Афганистан


Жеринин аянты 652000 чарчы/чакырым. Калкы - 24790000 адам (2005). Афганстан тоо жана чөл өлкөсү. Чокуларын түбөлүк мөңгү баскан заңкайган Гиндукуш тоолору өлкөнүн бүткүл аймагы аркылуу созулат. Бул тоолордогу бирин-экин ашууларды тепчий жалгыз аяк жана чоң жолдор өтөт. Өлкөнү океан, деңиздерден жүздөгөн чакырым аралык бөлүп турат. Афганстанда жайкысын өтө ысык, кышкысын көпчүлүк жерлеринде катуу суук болот. Жайы-кышы суу жетишсиз.

Ошондуктан отурукташкан калк өзөндөрдү бойлото жайгашкан. Ал эми калган эл тоо, чөлдөгү жайыттарда малын багып көчүп жүрөт. Афгандар өзөндөрдөн сугат каналдарын - арыктарды чыгарышкан. Арык бойлорунда бийик теректер, саябандуу кара жыгачтар өсөт. Сугат жерлерде буудай, жүгөрү, шалы, пахта эгилет. Эгинчилик - Афганстандын чарбасынын эң башкы тармагы. Багбанчылык менен жүзүмчүлүк өнүккөн. Жемиш бактарында шабдалы, жаңгак, бадам, өрүк, анжыр, анар өсөт. Кургатылган жемиштер, жаңгак башка өлкөлөргө сатылат.

Өлкөнүн борбор шаары - Кабул тоо арасында, дарыя боюнда жайгашкан. Байыркы мезгилден бери Афганстанга көп жолу баскынчылар кол салып, бүлүнтүп келишкен. Өткөн кылымда аны англистер багындырууга аракет кылган. 1919-жылы Афганстан көз карандысыздыкка биротоло жетишти. Аны король башкарган, бирок бийликти парламент менен бөлүшүүгө аргасыз болгон. 1973-жылы июлда король тактан кулатылып, өлкө республика деп жарыяланган. Ал эми 1978-жылы Апрель революциясы жеңгенден кийин Афганстан элдик-демократиялык мамлекет, 1992-жылдан Афган Ислам Республикасы деп аталат.

2016-05-22 545 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2016-05-22