Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кополок жонундо маалымат

"Кополок жонундо маалымат" мына, кызыл-тазыл кооз көпөлөк гүлгө келип конду. Силер сөзсүз, аны көздөй акырын жылып, шапкенер же башка бир нерсе менен баса калууга аракеттенесиңер. Эгерде көпөлөктү кармап алсаңар анын канатынан кармалап, муруттарын, түрмөктөлүп буралган тумшугунан тарткылап көрөсүңөр. Бир аз эрмектеп, жадаганда ыргытасынар - анын эмне кереги бар? Эми көпөлөк учалбай алсыз калдаңдап жерге түшүп, ары-бери тырпырайт. Анын баркыттай майда түктүү канаттары уйпаланып, сүрөтү өчкөн канатынын айнек таштай тунук сүлдөрү гана көрүнөт. Көпөлөк өлүмгө дуушар болот.

Көпөлөктөргө тийбестен, кармабастан байкоо жүргүзүү өтө кызык. Анткени ал таптакыр башка түргө өтүп кубулат. Таракандын же чегирткенин жумурткасынан дароо эле кичинекей таракан же чегиртке чыгат. Ал эми көпөлөктүн жумурткасынан ага такыр окшобогон түктүү курт чыгат. Мына ушундай курттун көз тайгылткан кооз көпөлөк болоруна ишенүү да кыйын.

Көпөлөктү өзүңөр деле чыгара аласыңар. Дарактын жалбырактарынан түктүү курттарды чогулткула, ошол жалбырактардан көбүрөөк ала кетүүнү унутпагыла. Анткени түктүү курт чың тийбес келет, башка дарактын жалбырагын жебей өлүп калат. Түктүү курттарды банкага же кутучага жайгаштырууга болот. Бирок аларга да аба керектигин эстен чыгарбоо зарыл. Банканын оозун даки менен байлагыла же кутунун капкагына майда тешиктерди жасагыла. Жалбырактарды улам алмаштырып жаңылап туруу керек.

Маал-маалы менен банканы же кутуну тазалап турууга да туура келет. Анткени түктүү курттар өсүп-чоңоюшу керек, кээде алар өздөрүнүн салмагынан да ашык тамак жешет. Түктүү курттардын жалкоо тартып, ыкшоолонуп калганын байкасаңар, ооруп калганбы деп ойлобогула. Бул - алгачкы кереметтүү кубулууга даярдана баштаганы. Анын кандайча кубуларын көрүү өтө кыйын. "Кополок жонундо маалымат" улантабыз.

Бир күнү эртең менен эле түктүү курттардын хитин кабыгына оролгон кыймылсыз куурчакчаларга айланып калганын көрөсүңөр. Буттарынын бүгүлгөнү, муруттарынын денесине жабышканы байкалган көпчүлүк куурчакчалар көпөлөктүн мумиясы сыяктанып көрүнөт. Куурчакчалар түктүү куртка да, көпөлөккө да окшобойт - дөмпөйүп сүйрүйгөн бир нерсе. Куурчакчалар эч нерсе жебейт, кыймылдабайт. Бирок алардын баары экинчи жолу кубулууга: көпөлөк болуп учууга даярданат. Жолуңар болуп муну өз көзүңөр менен көрүп калышыңар да мүмкүн. Адегенде куурчакча кыймылдай баштайт. Анан кабыгы жарылып, жону, башы, буттары көрүнөт. Куурчакчанын тунук кабы (кеби) ордунда калат.

Мурутчалардын кабыгы да ташталат. Көпөлөк сыртка суурулуп чыгат. Анын кооз канаттары кана? Алардын ордуна нымдуу кичинекей үзүкчөлөр гана көрүнөт. Шашпай коё тургула! Сыртка чыккандан кийин бул үзүкчөлөр тез эле жазылып, жалтылдаган, түркүн түстүү боёкко боёлуп чыга келет.

Көпөлөктөрдүн баары эле ачык түстө эмес. Мисалы, канаттарын жыйнап дарактын кабыгына жабышып олтурган тасма канат үкү көпөлөгүн эч ким көрбөйт. Кудум эле сыйкырдуу шапке кийип алган сыяктанат. Анын канаттары бозомук, сүрөттөрү ачык болгондуктан, өзү конгон бутактын кабыгына өңдөш. Капыстан бир ышкыбоз чымчык ага жакын келип конду. Көпөлөк үстүңкү канаттарын көтөрө койгондо анын ачык түстүү астыңкы канаттары боз кабыкта жарк дей түшкөнсүйт, чымчык селт эте учуп кетет. Өтө ачык түстүү канаттары көп учурда: мени жегенге болбойт деп эскерткенсийт. Чынында эле мындай көпөлөктөр желбейт.

Бирок кээде чымчыктар жечү көпөлөктүн түсү да даамсыз, желбөөчү көпөлөктүкүндөй болушу мүмкүн. Чымчыктар өздөрүнө тааныш эскертүүчү түс - белгини көрүшүп, көпөлөккө тийбей өтүшөт. Шалбааларда ар түрдүү кооз көпөлөктөр көп. Чөпкө жайланышып олтуруп аларды байкагыла. Эгер кармап көргүңөр келсе, табияттын бул керемет, кылдат жандыгына зыян келтирбөөгө аракеттенгиле. "Кополок жонундо маалымат" ушундай достор. Жибек көпөлөктөрү жөнүндөгү макалабызды дагы окуп алгыла.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 20325, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-27
Талкулоо/Пикирлер