TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сайт эрежелери

Tyup.net сайтынын эрежелери бардык колдонуучуларга тиешелүү. Эрежелерди билбестиктен бузуу жоопкерчиликтен бошотпойт.

Эскертүүлөр

  1. Катталуу учурунда сиз тандаган ысымды, e-mail даректи өзгөртүү үчүн атайын кайрылуу дарегине (support@tyup.net) электрондук кат жазуу зарыл.
  2. Атайын же билбестиктен иштебеген, ката жазылган же спам жөнөтүү үчүн арналган e-mail даректерди колдонгон колдонуучулар кез-кез текшерилип, сайттан өчүрүлүп турат.
  3. Сайтка «6 ай» же андан ашык убакыт бою кирбеген колдонуучулар автоматтык түрдө сайттан өчүрүлөт.
  4. Пикирлер, кайрылуулар, тексттер кыргыз тилинде болуусу шарт.
  5. Маалымат, макала жазууда теманын аталышы теманын маңызына байланыштуу болушу зарыл. Мааниси туура келбеген темалар сайтка кабыл алынбашы мүмкүн.
  6. Билдирүүнүн маңызы макаланын маңызына байланыштуу болушу керек.
  7. Сайттагы макалага жазылган пикирлер (комментарийлер) макалага тиешелүү жана аны толуктоо, жакшыртуу, тактоо (темага тиешелүү суроолуу пикирлерге жол берилет) максатында гана жазылуусу шарт. Рахмат, спасибо, жакшы, сонун экен, мыкты экен деген сыяктуу пикирлер кабыл алынбайт.
  8. Tyup.Net сайтындагы маалыматтарды, материалдарды, сүрөттөрдү интернет тармагынан тышкары колдонууда сөзсүз кайсы баракчадан алынса, ошол баракчага шилтеме берилиши керек.
  9. Маалыматтарды интернет тармагында колдонууда, сайттарга, социалдык тармактарга, видеохостингтерге, деги эле башка сайттарга жайгаштырууда, маалымат кайсы барактан алынса ошол баракка шилтеме (ссылка) көрсөтүлүшү керек. Өзгөчө автордук макалаларды жайгаштырууда этият болуңуз.
  10. Сайттын кээ бир бөлүмдөрү өзүнчө эрежелерди камтышы мүмкүн, ошол эле учурда кошумча эрежелер сайттын башкы эрежесине ылайык түзүлөт.

Тыюуу салынат

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген билдирүүлөргө;
  2. Маалыматка байланышы жок сайттарды же телефон номерлерди жарнама кылууга;
  3. Сайт колдонуучуларын адаштыруу же алдоону көздөгөн билдирүүлөргө;
  4. Сайттын башка колдонуучусунун же деги эле башка адамдардын өздүк маалыматтарын улуксаты жок сайтка жайгаштырууга, мындай маалыматтар сайттан эскертүүсүз өчүрүлөт;
  5. Адамдардын динин, улутун жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө;
  6. Адепке туура келбеген, шектүү билдирүүлөргө;
  7. Сайтка адепсиз, сөгүнүү, жаргон сөздөрдү жазууга, бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, ушактоого, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга, ошол эле убакта жөнү жок башка адамдарды мактоолорго, апыртууга;
  8. Бөлүнүп-жарылуу маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга;
  9. Провокациялык сөздөрдү, пикирлерди жазууга;
  10. Маалыматтарды тиешеси жок бөлүмдөрдө жайгаштырууга;
  11. Окшош билдирүүлөрдү бир нече бөлүмгө кайра-кайра көбөйтүп жазууга;
  12. Окууга татаал, көздү ооруткан чыңкый түстөрдү, атайын символдорду, ошондой эле тыныш белгилерди ашыкча колдонууга, эки же андан көп бош саптарды калтырууга тыюу салынат. Бардык сөздөр, сүйлөмдөр Кыргыз тилинин грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек;
  13. Грамматика эрежесин атайын бузуп жазууга;
  14. Сайттын иштөөсүн бузуу же анын иштөө алгоритмин билүү максатында атайын символдорду колдонууга (SQL инъекциялар, XSS чабуулдар).

Сайт жетекчилиги жооп бербейт

  1. Бардык жеке билдирүүлөр автордун өзүнүн ою болуп эсептелет. Андыктан сайт жетекчилиги билдирүүнүн мазмуну үчүн жооп бербейт.
  2. Маалымат себеп болгон моралдык, материалдык зыян үчүн;
  3. Ар бир колдонуучу сайттан алган маалыматты өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонууда жоопкерчиликти өзүнө алат.
  4. Сайттагы жарнамалык негизде жарыяланган материалдардын маани-маңызы үчүн сайт жетекчилиги жооп бербейт. Жарнамалык маалыматтардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

Колдонуучу жана сайт башкармалыгы

  1. Сайттын ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлер support@tyup.net электрондук дарегине же жеке баракчаңыздагы атайын кат жазуу бөлүмүнө жазылып жөнөтүлүшү керек.
  2. Башкаруучулар же текшерүүчүлөргө (эгер андайлар болсо) суроо-талабыңызды өздүк баракчаңызда жазсаңыз болот.
  3. Эрежени бузган колдонуучу эскертүүсүз сайттан четтетилиши мүмкүн.
  4. Tyup.net сайтына жайгаштырылган материалдарды жеке колдонууга гана уруксат, ошондой эле интернет тармагында жана тармактан тышкары колдонууда (түрдүү иш-чараларда, радио, теле берүүлөрдө, басылмаларда) сөзсүз түрдө маалыматтын баракчасына шилтеме көрсөтүү шарт.

Эрежелер колдонуучуларды эскертүүсүз өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн жана ар бир колдонуучунун аккаунтуна өзгөртүүлөр жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт, 10 күн ичинде колдонуучу тарабынан макул эместиги жөнүндө билдирүү келбесе эрежелер кабыл алынган болуп саналат. Соңку өзгөртүү: 22-декабрь, 2022-жыл.