros
Түркмөн кою
Аркарлар Кызылкум кою Ovis severtzovi Ovis ammon Ovis ammon Ovis ammon Ovis ammon
Кара-тоо кою Ovis nigrimontana Ovis ammon
Памир кою Ovis polii
Тянь-Шан кою Ovis karelini
Казакстан аргалы Ovis collium
Алтай аргалы Ovis ammon
Дарвин кою же монгол аргалы Ovis darwini
Түндүк кытай кою Ovis jubata
Тибет кою Ovis hodgsoni
Кар кой (ак кой) Ovis nivicola Ovis nivicola Ovis nivicola Ovis nivicola Ovis nivicola Ovis nivicola Ovis canadensis
Далл кою Ovis dalli Ovis dalli Ovis dalli Ovis dalli Ovis dalli Ovis dalli
Жоон мүйүз же чоң мүйүз Ovis canadensis Ovis canadensis Ovis canadensis Ovis canadensis Ovis canadensis Ovis canadensis

Ovis orientalis түркүм аталышын колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө түрдүү ойлор дагы бар. Ал көбүнчө муфлондун илимий аталышы катары колдонулган бирок, башында бул аталыш муфлон менен уриалдын гибридине берилген экен. Ошондуктан, кээ бир авторлор муфлон менен уриалдардын өкүлдөрүн өзүнчө түркүм өкүлдөрү катары карашып, Эл аралык зоологиялык номенклатура кодексинин талаптарына ылайык Ovis orientalis аталышы колдонулбашы керек дешет. Муфлондорду белгилөө үчүн алар Ovis gmelini аталышын колдонууну сунуштайт.

Адатта, тукум курамында эки ири топту белшилешет. Биринчисине үй койлору менен кошо Батыш, Түштүк жана Борбордук Азия түрлөрү кирет — муфлондор, уриалдар жана аркарлар, ал эми экинчисине — Сибирдин кар (ак) койлору жана Түндүк Американын (жоон мүйүз жана Далл) койлору кирет. Эреже катары, бул топтор Ovis жана Pachyceros түркүмчөлөрү катары каралат.

Биринчи түркүмчөнүн курамында негизинен 1—5 түркүмдү белгилешет, экинчисинде 1—3 түркүм. Төмөндө классификациялоонун көбүрөөк жайылган вариантынын бири берилген. Бул классификация негизинен диплоиддик клеткалардагы (2n) хромосомалардын саны кыйла деңгээлде болгонуна негизделген.

Кошумча шилтемелер

Жайгаштыруу: 2018-04-17, Көрүүлөр: 4171, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу