Кургак учук же туберкулез — бактериалдык этиологиянын жугуштуу оорусу. Оору медициналык эле эмес, социалдык аспектке да ээ: иммунитети төмөн, тамак рационун туура сактабаган, санитардык-гигиеналык нормаларды кармабаган, начар социалдык турмуш шарттарында жашаган адамдар кургак учукка көп чалдыгышат.
Оорунун өрчүүсүнө адамдын жашоо сапатынын деңгээли таасирин тийгизет. Арийне, кургак учук оорусу жаш куракка жана жыныска карабастан, калктын бардык катмарына коркунуч жаратат. Оорудан көз жумган адамдардын санынын жогорку жыштыгы (жылына 3 миллионго чейин) жана оорунун жайылуусу социалдык себептерге эле эмес, кургак учук белгилери байкалбаган узак убакытка да байланыштуу. Азыркы күндө дарылоодо жана оорунун жугуу мүмкүнчүлүгүн аныктоодо организмдин Манту уколуна болгон реакциясын колдонушат.
Оору адамдын организмине mycobacterium кургак учук бактериясы же Кох таякчасы киргенде өрчүйт. Аталган микроорганизм айлана-чөйрөнүн, жогорку температуранын таасирине туруштук берип, төмөнкү температурада да жашоо жөндөмдүүлүгүн көп убакытка сактайт.
Кох таякчасы өтө тез жугуучу касиетке ээ болбогону менен ачык формадагы ылаңды алып жүрүүчү адам бактерияларды айлана-чөйрөгө жайылтат. Дени сак адамдын ооруну козгоочу менен байланышкан учурда ооруну жугузуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору эмес. Кургак учук менен ооруган адам көпчүлүк учурда оорунун активдүү эмес түрүндө стационардык дарылоого муктаж эмес жана кыймылдоодо, социалдык активдүүлүктө чектелбейт. Туруктуу карым-катнашта, кургак учук менен ооруган адам бар үй-бүлөөдө ал адамдын ден соолугуна эле эмес, гигиенаны кармоого, үй-бүлөөнүн башка мүчөлөрүнүн иммунитетин күчөтүүгө, жугузуп алуу мүмкүнчүлүгүн эң баштапкы стадиясында аныктоо үчүн өз убагында организмдин Манту уколуна болгон реакциясына көңүл бөлүү сунушталат.
Жугуунун негизги жолу — Кох таякчасынын дем алуу органдарына аба тамчылары аркылуу кирүү. Оруу жугузуп алуунун трансплацентардык жана тиричиликтик жолу чанда катталат. Бактерия денеге дем алуу жолдору аркылуу кирип, андан ары колко былжырына, исиркектерге жетет, андан соң кан менен чогуу организмге тарайт.
Адам денеси үчүн Кох таякчасы - бөтөн микроорганизм.Организмде таякчалар пайда болгондо жана көбөйүп баштаганда коргоочу клеткалар оору козгогучка каршы чабуул жасап, активдүү көбөйүүсүнө жол бербейт. Оорунун өрчүүсү эки учурда болуусу мүмкүн: эгер коргоочу система бузулуп, организмдин коргоочу заттарды иштеп чыгуусу начарласа, организмдин коргоо күчү башка оорулардын кесепетинен улам алсызданып, жаш куракка же социалдык тиричилик шарттарына байланыштуу жетишээрлик түрдө калыптана албаса; же оору козгогуч менен байланыш узак, туруктуу болсо, бацилланы алып жүрүүчү оорунун ачык түрдөгү стадиясында болуп, керектүү дарыланууну албаса( үй-бүлөө мүчөсүндө текшерилбеген кургак учук болгон, жабык мекемелерде кармоо ж.б.учурларда) Жугуштуу ооруга чалдыкканда спецификалык иммунитетти түшүрүүчү жана оорунун өрчүүсүнө көмөк көрсөтүүчү факторлор:
Кургак учуктун пайда болуусу акырындык менен жүрөт. Узак убакыт бою ооруну козгогуч организмде билинбей, көпчүлүк бөлүгү өпкөнүн клеткаларында жайылып, көбөйөт. Кургак учуктун башталышында белгилер болбойт. Патогендик организмдер көбөйгөн биринчи баскычты өзүнчө кароого болот. Биринчи баскычтан соң латенттик же оорунун жүрүүсү жашыруун баскычында төмөнкү белгилер болуусу мүмкүн:
Жөтөлүү, дене табынын жогорулашы оорунун алгачкы баскычтарына таандык эмес, бул белгилер өпкө клеткаларынын кеңири жабыркоо баскычында кезигет. Алгачкы баскычтарында оорунун өрчүүсү билинбеген учурда туберкулиндик ыкмалар( Диаскин - тест, организмдин Мантуга болгон реакциясы, ж.б.) же ПЦР га кандын анализин тапшыруу аркылуу гана аныктоого болот. Кийинки баскыч латенттик баскыч же кургак учуктун „ жабык " түрү катары мүнөздөлөт: ооруну козгогуч айлана-чөйрөгө тарабайт, жай көбөйүп, организм каршылык көргөзгөндө ден соолукка коркунуч туулбайт.
Оорунун латенттик түрүнүн активдүү баскычка өтүүсү айланадагы адамдар үчүн коркунуч гана туудурбастан, организмге да терс таасирин тийгизет. Активдүү баскыч экинчи баскычка өтүп, патогендик микроорганизм көбөйүп, дененин башка органдарына да жайыла баштайт. Өлүмгө алып келүүчү өтө оор жабыркоолор жана оорулар пайда болот.
Кургак учук оорусунун курч мүнөздөгү белгилери:
Жөтөл ным, тез-тез кармап, таңкы маалда күчөйт. Көпчүлүк учурда бул баскычта чылым чекккен адамдар бул белгини „ чылым чеккен адамдын жөтөлү " же никотинге көз каранды бейтаптардын өнөкөт өпкө оорусунун белгиси катары кабыл алышат. Оорунун өтө тездик менен өрчүүсүндө төмөнкү белгилер менен толукталуусу мүмкүн:
Кургак учуктун сезгенүү белгилери башка дем алуу органдарынын жугуштуу жана бактериалдык этиологиясынын ооруларына түспөлдөш. Дарт аты (диагноз) адис тарабынан гана ажыратылат.
Өпкөнүн сырткы кабыгынын (плевра), кекиртек, коко туберкулездору сейрек болот.
Кох таякчасы өпкөнүн клеткаларын эле жабыркатпастан, башка органдарды да сезгентүүгө жөндөмдүү. Мындай учурда оорунун өпкөдөн сырткары түрү жөнүндө айтышат. Кургак учуктан жабыркоонун өзгөчөлүксүз түрүн адатта башка ооруларды чыгарып салуу ыкмасы менен аныкталат. Клиникалык көрүнүш бактерия тарабынан жабыркаган органдын ооруган жерин так аныктоого көз каранды.
Ар башка органдардын жабыркоосунда башка да белгилер болот. Жабыркатуучу организм канга кирип, бүткүл организм боюнча жайылып, каалаган органды, клетканы же системаны бутага алуусу ыктымал. Мындай учурда оору белгилерин окшош башка сезгенүүлөрдөн айырмалоо кыйынга турат. Бөйрөктөн сырткаркы кургак учук оорусун дарылоо аныктоонун убактысына, баскычына, органдын жабыркоо деңгээлине, бейтаптын ден соолугунун жалпы абалына көз каранды.
Дарт аты(диагноз) организмде оору козгогучтун бар-жогун аныктоого мүмкүндүк берген анализ негизинде коюлат. Аныктоо иш-чаралары анамнезди, бейтаптын даттануу анализин, оору баянын изилдөөнү чогултуудан башталат. Дарт атын тастыктоо же жокко чыгаруу үчүн бир катар изилдөөлөр жүргүзүлөт:
Рентгенография жана флюорография ыкмасы аркылуу өпкө клеткаларынын сезгенүүсү аныкталат.
Аталган оорудан айыгуу божомолу оорунун баскычынын, жабыркаган аймактын, бейтаптын ден соолугунун жалпы абалынын негизинде түзүлөт. Ооруну баштапкы баскычтарда аныктоо ооруган адамды толугу менен айыктырууга жөндөмдүү үзүрлүү терапияны колдонууга шарт түзөт. Дарылоо узак, комплекстүү, бактерияга каршы дарыларды, кургак учукка каршы каражаттарды, иммундук модуляторлорду, иммундук стимуляторлорду, пробиотиктерди жана витаминдерди колдонуу менен жүрөт. Тамакты ченеп, туура ичүү жана дарылоочу дене тарбия дарылоонун милдеттүү бөлүктөрү болуп саналат.
Оорулуу адамды активдүү баскычында дарылоо айланасындагы адамдарга жугузуу коркунучун алдын алуу максатында кургак учук диспансеринде жүргүзүлөт. Бул жерде жүрүү убактысы оорунун өрчүү баскычына көз каранды болуп, бир нече айдан бир жылга чейин же андан да узак болуусу мүмкүн. Бейтап өзүм билемдик кылып дарылоону токтоткон учурда оору кайра кайталануусуна, оорунун өрчүүсүнө, кыйындоосуна, жада калса өлүмгө алып келет.
Статистикага таянсак, Россияда адамдардын 90% Кох таякчасын алып жүрүүчүлөр. Алардын ичинен 15% ооруга чалдыгат. Оорунун өрчүүсү иммунитеттин деңгээлине көз каранды, андыктан алдын алуу иш-чараларынын негизгиси болуп дени сак жашоо болуп эсептелет.
Наристелердин вакцинациясы, ооруну баштапкы баскычында аныктоого шарт түзгөн өз убагындагы тест тапшыруу дарылоого жакшы мүмкүнчүлүк берип, ооруну алдын алууда орду чоң болот.
Туберкулез менен адамдар гана оорубастан үй жаныбарлары дагы чалдыгат. Уйлар, койлор, ит, мышык. Ошондуктан чарбачылык иши менен алектенүүдө үй жаныбарларын өз убагында эмдөөлөрүнөн өткөрүп туруу зарыл. Бош жүргөн ит-мышыктарды кармалабай, балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу заман талабы.
Мындай учурлар сейрек кездешет, жок эмес. Ушуга байланыштуу наристе күтөөр алдында туберкулез оорусуна текшерилүү дагы ашыктык кылбайт. Түйүлдүккө оорунун жугушу негизинен эки жол аркылуу өтөт: гематогендик, трансплацентардык же түйүлдүк айланасындагы суюктуктарды жутуудан жана аспирациядан.
Улгайган адамдардын туберкулезу, алар менен бирге жашагандарга абдан тез жугат. Пневмонияга окшош түрдө болот. Көбүнчө өпкө эмес кекиртек туберкулезу байкалат. Иммундук системаны, сөөктөрдү жабыркатат.
2011 | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 | |
Кыргыз Республикасы | 5535 | 5851 | 5859 | 5898 | 5853 | 5680 | 5616 |
Баткен облусу | 351 | 410 | 418 | 409 | 354 | 334 | 360 |
Жалал-Абад облусу | 863 | 926 | 880 | 948 | 868 | 983 | 946 |
Ысык-Көл облусу | 305 | 316 | 319 | 295 | 273 | 286 | 233 |
Нарын облусу | 251 | 280 | 244 | 268 | 234 | 216 | 168 |
Ош облусу | 991 | 1039 | 1156 | 1101 | 1135 | 1068 | 1098 |
Талас облусу | 252 | 230 | 257 | 250 | 239 | 212 | 190 |
Чүй облусу | 1298 | 1302 | 1221 | 1114 | 1245 | 1212 | 1244 |
Бишкек ш. | 997 | 1094 | 1144 | 1237 | 1260 | 1111 | 1121 |
Ош ш. | 227 | 254 | 220 | 276 | 245 | 258 | 256 |