Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаныбар

Баш барак | Жаныбарлар | Жаныбар

Жаныбар — организмдер дүйнөсүндөгү негизги топтордун бири, учурда биологиялык падышалык катары каралат. Жаныбарларды зоология илими изилдейт.

Жаныбар
Доменэукариоттор
Падышалыкжаныбарлар
Эл аралык илимий аталыAnimalia (Карл Лунней, 1758)
Пайда болушу900 млн жыл мурун (665)
ITIS202423
NCBI33208
EOL1
FW325038

Жаныбарлар эукариотторго таандык (клеткаларында ядросу бар). Жаныбарлар — гетеротрофтуу организмдер: даяр органикалык заттар менен азыктанышат. Жаныбарлардын зат алмашуусунун активдүүлүгү, ошондой эле эволюция процессинде булчуң, тамак сиңирүү, дем алуу, бөлүп чыгаруу, кан айлануу сыяктуу орган системаларынын калыптанышы менен өзгөчөлөнөт.

Жаныбарлардын класссикалык белгилери кийинкилер: гетеротрофдуулук жана активдүү кыймылдоо мүмкүндүгү. Бирок, ошого карабастан жабышып алып тиричилик кылган жаныбарлар дагы бар, ал эми гетеротрофдуулук кээ бир козу карындарга жана мите өсүмдүктөргө мүнөздүү.

Мындан 1,9-1,6 миллиард жылдай мурда «Жогорку» аталган көлдүн аймагында өтө майда клеткалардын издери табылган. Бирок жаныбарлар молекулалык изилдөөлөр аркылуу 900 млн жыл мурун пайда болгон деп тастыкталган.

Күнүмдүк жашоодо «жапайы жаныбар», «үй жаныбар» деп көбүнчө сүт эмүүчүлөрдү же төрт аяктуу жерде жүрүүчү омурткалууларды (сүт эмүүчүлөр, сойлоп жүрүүчүлөр жана жерде-сууда жашоочулар) түшүнүшөт. Бирок, илимде «жаныбар» деген термин кеңири мааниге ээ. Илимий мааниде жаныбарларга сүт эмүүчүлөрдөн, сойлоп жүрүүчүлөрдөн жана жерде-сууда жашоочулардан тышкары көп сандагы башка организмдер дагы таандык: балыктар, канаттуулар, деңиз жылдыздары, курттар жана башкалар. Адам дагы жаныбарлар падышалыгына таандык, башкача айтканда плаценттик сүт эмүүчүлөр отряды, приматтар, бирок адам салттуу түрдө өзүнчө изилденет.

Жаныбарлар жүздөгөн миллион жылдар бою жаралып, ар кандай шарттардын өзгөрүшүнө ылайыкталып, андай өзгөрүштөргө туруштук бере албагандары өлүп жок болгон.

Кургакта жашоочу жаныбарлар деңизде жана тузсуз сууларда жашоочу жаныбарлардан келип чыккан. Жаныбарлардын ортосунда өз ара татаал байланыштар бар. Азыктануусу боюнча жаныбарлар өсүмдүк жечүлөр (уй, кой, жылкы, бугу, чычкан, ошондой эле көпөлөк, сары аары, бал аары сыяктуу көптөгөн курт-кумурска жана башка), башка жаныбарларды жегичтер (жырткычтар), бардыгын жегичтер, башкача айтканда жаныбарларды да, өсүмдүктү да (чочко, айрым куштар — тоңкулдак, кашка чымчык, таранчы жана башка) жегичтерге бөлүнөт.

Жеген өсүмдүк, жаныбарлар түрүнө карата монофагдар менен полифагдар айырмаланат. Монофагдар өсүмдүк же жаныбарлардын бир гана түрүн жейт. Мисалы, филлоксера жүзүм бити жүзүм менен гана азыктанат. Полифагдар жаныбарлардын же өсүмдүктүн бир нече түрү менен азыктанат. Мисалы, жүгөрүчү күрөң калдыркан 160, кадимки момолой 100 гө жакын өсүмдүк түрүн жейт. Мите жаныбарлар башка жаныбарлардын денесинде жашап, аларды азык жана жашоо чөйрөсү катары пайдаланат. Жаныбарлар адамга зор пайда келтирет.

Алар — негизинен айыл чарбачылык мааниси бар жаныбарлар. Айыл чарбачылык маанидеги жаныбарлар: уй, кой, жылкы, чочко, буйвол, бугу, коён, атайын фермаларда өстүрүлүүчү тоок, өрдөк, каз, күрп жана башкалар, көлмөлөрдө өстүрүлүүчү балык, бал аарысы, жибек көпөлөгү жана башкалар, чарбачылык жаныбарларга негизинен жапайы сүт эмүүчүлөр, куш жана балык кирет. Жаныбарлар дүйнөсү эң эле ар түрдүү, алардын 1,6 миллиондон ашык түрү белгилүү (Zhang, 2013). Бирок жаныбарлар дүйнөсү толугу менен аныкталып бүтө элек, көбүнчө жалпы жаныбарлардын 2/3 ден көбүрөөк бөлүгүн түзгөн курт-кумурскалардын жаңы түрлөрү аныкталууда.

Жаныбарлар бир клеткалууларга (жөнөкөйлөр) жана көп клеткалууларга (калган бардыгы) бөлүнөт. Ошондой эле бардык жаныбарлар дүйнөсү омурткалууларга (оймок ооздуулар, балыктар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоп жүрүүчүлөр, куштар, сүт эмүүчүлөр), омурткасыздарга (бардык калган жаныбарлар ) айырмаланат.

Жаныбарлар дене түзүлүшү, окшоштук белгилери боюнча систематикалык категорияларга, алардын эң ириси типтерге бөлүнөт. Кабыл алынган системага байланыштуу жаныбарлардын 10 дон 33 кө чейинки (кээде 16-25) тиби айырмаланат. Негизги типтердин кээ бирлери — жөнөкөйлөр — бир клеткалуу, микроскопиялык майда жаныбарлар.

толуктоо

Жайгаштыруу: 2023-12-09, Көрүүлөр: 673, Өзгөртүлгөн: 2023-12-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо