Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Европа

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Европа

Европа — Жердин Түндүк жарым шарындагы эң кичине дүйнө бөлүктөрүнүн бири. Түндүк Муз жана Атлантика океандары менен чулганып, орточо 10 млн чакырым2 аянтка ээ. Азия менен бирге Евразия материгин түзөт. Европа маданияты Батыш катары түрдүү географиялык мейкиндикти бириктирип Азияга каршы коюлат.

Мазмуну
Европа
Аянты10,2 млн чакырым2
Калкынын саны694,5 млн (2019) адам
Жыштыгы69,3 адам/чакырым2
Жашоочуларыевропалыктар
Камтыйт50 мамлекет (2020), 6 чектелген таанылуу
ТилдерЕвропа тилдери
Саат алкагыUTC − 1ден UTC + 5ге чейин
Интернет домендер.eu (Евросоюз), .su (муруңку совет аймагы)
ИДӨ$29.01 триллион (2019)
ИДӨ (номиналдуу)$21.79 триллион (2019)
Киши башына ИДӨ$29,410 (2019)

Жалпы маалымат

Европа грекче батыш деген сөз. Байыркы гректер Грециянын батышына жайгашкан аймакты ушундайча аташкан. Европа — Евразия материгинин курамына кирген дүйнө бөлүгү. Ал өтө зор жарым арал сыяктанып, үч жагынан океан жана деңиз суулары менен курчалган. Ал эми чыгышта анын Азия менен чектешкен кургактыктагы чегарасы түндүктөн түштүккө созулуп жаткан Урал тоолору, Эмба жана Маныч дарыялары аркылуу өтөт. Калкы өтө жыш жайгашкан, анда өнөр жайы жогору өнүккөн шаарлар көп. Европанын табияты ар түрдүү.

Чокусун мөңгү баскан Альп сыяктуу бийик тоолору да (анын эң бийик чокусу Монбландын бийиктиги 4807м), жыш токой баскан орто бийиктиктеги тоолору да (мисалы, Карпат), кең түздүктөрү да, ойдуңдары да бар.

Түздүктөрдө суусу мол дарыялары (эң чоңдору - Волга менен Дунай) жай агат, тоолордо чоң эмес, бирок бууракандаган өзөндөр шаркырайт. Европада тузсуз жана туздуу көлдөр көп (эң ирилери - Ладога менен Онега, өтө туздуулары - Эльтон менен Баскунчак).

Европаны курчап турган көптөгөн деңиздер менен булуңдардын жээктеринде кеме токтоого ыңгайлуу буйткалар көп. Мындай жерлерде порттор курулган. Дүйнөдөгү эң ири порттордун бири - Роттердам Европанын чакан өлкөсү - Нидерландда. Европанын климаты да эң эле ар түрдүү. Түндүктө, айрыкча Уюл тегерегинен ары өтө суук, көпчүлүк бөлүгүндө мелүүн, Жер Ортолук деңизи менен Кара деңиздин жээктеринде жыпжылуу.

Адамдардын чарба жүргүзүшүнүн натыйжасында Европанын табигый өсүмдүктөрү кыйла өзгөрдү. Эгин талааларында буудай, кара буудай, сулу, арпа, кара күрүч эгилет, жүзүм, зайтун, апельсин, алма, алмурут, кара өрүк өстүрүлөт. Адамдар көптөгөн жапайы жаныбарларды жок кылып жиберишти.

Бирок тундра, токойлуу талааларда дагы эле алардын бир топ түрлөрү жашайт. Мисалы, үлпүлдөк жүндүү песец, тыйын чычкан, күлүк жана шамдагай бугу, багыш, ала-була бурундук, карышкыр, түлкү, аюу, коён, доңуз. Токойлордо күкүк, тоңкулдак, ала чымчык, таранчы, чабалакей, кекилик, чил, булбул сыяктуу ар түрдүү куштар бар. Ал эми Түндүк Муз океанында ак аюу жашайт, жарлуу жээктердеги аскаларга жайкысын канаттуулар уя салып төлдөшөт. Мында алардын базары (канаттуулар базары) пайда болот.

Европанын калкы орточо 754 миллион адамды түзөт же планетанын орточо 9 % (2019). Дүйнөнүн башка континенттерине салыштырмалуу калктын өсүүсү жай жана орточо курак жогору.

Антика жана Кайра жаралуу доорунда Европа маданият, экономика жана дүйнөдөгү социалдык кыймылдарга доминанттык таасирин тийгизген. Европанын калкы тарыхый жактан гана эмес, учурдагы эл аралык мамилелерди жана калк жайгашуу маселелерин түшүнүүдө маанилүү. Европадагы биринчи заманбап адамдын пайда болуу жылы 35 миң жыл мурун болгон деп эсептелинет, ал эми 28 миң жыл мурун неандерталецтер биротоло жок болушу ыктымал. Европага протоиндоевропалыктардын келиши биздин заманга чейин 4-миң жылдыкта болгон деп саналат, буга Баден, Ямн жана Согуштук балталар маданиятынын пайда болуусун байланыштырышат. Азыркы мезгилге чейин калк жашаган байыркы беш шаардын экөө Европада орун алган, калган үчөө — Азияда; Европада Антика (античный) мезгилинен тарта урбанизациялоо жана шаар калкынын жашоо деңгээли башка материктерге караганда жогору болгон. Европанын кээ бир аймактарында урбанизациялоо (шаарлаштыруу) деңгээли 50 % жеткен, Азияда максималдуу 5—10 %. Байыркы Грецияда Батыш маданияты жаралган. Калкттардын улуу жер которуусу Европанын латын тил системасынын калыптануусунун негизине жаткан, мунун негизинде Батыш Европанын көптөгөн тилдери түзүлгөн. Б. з. ч. X кылымда Европада жер калкынын жарымы жашаган, 1930-жылдары 25 % (бүгүнкү күндө орточо 9 %), Орто Кылымдарда христиандардын 95 % Европада жашап, азыр христиандардын көбүнчөсү Европадан тышкары жашашат, XIX кылымдын өнөр жайынын дээрлик бардыгы Европада топтолгон (XXI кылымда — 80 % ашыгы Европадан тышкары).

Этимология

Европа байыркы грек мифологиясынын каарманы Европанын атынан аталган, Зевс тарабынан уурдалып, Критке алып кетилген финикия ханышасы (ошону менен бирге Европа эпитети Гера жана Деметра менен байланышышы мүмкүн). Ал эми француз лингвисти П. Шантрендин (Pierre Louis Chantraine) ою боюнча атынын келип чыгышы белгисиз. Заманбап адабияттага эң эле популярдуу этимологиялык гипотезалар антика мезгилинде эле сунушталган (көптөгөн башкалары менен бир катар), бирок талаш-тартыштуу: мисалы, гректерден чыккан ευρύς (еврис)-жазы жана όψις (опсис)-көз этимологиясы, «жазы көздүү» деп түшүндүрүлөт; лексикограф Гесихий Александрийскийдин түшүнүгү боюнча Европия аталышы «батыш өлкөсү, же караңгы» дегенди билдирип, кийин лингвисттер тарабынан ошол эле аталыш менен «күндүн батышы» деген түшүнүктү коюшкан. Бул этимологияны Мартин Личфилд Уэст абдан начар деп баалаган.

Чек аралар

Европа аталышы байыркы грек адабиятында дүйнө бөлүгү катары кездешпейт (гомердин Аполон Пифийскийге болгон гимнинде, Европа деп Түндүк Грецияны атаган) жана биринчилерден болуп Гекатей Милетскийдин «Жер баянында» (б.з.ч. VI кылымдын аягы) табылган, Европага арналган биринчи китеп.

Байыркы гректер башында Европаны Азиядан Эгей жана Кара деңиз, Африкадан — Жер ортолук деңиз менен бөлүнгөн, өзүнө материк катары эсептешкен. Антикалык авторлор Европа — учурдагы Евразия материгинин кичинекей бөлүгү экенине ынанышып, чыгыш чек арасын Дон дарыясы аркылуу түзө башташкан (мындай түшүнүк Полибий жана Страбондо кезиге баштаган). Бул салт дээрлик эки миң жылдай доминанттык кылган. Негизинен, Меркатордуку боюнча Европа чек арасын Дон аркылуу өтүп, анын башатынан түндүктү карай Ак деңизге чейин болгон.

XV кылымда кыска убакытка христиан дүйнөсүнүн синоними болгон, бирок учурда христиандардын көпчүлүгү Европадан тышкары жашашат. XIX кылымда дээрлик бардык дүйнө өнөр жайы Европада жайгашып; бүгүнкү күндө өндүрүмдөрдүн көпчүлүгү башка жакта өндүрүлөт.

1720-жылы Василий Никитич Татищев Европанын чыгыш чек арасын Урал тоолорунун кыркалары, андан ары Яик дарыясынан (заманбап Урал) оозуна чейин аркылуу өткөрүүнү сунуштаган. Акырындык менен жаңы чек ара алгач Россияда, андан соң андан тышкары аймактарда жалпы кабыл алынган чек болуп калат. Учурда Европанын чек арасы төмөнкүдөй өтөт: түндүгүнөн — Түндүк муз океаны боюнча; батышынан — Атлантика океаны; түштүгүнөн — Жер ортолук, Эгей, Мрамор, Кара деңиздер; чыгышынан — Урал тоолорунун чыгыш тоо этектери, Мугоджарам тоосу, Эмба дарыясынан Каспий деңизине чейин, андан Кума жана Маныч (Кума-Маныч ойдуңу) дарыясынан Дон дарыясынын оозуна (негизинен Чоң Совет Энциклопедия жана Британника Энциклопедиясына ылайык) чейин, же, сейрек Кавказ кыркасы аркылуу Кара деңизге чейин. Андан кийинки Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын Кара деңиз жана черномор кысыгы аркылуу өтүүсү бардык булактар (маалымат булактар) менен колдонот (колдонулат эмес). Ошондой эле Европага жакын жайгашкан аралдар жана архипелагдар дагы таандык, түрк Анатолиясына жакын жайгашкан жээктер Азияга таандык.

Көрсөтүлгөн кырдаалдарга ылайык Азербайжан жана Грузияны Европа өлкөлөрүнүн тизмесине кошууда биринчилерден саясый, экономикалык жана маданий ойлорго негизделет, ал эми кээде бөлүп берүүчү жарым-жартылай географиялык орун алуу менен, а бул бир жаксыз.

Европага тигил же бул контекстте айтылган физикалык чектерден тышкары, бирок Европа менен саясый, экономикалык жана маданий жактан байланышы бар өлкөлөр кириши мүмкүн.

Географиясы

Европа Атлантика жана Түндүк Муз Океандар жана деңиздер менен чулганат.

Европанын аянты 10,2 млн чакырым2 түзүп, 730 миң чакырым2 аралдарга таандык. Түндүктөн түштүккө болгон узундугу 3900 чакырым, батыштан чыгышка карай — 5200 чакырым. Территориясы боюнча Канададан кичине чоңураак, Россиядан бир топ кичине. Жарым аралдарга Европанын 1/4 аямагы туура келет (Коль, Скандинавия, Пиреней, Апеннин, Балкан ж. б.).

Орточо бийиктиги 300 метрдей, максималдуусу (эгер Европа чек арасын Кума-Маныч ойдуңу менен созгондо) — 4808 м, Монблан тоосу же (Кавказ кыркасы аркылуу созгондо) — 5642 м, Эльбрус тоосу, минималдуусу учурда −27 метрди түзүп (Каспий деңизи), деңиздин деңгээлинин өзгөрүүсү менен өзгөрүп турат.

Түздүктөр басымдуулук кылат (ирилери — Чыгыш-Европа, Орто европалык, Орто- жана Ылдыйкы дунай, Париж бассейни), тоолор аймактын 17 % ээлейт (негизгилери — Альп, Кавказ, Карпат, Крым, Пиреней, Апеннин, Урал, Скандинавия жана Балкан жарым аралдарынын тоолору). Активдүү вулкандар Исландияда жана Жер Ортолук Деңизде бар.

Көпчүлүк аймактарында климат мелүүн (батышында — океандык, чыгышында — континенталдык, кышында кар жана үшүктөр менен), түндүк аралдарында — субартикалык жана арктикалык, Түштүк Европада — Жер Ортолук Деңиздүү климат, Каспий алдындагы ойдуңда — жарым чөлдүү. Арктика аралдарында, Исландияда, Скандинавия тоолорунда, Альпыда — муз басат (аянты 116 миң чакырымдан2 ашык).

Негизги дарыялар: Дунай, Волга, Днепр, Урал, Батыш Двина, Печора, Дон, Кама, Ак, Ока, Днестр, Эльба, Рейн, Тахо, Висла, Лаура, Неман, Одер, Эбро.

Ири көлдөр: Ладож, Онеж, Чуд, Балатон, Венерн, Женева.

Арктика аралдарында жана Түндүк Муз океанынын жээктерин бойлой — арктикалык чөлдөр жана тундралар, түштүгүрөөк — токой тундралар, тайга, аралаш жана жазы жалбырактуу токойлор, токой-талаалар, талаалар, субтропикалык жер ортолук деңиз токойлору жана бадалдар; түштүк-чыгышта — жарым чөлдөр.

Европадагы ири кумдуу чөл Рын-кумдары (40 000 чакырым2) Волга менен Урал дарыяларынын арасында жайгашкан (Казахстан жана Россия аймагында), Батыш Европада жарым чөлдүү түрлөр тобуна кээде Испаниядагы Табернас массивин киргизишет, ошондой эле Калмакстандын, Дагенстандын жана Чеченстандын чек ара жактарындагы Россиянын Ногай түздүгүн. Европанын чыгышындагы кургак талаалар зонасында Россиянын ылдыйкы Донунда (Арчединск-Дон, Цимлян кумдары) ошондой эле Украинанын аймагында (Алеш кумдары) кум массивдеринин тизмеги бар.

Андреас Капландын ою боюнча Европа анча чоң эмес географиялык өлчөмдө максималдуу маданий ар түрдүүлүктөргө ээ.

Экономикасы

2008-жылы башкаруудагы активдер көз карашында Европа дүйнөдөгү эң бай дүйнө бөлүгү болуп, Түндүк Америкадагы 27,1 триллион АКШ доллары менен салыштырмалуу 32,7 триллион доллардан ашык болгон. 2009-жылы Европадагы башкаруудагы жалпы активдер дүйнөлүк активдердин үчтөн бирин түзгөн. Бирок, 2007—2008-жылдардагы финансы кризиси көптөгөн өлкөлөрдүн кредиттик рейтингтерин алсыздандырып, еврозонанын карыздык кризисинин себеби болуп калган. Кризиске чейин Европанын ИДӨсү (ички дүң өндүрүм) эң жогорку абалду болчу.

Европадагы жыргалчылык деңгээли өтө айырмаланып турат. Эң бай өлкөлөр негизинен Батыш жана Түндүк Европада жайгашып, жардыраактары Чыгыш Европанын жана Балкан өлкөлөрүндө орун алган. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча (2011—2018-жылдар), киши башына ИДӨ (САП — сатып алуучулук паритети) көз карашында эң байлары Люксембург, Ирландия, Норвегия, Швейцария жана Нидерланд. Эң жардылары Молдова, Украина, Босния менен Герцоговина, Албания жана Сербия.

Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча (2018) европалык төрт өлкө ИДӨ боюнча дүйнөнүн ири экономикаларынын ондугуна кирет: Германия, Улуу Британия, Франция жана Италия. Жалпы европалык киши башына ИДӨ 2016-жылы 21 767 АКШ долларын түзгөн.

2002-жылы жалпысынан Евробиримдиктин 12 мүчө өлкөлөрү жалпы валюта — еврону кабыл алышкан. Бүгүнкү күндө (2021) евро акчасы Евробиримдиктин 19 өлкөсүндө колдонулат, ошондой эле, Евробиримдиктеги төрт карлик мамлекеттерде.

Европанын негизги финансылык борборлору — Лондон, Цюрих, Женева жана Франкфурт.

2018-жылы жүгүртүү боюнча ири компания Royal Dutch Shell голландия-британдык энергетикалык компаниясы болгон, чоңдугу боюнча дүйнөдө 396 миллиарддан АКШ доллардан ашык жүгүртүүсү бар үчүнчү компания. Дүйнөнүн 20 ири компанияларынын ичинде башка европалык компания ошол эле жылы британ нефтигаз компанисы BP, немец авто унаа компаниясы Volkswagen AG, швейцариялык тоо кен казуу жана чийки зат компаниясы Glencore, немец авто унаа компаниясы Daimler AG жана француз нефть компаниясы Total болгон.

Калк

Учурда Европада болжолдуу 740 миллиондой адам жашайт. Европа — салыштырмалуу адам жыш отурукташкан континент (дүйнө бөлүгү): Европада орточо бир чарчы километрде 70тен ашык адам жашайт. Адамдар өзгөчө жыш жайгашкан өлкөлөргө Англия, Нидерланд, Бельгия жана Германия кирет. Тескеричинче, Чыгыш жана Түндүк Европада калк жыштыгы көп жерлерде төмөн.

Европада калктын өсүүсү башка дүйнө бөлүктөрүнө салыштырмалуу жай, себептеринин ичинде, төрөмдүүлүктүн төмөнкү деңгээли. Тескерисинче, калктын картаюуусу тез болууда (2021): 2005-жылы 65 жаштан ашкан адамдардын үлүшү 16 % түзгөн, 2050-жылы 28 % көбөйөт деп бааланган.

Европалыктарда күтүлүүчү жашоо узактыгы жогорку деңгээлде. Болжолдуу европалык өлкөлөрдүн жарымында бул көрсөткүч 80 жашты түзөт. Эң узагы Швейцария, Италия жана Испанияда (83 жаштан ашык) жана эң кыскасы Молдавия, Украина, Россия жана Казакстанда (орточо 72-73 жаш).

Тилдер

Европада 230 тилдерде сүйлөшөт, а бул дүйнө тилдеринин 3 % гана түзөт. 90 % ашыгы индоевропалык тилдерде сүйлөшөт. Эң ири индоевропалык тил топтору: славян, герман жана роман тилдери. Славян тилдеринде көбүрөөк Чыгыш Европада сүйлөшөт, анын ичинде орус, польша жана украин тилдери. Герман тилдеринде баарынан мурда Борбордук жана Түндүк Европада сүйлөшөт, анын ичинде, англис, немец жана швед тилдери. Роман тилдери болсо, Европанын түштүк бөлүктөрүндө топтолгон, анын ичинде, француз, испан жана италия тилдери. Кичи индоевропалык тил топтору, мисал катары, кельт жана балтика тилдерин камтыйт. Грек жана албан тилдери дагы индоевропалык тил деп саналат.

Европалыктар сүйлөгөн индоевропалык эмес тилдер фин, эстон жана венгер сыякту бир нече урал тилдерин камтыйт, ошондой эле, обочолонгон тил саналган баск тили, жана алтай тилдеринин бөлүгү болгон түрк тили.

Диндер

Болжолдуу европалыктардын 75 % — христиандар жана 8 % мусулмандар. Европалыктардын орточо 17 % эч кандай дин тутпайт. Еврейлер 1 % төмөн.

Түштүк-Батыш Европанын көпчүлүк жашоочулары — католиктер. Борбордук Европанын көпчүлүк жерлери көп сандагы католиктер жана протестанттардын үйү десе болот. Түндүк Европа өлкөлөрүндө жана Улуу Британияда калктын көбүн протестанттар түзөт, Чыгыш Европада православдар көбүрөөк. Мусулмандардын көбү Россиянын жана Турциянын, Босния жана Герцоговинанын, Албания жана Косовонун европалык бөлүктөрүндө жашайт.

Тарыхы

Европа көп мезгилге чейин эл отурукташпай турган. Европага адам кайдан келгендиги талаш-тартыштуу. Адамдын жаралуу жери Европа болбогону гана белгилүү. Биринчи гоминиддер Европага Индиядан келгендиги тууралуу версиялар бар. Бирок, кыйла иштеп чыгылган гипотеза катары гоминиддердин Европага Алдыңкы Азия аркылуу Африкадан келгени саналат. Бул виллафранск мезгилинин ортосунда болгон деген божомол бар. Homo sapiens ге чейин Европаны жана Батыш Азияны неандерталецтер жердешкен.

Европаны чыныгы жердегендерге гейдельберг адамы болгон, жана анын мүмкүн болгон түз тукуму неандерталецтер, а булар неандерталецтердин европа климатына ыңгайлашкан формасын түзгөн.

Европадагы эң эрте заманбап адамдын физикалык түрүнүн (Homo sapiens) бүгүнкү күндө белгилүү пайда болуу жылы 35 миң жыл мурун болгон деп эсептелинет, ал эми 28 миң жыл мурун неандерталецтер биротоло жок болушу ыктымал.

Европага протоиндоевропалыктардын келиши биздин заманга чейин 4-миң жылдыкта болгон деп саналат, буга Баден, Ямн жана Согуштук балталар маданиятынын пайда болуусун байланыштырышат.

Жер ортолук деңиздин чыгыш бөлүгүндөгү Байыркы Грецияда европа цивилизациясы жаралган. Калкттардын улуу жер которуусу Европанын латын тил системасынын калыптануусунун негизине жаткан, мунун негизинде Батыш Европанын көптөгөн тилдери түзүлгөн.

Европа өлкөлөрү

43 мамлекет БУУнун көпчүлүк мүчөлөрүнүн таанып билүүсүнө ээ, 7 мамлекет (аймак) чектөөлөр менен таанылып же таанылган эмес. 5 мамлекет жарым-жартылай Европада жайгашкан.

Европа өлкөлөрү
Батыш Европа Чыгыш Европа Түндүк Европа Түштүк Европа
Австрия Белоруссия Дания Албания
Бельгия Болгария Исландия Андорра
Улуу Британия Венгрия Латвия Босния жана Герцеговина
Германия Молдавия Литва Ватикан
Ирландия Польша Норвегия Греция
Лихтенштейн Россия (Европалык бөлүгү) Финляндия Испания
Люксембург Румыния Эстония Италия
Монако Словакия Швеция Түндүк Македония
Нидерланд Чехия Мальта
Франция Украина Португалия
Швейцария Сан-Марино
Сербия
Словения
Хорватия
Черногория

Европага жарым-жартылай таандык трансконтиненталдык мамлекеттер

Азиянын көпчүлүк бөлүгү

Трансконтиненталдык абалы Европа-Азия чек ара өткөрүү вариантынан көз каранды мамлекеттер

Чек араны өткөрүүнүн Европа-Азия варианты бар, артыкча Европанын өзүндө кабыл алынган, буга ылайык бул дүйнө бөлүктөрүнүн чек арасы Кума-Маныч ойдуңу аркылуу өтүп, Азияда бүткүл Кавказды калтырат — Түндүк, Түштүк Кавказ.

Америкада чек араны Чоң Кавказ суу бөлүмү аркылуу өткөрүүнүн Европа-Азия варианты таралган; дүйнө бөлүктөрүнүн мындай вариантта чек арасын өткөрүүдө бүтүн Түндүк Кавказ, анын ичинде Чоң Кавказдан түндүгүрөөк жайгашкан Азербайжан жана Грузиянын анча чоң эмес аймактары Европага таандык болот, бул Азербайжан жана Грузияга трансконтиненталдык мамлекет статусун берет.

Европага жарым-жартылай таандык Азия өлкөлөрү

Бөлүүлөр

Европаны негизи Түндүк, Түштүк, Батыш жана Чыгыш, ошондой эле Борбордук деп бөлүшөт. Бул бөлүүлөр жетишээрлик шартуу гана, анын үстүнө бул жерде таза географиялык гана эмес, саясый факторлор да кошулат.

Совет мезгилинде Европаны Чыгыш жана Батышка бөлүү көп учурда саясый түскө ээ болгон — Чыгыш Европага ГДР, Польша, Чехословакия, Венгрия, Румыния, Болгария, Албания, Югославия жана СССРди кошушкан — социалдык же ошондой эле буларды «элдик демократия өлкөлөрү» деп аташкан. Батыш Европага калган мамлекеттердин бардыгы кирген. Ошол эле убакта Испания, Португалия, Франциянын түштүгү, Италия, Мальта, Кипр, Греция жана Турция мамлекеттери да Түштүк деп саналган, ал эми Исландия, Норвегия, Швеция, Дания жана Финляндия - Түндүк.

Учурда, СССР, Югославия жана Чехословакиянын кулашынан кийин, Борбордук Европага Австрия, Швейцария, жана мурда Чыгыш Европага кирген Польша, Чехия, Словакия, мурдагы Югославиянын өлкөлөрү Румыния, Венгрия, кээде Прибалтика (акыркыларын көбүнчө Түндүк Европага киргизишет) өлкөлөрү кирет. Чыгыш Европага — физика-географиялык Россия (Европада бөлүгү гана), Украина, Белоруссия, Казакстан (Европада бөлүгү гана), Молдавия, анын ичинде таанылбаган Приднестровье. Кээде, саясый себептер боюнча Чыгыш Европага Закавказье өлкөлөрүн киргизишет (Азербайжан, Армения, Грузия). Батыш Европага — Улуу Британия, Ирландия Франция жана башка өлкөлөр, анын ичинде физико-географиялык борбордук-европалык Германия. Кээ бир булактарда эски бөлүүлөр сакталууда.

Саясый абал

1989—1991-жылдарга чейин экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки мезгилде Европа батыш (капиталисттик) жана чыгыш (социалисттик) блоктордун ортосундагы кансыз согуштун борбордук аренасы болгон. Батыш Европанын көпчүлүк өлкөлөрү ал убакта аскер-саясый планда НАТОнун (North Atlantic Treaty Organization) чегинде биригишкен. Социалдык жана укуктук интеграцияны Европа Кеңеши, экономикалык жактан — Европа экономикалык жамааты камсыз кылган. Континенттин чыгышында аскер интеграциялык түзүм катары Варшава келишиминин уюму болгон, экономикалык жактан — экономикалык өз ара жардамдашуу кеңеши; экөөндө тең доминанттуу ролду СССР алып барган.

Социалисттик режимдердин урашы менен абал көзгө басаарлык өзгөрөт. Мурдагы «социалисттик лагерь» өлкөлөрү батыш түзүмдөргө кайра багыт алган. Учурда Европа өлкөлөрүнүн жарымынан көбү Евробиримдик жана НАТОнун курамында, калгандарынын дээрлик көбү бул уюмдарга кирүү каалоосун билдирүүдө. Бир жагынан, бул Евро Биримдиктин глобалдуу масштабтагы саясый оюнчуга айлантуу өбөлгөсүн түзгөн. Экинчи жагынан, Биримдиктин курамынын бир тектүү эмес болгону анын тигил же бул суроолор (маселер) боюнча жалпы позицияны чыгаруу мүмкүндүгүнө терс таасирин тийгизи мүмкүн.

Европадагы саясый процесстердин лидерлерине Германия, Франция, Улуу Британия жана Италия кирет. Интерграциялык процесстерде көрүнүктүү ролду Батыш Европанын кичи өлкөлөрү ойнойт (Бенилюкс, скандинавия өлкөлөрү, Ирландия), булар Евро Биримдиктин өнүгүүсүнөн маанилүү деңгээлде утуштарга жетишкен. Өзгөчө орунду Евро Биримдикке кошулуу менен өзүнүн экономикалык абалын жакшыртып алууну үмүттөнгөн, муруңку социалисттик өлкөлөр ээлейт. Туруксуздуктун очогу катары Балкан жарым аралдары болууда, мында Югославиянын урашынан пайда болгон конфликттик абалдар азыркы мезгилге чейин жөнгө салына элек. Муруңку советтик республикалардын саясый жана экономикалык абалы белгисиз бойдон калууда, анын ичинде Кавказ дагы бар. Айрыкча мусулман өлкө Турциянын европалык иштерге көбүрөөк катышууга кызыктар болгон умтулуусу Европада бир жаксыз.

Европадагы негизги эл аралык бирикмелер

Европа өлкөлөрү түрдүү эл аралык уюмдардын мүчөлөрү, алардын көбүнчөсү экономикалык жана саясый мүнөздө. Европадагы негизги эл аралык бирикмелер:

Европа Кеңеши

Европа Кеңеши жападан жалгыз панъевропалык уюм, мүчөлөрүнө дээрлик бардык Европа өлкөлөрү кирет. Учурда (2020, ноябрь) Европа Кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 47 мамлекет. Европа Кеңешинин максаттарына европа өлкөлөрүнүн мыйзам чыгаруу базаларынын карама-каршылыктарын түзөө саналат, чөйрөлөрү: адам укуктары, жарандык, эл аралык жеке укук, айлана-чөйрөнү жана маданий мурасты коргоо, улукттук азчылыктардын укуктарын коргоо жана ушул сыяктуулар.

Европалык биримдик

Бирикменин чегинде көптөгөн программалар көзөмөлдөнөт. Евро Биримдиктин чегинде бирдиктүү рынок иштейт, ал өзүнө бажы биримдигин, валюталык биримдикти (бирдиктүү европалык валюта — евро, Евро биримдиктин 27 мүчөсүнүн 19нун аямагында иштейт, [2020]), айыл чарбасындагы жана балык улоодогу жалпы саясатты камтыйт. Ошондой эле Европалык Биримдик мүчө өлкөлөрдүн саясат жаатындагы иш-аракеттерин координациялоо чараларын кам көрөт. Кошумча коргонуу жана жалпы тышкы саясат чөйрөсүндө иш-аракеттерди координациялоо тенденциялары бар. Учурда (2019) Евробиримдиктин биргелешкен ички дүң өндүрүмү (ИДӨ) дүйнөдө эң ирилердин бири жана ал $29.01 триллион АКШ долларын (2019) түзөт.

Еропанын чегинде кийинкидей дагы бирикмелер бар:

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) — Советтер Союзунун муруңку 9 республикасынан турган уюм (Прибалтика, Украина жана Грузия өлкөлөрүнөн тышкары). КМШ көбүнчө шериктештиктин катышуучу өлкөлөрү арасыдагы иш-аракеттерди координациялоо чөйрөсүндө иштөөчү символикалык уюм. КМШнын башкы максаттары — саясый, экономикалык, экологиялык, гуманитардык, маданий жана башка чөйрөлөрдө кызматташтыктарды ишке ашыруу. Талкулоонун башкы темалары Евробиримдик сыяктуу бирдиктүү рынокту түзүү пландары болууда, ошондой эле транс чек аралык кылмыштуулук менен күрөшүү.

НАТО

Түндүк атлантика келишиминин уюму — аскердик биримдик, мүчөлөрү негизинен Европа өлкөлөрү, АКШ жана Канада. НАТО башында АКШынын башкаруусунда СССРге жана анын өнөктөштөрүнө каршы батыш европалык өлкөлөрдү бириктирүүчү уюм болуп түзүлгөн. Уюмдун негизин мүчө өлкөлөрдүн каалаганына кол салуу учурунда коллективдүү коргонуу келишими түзөт.

ЕККУ

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (орусча ОБСЕ) — коопсуздук боюнча аймактагы ири уюм, курамына Европанын, Орто жана Борбордук Азиянын, ошондой эле Түндүк Американын 56 мамлекети кирет.

Уюм аймактарда конфликттердин чыгуусун алдын алууга, кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга, конфликттердин кесепеттерин жок кылууга багытталган.

Түндүк кеңеш

Түндүк кеңеш (1952-жылы негизделген) жана министрлер Түндүк кеңеши (1971-жылы негизделген) — Түндүк Европа өлкөлөрүнүн парламенттери жана өкмөттөрү ортосундагы кызматташтыкты координациялоо үчүн уюм. Мүчө өлкөлөр: Дания, Финляндия (1956-жылдан тарта), Исландия, Норвегия, Швеция. Башкаруу органдары Копенгагенде.

БЕЭСА

Борбордук европалык эркин соода ассоциациясы (орусча ЦЕАСТ) — 1992-жылдын 21-декабрында кол коюлган Евробиримдиктин мүчөлөрү эмес өлкөлөрүнүн Вишеград макулдашуусунун ордун баскан эл аралык уюм. Учурдагы (2019) уюмдун мүчөлөрү: Түндүк Македония, Албания, Хорватия, Босния жана Герцеговина, Молдавия, Черногория, Сербия, Косово Республикасы. Евробиримдикке киргенге чейинки уюмдун мүчөлөрү: Болгария, Румыния, Чехия, Венгрия, Польша, Словакия жана Словения.

Бенилюкс

Бенилюкс — Бельгия, Нидерланд жана Люксембурдун саясый, экономикалык жана бажы биримдиги, 1958-жылдын 3-февралында түзүлгөн. Өзүнүн парламентин жана сотуна ээ, ага үч мамлекеттин өкүлдөрү кирет.

ГУАМ

1997-жылы төрт өлкөлөр менен түзүлгөн уюм: Грузия, Украина, Азербайжан, Молдавия (ГУАМ өлкөлөрдүн баш тамгалары). Башкы кеңсеси Украинанын борбору — Киевде. 1999-жылдын апрелинен тарта 2006-жылга чейин курамына өзбекстан кирген, андагы аталышы ГУУАМ.

ЕАЭБ

Евразиялык экономикалык биримдик — постсоветтик мамлекеттер катарынын эл аралык экономикалык уюму, жалпы тышкы бажы чек араларды калыптандыруу, бирдиктүү тышкы экономикалык саясатты, тарифтерди, бааларды чыгаруу жана башка жалпы рыноктун иштөөсүн камсыз кылган түзүүчүлөр менен иш алып барат.

ЖККУ

Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (орусча ОДКБ) — уюмдун курамына Россия, Белоруссия, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан кирет.

ЖККУнун чегинде биргелешкен аскер машыгуулар өтөт. Уюмдун максаты — каалаган мүчө мамлекетке кол салуу болгондо биргелешип агрессияны чагылдыруу.

Арктикалык кеңеш

Арктикалык кеңеш — 1989-жылы Финляндиянын демилгеси менен уникалдуу түндүк полярдык табиятты коргоо үчүн түзүлгөн эл аралык уюм. Арктикалык кеңешге сегиз арктика алдындагы өлкөлөр кирет: Финляндия, Канада, Дания, Исландия, Норвегия, Россия, АКШ, Швеция. Байкоочу өлкөлөр: Франция, ФРГ, Улуу Британия, Нидерланд, Испания, Польша.

Балтика ассамблеясы

Балтика ассамблеясы — Эстония, Латвия жана Литванын 1991-жылы негизделген парламенттер ортосундагы кызматташтык боюнча кеңешме уюм. Ассамблея үч өлкөнүн иш-аракеттерин координалап, парламенттерине кеңеш берип, резолюция, чечимдер жана сунуштар түрүндөгү макулдашылган позицияларды декларациялайт.

Балтика деңиз мамлекеттеринин кеңеши

Балтика деңиз мамлекеттеринин кеңеши — 1992-жылдын 5—6-мартында Копенгагендеги Балтика деңиз мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин конференциясында бекитилген. Ага Латвия, Германия, Дания, Литва, Норвегия, Польша, Финляндия, Швеция, Россия, Эстония, ошондой эле европалык жамааттардын комиссиясы кирген.

Баренцев/Евроарктикалык аймактын кеңеши

Аймактык кызматташтык форуму. 1993-жылы негизделген. Буга туруктуу мүчөлөр укугунда Исландия, Дания, Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция, Европалык жамааттардын комиссиясы кирген. Тогуз мамлекет — Улуу Британия, Италия, Германия, Нидерланд, Канада, Польша, Франция, Япония, АКШ — байкоочу статусуна ээ.

Россия жана Белоруссиянын союздук мамлекети

Россия Федерациясынын жана Белорусь Республикасынын саясый, экономикалык, аскердик, бажылык, валюталык, юридикалык, гуманитардык, маданий мейкиндик менен кадам артынан кадам уюшулуучу конфедеративдик бирикмеси.

УЕФА

Европа футбол ассоциацияларынын бирикмеси (Union of European Football Associations, UEFA) — Еропада жана кээ бир батыш Азия аймактарындагы футболду башкаруучу уюм. Ал европа өлкөлөрүнүн улуттук футбол ассоциацияларын бириктирет. УЕФА бардык европалык клубтардын жана курамалардын мелдештерин уюштуруу, жарнамадан жана трансляциядан түшкөн кирешелерди курамына кирген клубтар жана улуттук ассоциациялар ортосунда бөлүштүрүү иштерин алып барат.

Андан тышкары УЕФАга толук Азияда жайгашкан Израиль (Израиль футбол ассоциациясы) өлкөсү кирет.

Континенталдык Европа

Континенталдык Европа — бул материктик бөлүгүнө таандык термин.

Алынып салынат: Греция аралдары, Мальта, Кипр, Сицилия, Сардиния, Корсика, Улуу Британия, Балеар аралдары, Ирландия, Жаңы жер, Шпицберген, Азор аралдары, Исландия, Мадейра, Даниянын бөлүгү, Фарер аралдары.

Кээде скандинавия өлкөлөрү да алынып салынат (Швеция жана Норвегия), анткени, алардын континенттин калган бөлүгү менен байланышы Балтика жана Түндүк деңиз аркылуу (алгач түндүктү карай Финляндияга, андан соң Борбордук Европага болгон узун жолго карабастан) ишке ашырылат.

Континенталдык Европа боюнча эски түшүнүк («Европа өзөгү», «Kerneuropa») дагы бар: бул Каролинг (учурдагы Франция, Италия жана Германия) жана Бенилюкс (Австразия тарыхый аймагы) империяларынын аймагы.

Географиялык борбор

Борбордун жайгашуусу Еропанын чек араларынын аныкталышынан көз каранды жана негизинен эсептөөнүн тандалган методикасы менен аныкталат, ошондой эле, алыскы аралдар Европанын четки аймактарына кирери же кирбеси эске алынат. Ошентип, Еропанын географиялык борбору наамына бир нече катар өлкөлөрдө (Литва, Украинна, Белоруссия, Германия, Словакия жана Польша) жайгашкан бир нече жерлер талапкер болот.

Гиннестин рекорддор китеби Вильнюстан түндүктү карай 26 чакырым аралыкта жайгашкан Пурнушкяй кыштагын Европанын «официалдуу» географиялык борбору катары эсептейт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 41674, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-12-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо