Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Иран

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Иран

Иран жонундо маалымат. Иран - биздин түштүктөгү коңшубуз. Өлкөнүн аймагынын бир кыйла бөлүгүн тоолор жана тоо аралык кең түздүктөр ээлейт. Бул жерде жайкысын өтө ысык, кышын да - суук. Каспий деңизинин боюндагы ойдуңдар гана жыл бою жылуу жана нымдуу. Бул жерде дайыма жашыл калың жана кош токойлор өсөт. Өлкөнүн чыгышында адам дээрлик жашабаган чоң шор талаа созулуп жатат. Анын кызыл чополуу бети шор (туз) кабыкча менен капталтан. Ал тургай ошол ээн талааны аралап аккан суулар да туздуу.

Өлкөдөгү эң бийик тоолор анын түштүк жана батыш чет-жакаларында. Ирандын борбору - Тегеран шаары кырка тоонун этегинен орун алган. Анча бийик эмес, ачык түстүү үйлөрдүн маалалары, чет-жакалардагы топурактан согулган жалпак тамдар, шаардын ортосундагы бийик имараттар, көк жашыл парктар жана жемиш бактары, көмкөрүлгөн казанга окшогон төбөсү - кумпасы түркүн түстө оймо-чиймеленип кооздолгон жана жанында бийик мунарасы бар мечиттер өтө көп. Тээ алыста өчкөн жанар тоонун чокусундагы мөңгү күнгө чагылышат. Иран олкосу - көп улуттуу мамлекет. Мында перс, курд, түркмөн, белуж жана башка элдер жашайт. Ирандыктар негизинен тоолордун арасындагы жайык өрөөндөрдө жашашат. Мында бууракандаган дарыялар агат жана күрдүү жерлер көп. Байыркы заманда курулган ири шаарлар да ушундай жерлерде жайгашкан. Суусу жок жер - өлүк жер - дешет ирандыктар. Талаага суу дарыялар менен суу сактагычтардан канал, арыктар аркылуу, ал эми жер астындагы сарыгып топтолгон суулар түтүктөр аркылуу барат.

Сугат жерлерде буудай, күрүч, арпа, пахта, кант кызылчасы, тамеки, күн карама, буурчак, кунжут өстүрүлөт. Суу жеткен жердин баарында жемиш бактары, жүзүмзарлар, жаңгак токойлору жайкалат. Жемиш бактарында апельсин, алма, алмурут, анар, өрүк, шабдалы, айва, ал эми түштүк жакта курма пальмалары да өсөт. Ирандыктар кой, эчки, уй, буйвол, эшек жана башка жаныбарларды асырашат. Иран мамлекети эки жарым миң жылдан бери жашап келет. Ал жашоо-тиричиликти, өмүр кубанычын ырдаган акындарды, таланттуу сүрөтчүлөрү жана куруучулары, чебер токуучулары жана багбандары менен кылымдар бою даңкталып келген.

Ирандын жери кенге бай. Өлкөнүн түштүгүндөгү Перс булуңунун жээгинен өтө зор өлчөмдө нефть жана газ алынат. Атайын кемелер - танкерлер менен нефтини башка өлкөлөргө ташып кетишет. Андан түшкөн кирешенин негизги бөлүгүн мурда америкалык жана англиялык капиталисттер алып турушкан. Азыр анын негизги бөлүгү Ирандын өзүндө калууда. Иран жөнүндө кошумча маалыматтар жыйнагы. Иран мамлекети жөнүдө кыргызча материалды дайындаган: Алакөзова А.

Жайгаштыруу: 2018-03-30, Көрүүлөр: 4434, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-30
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу