Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Белоруссия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Белоруссия

Республиканын түштүгүндөгү Полесье ойдуңунда жүздөгөн километргe токой менен саздуу жер созулуп жатат. Анда камыш менен өлөң чоп өсүп, бетин жашыл балыр баскан сормо саз. Түндүккө карай сормо саз улам азайып отурат да, чоң-чоң дөңсөөлөрдүн арасынан күзгүдөй жалтыраган көлдөрү көрүнөт. Калың токойлор, жашыл шалбаалар, эгин талаасы аралай кеткен жолдор, зыгыр талаалары, мелмилдеп агып жаткан жүздөгөн дарыялар бар, алардын эң ириси - Днепр, Батыш Двина, Неман. Бул өлкө падышалык Россиянын эң кедей жана артта калган аймактарынын бири болгон. Голодное, Бесхлебицы, Мохоеды, Короеды деген атынын өзү эле үрөй учурган кыштактарда ураганы турган же жарым-жартылай урап калган үйлөр менен жер кепелер болгон кээ бир жерлерде гана морунан түтүн булаган кичинекей заводдор боло турган. Совет бийлигинин жылдарында Белоруссия өсүп-өнүккөн өнөр жайлуу республикага айланды.

Ири завод-фабрикалар курулду. Беларусь трактору бүткүл дүйнөгө белгилүү. Белорус автомобиль куруучулары ондогон тонна жүктү көтөрүүчү алп самосвалдары менен сыймыктана алышат. Мотоцикл менен веолсипеддер, радио кабылдагыч менен телекөрсөткүчтөр, фотоаппарат менен электр лампалары, пианино, саат, эсептегич машина, бут кийим, кездеме - ушулардын бардыгы Белоруссиянын завод-фабрикаларынан чыгарылат. Белоруссияда химия өнөр жайы үчүн баалуу сырьё болуп эсептелген калий туздарынын бай кени иштетилип жатат.

Республиканын ар түрдүү райондорунан нефть менен табигый газдын, таш көмүр менен күрөң көмүрдүн, ошондой эле күйүүчү сланец кендери өндүрүлөт. Курулуш материалдары, мебель, кагаз, ширеңке, жасалма була, дары-дармектер жана башка толуп жаткан заттар белорус жыгачтарынан жасалат. Алардын баарын атап чыгуу да мүмкүн эмес. Саздуу жерлерден чым көң алынат. Ал электр станцияларында отун, эгин талааларына жер семирткич катары пайдаланылат.

Азыркы мезгилде саздар кургатылып, эгин талаасына айландырылууда. Белоруссияда эт, сүт, май көп өндүрүлүп, картошка, зыгыр, кендир, буудай, мөмө-жемиштерден мол түшүм алынат. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фашисттер басып алган белорус жеринде немец баскынчыларына каршы партизандардын баатырдык күрөшү үч жылдан ашык убакытка созулган. Партизандар жарым миллионго жакын гитлерчилерди жок кылышып, көп сандаган аскер техникасын кыйраткан. Белорус жерин канкор баскынчылардан бошоткон кезде фашисттер кыйратып жана өрттөп кеткен шаар жана кыштактардын урандылары гана калган эле. Согуштан бүлгүнгө учураган чарбаны калыбына келтирүүгө бүткүл белорус эли көтөрүлдү. Шаар-кыштактар, фабрика-заводдор, колхоз, мектеп, ооруканалар кайрадан жанданып, ишке киришкен. Согушта республика 2,2 млн адамынан ажыраган. 1991-жылы Белорусь Республикасы көз каранды эместиктин Декларациясын кабыл алып, өнүгүүнүн демократиялык жолуна түшкөн.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3097, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу