Ич катуу же ичтин катышы (синонимдер — констипация, обстипация) — басаңдатылган, татаалдашкан же системалык жактан жетишсиз дефекация (ичегинин бошошунун татаалдыгы).
Ич катуу | |
---|---|
ЭОК-11 | ME05.0 |
ЭОК-10 | K59.0 |
ЭОК-10-КМ | K59.00 жана K59.0 |
ЭОК-9 | 564.0 |
ЭОК-9-КМ | 564.00 жана 564.0 |
DiseasesDB | 3080 |
MedlinePlus | 003125 |
eMedicine | med/2833 |
MeSH | D003248 |
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) «Эл аралык статистикалык оорулар жана ден-соолук менен байланышкан көйгөйлөрдү классификациялоосунда» (ОЭК-10) ич катууну ооруларга киргизген (код К59.0). Ошол эле убакта Дүйнөлүк гастроэнтерологдор уюму жана Америкалык гастроэнтерологиялык ассоциация сыяктуу гастроэнтерологиялык уюмдар ич катуу — оору эмес, симптом деп келишет. Алардын көз караштарын Россиянын гастроэнтерологдору да колдошот.
Ич катуу олуттуу медициналык жана социалдык көйгөй болуп саналат. Өнүккөн өлкөлөрдө тигил же бул деңгээлдеги ич катуулар менен эмгекке жарамдуу калктын 30—50 % чейини жабыркап келет, балдар арасында 5—20 % чейин. Улгайган адамдарда ич катуу 5 эсе көбүрөөк кездешет.
Суткасына эки жолудан жумасына үч жолуга чейин дефекация нормалдуу деп саналат.
Ич катуу үчүн заңдын аз болуусу, анын катуулугу жана кургактыгы, заң таштарынын болуусу, дефекациядан кийин ичегинин толук бошогон сезиминин жоктугу мүнөздүү. Ич катуу менен жабыркаган адамдарда бардык ушул белгилер кезигет, бирок, булардын кээ бирлери болбошу мүмкүн. Айтылгандардын бирөөсү гана болсо, бул ич катуунун бар экенин күбөлөндүрөт. Дефекациянын жыштыгынын жана стулдун ритминин өзгөрүүсү да — ич катуунун маанилүү белгиси.
Ошол эле убакта, дефекациянын жыштыгынын жана үзгүлтүксүздүгүн туура эмес түшүнүү менен (мисалы, дефекация күндө болушу керек деп ойлоп), кээ бир бейтаптар организмдин нормалдуу абалын ич катуу деп санашып, негизсиз өзүлөрүн ооруп жатам дешет.
Айтылуу «Рим критерийлери» бейтапта ич катуунун бар же жогун аныктоодо колдонулат. Рим критерийлери III ылайык эгер бейтапта ич катуулар жарым жылдан кем эмес болуп, акыркы үч айда жок дегенде кийинки абалдардын экөө болсо өнөкөт ич катуу диагнозу коюлат:
Дефекациянын бир нече сутка бою жок болушу курч ич катуу деп аныкталат. Курч ич катуунун себеби ичегинин өткөрбөстүгү болушу мүмкүн — механикалык (мисалы, өнүгүп жаткан шишиктин айынан) же динамикалык (курсак көңдөйүнүн сезгенүү процессинин натыйжасы катары). Курч ич катуу дары-дармектердин кыйыр таасирлеринен, баш сөөк, мээ травмаларынан, төшөктө узак убакыт жатууда жаралышы мүмкүн.
Ич катуулардын пайда болуу себептери ар түрдүү болушу мүмкүн, негизинен, туура эмес тамактануу, анын ичинде рациондо тамак-аш булаларынын же суюктуктун жетишсиздиги, аз кыймылдуулук, дааратканага баруунун кечиктерилиши, ич алдыруучу дарыларды чени жок колдонуу, кош бойлуулук, саякаттоолор, кээ бир дары-дармектерди кабыл алуу, аналдык аймактын оорулары (геморрой, арткы тешиктин жаракалары), ичегинин мотордук функцияларынын бузулушу, жамбаш сөөк түбүнүн патологиялары, жоон ичегинин өнүгүүсүнүн аномалиялары жана анын иннервациялары, жүлүн травмалары, дүүлүккөн ичеги синдрому, гормоналдык бузулуулар жана башкалар.
Учурда жалпы таанылган бирдиктүү ич катуулар классификациясы жок.
Себебине жараша ич катуунун үч түрүн карашат:
Патогенетикалык жактан ич катуунун төмөнкүдөй түрлөрүн белгилешет:
Ич катуунун диагностикалоо процессинде алгач ич катуунун өнөкөт же курч экени аныкталат. Андан кийин даттануулар Рим критерийлерине салыштыруу менен чечилет, жана бейтаптын мүмкүн болгон оорусу менен жашоо образынын байланышы каралат.
Бейтапты жалпы кароо процессинде кийинкилер аткарылат:
Кийинкидей лабораториялык изилдөөлөр аткарылат: кандын жалпы анализи, заранын жалпы анализи, кандын жалпы билирубини, аспартатаминотрансфераза, аланинаминотрансфераза, жегичтик (щелочтук) фосфатаза, гамма-глутамилтранспептидаза (ГГТП), копрограмма, заңдын дисбактериозу, заңдагы жашыруун кандын болуу анализи.
Жоон ичегинин бүткүл узундугу боюнча кылдат изилдөө үчүн, колоноскопия ыкмасын колдонушат, бул үчүн ага арналган аспап — колоноскоп колдонулат.
Аноректалдык булчуңдун тонусу, түз ичегинин (көтөн чучуктун) жана анус сфинктерлеринин жыйрылуусунун координациясы аноректалдык манометриянын жардамы менен изилденет. Ич катуу симптомдорунда ичеги-карын көңдөйүндөгү мотордук-эвакуациялоо функциясын баалоо үчүн электрогастроэнтерография жүргүзүлөт.
Ичи каткан бейтапты изилдөөдө кандын, заранын, заңдын, ашказан ичиндегилердин анализдери жүргүзүлүп, ич катууга алып келген ооруну табууга жардам берет. Зарыл болсо, ал үчүн кошумча биохимиялык изилдөөлөр колдонулат (канттын деңгээлин, кандагы ферменттердин активдүүлүгүн аныктоо ж. б.).
Бейтаптын азык-түлүк рационун түзүүгө белгилүү бир талаптарды кармануу, ич катууну дарылоодо чоң мааниге ээ. Кайсы азыктар ичегинин бошошуна өбөлгө түзөөрүн жана кайсылары тескерисинче терс таасирин тийгизээрин ич катуудан жарбыркаган ар бир адам билүүсү зарыл.
Ичегинин бошошуна өбөлгө түзгөндөр: кара буудай наны, чийки жашылчалар жана жемиштер, кургатылган мөмө жемиштер, кебеги же улпагы көп нан; кара күрүч (гречка), арпа, сулу акшагы; кошуучу (бириктирүүчү) булалары көп эт, балык майы; туздалган, маринаддалган азыктар; алкоголсуз суусундуктар (минералдык суулар, лимонад, ширелер), сыра, квас, ачыган коюуу жана кадимки каймак; кычкыл сүт азыктары — бир күндүк айран (жаңы айран, туруп калган айран тескерисинче ич катырышы мүмкүн) ж. б.
Курамында танин камтыган азыктар ичтин бошошуна тоскоолдук жаратат: кургатылган кара моюл, күчтүү (коюуу) кара чай, какао, табигый кызыл вино (кагор ж. б.); сүрүлгөн түрдөгү азыктар, илээшкек же жабышкак консистенциядагы заттар (илээшкек шорполор, сүрүлгөн ботколор, өзгөчө манна жана күрүч ботколору).
Ич катуудан жабыр тарткан бейтаптарга азыктануу рационун түзүүдө азыктардагы азык булаларынын (клетчатка) болгонун эске алуу керек. Ичи көпкөн адамдардын кабыл алган азыктарында катуу булалардын көп санда болуусу, булалары азыраак камтылган диетага караганда, газдар орточо 2 эсеге көбөйөт, ал эми азык-түлүк булалары жок суюк химиялык жактан бир тектүү диетада дээрлик 5 эсе. Ичи каткан жана ич көбүүгө даттанган бейтаптарга булаларга бай азыктарды кабыл алууну чектешет. Газдардын пайда болуусун жогорулатуучу тамактарды алып салышат, мисалы, буурчак, капуста, ат кулак жана башкалардан даярдарлган тамактар. Мөмө-жемиш ширелеринен алма, жүзүм ширелери сунушталбайт.
Ичегинин көрүнүп турган перистальтикасы менен коштолгон ич катууларда, өзгөчө курсакта карыштырган оорулар болсо, азык-түлүк булаларына бай диета ооруксунтууларды күчөтүшү мүмкүн. Мындай кырдаалдарда алгач азык-түлүк булалары аз болгон диета пайдаланылат. Карышууларды азайтуу жана кийин жок кылуу үчүн карышууга каршы дарыларды дайындашат, андан соң акырындык менен тамакка жумшак, андан кийин катуу консистенциядагы клетчаткаларды кошушат. Кара өрүк ичегинин бошошуна көмөктөшүүчү органикалык кислоталарды камтыганына жана булалардын салыштырмалуу көп эместигине (100 граммда 0,5 г) байланыштуу, ичи каткан бейтаптарга кара өрүктү каалаган түрдө сунушташат, анын ичинде тундурмасы, кургатылгандарынан пюре.
Эгер атайын каршы көрсөтмөлөр болбосо (жүрөк оорулары, шишиме), ич катуудан жабыркаган адам күнүнө 1,5—2 л суюктук ичиши керек. Жетишээрлик көлөмдөгү суюктук ичүү абдан пайдалуу, анткени, заң массаларынын ичегиден жай эвакуацияланышына байланыштуу алар кургап кетет, а бул өз кезегинде алардын жоон ичегидеги кыймылын татаалдантат.
Тамактануу режимин туура сактоо маанилүү. Күнүнө 5 жолудан кем эмес тамактануу керек. Тамактануу ортосундагы аралык өтө чоң болуусуна жол берилбейт.
Ичи каткан бейтаптарга минералдык суулар көрсөтүлгөн. Ичегинин жогорку жыйрылуу ишмердүүлүгүндөгү ич катууларда, ичтин ооруксунтуларында жылуу минералдык сууну кабыл алуу туурараак.
Ич катууларды дарылоодо ич алдыруучу каражаттарды колдонуу жетишээрлик татаал маселе. Ич алдыруучу каражаттар биринчи учурларда абдан эффективдүү, бирок, узак убакыт бою колдонууда көнүп алуу мүмкүндүгү бар, ал бул, толук өз алдынча дефекация кылууну жоготуп коюууга алып келет. АКШда эле жыл сайын ич алдыруучу дарыларга 725 миллион доллар коротулат, ошону менен бирге көбүнчөсүнө даары колдонуу талап кылынбайт, ал эми кээ бир учурларда зыяндуу, анткени, дары көз карандылыгына түрткү берет.
Заманбап медицина ич алдыруучу дарыларды тандоого дагы деле так көрсөтмөлөрдү калыптандыра элек. Бир гана ич алдырма каражатты колдонуу — дарылоонун эң оптималдуу жолу. Бардык ич алдырма дарылар «көнүп алуу» эффектисине ээ. Конкреттүү бир ич алдырманы колдонгондон 5 жыл өткөн соң анын реакциясы (таасир берүүсү) бейтаптардын жарымында гана сакталат, 10 жылдан кийин — 11 % гана.
Дары каражаттарга вазелин, бадам (миндаль) жана башка майлар таандык.
Медициналык препараттардын арасында «кыймылдаткыч» тобу бар, ичегинин ичиндегисин жылдыруучулар, алар:
Ич алдыруучу каражаттардын башка тобу — осмотикалык, ичегиде сууну көбөйтүүчүлөр, алар:
Ошондой эле, айкалыштырылган (комбинацияланган) препараттар дагы бар, алар өсүмдүк компоненттерин («Кафиол», «Регулакс», «Калифиг», «Агиолакс») жана «Микролакс» мини-клизмасын камтыйт.
Курч ич катуудан өнөкөт ич катууга өтүүнү алдын алууга багытталган чаралар чоң мааниге ээ.
Курч ич катуулар курч инфекциялык оорулардан пайда болгону сейрек эмес. Алардын пайда болуусуна рациондо азык-түлүк булалары аз тамак-аш, төшөк режими, инфекциялык оорулардын козгогучу ичегиге чыгаруучу уулуу заттардын таасирлери өбөлгө түзөт. Курч инфекцияларда ич катууну алдын алуу үчүн жетишээрлик деңгээлде суу ичүү, рационго сүрүлгөн жашылчаларды, жемиштерди, ширелерди, кычкыл сүт азыктарын кошуу керек.
Курч ич катуулар көп учурда узак убакыт бою төшөктө жаткан, жүрөк-кан-тамыр системасынын оор оорулары бар бейтаптарда пайда болот. Төшөк режимин кыскартуу заманбап көз карашта бул ооруларды дарылоого карама-каршы келбейт, жана ич катуунун пайда болуусун, анын өнөкөт формасына өтүп кетишин алдын алат.
Дефекацияга болгон каалоонун жоголушу менен байланышкан ич катуу кээде бала кезде эле пайда болот. Балдарды белгилүү бир убакта, айрыкча эртең менен дефекация кылууга үйрөтүү, дефекацияга табигый рефлексин жоготуу менен шартталган ич катууларды алдын алууда маанилүү. Даараткана менен бир убакта колдонуу адаты чоң кишилердин дагы ушул сыяктуу ич катууларынын пайда болуусун алдын алат.
Тамактануудагы узак мөөнөттүү тыныгуу, өз убагындагы ичегинин ичиндеги массаларды эвакуациялоо ритминин бузулуусуна алып келиши мүмкүн. Өзүнчө тамактануулардын ортосундагы аралыкты кыскартуу, ошону менен катар рационду азык-түлүк булалары менен байытуу, ич катууну алдын алуунун эффективдүү жолу.
Жетишээрлик физикалык активдүүлүк, эртең мененки көнүгүүлөр, сейилдөө, дене тарбия машыгуу, суу процедуралары, айрыкча акыл-эс жана көп отуруп иштеген кызматкерлер арасында, ич катуунун алдын алууда маанилүү факторлор болуп саналат.
Ич катуунун пайда болушуна өбөлгө түзүүчү ар кандай ооруларды өз убагында дарылоо — алардын алдын алуусу үчүн эң маанилүү чара. Биринчиден, бул жоон ичеги ооруларына тиешелүү.
Ичегинин ичиндегилеринин көлөмүнө адамдын тамактануу мүнөзү, тамак-ашта оор сиңирилүүчү азыктын болушу, ичеги дубалы аркылуу суу менен туздардын өтүшү таасир этет. Азык-түлүк булаларына бай азыктарды кабыл алуу, заңдын көлөмүн көбөйтүп, ичегинин иштешине түрткү болот.
Азык-түлүк буласы деп азык сиңирүүчү суюктукка туруктуу болгон өсүмдүк компоненттери аталат. Азык-түлүк булалары углеводдуу жана углеводсуз түзүмүндөгүлөр болуп бөлүнөт. Биринчилерине целлюлоза (клетчатка), камеди (өсүмдүк катарындагы сууга эрий турган полисахариддер), былжырлар кирет, мисалы, сүйрү бака жалбырактын уруктарынын кабыгындагы, экинчилерине — пектиндик заттар жана табигый полимер лигнин. Азык-түлүк булалары олуттуу энергиянын булагы боло албасын эстен чыгарбоо керек. 25 г булаларды жарым-жартылай сиңирилишинде, болгону 418 Дж (100 калория) энергия бөлүнүп чыгат.
Ич катууларды алдын алуу жана дарылоодо активдүү кыймыл режимин сактоо чоң ролду ойнойт. Эртең менен төшөктөн кеч туруу, көпкө жатууга жол берилбейт. Жөө басуу, лыжа тебүү, сүзүү, велосипед тебүү жана башка физикалык жүктөмдөр пайдалуу. Физикалык машыгуулар ичегинин кыймылдоо активдүүлүгүнө түрткү берип, карын дубалынын булчуңдарын бекемдейт, организмдин бүткүл тонусун жогорулатат, нерв-психикалык чөйрөсүнө жагымдуу таасир этет.
Ич катуулар көбүнчө сууну аз ичкен адамдарда өнүгөт. Сууну керектөөнүн зарылдыгы индивидуалдуу, бирок бардык учурларда суткасына 1 литрден аз суюктук керектөө ич катуунун өнүгүү коркунучун келтирет. Ысык климатта салыштырмалуу суусуздануу же белгилүү бир ооруларда (мисалы, кант диабети) суусуздануу ич катууга ийимдүүлүктү жогорулатат. Ич катуунун алдын алуу, сөзсүз түрдө күнүнө 1 литрден кем эмес сууну ичүүнү камтыйт.
Дефекация учурунда түз ичеги жапыз отурганда гана түздөлөт, «унитазда отуруу» позасы башынан физиологиялуу эмес келип, ич катууларга түрткү берет, өзгөчө өтө бийик унитаздар абалды курчутат. Индияда жана өлкөбүз Кыргызстанда көпчүлүк адамдар дааратканада жапыз отурат, жана муну өнүккөн өлкөлөрдүн адистери туура деп эсептешет.
Көпкө созулган ич катуу түрдүү татаалдашууларга алып келиши мүмкүн. Экинчилик колит, проктосигмоидит (сигма сымал жана түз ичегинин сезгенүүсү) пайда болушу ыктымал.
Ичени массалардын көпкө туруп калуусунда сокур ичегиде алардын кайра артка, ичке ичегиге өтүп, энтериттин өнүгүүсү (рефлюкс-энтерит) болбой койбойт деп айтууга болбойт. Ичтин катышы өт чыгаруучу жолдордун, гепатит оорулары менен татаалдашууларга алып келет.
Узакка созулган ич катуулар түз ичегинин түрдүү ооруларынын пайда болуусуна шарт түзөт. Көбүнчө геморрой пайда болот. Ошондой эле, ич катууларда арткы тешиктин жаракалары, түз ичеги айланасындагы клетчатканын сезгениши (парапроктит) пайда болушу мүмкүн.
Узакка созулган ич катуулар кээде жоон ичегинин кеңейүүсүнө жана узаруусунуна алып келет (кабылданган мегаколон), а бул ич катууларды андан дагы катуу кылат.
Узакка созулган ич катуунун эң коркунучтуусу түз жана жоон ичегинин рагы. Азык-түлүк булаларына жарды келген азыктарды жегенде ичегидеги массалардын туруп калышы ичегиде пайда болгон канцерогендин (рактын өнүгүүсүнө түрткү болгон) чоң концентрациясына алып келип, алардын ичеги дубалдарына узак мөөнөт бою таасир этет деген ой бар. Жоон ичегиде шишиктин пайда болуу мүмкүндүгү жөнүндө күмөн саноонун белгилери: өзүн начар сезүү, арыктоо, 50 жаштан ашкан адамдардын акыркы убакта заңы нормалдуу болуп жүрүп, андан соң ич катуусунун пайда болушу.
Педиатриялык тажрыйбада ич катуу көп кездешүүчү көйгөй. Чоң кишилерге караганда балдардын ич катуулары кыйла айырмаланып, баланын жашынан көз каранды. Эгер бир жашка чейинки балдарда ич катуунун негизги себептери органикалык бузулуулар жана ичегинин түрдүү оорулары болсо:
бир жаштан ашкан балдардын ич катуулар себептери негизинен психологиялык мүнөзгө ээ:
Баланын ич катуусун дарылоо сөзсүз түрдө оорунун пайда болуу себептерин эске алуу менен жүрүшү керек. Балага оюн формасында заңдын кармалышы жагымсыз натыйжаларга алып келээрин жеткирүү керек, зарыл болсо, даары дармектер же башка каражаттар менен дарылоо дайындалат.
Ич катуу — балдар арасында көп таралган көйгөй. Курч же өнөкөт ич катуу эпизоддору учурунда эрте дарылануу, аналдык жаракалар, заңды атайылап кармоо, өнөкөт ич катуу жана энкопрез сыяктуу татаалдашуулардын алдын алышы мүмкүн. Ич катууларды чоң эки топко бөлсө болот — органикалык жана функционалдык. Ич катуунун түрүнө жараша аны дарылоо стратегиясы да өзгөрөт. Диета өзгөчөлүктөрүн жана дааратканага баруу маданиятын кароо, бардык курактагы балдардын профилактикалык текшерилүү бөлүгү болушу керек. Балдар ич катууга жашоосунун белгилүү бир убактарында гана көбүрөөк кабылат. Бул мезгилдерде ич катуу башталса, тез жана эффективдүү дарылоо менен анын өнүгүүсүнөн кутулууга болот. Мезгилдер өзүнө кийинкилерди камтыйт:
Катуу тамак-ашка жана идиш дааратканага (горшок) баруу мезгилдеринде балдарга күнүнө 20 грамм булаларды (клетчатка) кабыл алуу керек. Балдар кабыл ала турган суюктуктун минималдуу саны — күнүнө 960—1920 мл. Уйдун сүтүн кабыл алууну күнүнө 720 млге чейин чектөө керек.
Ич катуунун курч эпизоддору, адатта, күнүмдүк тамактануулардын өзгөртүлүшү менен жакшы дарыланат, мисалы, азык-түлүк булаларын көбөйтүү, жетиштүү суюктуктарды ичүү жана осмотикалык активдүү углеводдорду (сорбит) кабыл алуу. Процесстин өнөкөттөшүүсүн алдын алуу үчүн айтылган сунуштарды кармануу керек. Сунуштарды аткаргандан кийин дагы кетпеген кадимки же өнөкөт ич катуулары бар балдарда, сунуштардын адекваттуу аткарылышын баалоо абзель.
Макаланын башында айтылгандай, жаштарга караганда улгайган адамдарда ич катуу 5 эсе көбүрөөк кездешет. Кээ бир улгайган адамдарда ичегинин перистальтикасы бузулат, дефекация актысынын ишке ашышына активдүү катышкан ичтин карын булчуңдары, жамбаш сөөктүн түбүндөгү булчуңдар алсызданат. Улгайганда ичеги микроорганизмдеринин курамында да олуттуу өзгөрүүлөр болуп, алардын саны да көбөйөт.
Ичеги микрофлорасынын курамынын өзгөрүшүнө, жаштын өтүшү менен ичегиде тамак сиңирүүчү ферменттердин азаюуусу түрткү болот, а бул ичеги микрофлорасынын туруктуу курамын камсыз кылуучу маанилүү фактор.