Балмуздак сатуучунун кичинекей кол арабасында аяздын бир кетими жатат. Ал тегерегин муздатып, акырындап эрүүдө, бирок кадимки муз сыяктанып көлкүлдөгөн сууга айланбайт, көлөмү бара-бара кичирейип эч нерсе калбай бууланып кетет. Бул - баарынарга жакшы тааныш кургак муз.
Кургак муздун бир кетимин алып бош банкага салабыз, ал бууланып бүткөн соң, банканы күйүп турган шамдын үстүнө ичиндегисин төккөнсүп кыйшайтабыз. Шам чын эле ага бир нерсе төгүп жибергендей өчөт. Демек, кургак муз эрип кандайдыр бир газга айланат да банкага толот. Бул газдын күйүүгө жардам бербестиги жана анын салмагы абаныкына караганда оор экендиги (мына ушул себептен аны банкадан төгүүгө мүмкүн болду) өзүнөн өзү түшүнүктүү. Бул көмүр кычкыл газы.
Көмүр кычкыл газынын молекуласы кычкылтек жана көмүртек атомдорунан турат. Көмүр кычкыл газынын формуласы CO2, демек молекуласында көмүртектин 1 атому жана кычкылтектин 2 атому бар.
Өрт өчүргөндө көбүктүү агым жалынды басат, мында суу менен катар көмүр кычкыл газдын аракети зор. Ал тажрыйба жасаганда шамды өчүргөн сыяктуу эле отту да өчүрөт. Газдалган суу ичкенде таңдайыңарды жагымдуу кычыштырган да ушул көмүр кычкыл газы. Көмүр кычкыл газы сууда эрип, көмүр кислотасына айланат.
Бул кислота көптөгөн металлдар менен биригип, өзгөчө заттарды - карбонаттарды пайда кылат. Алардын ичинде силер жакшы билген сода - натрий карбонаты бар. Көмүр кислотасын жаратуучу башка бир туз - кальций карбонаты табигый жаратылышта өтө көп өлчөмдө, негизинен үч түрдө жолугат.
Алар: бор, акиташ жана мрамор. Бул тектердин зор катмарлары жер кыртышынын тереңин көздөй кетет. Жер түпкүрүндөгү ысыкта карбонаттар эрип, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Жер кыртышындагы жылчыктар менен жанар тоолордун тешиктери аркылуу көмүр кычкыл газы атмосферага тарайт.
Жаныбарлар менен адамдар дем чыгарганда, нерселер күйгөндө же чиригенде да көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгат. Мына ушулардын натыйжасында атмосферага миллиарддаган тонна көмүр кычкыл газы тарайт, ошентсе да абада ал салыштырмалуу аз эле санда болот. Мунун биз үчүн мааниси өтө чоң.
Анткени көмүр кычкыл газ уулуу, эгер абада ал бир аз эле көбөйүп кетсе, тегиз бардыгы ууланып калмак. Бизди мындай апааттан жашыл өсүмдүктөр сактап турат. Көмүр кычкыл газы - алардын негизги тамагы. Өсүмдүктүн жалбырагы көмүр кычкыл газын жутуп, андагы көмүртектин атомдорунан жана башка заттардан өсүмдүк үчүн зарыл болгон углеводдорду жасайт. Ал эми бул өсүмдүктөр менен жаныбарлар жана адамдар тамактанат. Ошентип көмүр кычкыл газы бизге өтө керектүү экен. Ал жерде тиричиликтин болушу үчүн өтө зарыл.