Токой — негизги жашоо формасы дарактар болгон экологиялык система, биогеоценоз. Ошондой эле, токой табият түзүүчү бөлүктүн бири болуп, «токой» түшүнүгүн ар башка деңгээлдерде кароого болот. Глобалдык масштабда — бул биосферанын бөлүгү, локалдуу масштабда — тигилген көчөттөр болушу мүмкүн.
Токойду табигый-зоналык, провинциялык, ошондой эле токой массиви катары дагы кароого болот.
Токой — жер бетиндеги өсүмдүк дүйнөсүнүн негизги түрлөрүнүн бири, негизинен бир же бир нече түрдөгү дарак, бадал өсүмдүктөрүнөн туруп, белгилүү аймакты ээлейт.
Токойлор кургактык аянтынын болжолдуу үчтөн бирин ээлейт (болжолдуу 33%), Жердеги токойдун аянты 38 млн км². Булардын ичинен 264 млн га же 7% адам тарабынан отургузулган. XXI кылымдын башына карата адам тарабынан Планетадагы бардык токой аянтынын болжолдуу 50% жок кылынган. Токой зонасынын жарымы тропикалык токойлорго таандык. Токойдогу жыгачтын дүйнөлүк запасы 360 млрд м3 (2010). Дүйнөдө токойдон жылына 3 млрд м3 жыгач даярдалып, 30 миң түрдүү буюм жасалат (2009).
БУУнун азык-түлүк жана айыл-чарбалык уюму токойду «аянты 0,5 гектардан жогору болгон, жерде бийиктиги 5 метрден ашык жана баштарынын кошулуусу 0,1 болуп өскөн дарактарды жана ал аянтта ушундай чектик мааниге жете алган дарактар» деп аныктайт.
Токой ийне жалбырактуу, жазы жалбырактуу (бир тектүү же аралаш) күбүлмө жалбырактуу жана дайыма жашыл токой деп дагы бөлүнөт.
Токой айбанаттар менен канаттуулардын гана эмес адамдын да жашоо чөйрөсү, багуучусу десек болот. Ал жыгач, химия, тамак-аш, фармацевтика, өнөр-жайда жана башка тармактарга чийки берет. Талааны шамалдан, өзгөчө ысык керимселден сактайт. Эгер токой болбосо шамал өтө катуу болуп, талаанын түшүм берүүчү катмарын учуруп кетип, аны кургатып таштамак. Токой — дарыя жана анда жашоочу балык, чаян, бакаларга да абдан пайдалуу. Эгер токой бүлгүнгө учураса, анда дарыя да сооло баштап, кургап калат. Эмне үчүн мындай болот? Жазында талаадагы кар бир жумада эрип, агып кетет. Ал эми чытырман токойдогу карагайлардын түбүндөгү кар дагы бир айча жатып, акырындык менен эрийт.
Эриген кардын суусу мамык чөптүн арасына жыйнала берип, акыры андан жылжып агып чыгып, дарыяны дайыма суу менен жабдыйт. Токой — абанын тазарткычы. Андагы өсүмдүктөр абаны чаңдан тазалап, кычкылтекке кандырып турат. Ал жер кыртышын ар кандай эрозиядан бузулушуна жол бербейт. Токойдо ар түрдүү айбанаттарга да аңчылык кылынат. Токой — адамдын март, берешен досу. Ал үй куруп, эмерек жасоо үчүн жыгач тактай, мешке жагуу үчүн отун берет. Кагаз, целлюлоза, ширеңке, скипидар, деги эле токой бергендерди санап бүтө албайсың.
Ар түрдүү козу карындар, кожогат, бүлдүркөн, карагаттарычы? Жаңгагычы? Адам түшүмдүү талаа, суусу мол дарыя, таза аба үчүн токойго рахмат айтышы керек, анткени ал ошолордун пайдасын көрүп келет. Ошондой эле токой адамга өзүнүн кооздугун тартуулайт. Кыргызстандын аймагынын 3,7 пайызын токой ээлейт. Анда арча, карагай, жаңгак (Арстанбап), ак чечек, тал, эңилчек, терек, ак кайың өсөт.
Кыргызстандын жалпы токой аянттары биригип мамлекеттик токой фондусун түзөт, анда дарактын 433, бадалдын 950 түрү өсөт (2006). Кыргызстандын токой фондусу 2730,4 миң га жерди ээлеп, анын ичинен 729,2 миң га жер токой менен капталган (2006).
Токойдун байлыгы мол, ажайып кооз дагы. Ошондуктан, андагы ар бир жыгачка, бадалга жана чөпкө этият мамиле жасоо керек, баарынан да аны оттон сактоо зарыл. Токойду коргоо — табиятты коргоо ишинин негизги бөлүгү.
Жер бетиндеги биомассанын 90% токойдо топтолгон. Биосферанын туруктуу болушунун негизги факторлорунун бири. Ошондуктан токойду коргоо, жаңыртуу жана башка камкордуктар чоң мааниге ээ.
Токойдо дарактан тышкары бадалдар, башка өсүмдүктөр өсүп, өзүнүн өөрчүшүндө биологиялык жактан байланышкан, анда бири бирине жана тышкы чөйрөөгө таасир эткен жаныбар жана микроорганизмдер да болот. Токой антарктидадан башка бардык континенттерде кезигет.
Ар кандай табигый алкактардын токойлорунун түзүмү өзүнчө өзгөчөлүккө ээ. Мелүүн алкактагы токой дарак, бадал, чөп — бадал жана эңилчек — мамык чөп жана ушу сыяктууларга бөлүнөт. Ар бир басымдуулук кылуучу түрлөр жана түр топтору (доминанттар) токойдун түзүмүн аныктап, анын түзүлүшү өзгөрөт. Токой географиялык жайгашышы боюнча тундрага жакын токой, тайга токою, тоо токою, ал эми чарбалык мааниси боюнча ным топтоочу токой, топурак коргоочу токой, рекреациялык (эс алуу) токой, келип чыгышы боюнча табигый токой жана жасалма токой, дарактарынын курамы боюнча жазы жалбырактуу, ийне жалбырактуу (дайыма жашыл) жана аралаш токой болуп бөлүнөт.
Токой биосферанын маанилүү компоненти болуп эсептелет жана анда маанилүү роль ойнойт. Токой жерге түшкөн күн энергиясын, көмүртек диоксидин, минерал заттарды жана сууну натыйжалуу пайдалануу менен кургактыктагы органикалык заттардын (биомассаны) негизги пайда кылуучуларынын бири.
Токой зоналары — табигый ландшафттарда токой басымдуулук кылган географиялык зоналар. Алар экватор, тропик, субтропик жана мелүүн алкактарда болот. Токой зоналары курамына жана өсүүсүнө жараша төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт:
Экватор жана суб-экватор алкактарынын нымдуу тропиктик (гилея) токойлору Амазонка дарыясынын алабында, Экватордук Африкада, Малайя архипелагынын аралдарында, Австралиянын түндүгүндө жана Жаңы Гвинеяда таралган. Түрдүк курамы жогору; 1 гектар аянтта флоранын 100дөн ашык түрүн кездештирсе болот.
Дайыма жашыл чытырман токой негизинен диптерокарпустар, чанактуулар, пальма, фикус, лиана жана эпифиттерден турат. Туруктуу жогорку температура, жаан-чачындын молдугу, латерит топурагы мүнөздүү. Бул зонанын көп бөлүгү айыл чарба аянттарына айланууда (аянтынын кыскаруу ылдамдыгы жылына 1%). Тропик алкактарынын Токой зоналары (Тропик токою) Флориданын түштүгүндө (АКШ), Вест-Индияда, Борбордук жана Түштүк Америкада, Африкада (Мадагаскар аралы), Австралиянын чыгышында, Индияда жана Океаниянын кээ бир аралдарында кездешет. Бул токойлордун астында латерит топургы өөрчүп, нымдуу тропиктик климат мүнөздүү. Нымдын таралышына карата 2 зоначага (нымдуулугу туруктуу жана мезгилдүү тропик токою) бөлүнөт. Нымдуулугу туруктуу тропик токоюнда дайыма жашыл чытырман токой (мирталар, лаврлар, чанактуулар, пальмалар жана башка) өсөт.
Нымдуулугу сезондуу тропик токоюнда дайыма жашыл дарактар менен катар жалбырагы күбүлмө дарактар кездешип, кургакчыл аймактарында саванна (акация, баобаб, пальма, сүттүү чөп сымалдар, кылкандуу өсүмдүктөр жана башка) менен алмашат. Бул зона байыртадан эле дыйканчылык жана жайыт аянттары катары кеңири пайдаланылат. Субтропик алкактарынын токой зонасынын кышы жумшак, өсүмдүктүн вегетация мезгили узакка созулат. Бардык алкактардагы токой аянттары жылдан жылга кескин кыскарууда. Айрым дарактардын кээ бир түрлөрү жок болуп кеткен. Алардын орду дыйканчылыкта, тоо капталдары жайыт катары пайдаланылууда.
Токой зыянкечтери — дарак жана бадал өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүчү жаныбарлар. Токой зыянкечтеринин көбү курт-кумурскалар классына таандык. Токойго кене, кемирүүчүлөр жана жапайы коёндор да зыян келтирет. Азыктануу өзгөчөлүктөрүнө жараша токой зоналары жалбырак жегич, сөңгөк жегич, тамыр жегич, мөмө-урук жегичтерге бөлүнөт. Жалбырак жегичтер өтө көп жана ар түрдүү. Аларга токой курт-кумурскаларынын ар кыл түркүмдөрү кирет. Алар жаш бактарда, парк жана коргоо токой тилкелеринде көп пайда болот.
Ыңгайлуу шартта токой зоналары мезгил-мезгили менен өтө көбөйүп турат. Өтө көбөйгөн учурда жалбырак жегичтер аз эле убакта миңдеген гектар жердеги бак-дарактарга жайылып, чоң зыян келтирет, айрым учурда бардыгы куурайт. Жалбырак жегичтерге каршы химиялык, биологиялык ыкмалар колдонулат. Сөңгөкчү зыянкечтер да өтө көп; алар коңуздар (кабыкчы, мурутчандар, алтынчыктар, шиш тумшуктар), жаргак канаттуулар (мүйүз көчүктөр) жана көпөлөктөр (жыгач ойгучтар, айнек канаттар) түркүмүнө кирет. Булардын көбү кабык астында көмүскө жашап, сөңгөк буласын, камбийди жана сөңгөктүн өзүн көзөп киришет; натыйжада айрым дарактар куурайт.
Сөңгөкчү зыянкечтерге каршы негизинен алдын алуу иштери жүргүзүлүп, химиялык чаралар колдонулат. Тамыр жегич зыянкечтерге саратан жана башка эбелек муруттуу, тырсылдак жана кара коңуздардын личинкалары кирет. Бул зыянкечтерге каршы күрөшүү чаралары: дарак уругуна, көчөтүнө, топуракка инсектицид чачуу жана башка. Мөмө жана урук зыянкечтерине ар түрдүү тукум жана түркүмдөргө таандык курт-кумурскалар кирет. Дарактын генерациялык органдарына зыян келтирет. Буларга каршы күрөшүү өтө кыйын, анткени алар көпчүлүк учурда мөмө менен уруктун ичинде болушат.
Токойчулук — өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн токой өстүрүү тармагы, ошондой эле, токой табияты, анын мыйзамдары, токой көбөйтүү, сапатын жакшыртуу, кунардуулугун жогорулатуу жөнүндөгү илим. Токой жыгач жана башка токой өндүрүмүн алуу, коргоо, суу жөндөө, дарылык, эстетикалык максатта иш жүргүзөт. Ал жалпы токойчулук жана айрым токойчулук болуп бөлүнөт. Токой жөнүндөгү алгачкы түшүнүктөр байыркы Греция менен байыркы Римде эле пайда болгон. XIX кылымдын 1-жарымында Европанын көп өлкөлөрүндө жогорку токой окуу жайлары уюшулган. Россияда 1803-жылы Токой институту ачылган.
Токойчулукта токой ресурстарын туура пайдалануу жана токой өртүн болтурбоо, токойдун өсүшү үчүн табигый шартка таасир тийгизүү, тез өсүүчү жана кунардуулугу жогору породаларды отургузуу сыяктуу маселелер чоң роль ойнойт. Токойчулук токойду туура пайдалануу, кыюу, жаңыртуу, көчөттөрдү тигүү сыяктуу теорияны жана практиканы да иликтейт. Кыргызстанда токойчулук боюнча илимий изилдөө иштери КР УИАнын токой жана жаңгак институтунда жүргүзүлөт.