Тропик өлкөлөрүндө чай бадалы жыл бою гүлдөп, уругу да быша берет. Гүлү ак же кызгылт, беш-жети желекчеден турат. Бирок чай бадалы гүлү же уругу үчүн гана өстүрүлбөйт. Андагы негизги нерсе назик, жаш өркүндөрү. Андан көнүл сергитүүчү, жыты аңкыган суусундук - чай даярдалат. Чайлар - кара жана көк, майда, тоголоктолгон, жалбырак жана жыттуу чай болуп бөлүнөт. Бирок демделип даярдалып бизге куюлуп берилгенге чейин чай жалбырагы көп операциядан өтөт: солутуп тоборсутулат, андан кийин буралып оролот, кургакталып, сорттолуп жана өлчөнүп, кутуларга салынат. Мунун баары машина менен иштетилет. Адамдар болсо чайдын баалуу касиетин жоготпой жана андан кофеин, танин жана эфир майынын сакталышына көз салат.
Кофеин адамдын көңүлүн сергитип, танин куйкумдуу даам берет, ал эми эфир майы жагымдуу жыт алып келет. Кытайда чай биздин заманга чейинки 2700 жылдан мурда эле белгилүү болгон, кийинчерээк Индия, Индонезияга жана Шри-Ланка аралына таралган. Чай адамга пайдалуу. Өтө кызыл демделген чайды антицептик катары да колдонсо болот.