Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Карагай

Баш барак | Өсүмдүктөр | Карагай

Карагай (латынча Pícea) — Кызыл карагайлуулар (Pinaceae) түркүмүндөгү ийне жылбырактуу, түбөлүк жашыл дарактын түрү.

Карагай
Карагай
ДоменЭукариоттор
ПадышалыкӨсүмдүктөр
БөлүмИйне жалбырактуулар
КлассИйне жалбырактуулар
ТүркүмКызыл карагай
ТүрКарагай
Эл аралык илимий аталышы
Picea, Дитрих Альберт Готтфрид, 1824

Жалпы маалымат

Түндүк Жарым шардын мелүүн жана муздак аймактарында (субарктика жана субальп) түбөлүк жашыл бийик карагайдын болжолдуу 40тай түрү белгилүү. Карагайдын өсүү ареалынын түштүк аймактары субтропиктердин бийик тоолорунда орун алган мисалы, Түштүк-Батыш Кытайдын, Тайвандын, Түндүк Индиянын, Непалдын, Бутандын тоолорунда, Мьянманын четки түндүк-чыгышынында, Түндүк Мексикада.

Орустардын белгилүү ёлка сөзү ель сөзүнөн чыгып, кичинекей карагай дегенди билдирет, кыргызча — балаты.

Өлгөн карагайдын тамырынан жаш бутак-клондор өсүп чыгышы мүмкүн. Швециянын батышында, Фулуфьеллет улуттук паркында «Картаң Тикко» аталган европалык карагай бар, анын жашы айтылган клондорду эске алуу менен 9550 жыл деп бааланат. Бул Жердеги эң картаң жыгач организм. Карагайдын жашоо узактыгы орточо 200-300 жылды түзөт.

Карагай жалбырактары
Карагай жалбырактары

Карагайдын аныкталган фрагменттери олигоцен (палеоген доорунун акыркы мезгили) катмарларынан табылган.

Карагай — ийне жалбырактуу дарактардын бири. Анын Тянь-Шань карагайы деген түрү Кыргызстанда өсөт. Ал — абдан көркөмдүү дарак. Республикабыздын борбору Бишкектин гүлзарларында конус формасындагы көгүлтүр жашыл балатылар айлана-тегерегине не деген кооз көрк берип тургандыгын байкагандырсыңар. Кыргызстанда карагайдын бир нече түрү өсөт — мисалы, кызыл карагай, Тань-Шань, көк карагай жана кадимки карагай. Кыргыз кырка тоосунда, Ысык-Көлдөгү Күнгөй жана Тескей Ала-Тоолорунда, Чоң Кеминде жыш карагай токойлору жайгашкан. Кыргызстандын тоолу токойлорунун көбүн карагайлар түзөт десе да болот. Тянь-Шань карагайы менен арчанын ар түрү, жапайы алма, алча, жаңгак, ак чечек, алмурут жана башка көп дарактар аралашып өсөт. Карагайлардын пайдасы зор. Алар айланасына өзгөчө заттарды бөлүп чыгарып, абаны алмаштырып тазалап турат. Жердин эрозияга учурашына жол бербей, кыртышты бузбай, нымдуулукту сактайт. Шаар-кыштактарда көркөмдүк үчүн өстүрүлөт.

Карагайлардын эки душманы бар, алар — жаңы жылга жыл сайын кыйып туруучу адамдар, жана шамал, шамалга бул дарактар жакшы туруштук бере албай, шактары сына берет. 10-15 жыл өткөндөн кийин, карагайдын негизги тамыры өлүмгө учурап, анын ролун ар кайсы жакка чачыраган майда тамырлар системасы ээлейт. Башында айткандай эле, карагай өлүмгө учураса, анын тамырларынан клон-дарак өсүп чыгышы мүмкүн. Швеция өлкөсүндө ушундай ыкма менен 9,5 миң жылдан бери өсүп келе жаткан карагай бар. Аны эң картаң өсүмдүк организми десек болот.

Карагайлар секвойя дарагындай бийик болбосо дагы, алардын узундугу жүз метрге чейин жетет. Негизи карагайлар өзүнүн ийнелерин күзүндө түшүрөт, бирок баарын эмес, орточо эсеп менен алтыдан бирин таштайт. Жазында жаңысы өсүп чыгат.

Кагаздын негизги бөлүгү дал ушул карагай жыгачынан жасалат. Ар бир карагай тобурчактары орточо жүздөй урукту камтыйт. Кадимки карагай оңой эле 200-300 жыл жашай алат. Карагай токойлору, табияттка укмуштуудай таасирин тийгизет. Кышкысын андай токойдо, талаага караганда жылуураак, жайкысын салкын болуп турат. Көпчүлүк карагайлардын ийнелери жалпак, бирок кээ бир карагайлардын ийнелери төрт кырдуу болот. Үч кырдуу ийнелер карагайда болбойт. Карагай ийне жалбырактарында С витамини көп. Андан даярдалган вино атактуу деңиз сүзүүчүсү, капитан Куктун командасына цинга оорусу менен күрөшүүгө жардам берген.

Карагай тобурчагы

Дарагы жыгаччылыкта, курулушта, жашылдандырууда, целлюлоза, кагаз өндүрүшүндө пайдаланылат. Кабыгынан баалуу чайыр алынып, бальзам жасалат. Ийне жалбырагы менен жаш бүчүрүнөн көк карагай майы алынып, камфора майы чыгарылат.

Ботаникалык баяндалышы

Түбөлүк жашыл дарактар. Тамыр системасы биринчи 10—15 жыл өзөктүү же түз, андан кийин жер бетине жайылма болот, негизги тамыры өлөт.

Башы кеңири конустуу же шиш сымал (пирамида сымал).

Бутактары чалгыч сымал, горизонталдуу жайылган же шылкыйма. Биринчи 3—4 жыл жаш каптал бутактар чыкпайт.

Тамыры боздон кызгылт-күрөң түскө чейин, ичке жана түрптүү (жука пластиналардан түзүлгөн), кээде чайырлуу ыйлаакчалар менен (мисалы, Picea engelmannii), убакыттын өтүшү менен калыңдап, кобулдуу же толкундуу болуп калат.

Жалбырактары ийне сыяктуу, жашыл, кыска, төрт кырдуу, сейрек жалпак, катуу жана курч, кээде абаксиалдык бети (негизине караган бети) өйдө карайт, үстүңкү жана астыңкы бетинде эки негизи бар. Спираль түрүндө жалгыздан жайгашат, жалбырак жаздыкчаларында отурат. Жаш бутактарда бир нече жыл (алты же андан ашык) сакталат. Кечил көпөлөк тарабынан ийнелери көп желгенде чачы сымал жаш бутактар пайда болот, мында ийнелери кыска, катуу жана көрүнүшү боюнча чачыны (орусча щетка) элестетип калат.

Жылаңач уруктуу. Урук бүчүрлөрү мөмө байлагычта эмес, тобурчак калыптандыруучу көбөйүп отурган кабырчыктарда өнүгөт; микроспорафиллдер эhкек тобурчактарда чогулуп, төмөнкү бетинде чаңчасы бар эки—төрт микроспорания алып журөт.

Ургаачы дене бөлүктөр (стробилалар) бутактардын учунда өнүгүп, анча чоң эмес тобурчактарды калыптандырат, алар шамал менен чаңдаштырылгандан кийин өсүп, салаңдап калат.

Эркек дене бөлүктөр анча чоң эмес иймектерди калыптандырып, көптөгөн аталыктардан турат, май айында чаңдайт.

Тобурчактары сүйрү, учтуураак болуп кетет, чачылбайт, уруктары жетилгенде бүтүн бойдон чаңдаштырылган жылы түшөт. Салаңдаган жетилген тобурчактары кургак, узундугу 15 см чейин, диаметри 3—4 см. Тобурчактардын огу болот, мында көптөгөн жаап турган кабырчыктар орун алган, ал эми алардын алдында — уруктук кабырчактар бар. Булардын өйдөңкү бетинде айтылуу жалган канат менен жаблыган негизинен 2 урук бүчүр өнүгөт. Уруктар октябрда жетилип, шамал аркылуу тарайт. Өнүмдүүлүгүн 8—10 жылга чейин жоготпойт.

Тукум берүүнүн башталышы — өсүү шарттарына жараша 10 жаштан 60 жашка чейин.

Ыңгайлуу шарттарда таза карагай токойлор өтө тыгыз, жыш, караңгы болоору сейрек эмес. Карагай токойлору алдында өсүүчү токойчолор болбойт. Карагайлар жарыкты сүйүүчү өсүмдүктөр жана жакшы өнүгүүгө толук күн жарыгы алдында жетишет, ошого карабастан булардын көптөгөн түрлөрү жаш курагында гана эмес, жетилген учурунда да көлөкөгө чыдамдуу. Кээ бир карагай түрлөрүнүн жаштары көлөкөнү жакшы көрөт, мисалы, Чыгыш карагайдыкы.

Жайгаштыруу: 2018-04-05, Көрүүлөр: 9146, Өзгөртүлгөн: 2024-02-26, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу