Жүктөлүүдө...
Кыш мезгили
Кыш — күз менен жаздын ортосундагы жыл мезгилдеринин бири. Жылдын бул мезгилининин негизги өзгөчөлүгү — туруктуу төмөнкү температура (Цельсия боюнча нөл градустан төмөн), көптөгөн жерлерде кар түшөт. Жыл мезгилдеринин алмашышы жердин айлануу огунун эклиптика түздүгүнө карата жантаюуусу менен шартталат.
Кыш мезгили |
|
Түндүк мелүүн аймак |
Астрономиялык мезгил | 22-декабрь — 21-март |
Метеорологиялык мезгил | 1-декабрь — 28/29-февраль |
Күн (кельтче) мезгили | 1-ноябрь — 31-январь |
Түштүк мелүүн аймак |
Астрономиялык мезгил | 21-июнь — 23-сентябрь |
Метеорологиялык мезгил | 1-июнь — 31-август |
Күн (кельтче) мезгили | 1-май — 31-июль |
Кыш мезгили кандай сонун, балдар чурулдап кар менен ойношуп, эс алгандар тоого барып лыжа тээп, муз аянтчаларда коньки менен чуркашат. Жылуу күндөрдө, эртең менен турганда айлананын баарысын ак-күмүш түстүү кыроо басат.
Анын үстүнө кыш мезгили жаны жыл, балаты, аяз ата, аяз кыз, момпосуй, белектер, маскарад, эс алуулар (каникулдар) жана башка көптөгөн ушундай жакшы сөздөр менен байланышы бар. Бирок негизи кыш өзү кандай мезгил? Келгиле бул жөнүндө кененирээк баарлашалы.
А. П. Чехов кыш мезгилин «кайгылуу, караңгы жана үмүт жашабаган мезгил» деп санаган. Бирок, кыш, болгону жашоо айлампасынын бир баскычы жана аны кандай маанайда кабыл алсак дал ошондой болмокчу.
Кыш мезгили Жер планетасынын күндү айлануу орбитисындагы абалынан көз каранды. Баарыбызге белгилүү болгондой эле жердин айлануу огу күнгө жараша 23,3 ° (градуска) жантайыңкы болуп турат.
Качан түндүк уюл күндөн 23,3 ° алыстаганда түндүк жарым шарда кыш келет, ал эми бул мезгилде түштүк уюл күнгө жакын болуп калат эмеспи, ошондуктан ал жакта жай болот. Муну жакшы түшүнүү үчүн кийинки иллюстрацияга көңүл буруңуз.
Жыл мезгилдеринин алмашуусу
Түрлөрү
- Астрономиялык кыш
- Календарлык кыш
- Климаттык кыш
Астрономиялык кыш
Астрономииялык кыш, кышкы күн туруусунан (орусча солнцестояние) тарта жазгы күндүн тенелишине чейин созулат, башкача айтканда жердин түндүк жарым шарында 22-декабрдан баштап 21-мартка чейин, түштүк жарым шарда 22-июндан баштап 21-сентябрга чейин. Жер шарында жыл сайын бул астрономиялык учурлар ар башка убакытка туура келет (көрсөтүлгөн суткалардын ченеминде).
Календарлык кыш
Календарлык кыш үч айдан турат: түндүк жарым шарда (анын ичинде Кыргызстанда дагы) булар — декабрь, январь, февраль айлары, түштүк жарым шарда июнь, июль жана август.
Климаттык кыш
Климатологдордун айтуусу боюнча абанын күнүмдүк орточо температурасы Цельсия боюнча нөл градуска теңелип жана төмөндөй баштаганда кыш башталат. Кыргызстанда бул убакыт облустардын жайгашуу жеринен көз каранды, мисалы Ысык-Көл облусунда бул ноябрь айынын экинчи жарымы, Нарын облусунда ноябрь айынын биринчи жарымы, Ош, Талас, Баткен, Жалал-Абад жана Чүйдө бул декабрь айынын биринчи жарымы.
Эң муздак ай негизинен январь, ал эми декабрь эң караңгы ай деп саналат, анткени күн тез кирип, кеч чыккан мезгилдин жогорку чекити ушул айга тиешелүү, январ айында болсо күн узара баштайт. Эң кыска күн жана эң узун түн 21 — 22-декабрга туура келет. Ал кышкы күндүн турушу деп аталат. Ушул күндөрдөн тарта акырындык менен күн узарып, түн кыскара баштайт.
Кыргызстанга кыш мезгили түндүк-чыгыштан келет. Түштүк-батыштан соккон жел түндүк-чыгыштан соккон муздак жел менен алмашат. Орточо эсеп менен октябрь айынан тарта жаан-чачындар карга айланат, бирок абанын орточо температурасы нөлгө жетпейт. Андан соң температуранын төмөндөшү менен октябрдын аягы ноябрдын башында жер бетин толук каптаган кар түшөт. Көлмөлөрдүн үстү жука муз менен капталат. Жандуу табият бир отоло кышкы анабиозго өтөт. Ошондой болсо дагы кышкы ызгаар дагы эле алсыз, туруктуу эмес болуп, жылуу күндөр менен алмашып турат. Ноябрь айынынын биринчи жарымында Атлантикадан келген циклондордун эң жогорку чеги. Бул мезгил — кыш алдында (кыштын келээри) деп аталат. Орточо эсеп менен ал ноябрдын аягына чейин созулат дагы климаттык кыш келгенде абанын температурасы туруктуу нөлдөн төмөн болот. Жер бети толук кар менен капталат. Кыш мезгилиндеги суук учурду чилде дейт. Кээде бул мезгилдерден четтөөлөр болот. Кээ бир жылдары кыш эрте (октябрь), же тескерисинче кеч (декабрь) келет. Аномалдуу кеч келүү январь айында болот, же жер бетин такыр кар каптабайт.
Кышкысын ар кандай жугуштуу оорулар күчөйт эмеспи. Алардын эң эле кеңири таралган курч респираторлук оорулардын бири Грипп.
Элдик календар боюнча кыштын башталышын үшүк жүрүүлөр менен аныкташат, ал эми кыштын аякташы — кардын эриши менен. Метеорологдор болсо негизинен кышты эки түргө болүшөт: жумшак (жылуу бирок кар бар) жана муздак (аба өтө кургак).
Элдик айтуулар
Кышында кургак жана суук болсо — жайында да кургак жана ысык болот. Кышында бороон чапкын көп жүрсө — жайында жаан-чачын көп жаайт. Кардын көп болуусу өсүмдүктөрдүн жакшы өсүүсүнө шарт. Кыш жылуу болсо — жайында салкын. Кышында ызгаар суук — жайында абдан ысык. Кыш кардуу — жай жаанду дешет.
Дагы бир кызыктуу нерсе — кышкысын жан-жаныбарлар кээ бирлери жылуу жактарга кетсе, кээ бирлери ошол эле аймакта кыштап калышат, муну айбанаттардын кыштан чыгуусу дейбиз.
Тарыхый кыштар жана фактылар
- 1683 — 1684, «Улуу аяз», Темза дарыясы Лондон көпүрөсүнө чейин тоңуп, болжолдуу эки ай бою тоңгон абалда турган. Муздун калыңдыгы Лондондо орточо 27 см, Сомерсетте 120 смге жеткен. Түндүк деңиздин түштүк бөлүгүнүн жээгиндеги тоңгон деңиздин музу 3,2 км чейин созулган, бул деңиз жээктерине келүүчү кемелерге чоң тоскоолдуктарды жараткан.
- 1739 — 1740-жалдарда Улуу Британиянын кышты байкоо тарыхындагы эң катаал кышы болгон. Темза орточо 8 жума бою тоңгон. 1740 — 1741-жылдардагы Ирландиядагы ачкачылык 300 000 адамдын өмүрүн алган.
- 1816-жыл түндүк жарым шарда жай мезгилисиз жыл болгон. 1815 — 1816-жылдардагы кыштын жана кийинки жайдын мындай өзгөчө салкын болуусу негизинен 1815-жылдын апрель айындагы Индонезиянын Тамбор жанар тоосунун бүркүүсүнөн улам келген. 1810-жылдын айланасында белгисиз бүркүүнүн кайталанган эффектилери да жүргөн, ошондой эле, дүйнөдөгү тоо бүркүүнүн бир нече анча чоң эместери 1812 жана 1814-жылдардын айланасында ишке ашкан. Кумулятивдик эффектилер бардык жерде катталган, бирок, АКШнын чыгыш бөлүгүндө, атлантикалык Канадада жана Түндүк Европада өзгөчө күчтүү болгон. Май айында Жаңы Англияда аяз калыптанып, көптөгөн жаңы айдалган эгиндерди кыйратып, жай мезгили калыбына келген эмес. Июнь айында Нью-Йоркто жана Мэнде кар түшүп, июль жана август айларында көлдөр жана дарыяларда муз калыптанган. Улуу Британияда карлар июль айына чейин дөңсөөлөрдө калып, сентябрда Темза тоңгон. Түндүк жарым шарда айыл-чарба өсүмдүктөрүнөн түшүм алынбай, мал-жан кырылган, а бул 19-кылымдын эң катаал азык-түлүк жетишсиздигине жана ачкачылыккка алып келген.
- 1887 — 1888-жылдары Жогорку Орто Батышта рекорддук төмөнкү температуралар, кардын катуу жаашы жана катуу бороондор бүткүл дүйнөдө катталган, анын ичинде 1888-жылдын Мектеп бурганагы (Орто Батышта, январда) жана 1888-жылдын Улуу аязы (АКШнын чыгышында жана Канадада, мартта) жүргөн.
- Европада 1947-жылдын башында, 1956-жылдын февраль айында, 1962-1963, 1981-1982 жана 2009-2010-жылдардагы кыш аномалдуу муздак болгон. 1946–1947-жылдары Улуу Британияда кыш салыштырмалуу нормалдуу башталып, бирок, абдан кар көп түшүп, дээрлик январдан мартка чейин тынымсыз жааган.
- Түштүк Америкада (жылуу аймак) 1975-жылдын кышы эң ызгаар болгон: 25 ° түш. кеңдикте, анча бийик эмес шаарларда рекорддук карлар жааган, ал эми, түштүк Бразилиянын кээ бир бөлүктөрүндө -17 °C (1,4 °F) температура байкалган.
- АКШнын чыгышында жана Канадада 2013–2014-жылкы кыш жана 2015-жылдын февраль айынын экинчи жарымы аномалдуу муздак болгон. Бирок, 2014–2015-жылкы кыш декабрь жана январ айларында жагымдуу келген.
- 1310–1330-жылдары Европада көптөгөн кыштар катаал жана жайы муздак нымдуу келген — Кичи муз доор мезгилинин биринчи күтүлбөгөн аба ырайынын белгиси, ал бир нече жүз жылга созулган, болжолдуу 1300-жылдан 1900-жылдарга чейин. Дайыма муздак жана нымдуу аба ырайы көптөгөн кыйынчылыктарды жараткан, алардын алгачкысы 1315–1317-жылдардагы ачкачылыктын себеби, а бул өз кезегинде иммунитеттин алсызданышына жана чала тоюууга алып келип, Кара өлүмгө (чума пандемиясына) алып келген (1348–1350).
- 1600-жылы Перудагы Уайнапутина жанар тоосунун атылышынан пайда болгон 1600–1602-жылдардагы Швейцария жана Балтика аймагындагы ызгаар кыштар.
- 1607–1608-жылдары Түндүк Америкадагы Өйдөңкү (англисче Lake Superior) көлүндөгү муз июнь айына чейин сакталган.
- 1622-жылы Турцияда Алтын мүйүз булуңу жана Босфордун түштүк бөлүгү тоңуп калган.
- 1690-жылдардагы өтө муздак, кардуу, ызгаар кыштар. Муз Исландияны көптөгөн километрлерге чейин бардык тарабын айланта каптаган.
- 1779–1780-жылдары Шотландияда кышты байкоо тарыхындагы эң муздак кыш болгон, мында дагы Исландияны муз 1690-жылдагыдай айланта каптап калган. АКШда рекорддук беш жумалык суук -20 ° F (-29 ° C) минимумга Хартфорд, Коннектикутда жетип, -16 ° F (-27 ° C) в Нью-Йорк шаарында катталган. Гудзон дарыясы жана Нью-Йорк булуңу тоңгон.
- 1783–1786-жылдары Темзанын бөлүктөрү тоңуп, бир нече айлар бою жердеги кар кеткен эмес. 1784-жылдын февраль айында Түндүк Каролина Чесапикс булуңунда тоңгон.
- 1794–1795, Улуу Британиядагы ызгаар кыш, эң суук январь айы жана Лондондо катталган температуралардын эң төмөнкүсү: -21 ° C (-6 ° F) 25-январь. Суук тийүүлөр, суукка кабылуулар Рождество майрамынын алдында башталып, анча чоң эмес убакыт аралыктарга азаюуу менен мартка чейин созулган. Северн жана Темза тоңуп, кайрадан аяз жарманкелери башталган. Француз армиясы тоңуп калган дарыялар аркылуу Нидерландыга кол салууга аракеттерди жасап, голландиялык флот жээктерде тыгылып калган.
- 1813–1814-жылдар катуу сууктун болушу, Темзанын акыркы тоңушу жана акыркы аяз жарманке (эски Лондон көпүрөсүн алуу жана дарыянын жээктерин өзгөртүү тоңуп калуу ыктымалын төмөндөткөн).
- 1883–1888-жылдар, бүткүл дүйнөдө температуранын төмөн болуусу, анын ичинде Жогорку Орто Батышта тынымсыз аномалдуу муздак жана ызгаар кыштардын болуусу, бул 1883-жылдын августундагы Кракатау жанар тоосунун жарылуусу менен байланыштуу. Улуу Британияда кар октябрь айында эле байкалып, бул мезгилдин өтүшүндө июль айында дагы болуп турган.
- Эң чоң карлар Москвада кышында эмес, жазында жааган. Бул окуя 1944-жылдын 30-апрелинде болгон. Карлар ушунчалык чоң болгондуктан, анын формалары төө куштун жүндөрүн элестетип, чоң адамдын алаканындай келген.
- 2013-жылдын 8-декабрында Антарктидадагы япон станциясында -91,2 ºС температурасы катталган.
- Ал эми калк көп жашаган эң муздак жер Якутиянын Оймякон кыштагына тишелүү, түрдүү эсептөөлөр боюнча кыш мезгилиндеги температуралык минимум -78 ºСдан -82 ºСка чейин жетет.
Адамдар жана кыш
Адам суукка өтө сезимталдуу. Суук тийүү, түрдүү вирустар, мезгилдик депрессия, гипотермия, тайгакта жыгылуу, сынык, шыптан түшкөн муздар мунун баары муздак жана ызгаардуу аба ырайы менен байланышкан, адам баласынын ден-соолугуна зыян келтирүүчү көрүнүштөр. Түндүк жарым шарда үйү жок селсаяктар кышында тоңуп калуудан көз жумушат.
Мифология
Перс маданиятында кышкы күндүн туруусу ялда («жаралуу» дегенди түшүндүрөт) аталып, миңдеген жылдар бою белгиленген. Ал жарыктыкты, жердеги жакшылыкты жана күч-кубатты символдоштурган Митранын төрөлүү алдындагы мезгил деп эскерилет.
Грек мифологиясында Аид Персефонаны өзүнүн аялы кылуу максатында уурдап кеткен. Зевс Аидге Персефонаны Жер кудайы жана Персефонанын энеси Деметрага кайтарууну буйрук кылат. Бирок, Аид Персефонаны алдамчылык менен өлгөндөрдүн тамагын жедирет, ошондо Зевс алты ай Деметра жана алты ай Аид менен болот деп айтат. Деметранын кызы Аид менен болгон учурда Деметра көңүлү чөгүп кышты чакырат имиш.
Уэльск мифологиясында Гвин ап Над (англисче Gwyn ap Nudd) Крейддилад (англисче Creiddylad) аттуу кызды уурдап кетет. Май айында кыздын жигити Гвитр ап Грейдол (англисче Gwythr ap Greidawl) кызды кайтаруу үчүн Гвин менен кармашат. Алардын ортосундагы кармаш жай менен кыштын күрөшүн билдирген.
Кандай гана кыш болбосун табият баарыбир өз мезгилдери менен жакшы. Кыш мезгили аттуу макалага кошумча маалыматтар болсо пикир калтырып койгула. Пайдалуу маалымат болду деген ойдобуз.
Дагы караңыз
Жайгаштыруу: 2017-10-19, Көрүүлөр: 164333, Өзгөртүлгөн: 2024-03-08,
Тарыхы Талкулоо Оңдоо/Толуктоо