Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Украина

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Украина

Жеринин аянты - 603700 чарчы чакырым. Калкы - 48760000 адам. Украина жапжашыл Карпат тоолорунан Донецтин кең талааларына чейин, Полесьенин шалбаалары менен токойлорунан Кара жана Азов дениздерине чейин чалкып жатат. Украина - кубаттуу электр станциялардын, дүйнөдөгү ири көмүр жана темир рудалуу бассейндердин жана өнүккөн өнөр жайдын өлкөсү. Украина - бул учу-кыйырына көз жеткис талааларда жайкалып өскөн эгин, кант кызылчасы, күн карама, жемиш бактары менен жүзүм зарлар, күндүн алтын нурлары чагылышкан бейкут көлдөр жана мелмилдеп жай аккан түздүктөгү дарыялар, Карпат тоолорунун шар суулары, түштүк деңиздеринин көгүлтүр толкундары, Крымдын спорт базалары жана ден соолукту чыңдоочу жайлары. Бул жерде өнөр жайлуу ири шаарлар көп - Киев, Львов, Одесса, Харьков, Чернигов, Ужгород, Днепропетровск, Запорожье, Донецк, Кривой Рог жана башкалар. Аталган шаарлардын кээ биринин тарыхы нечен кылымдарды камтыйт. Мисалы, Киев шаарынын курулганына миң жылдан ашык убакыт өттү. Аны илгертен эле орус шаарларынын энеси деп аташат, анткени 9-кылымда, Чыгыш Европада кубаттуу байыркы орус мамлекети - Киев Русу пайда болгондо Киев анын борбору болгон. Саябандуу дарактан өсүп чыккан үч бутак рыцары Киев Русунун бирдиктүү байыркы орус элдеринен орус, украин жана белорус элдери таралган.

[ushka=seredina]

Донецкидеги Краснодон шаарынын баатыр-комсомолецтери - Жаш гвардия эрдиги бүткүл элдик даңкка бөлөндү. Украина жериндеги төрт шаар - Киев, Одесса, Севастополь, Керч баатыр шаар. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Украинын эмгекчилери согушта кыйраган шаарлар менен кыштактарды, заводдор менен шахталарды, транспорт магистралдарын калыбына келтирүү үчүн зор күч жана каражат сарпташкан. Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңишинен кийин СССРде өндүрүлгөн жана казылып алынгандар бир тонна металлдын жана руданын экиден бири жана ар бир тонна таш көмүрдүн үчтөн бири, ошондой эле дан эгиндеринин бештен бир бөлүгүн, бардык күн караманын жарымын, кант кызылчасынын үчтөн экиси, жашылча жана жемиштин үчтөн бири Украинадан алынган. Украинанын аянтынын үчтөн экисинен ашыгын түшүмдү көп берүүчү кара топурактуу жерлер ээлейт. Ал республиканын баа жеткис байлыгы. Түштүк аймактарында гана айрым жылдарда суу тартыш болот. Бул жерлер кол менен сугарылат. Түштүктүн кургакчылыкка учураган талааларына суу чоң дарыядан алынат.

Украинадагы эң чоң дарыялардын бири Днепр бүт республиканы аралай агып, Кара деңизге куят. Днепр шаарларга жана кыштактарга суу берет. Түштүк жактагы жасалма дарыя - каналдардын жана талааларды суу менен камсыз кылат, гидроэлектр станциялардын турбинасын айландырат. Ал адамдарга эзелтен бери суу жолу болуп кызмат кылып келген. Днепрде гидроэлектр станциянын каскады жана ири суу сактагычтар курулган. Азыр Днепрдин таштуу босоголору суу алдында калган. Дарыянын суусу тереңдеп, чоң кемелер сүзүп калды.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 9804, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-03
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо