Азия — аймагы, калкынын саны жана анын жыштыгы боюнча ири дүйнө бөлүгү. Европа менен бирге Евразия материгин калыптандырат. Аянты (аралдары менен) — болжолдуу 44,5 млн км². Калкы — 4,68 млрд адам (2021-жыл 9-сентябрь, Жер калкынын 62,9 %). Азия учурда дүйнөдөгү ири өнүгүп келе жаткан аймак.
Азия деген сөз чыгыш (байыркы ассирия тилинде асу — күндүн чыгышы) дегенди түшүндүрөт. Азиянын калкы өтө көп: жер бетиндеги калктын жарымы азияда жашайт. Азия бардык кургак жердин үчтөн бир бөлүгүн ээлейт. Азиянын аянтынын төртөн үч бөлүгүн тоо жана бөксө тоолор ээлегени менен анда ири түздүктөр да, деңиз деңгээлинен төмөн жаткан ойдуңдар да бар. Бирок Азия бүткүл кургак жердин эң бийик бөлүгү. Анын борборунда Тибет тайпак тоосу жайгашкан.
Анын түштүк жак четинде жер шарындагы эң бийик тоо — Гималай орун алган. Азиянын эң түштүк чекити жер шарын түндүк жана түштүк, эки жарым шарга бөлүүчү шарттуу сызык — экваторго жакын жайгашкан. Ал эми эң түндүк чекити — Түндүк Муз океанынын жээгинде. Азиянын түндүгү — тундрада жылдын көп мезгилинде кар жатат, бурганак ойнойт, муздак шамал тынымсыз согуп турат, уюл жаркыроосу мүнөздүү. Материктин өтө көп бөлүгүн ийне жалбырактуу чытырман токой-тайга, жарым чөлдөр менен чөлдөр ээлейт. Борбордук Азияны курчап жаткан бийик тоолор түндүктөн соккон муздак шамалдан Азиянын түштүгүн тосуп турат. Анын түштүк жээктерин жылуу Инди океаны чулгап жатат. Бул жер абдан ысык болгондуктан кыш болбойт, көп жерине жыл бою жамгыр жаагандыктан, чытырман токою дайыма көк-жашыл болуп турат. Ал жунгли деп аталат.
Азиянын чыгышы Тынч океанга барып такалат. Бул жерде жанар тоодон пайда болгон аралдар көп, терең ойдуңдар да бар. Мисалы, Мариана ойдуңунун эң терең жери — 11 км. Азиянын чыгыш жээгинде жана аралдарында көп учурда жер титиреп, жанар тоо атылып турат. Океанда өтө коркунучтуу катуу бороон — тайфун пайда болуп, ал тоодой толкундарды үйрүп чыгарат. Тайфун кургак жерде укмуштуудай ылдамдыкта жүргөндүктөн жолундагынын баарын шыпырып, нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат. Азиянын батышын жер ортолук деңизи чулгайт. Анын жээги жайында ысык, кышында жылуу жана нымдуу келет.
Бул жерде пальма, апельсин жана лимон дарактары, жүзүм өсөт. Азияда жыл бою суусу мол дарыялар көп, Жер шарындагы эң чоң көл — Каспий, дүйнөдөгү эң терең көл — Байкал да мына ушу жерде. Азиядагы суулар негизинен тоо мөңгүлөрүнүн эришинен башталат. Материктин түндүк-чыгышында, Верхоянск жана Оймякон аймагында түндүк жарым шардагы эң суук жер — сууктун уюлу бар. Азияда пайдалуу кең байлыктар, айрыкча газ, таш көмүр жана түстүү металлдар көп.
Хетт доорунда Кичи Азиянын түндүк-батыш бөлүгүндө Ассув падышалыгы жайгашкан. Хеттердин Ассувду жеңиши жөнүндө Тудхалияс IV падышанын анналдарында (жылбаяндарында) эскерилген. Грек эпосунда бул падышалык троялыктардын өнөктөшү Асия падышасынын образында персонификацияланат. Грек мифологиясында Асия ысымын Прометейдин аялы океанида алып жүрөт, мифологиялык салтка ылайык дүйнө бөлүгүнүн аталышы ушундан пайда болгон, Асия же Азия деп. Геродоттун мезгилине жакын бүтүн дүйнө бөлүгүн Асия (Азия) деп атоо гректерде жалпы кабыл алынган болуп калган.
Материктик Азия негизинен чыгыш (Чукот жарым аралынан тышкары) жана түндүк жарым шарларда жайгашкан. Африка менен Азия Суэцк моюнчасы аркылуу кошулган, Түндүк Америкадан аны ичке Беринг кысыгы бөлүп турат.
Бул дүйнө бөлүктөрүнүн чек араларынын биринчи аныкталышы Байыркы Грекция дооруна таандык. Дүйнөнү Европа менен Азияга бөлгөн болжолдуу биринчи окумуштуу Байыркы Грециялык географ Гекатей Милетский болгон: өзүнүн «Жерди баяндоо» («Землеописание») эмгегинде эки дүйнө бөлүгүнүн чек арасын Фасис дарыясы (Грузиядагы Риони дарыясы) жана Жер Ортолук Деңиз аркылуу өткөргөн. Европа менен Азиянын чек ара маселесине кийинкидей байыркы грециялык окумуштуулар кайрылышкан: Геродот үч дүйнө бөлүгүн белгилеген (Европа, Азия жана Ливия), Фукидид, Изократ, Полибий (Европа менен Азия чек арасын өзүнүн Танаис [Дон] дарыясы боюнча «Жалпы тарых» эмгегинде аныктаган), Страбон («География» эмгегинде бул дагы Танаис дарыясы боюнча чек ара өткөргөн). Өз кезегинде байыркы римдик жазуучу Плиний Улуу эки дүйнө бөлүгүнүн чек арасын Понтон жана Каспий моюнчасы (Кавказ тоолору), Боспор Киммерий (Керченск кысыгы) жана Меотид (Азов деңизи) менен белгилеген.
XVIII кылымга чейин Азов деңизи жана Дон дарыясы аркылуу өткөн Европа менен Азия чек аралары күмөнгө алынбай, бир катар эмгектерде тастыктоосун таап турган: Козьма Индикоплов (VI кылым), Марцин Бельский (1550-жыл), Герард Меркатор (XVII кылым), Михаил Ломоносов (XVIII кылым). Бирок, ошол мезгилдерде эле альтернативдик ойлор болгон. Мисалы, орто кылымдык араб булактары Европанын чыгыш чек арасын Итиль (Волга) жана Каму дарыяларын эсептешкен.
XVIII кылымга альтернативдик ойлордун саны өскөн. Мисалы, француз картографы Гийом Делиль Европанын чыгыш чек арасын Обь дарыясы аркылуу өткөргөн, ал эми орус кызматындагы немец саякатчысы Иоган Георг жана француз географы Жан Жак Элизе-Реклю — Енисей аркылуу өткөргөн. 1730-жылы «Европа менен Азиянын түндүк жана чыгыш бөлүктөрү» китебинде швед окумуштуусу Филипп Иоган Страленберг тарабынан Азия менен Европанын чек арасын Урал тоолорунун суу бөлгүчү боюнча, Түштүк Уралдан кийин Жалпы Сырт, дарыялар Самар, Волга аркылуу Камышинге чейин, андан соң Дон аркылуу өткөрүү идеясы биринчилерден болуп сунушталган. Ошол эле убакта, Страленберг Урал боюнча чек араны өткөрүү артыкчылыгы орус окумуштуусу Василий Никитич Татищев тарабынан талашылган, жана анын ою боюнча бул идеяны ал 1720-жылы эле сунуштаган. 1745-жылы ал «Россия лексиконунда» кийинкидей жазган: «Чек араны Вайгач кууштугунан Улуу Алкак аркылуу жана Яик менен ылдый карай Каспий деңизи менен Кума дарыясы жана Таурисс тоолоруна чейин өткөрүү кыйла сыпаараак жана табигыйраак».
Натыйжада Азия менен Европанын Урал бонюча чек арасы Ф. А. Полунин (1773), С. И. Плещеев (1793), И. П. Фальк (1824), Г. Е. Щуровскийдин (1841) илимий эмгектеринде чагылдырылган. Ошону менен бирге, дүйнө бөлүктөрүнүн чыгыш чек арасынын түштүк-чыгыш кесинди ортосундагы чек ара өтө айырмаланып турган: П. С. Паллас (1773) чек араны Урал дарысынын ортоңку агымынан Жалпы Сырт, Волга, Ергенинин түштүк жантаймасы жана Маныч дарыясынын өрөөнү аркылуу өткөрүп, бүткүл Каспий алдындагы ойдуңду Азияга таандык кылган; Г. Ф. Миллер (1750) жана Ф. А. Полунин (1773) Дон, Волга, Кама, Ак дарыялары аркылуу жана андан кийин Урал кыркасы менен; С. И. Плещеев (1793) жана И. Ф. Гакман (1787) Эмба дарыясы аркылуу өткөргөн.
XIX — XX кылымдарда чек ара көйгөйү өнүгө берген. 1850-жылы германиялык окумуштуу А. Гумбольд Европа — бул Азиянын бөлүгү, ошондуктан Европа менен Азиянын чек аралары жок деген ойду айткан. Өз кезегинде француз географы П. Гуру «Азия» (1956) аталган китебинде «Европа — азиялык жарым арал, ал эми Азия — жасалма түшүнүк...» деп чыккан, У. Паркер «Европа: канчалык алыс?» (1960) китебинде, Европа жана Азия деген материктер жок, бир гана Евразия бар деген.
Советтик илимде СССР Географиялык коомдун Москва филиалынын ишмердүүлүгүнүн алкагында Европа менен Азиянын чек аралар маселеси 1950—1960-жылдары өнүгө баштаган. Бул тематикадагы авторлор Ю. К. Ефремов (1958), В. И. Прокаев (1960) жана Э. М. Мурзаев (1963) болгон.
Ю. К. Ефремов 1958-жылы СССР Географиялык коомунун Москва филиалынын мектептик жана физикалык география бөлүмүнүн отурумунда өзүнүн доклады менен Азия жана Европанын чек арасы маданий-тарыхый мүнөзгө ээ, ошондуктан булардын ортосунда табигый чек ара жок, эки дүйнө бөлүгүнүн чек арасы катары Урал дагы, Кавказ дагы боло албайт деп ырастап келген. Натыйжада, отурумда кабыл алынган сунуштама бүткүл советтик окуу куралдарында чагылдырылган: «Европа менен Азиянын чек арасын Уралдын жана Мугоджардын чыгыш таманы, андан соң Эмба дарыясы, Каспийдин түндүк жээги, Кума-Маныч чуңкуру жана Азов деңизин Европа чегинде калтыруу менен Керченск кысыгы аркылуу өткөрүүнү сунуштагыла».
Мындай чечим В. И. Прокаев табынан сынга алынган (1960), ал, кабыл алынган сунуш физико-географиялык бүтүндүк негизин сактабайт деген. Анын ою боюнча эгер чек ара берилген негиз менен кетсе, анда ал Уралдык өлкөнүн чыгыш чек арасы (толук Европада жаткан) жана Турандык өлкөнүн түндүк-батыш чек арасы (Азияга таандык) Каспий алдындагы ойдуң менен өткөрүлүшү керек. Ушуга карабастан В. И. Прокаев бул баяндаманы Азия менен Европанын чек арасы деп эсептеген эмес, анткени, ал салттарга туура келген эмес, атап айтсак: Урал тоолорунун суу бөлгүчү чек арасында, Урал дарыясы, Чоң Кавказдын суу бөлгүчү жана Керченск кысыгы.
Азия менен Европа чек ара маселесин советтик окумуштуу Э. М. Мурзаев да өзүнүн эмгегинде (1963) козгогон. Антропологиялык, тарыхый, лингвистикалык жана этнографиялык чектердин негизинде бул дүйнө бөлүктөрүнүн ортосунда чек араны өткөрүү мүмкүн эместигин белгилеп, чек аранын эки негизги вариантын келтирген.
Сейрек кездешкен варианты дагы бар — Аракс дарыясы аркылуу, бул шарттуу түрдө Европаны Азербайжан менен Грузиянын көпчүлүк аймагына киргизет, же ошондой эле Армения (дүйнө бөлүктөрүнүн чек арасын турциялык чек ара аркылуу өткөрүүдө).
Заманбап деңгээлде Азия менен Европанын чек арасы талаштуу бойдон калууда.
Азия менен Африканын чек арасын аныктоонун биринчи аракеттери Байыркы Греция дооруна таандык. Салттуу түрдө ал Нил дарыясы аркылуу өткөн, бирок, биздин заманга чейин V кылымда Геродот Египеттин аймагын азиялык жана африкалык деп бөлүштүрүүгө каршы чыккан, ошондуктан чек араны Египеттин батыш чек арасы аркылуу аныктап, аны толугу менен Азияга киргизген. Өз кезегинде Страбон чек араны Кызыл деңиз менен Синай жарым аралындагы Жер Ортолук деңиз менен кошулган Бардавиль көлүнүн оозунун ортосундагы моюнча аркылуу өткөрүп белгилеген. Байыркы Рим жана Орто кылымдар мезгилинде окумуштуулардын бөлүгү чек араны Суэцк моюнчасы аркылуу өткөргөн, бирок, көпчүлүгү чек ара катары же Нил же Египеттин батыш чек арасын карашкан.
Заманбап мезгилде Азия менен Африканын чек арасы Суэцк моюнчасы же Суэцк каналы аркылуу өткөрүлөт. Натыйжада, Египеттин Синай жарым аралында жайгашкан бөлүгү Азияга таандык, Египеттин калган бөлүгү — Африкага.
Аянты: | 43 475 миң км² (аралдары менен кошо) |
Аралдарынын аянты: | 2001 миң км² |
Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги: | 960 метр |
Деңиз деңгээлинен эң бийик жери: | 8848 метр (Джомолунгма тоосу) |
Деңиз деңгээлинен эң жапыз жери: | −405 метр (Өлүк деңиз деңгээли) |
Эң четки түндүк чекити: | Челюскин тумшугу 77° 43′ түн. кең. 104° 18′ чыг. уз. |
Эң четки түштүк чекити: | Пиай тумшугу 1° 16′ түн. кең. 103° 30′ чыг. уз. |
Эң четки батыш чекити: | Баба тумшугу 39° 29′ түн. кең. 26° 04′ чыг. уз. |
Эң четки чыгыш чекити: | Дежнёв тумшугу 66° 05′ түн. кең. 169° 40′ бат. уз. |
Азия Түндүк Муз, Индия жана Тынч океандар менен, ошондой эле — батышында — Атлантика океанынын ички материктик деңиздери менен чулганат (Азов, Кара, Мрамор, Эгей, Жер Ортолук). Ошону менен бирге ички агып чыгуулардын кеңири аймактары бар — Каспий жана Арал деңиздеринин, Балхаш көлүнүн ж. б. бассейндери. Байкал көлү таза суунун камтылыш көлөмү боюнча дүйнөнүн бардык көлдөрүнөн өтөт; Байкалда таза суунун дүйнөлүк запастарынын 20 % топтолгон (мөңгүлөрдү эс албаганда). Жансыз же өлүк деңиз дүйнөдөгү эң терең тектоникалык чуңкур (деңиз деңгээлинен -405 метр төмөн).
Азия жээктери салыштырмалуу начар бөлүнгөн, ири жарым аралдар белгиленет — Кичи Азия, Аравия, Индостан, Корея, Камчатка, Чукотка, Таймыр ж .б. Азия жээктеринин жанында — ири аралдар (Чоң Зонддук, Новосибирск, Сахалин, Түндүк Жер, Тайвань, Филиппин, Хайнань, Шри-Ланка, Япониялык ж. б.), бардыгын кошкондо 2 млн км² ашык аянтты ээлейт.
Азиянын түпкүрүндө төрт ири платформалар жатат — Аравия, Индия, Кытай жана Сибирь. Дүйнө бөлүгүнүн ¾ чейин аймагын тоолор жана бөксө тоолор ээлейт, алардын эң бийиктери Борбордук жана Орто Азияда топтолгон. Жалпысынан Азия — абсолюттук бийиктиктер белгилери боюнча контрасттык аймак. Бир жагынан, бул жерде дүйнөдөгү эң бийик чоку — Джомолунгма тоосу (8848 м) жайгашкан, экинчи жагынан эң терең чуңкурлар — тереңдиги 1620 м чейин Байкал көлү жана бийиктиги деңиз деңгээлинен 392 м төмөн Өлгөн деңиз. Чыгыш Азия — активдүү жанар тоолор аймагы.
Азия түрдүү кен байлыктарга бай (өзгөчө — отун-энергетикалык чийки затка).
Азия аймагында дээрлик бардык климаттык түрлөр берилген — четки түндүктөгү арктикалыктан баштап, түштүк-чыгышында экваториалдыкка чейин. Чыгыш, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда климат муссондук (Азия чегинде Жердеги эң нымдуу жер — Гималайдагы Черапунджи аймагы жайгашкан), Батыш Сибирде — континенталдык, Чыгыш Сибирь жана Сарыаркада — чукул континенталдуу, ал эми Борбордук, Орто жана Батыш Азияда мелүүн жана субтропикалык алкатардын жарым чөлдүү жана чөлдүү климаттары бар. Азиянын Түштүк-Батышы — чөлдүү тропикалык, Азия чегинде эң ысык.
Азиянын четки түндүгүн тундралар ээлейт. Түштүгүрөөк тайга орун алган. Батыш Азияда түшүмдүү кара топурак талаалары жайгашкан. Борбордук Азиянын көпчүлүк бөлүгүн, Кызыл деңизден Моңголияга чейин чөлдөр ээлейт. Алардын эң чоңу — Гоби чөлү. Гималай Борбордук Азияны Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиянын тропиктеринен бөлүп турат.
Гималай — дүйнөнүн эң бийик тоо системасы. Бассейндеринин аймагында, Гималайда жайгашкан дарыялар түштүктүн талааларына тунма, чөгүндүлөрдү алып келип, түшүмдүү топуракты калыптандырат.
Азияда кийинкидей физико-географиялык аймактарды белгилөөгө болот:
БУУда кабыл алынган классификацияга ылайык кийинкидей суб аймактарды белгилешет:
Ошол эле убакта көрсөтүлгөн классификация жалгыз туура деп саналганы эмес. Альтернативдик классификациялар дагы бар, мисалы:
Учурда (2021) Азиянын аймагында толук же жарым-жартылай 54 мамлекет жайгашкан, алардын бешөө (Абхазия Республикасы, Тайвань, Тоолуу Карабах Республикасы, Түндүк Кипрдын Түрк Республикасы, Түштүк Осетия) таанылган эмес же жарым-жартылай гана таанылган. Таанылбаган мамлекеттердин ичинде — Тоолуу Карабах Республикасы. Россиянын Азия өлкөлөрүнө киргизүүсү бул дүйнө бөлүгүндө жарым-жартылай жайгашуусу менен түшүндүрүлөт (ошону менен бирге өлкө калкынын көпчүлүгү Европада жайгашып, бирок аймагынын көпчүлүгү Азияда). Турция менен Казакстанды аймагынын жана калкынын аз бөлүгү Европада болгондуктан европалык өлкөлөргө кошушат (Европа менен Азиянын чек араларынын бардык версияларында). Көп учурда Европа өлкөлөрүнө Азербайжан жана Грузия өлкөлөрүн да кошушат (Европа менен Азиянын чек арасын Чоң Кавказ аркылуу өткөрүүдө алар Европадагы аймактары чоң эмес), ошондой эле, Европалык биримдикке кирген, бирок географиялык жактан толугу менен Азияда жайгашкан жана Европа менен тыгыз саясый жана маданий байланыштары бар Кипр дагы Европага таандык (Армения сыяктуу).
Азия үчүн калктын жогорку орто жылдык өсүү темптери мүнөздүү (бул көрсөткүч боюнча Азия Океанияга — 1,31 % жана Африкага — 2,49 % гана жол берет); акырындык менен ал төмөндөөдө жана 0,86 % түзүп калды. Башында айтылгандай эле Азия — аймагы, калкынын саны жана жыштыгы боюнча ири дүйнө бөлүгү. 2020-жылы Жердин калкынын 59,5 % Азияда жашаган, ал эми БУУнун 2019-жылкы жоромолу боюнча 2050-жылы Жер калынын 55,8 % Азияда жашайт имиш. Азия калкынын үлүшүнүн Жер калкынын үлүшүнөн азаюуусу Сахаранын түштүгүрөөк жагындагы Африка калкынын үлүшүнүн Жер калкынын үлүшүндө өсүүсү менен байланыштуу (2020-жылы 17,2 %дан 2050-жылы 26,3 % чейин). Кытай менен Индия калкынын жыйындысы дүйнө калкынын санынын 40 % берет. 7 мамлекетте 100 миллиондон ашык жарандары бар (аталгандардан тышкары — Индонезия, Пакистан, Бангладеш, Япония жана Филиппиндер).
Азия этникалык, улуттук, маданий, диний жана расалык жактан эң ар түрдүү келген дүйнө бөлүгү. Азияда адамзаттын негизги үч расасынын өкүлдөрү жашайт — моңголоид (кытайлар ж. б.), европеоид (Батыш Азия элдери) жана негроид (Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиянын кээ бир элдери).
Азияда байыркы цивилизациялардын көпчүлүгү жаралган — кытай, индия, тибет-моңголдук, ортоазиялык, вавилон ж. б. Жер иштетүү үчүн жагымдуу келген Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиянын аймактары көптөгөн заманбап элдерге башат берген.
Азияда акырындык менен төрөмдүүлүктүн төмөндөөсү жана улгайган адамдардын санынын өсүүсү жүрүүдө, анткени, Азиянын калкы Жердин жалпы дүйнөлүк картаюуусунда турат (Африка жана Сахаранын түштүгүрөөк жагынан сырткары), жана бул процесс бир катар өлкөлөрдө башталган, алардын ичинде өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр бар. Чыгыш Азия өлкөлөрүндө калктын картаюуусу көп (Моңголиядан тышкары), алар Европа жана бир катар Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү (Сингапур жана Таиланд сыяктуу өлкөлөр) менен катар калктын эң жогорку орто жашына ээ болуп, Жердеги эң тез картаюууга чалдыккан. Бирок, Европа өлкөлөрүнөн айырмаланып, Чыгыш Азия өлкөлөрү тартиби катуураак иммиграциялык саясатка ээ болуп, Европа өлкөлөрүндөгүдөй калктын табигый картаюуусун басаңдатууга мүмкүндүк бербейт, натыйжада өлүмдүүлүктүн көбөйүүсү, калктын табигый кемүүсү, ошондой эле, калктын орто жашынын өсүүсү келет. 2020-жылга Борбордук Чалгындоочу Башкармалыктын Дүйнөлүк фактылар китебинин маалыматы боюнча Япониянын калкы бардык дүйнө өлкөлөрүнүн арасында эң жогорку орто жашка ээ (48,6 жыл), а бул эң картайган жана дүйнөдө тез картайып бараткандардын бири деп саналат (Монакону карлик мамлекет катары эске албаганда, мында бул көрсөткүчтөр бай жана улгайган адамдардын көптүгүнөн жогорку). 2020-жылы Япония калкынын 29,18 % 65 жаштан ашкан адамдар түзгөн. Мунун себеби Япониядагы салыштырмалуу аскер мезгилинен кийинки кыска мөөнөттүү беби-бум жана катуу тартиптеги иммиграциялык саясат болушу мүмкүн.
Вашингтон университетинин окумуштууларынын 2020-жылдын июль айындагы жоромолу боюнча 2050-жылы 151 өлкөдө, ал эми 2100-жылы 195 дүйнө өлкөлөрүнүн 183дө төрөмдүүлүк калк санын бир деңгээлде кармоо үчүн зарыл болгон калктын кайталап өндүрүү деңгээлинен төмөн түшөт делет (бир аялга 2,1 төрөө). Бул, эгер ошол өлкөлөрдөгү калктын саны иммиграция менен орду толтурулбаса кыскара берет дегенди билдирет. Глобалдык суммардык төрөмдүүлүк коэффициент (СТК) 2017-жылы 2,37ден 2100-жылга 1,66 болуп төмөндөйт деп жоромолдонот, а бул калктын санын бир деңгээлде кармап туруу үчүн кайталап өндүрүү деңгээлинен (бир аялга 2,1 төрөө) кыйла төмөн. Калкынын саны тез азайып бараткан өлкөлөрдүн көпчүлүгү Азияда, ошондой эле Борбордук Азияда жана Чыгыш Европада болот. 2100-жылы калктын саны жок дегенде 23 дүйнө өлкөсүндө кыскарат делет, анын ичинде Япония (болжолдуу 2017-жылы 128 миллион адамдан 2100-жылы 60 миллионго чейин), Таиланд (71ден 35 миллионго), Испания (46дан 23 миллионго), Италия (61ден 31 миллионго), Португалия (11ден 5 миллионго) жана Түштүк Корея (53төн 27 миллионго). Дагы 34 өлкөдө калктын кыскаруусу 25тен 50 % чейин кыскаруусу күтүлүүдө, анын ичинде Кытай дагы бар. Кытайдын калкы 2017-жылы 1,4 миллиард адамдан 2100-жылы 732 миллионго кыскарат. Ошол эле убакта, өлүмдүүлүктүн төмөндөшү жана репродуктивдүү куракка жеткен аялдардын санынын көбөйүүсү менен Сахарадан түштүгүрөөк жагында Африканын калкы үч эсе өсөт, боложолдуу 2017-жылы 1,03 миллиарддан 2100-жылы 3,07 миллиардга чейин. Ошону менен бирге бир гана Нигериянын калкы 2100-жылга 791 миллионго чейин жетет, а бул аны Индиядан (Индияда жоромолго ылайык 1,09 миллиард адам болот) кийинки дүйнөдөгү калкы эң көп өлкөлөрдүн экинчиси кылат. 2100-жылга төрөмдүүлүктүн чукул төмөндөшү жоромолдонгон өлкөлөр, бул учурда кыйла деңгээлдеги жогорку төрөмдүүлүккө ээ болгон өлкөлөр, негизинен Сахаранын түштүгүрөөк жагында жайгашкан Африка өлкөлөрү, мында 2100-жылы гана көрсөткүчтөр кайталап өндүрүү деңгээлинен төмөндөйт — 2017-жылы бир аялга 4,6 төрөөдөн 1,7 чейин. Төмөнкү төрөмдүүлүк калктын улгайган адамдар үлүшүнүн көбөйүүсүнө жана эмгекке жарамдуу калктын азаюуусуна алып келет, натыйжада иш менен алек болгон адамдар жашаган дүйнө өлкөлөр үлүшүндө иштебеген адамдардын үлүшүнүн (бирөөнүн багуусунда турган адамдардын) көбөйүүсү болот. Ошондой эле, глобалдык дүйнө калкынын картаюуусуна байланыштуу дүйнө калкынын орто жашы өсүп, Жер калкынын курактык пирамидасы өзгөрүүдө. Африкадан тышкары көпчүлүк дүйнө өлкөлөрүндө жумушчу күчтөрдүн кыскаруусу жана оодарылган калк пирамидасы байкалат, а бул мындай өлкөлөрдүн экономикасы үчүн терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Азия калкынын демографиялык картаюуусунун башкы экономикалык коркунучтарынын бири жылдан-жылга баалардын төмөндөөсүнө, айлык акылардын жана экономиканын реалдуу өсүүсүнүн жоктугуна алып келүүчү перманенттик (туруктуу) экономикалык туруп калуу жана дайыма болуп турган дефляциянын пайда болушу. Калктын картаюуусу кийинкилерге алып келет: суроо-талаптын жана керектөөчүлүк активдүүлүктүн кыскаруусуна, иштегендердин үлүшүндө иштебегендердин үлүшүнүн көбөйүүсүнө, медицина, пенсия жана социалдык камсыздоо системаларына күч келүүнүн көбөйүүсү, иштегендердин салыктарынын жогорулашы, ИДӨ (ички дүң өндүрүм) кыскаруусу, эң креативдүү, прогрессивдүү жана коомчулук катмарынын заманбап инновациялары менен технологияларына ачык келген жаштардын азаюуусуна ж. б. Коомдо улгайган адамдардын үлүшүнүн жогорулашы менен, пенсиялык системанын эффективдүүлүгү төмөндөп, аргасыздан пенсиялык курак өсөт. Инфляциянын төмөндөшү, экономикалык өсүү дүйнө өлкөлөрүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө байкалууда. Мисал катары экономикалык туруп калуудан зыян тарткан Италия, Япония өлкөлөрүн айтса болот, ал эми Япония дээрлик 30 жыл дайыма дефляция абалында болууда. Италия бул жаатта Европанын Түштүк өлкөсү болуп, экономикалык жактан потенциалдуу иммигранттар үчүн анча кызыктуу эмес. Айтылгандай эле, Япония дээрлик үч он жылдык бою экономикалык туруп калууда жана дайыма болгон дефляцияда турат, Япониянын экономикасын мындай кырдаалга алып келген маанилүү факторлорго демография кирет. Япониянын демографиялык кризисин жана картаюуусун чакырган калктын азаюуусу. Япон улуту дүйнөдө эң картаң жана тез картайып бараткандардын бири. Мунун себеби Япониядагы салыштырмалуу аскер мезгилинен кийинки кыска мөөнөттүү беби-бум жана катуу тартиптеги иммиграциялык саясат болушу мүмкүн. Мунун баары өз кезегинде, Азиянын демографиялык өтүүсүнүн аягына чыгара элек өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасына кыйратуучу таасир этиши мүмкүн, анткени, алар өз өлкөлөрүнүн экономикасын жетишээрлик деңгээлге чейин өнүктүрүү үчүн (жогорку үстөк баага, калктын жогорку жашоо деңгээли ж. б.) ачык демографиялык терезе учурунда демографиялык дивидент менен колдонбой, демографиялык өтүүгө жетишпей калышы мүмкүн. Башкача айтканда Азиянын демографиялык өтүүсүнүн аягына чыгарбаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр байыгыча эле картайып калышат деген сөз. Пенсиялык камсыздандыруу чыгымдары бюджет үчүн өтө эле чоң жүк болуп калышы мүмкүн, ошондуктан улгайган адамдарга кам көрүү толугу менен үй чарбалардын моюнуна түшүшү мүмкүн.
Негизги макала — Азиянын тарыхы