Кызыл карагай, карагай, көк карагай, мырза карагай, кедр, арча - ушулардын баары ийне жалбырактуу дарактар деп аталат. Ийне жалбырактуу дарактардын жалбырагы ийне сыяктанып ичке болот. Биздеги ийне жалбырактуу дарактарынын жалбырагын жыл сайын күбүп турган кызыл карагайдан башкасы, дайыма жашыл дарактар деп аталат. Бирок бул анчалык деле туура эмес. Бардык эле ийне жалбырактуу дарактар жалбырактарын эч качан күбүбөгөндөй көрүнгөнү менен алар акырындык менен аны алмаштырып турат. Кызыл карагайдын жалбырактары эки-үч жыл гана жашайт, андан соң күбүлүп, ордуна жаңы жалбырактар пайда болот. Карагайдын жалбырактары беш - жети, же болбосо тогуз жылга чейин жашайт. Арчанын жалбырагы төрт жылга чейин турат. Ийне жалбырактуу дарактар жыл сайын жазында гүлдөйт.
Айрыкча кызыл карагай ургаал гүлдөйт, тегерегине саргыч чаң төшөлүп калат. Ушул учурда кызыл карагайлуу токойдо чаң жааны жаап жаткандай көрүнөт. Кызыл карагайдын чаңы тынч жаткан көлдүн үстүнө түшсө, көл бети сапсары болуп көрүнмөк. Гүлдөп бүткөндөн кийин ийне жалбырактуу дарактардын бутактарында жемиштер - тобурчактар пайда болот. Тобурчактардын бекем кабырчыктарынын ичинде уруктар өсүп жетилет. Карагайдын уругу ошол эле жылы кеч күздө бышат, кызыл карагайдын тобурчактары гүлдөгөндөн кийинки экинчи жылы гана пайда болот. Урук бышканда тобурчак ачылат. Уруктар тобурчактан күбүлүп, шамал менен туш тарапка таралат.
Алар көпкө жашайт. Карагайдын бышып жетилген уругу он жылдан кийин деле өнүшү мүмкүн. Ийне жалбырактуу дарактардын уругу - көп куштардын жана айбандардын жакшы көргөн жеми. Ошондуктан карагай, кызыл карагай, мырза карагайдын уругу жана Сибирь кедринин жаңгактары түшүмдүү болгон мезгилде ийне жалбырактуу токойдо канаттуулар, тыйын чычкан, бурундуктар жайнап кетет. Ийне жалбырактуу дарактардын жыгачы өтө баалуу.
Ал курулушта колдонулуп, өнөр жайда чийки зат (сырьё) катары пайдаланылат. Ийне жалбырактуулар боюнча толуктама