Арча жыттуу, пайдалуу дарак же бадал түрүндөгү өсүмдүк. Ал дайыма көк-жашыл болуп, жаратылыштын көркүнө көрк кошот. Арча жаратылыш шартына жараша бирде коюу, бирде суюк өсөт. Адамдар аны абаны тазартуу жана дары-дармек жасоо үчүн да колдонушат. Кыргыздар байыркы убактан эле арчадан түрдүү турмуш-тиричилик буюмдарын (бешик, айырмач, идиш-аяк ж. б.) жасашкан. Арча токою Кыргызстанда 316,7 миң гектар аянтты ээлейт. Ал таштак жерлерге да өсөт. Кургакчылыкка чыдамдуу келет. Жер кыртышын кыян-селден сактоого жардам берет.
Ал деңиз деңгээлинен 1000 метрден 3600 метрге чейинки бийиктикте өсүп, 1000 жылга чейин жашайт. Арчанын бизде беш түрү кенен тараган: сары, кара, өрүк арчалары дарак түрүндө өсөт, бадал жана жапалак арчалар бадал болуп өсөт. Бадал арчалар республикабыздын бардык тоолорунда кездешет. Арчанын жалбырактары майда, бутактары ичке келип, уругу тобурчактын ичинде өнөт да, күзүндө бышат. Уругун жерге сепсең, бир жылдан кийин өнүп чыгат. Арча өтө жай өсөт. Анын көчөтү 4-5 жылда 10-15 смте араң жетет. Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргызата арча токою дүйнөгө белгилүү.
Анда арчаны изилдөөчү атайын станциясы бар. Арчанын жыгачы катуу жана бекем болот. Аны көбөйтүү үчүн атайын питомниктер уюштурулуп жатат. Жаратылыштын көркү болгон арчаны көбөйтүү жана сактоо баарыбыздын милдетибиз.