Витаминдер


Деңиз кемелеринде капысынан коркунучтуу цинга оорусу пайда болот. Кишинин тиштери бошоп, түптөрү канай баштайт. Моряктар алсырап, жатып калышат. Кеме кыйроосуна караганда цингадан адам көп кырылган. Деңизге сапарга чыгарда С витамининен көбүрөөк алып алса эч ким оорумак эмес. Азыр ушинтип айта салуу оңой. Ал эми 300 жыл мурун цинга азыкта С витамини жетишпегендиктен пайда болорун врачтар билишкен эмес. Ал жаңы бышкан жашылча, жемиштерде көп, моряктардын негизги тамагы болгон кургатылган нан, туздалган тамактарда таптакыр болбойт. 1880-жылы гана орус окумуштуусу Н. И. Лунин организмге белок, май, углевод, минералдык туз менен суудан башка да заттар керек экенин байкап, кийин ал заттар витамин (латынча вита - тиричилик) деп аталган.

Азыркы кезде 30дай витамин белгилүү. Жеңилдик үчүн алар латын тамгалары менен белгиленет. А витамини көрүүнүн курчтугун камсыз кылат, Д витамини сөөктүн туура өсүшү үчүн керек. С витамини организмге цинга жана башка ооруларды жеңүүгө көмөкчү. Ал эми В1 менен В2 витаминдеримээнин жакшы иштеши үчүн зарыл. 1948-жылы окумуштуулар боордон ачык кызыл түстөгү кристалл - В12 витаминин алгач бөлүп алышкан. Ал кандын пайда болушуна көмөктөшөт. Витаминдер оорулуу эле эмес, соо кишиге да керек.

Эгер дени соо адам адаттагыдан көп иштесе, ага ошончолук көбүрөөк витамин талап кылынат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1012, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22