Кыргызстан — официалдуу Кыргыз Республикасы (аббревиатура — КР) — Тянь-Шань жана Памир-Алай тоо системасынын батыш жана борбордук бөлүгүндө жайгашкан, Борбор Азиядагы өлкө. Түндүгүндө Казакстан, батышында Өзбекстан, түштүк батышында Тажикстан, чыгыш жана түштүк-чыгышында Кытай өлкөлөрү менен чектеш. Борбору — Бишкек калктын эң жыш жайгашкан республиканын шаары, 2020-жылдын баштында туруктуу жашоочулардын саны — 1 053 900 адам. Калкынын жайгашуусу боюнча экинчи шаар Ош.
Негизделиши | |
---|---|
1924-жыл 14-октябрь | Кара-Кыргыз автономдук облусу |
1925-жыл 25-май | Кыргыз автономдук облусу |
1926-жыл 1-февраль | Кыргыз АССРи |
1936-жыл 5-декабрь | Кыргыз ССРи |
1990-жыл 15-декабрь | СССРдин курамындагы суверенитетин жарыялоо |
1991-жыл 5-февраль | Кыргыз Республикасы |
1991-жыл 31-декабрь | СССРден көз карандысыздыгы жарыяланган |
1991-жыл 21-декабрь | КМШга кошулуусу |
1991-жыл 26-декабрь | кабыл алуу, таануу |
1992-жыл 2-март | БУУга кабыл алынган |
Көз карандысыздык датасы | 1991-жыл 31-август (СССРден) |
Официалдуу тилдер | кыргыз — мамлекеттик, орус — расмий |
Борбор шаары | Бишкек |
Ири шаарлар | Бишкек, Ош, Жалал-абад, Каракол |
Башкаруу формасы | президенттик (11-январь 2021-жылдан тарта) |
Территория | |
Бардыгы | 199 951 чарчы/чакырым (дүйнөдө 85-орунда) |
суу бетинин % | 4,4 |
Калкы | |
Саны | 7 млн адам (19-октябрь, 2022-жыл) |
Жыштык | 1 чарчы чакырымга 32 адам (142-орун) |
ИДӨ (СМП) | |
Бардыгы (2019) | 25,915 млрд долл.(136-орун) |
Киши башына | 4056 долл.(143-орун) |
ИДӨ (номиналдуу) | |
Бардыгы (2019) | 8,261 млрд долл.(142-орун) |
Киши башына | 1 293 долл.(154-орун) |
АӨИ (2019) | 0,674(орточо;122-орун) |
Жашоочулардын аталышы | кыргыз, көптүк түрдө — кыргыздар |
Валюта | cом (KGS, код 417) |
Интернет-домени | .kg |
ISO коду | KG |
ЭOK коду | KGZ |
Телефон коду | +996 |
Убакыт зонасы | UTC+6:00 |
Автомобилдик жол жүрүү | оң жагынан |
Кыргызстан аралаш светтик, унитардык республика. Мамлекеттик тил — кыргыз тили, расмий — орус тили. Аймактык аянты боюнча дүйнө жүзүндө 85-орунда (199 951 чарчы/чакырым), КМШ өлкөлөрүндө 7-орунда. Калкынын саны боюнча өлкө 108-орунда. 2015-жылдын 25-ноябрында 6 миллионунчу жаран жарык дүйнөгө келген. 2022-жылдын 19-октябрында 7 миллионунчу жаран төрөлгөн.
Кыргызстан Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин, Евразия экономикалык биримдигинин, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ, орусча ОДКБ — Организация Договора о коллективной безопасности), Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС), Ислам кызматташтык уюмунун, Түрк кеңешинин, ТҮРКСОЙ уюмунун жана Бириккен Улуттар уюмунун мүчөсү.
Өлкө калкынын көпчүлүгүн кыргыздар түзүп, ири этникалык аз улуттарга өзбектер жана орустар кирет. Орус тили расмий тил болгону менен Кыргыз тили активдүү колдонулуп, Борбордук Азиядагы башка түрк тилдери Кавказ, Поволжье жана Түштүк Сибир менен тыгыз байланышта. Калктын көпчүлүгү — салттуу Ислам динин туткан мусулмандар (Кыргыз мамлекетинин негизделиги жана өнүгүшү).
Революцияга чейинки Россияда жана совет бийлигинин биринчи жылдарында «кыргыз» этноними кеңири колдонулчу. Кеңири мааниде кыргызды бир гана заманбап кыргыздарды (кара-кыргыз) эмес, казактар (кыргыз-кайсак) менен кара калпактарды (кара калпак кыргыздар) да түшүнчү. Падышачылык мезгилде кыргыз деп хакастарды да атачу.
Улуттук-аймактык чек салып бөлүшүүнүн натыйжасында Орто Азияда «Кыргызстан» («Киргизия») термини РСФСР улуттук-мамлекеттик курулуш мезгилинде, 1920-жылдарда пайда болгон. Башында «Кыргызстан» сөзү казак автономиясынын Кыргыз АССР катышында (1920-1925) колдонулган. 1924-жылы Советтер Союзунда Кыргыз автономиясы негизделген — РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу. 1925-жылы Кыргыз АССРи Казак АССРине өзгөрүп, ал эми Кара-Кыргыз автономиялуу облусу Кыргыз автономиялуу облусу болуп өзгөргөн. Ошондой эле Хорезм ССРинин курамында Кыргыз-Каракалпак автономиялуу облусу да болгон, кийинчирээк жаңы негизделген Кара-Калпак автономиялуу облусуна кирген. 1925-жылдын 25-майынан тарта «Киргизия», «Кыргызстан» терминдери Советтер Союзунун ичиндеги кыргыз мамлекеттүүлүгүнүнө колдонулуп, СССР ураган соң заманбап, көз карандысыз Кыргыз мамлекетине да колдонулат.
СССРдин урашында, ошону менен бирге союздук республикалардын суверенитин жарыялоодо, анын ичинде Кыргыз ССР, бир катар республикаларда өлкөнүн жана шаарлардын орусча аталыштары титулдук этностордук тилдик фонетикасына жараша өзгөрөт. Кыргызстанда да өлкөнүн «Киргизия» аталган орусча аты официалдуу жана бардык жерде «Кыргыз Республикасы» жана «Кыргызстан» болуп колдонула баштайт. Өлкөнүн ушундай аталышы орус тилинде эл аралык уюмдарда колдонулат.
Кыргыз тилинде Кыргызстан — «кыргыздардын өлкөсү» дегенди билдирип, «кыргыз» этнонимине персид тилинен келген «-стан» суффиксин кошуу менен негизделген.
Кыргызстан деңиз менен байланышы жок. 39°11-43°16 түндүк кеңдик жана 69°15-80°18 чыгыш кеңдик ортосунда, Түндүк жана Чыгыш жарым шарда толук жайгашкан. Өлкөнүн Чыгыш бөлүгүнөн Батыш бөлүгүнө чейинки аралык 900 чакырымды түзүп, түндүктөн эң түштүк жагына чейин 410 чакырымды түзөт. Өлкө Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрү мене чектеш.
Мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 4675,17 чакырымды түзүп, алардын 1241,58 чакырымы Казакстан, 1378,44 чакырымы Өзбекстан, 970,8 чакырымы Тажикстак жана 1087,35 чакырымы Кытай өлкөлөрү менен чектеш.
Кыргызстандын аймагынын төрттөн үчүн тоолор ээлейт. Өлкөнүн аймагы эки тоо системалары ортосунда жайгашкан. Түндүк-чыгыш бөлүгү Тянь-Шандын, түштүк-батышы Памир-Алай чегинде жатат. Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 394 метр бийиктикте жатып, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги — 2750 м. Жарымынан көбү деңиз деңгээлинен 1000 метрден 3000 метрге чейинки бийиктикте жана орточо үчтөн бири 3000ден 4000ге метрге чейинки бийиктикте. Жеңиш чокусу өлкөнүн эң бийик чекити жана Жер планетасындагы эң түндүктүү жети миңдик чоку, бийиктиги — 7439 метр. Чыгышта Тянь-Шандын негизги кырлары Меридионалдык кырда жакындашып, кубаттуу тоо түйүнүн түзөт. Кытай жана Казакстан чек араларында Жеңиш (7439 м) жана Хан-Теңири (7010 м же 6995 м муз катмарын эс албаганда) чокулары көтөрүлөт. Кыргызстандын батыш бөлүгү батыш Тянь-Шань чегинде жайгашкан. Аладын жакынкы орографиялык элементтери:
Кыргызстандын түштүгүндө Түркстан кыркасынын түндүк капчыгайы, Алай өрөөнү жана Алай сырт кыркасы таандык болуп, түндүк Памир чет жакасын түзөт. Сырт Айлай кыркасынын жогорку чеги жана Кыргызстан боюнча экинчи орундагы бийиктик — Ленин чокусу, анын бийиктиги — 7134 м. Түштүк-батышта Кыргызстан чегине Фергана ойдуңу тоо этектери менен түндүк, чыгыш жана түштүк чет жакалары кирет.
Географиялык жактан Кыргызстан тоо кыркалары жана ашуулары менен шарттуу түрдө түндүк (Талас, Чүй, Ысык-көл жана Нарын облустары) жана түштүк (Баткен, Ош, Жалал-абад облустары) болуп бөлүнөт. Республиканын түндүгү жана түштүгү бийик тоолу Бишкек-Ош автомагистралы менен биригет. Түндүктөн түштүктү карай жолу Төө-ашуу ашуусу алдында тешкен тоо (3240 м; узундугу 3 чак.), Суусамыр өрөөнү, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Токтогул суу сактагычы, Көк-Бел ашуусу аркылуу өтүп, Фергана өрөөнүнө чыгат. Маанилүү орографиялык элементтер:
Окумуштуулардын баалоосу боюнча республиканын бардык турак жерлеринин 97,8% 8-9 баллдык сейсмикалык аймактарда жайгашкан.
Бийик тоолу рельефтин булуттуулугу жана жаан-чачындуулугу менен жумшаруучу чукул континенталдуу, кургакчыл мүнөздүү климаты үч фактор менен шартталат: Евразиянын борборундагы түндүк жарым шарда жайгашуусу, орчундуу суу объектилеринен алыстыгы жана чөлдөр менен кошуна болуусу. Температуралык амплитудалар абдан ар түрдүү — орточо кышкысын -30°Сдан тоо өрөөндөрүндө, жайкысын 27 °C Фергана өрөөнүндө. Эң жогорку өлчөнгөн температура — 44 °C, эң төмөнкүсү — -53,6 °C.
Жаан-чачындын саны да ар аймакта ар түрдүү. Бийик тоо беттеринде жылына 2000 мм жетип, Ысык-көлдүн батыш жээгинде жылына 100 мм төмөн. Өлкө негизинен күн чубактуу келип, жылына орточо 2900 күн сааттарын алат, бирок кээ бир өрөөндөрдө дайыма булут каптоо байкалып, күнүнө төрт сааттан ашпаган күн тиет.
Кыргызстандын мөңгүлөрү республиканын суу запастарын гана түзбөстөн, бүтүн Борбордук Азиянын суу запастарын түзүп, дарыялардын негизги булагы. Республикада орточо 8 миңдей мөңгү бар болуп, Кыргызстандын территориясынын 4% (орточо 8 миң чарчы чак.) ээлеп, түбөлүк тоңдор менен бирге өлкө аймагынын 40% басат (орт. 81 миң чарчы чак.). Бул аянты боюнча Кавказ жана Альпы мөгүлөрүн кошкондо да бир кыйла чоңдук кылат. Мөңгүлөрдө орто эсеп мен 650 куб/чакырым муз сакталып турат.
Кыргызстанда орточо 30 000 дарыя-суулар бар, алардын жалпы узундугу орточо 150 000 чак., башка маалыматтар боюнча 35 000 чак. Кыргызстандын ири дарыяларынын бардыгы тоо бийиктиктеринен жаралып, мөңгүлөрдүн жана карлардын эриши менен кубаттандырылат. Республиканын рельеф мүнөзүнөн улам тоо дарыя аймагы жана түздүк болуп айырмаланат. Дарыялар системасынын көпчүлүгү Арал бассейнине таандык, Борбордук Азиянын ири дарыя системасы — Сырдарыя жана Амударыя. Чүй жана Талас дарыяларынын бассейни Арал бассейнине тиешелүү болгону менен сууларын негизги суу артерияларына жеткирбей, Ысык-көл бассейни менен бирге агып чыкпаган гидрографикалык системаны түзөт. Республиканын терриотриясынын түштүк-чыгыш бөлүгү Тарим дарыясынын агып чыгуусунун калыптануу аймагы — Батыш Кытайдын суу артериясы, ал эми Каркыра суусунун анча чоң эмес бассейни Балхаш көлүнүн бассейнине таандык.
Республиканын эң ири дарыясы — Нарын — Чоң жана Кичи Нарындын кошулуусунан келип чыгат. Сыр-дарыянын негизги түзүүчүсү болуп, Арал бассейнине тиешелүү. Республика ичиндеги узундугу 535 чакырым, бассейн аянты 53 700 чарчы/чак.
Кыргызстанда эки гидрологиялык аймакты белгилешет: агып чыгуунун калыптануу жана чачылуу аймагы. Агып чыгуунун калыптануу аймагы республиканын аянты боюнча 87 % түзүп, чачылуусу — 13 %. Ири дарыялардын агып чыгуусунун чачылууларынын көпчүлүгү Кыргызстандын аймагынын тышкары жайгашкан. Агып чыгуунун чачылуу аймагы тоо капчыгайларына караганда азыраак жаан-чачындын жана интенсивдүү буулануу менен мүнөздөлөт. Ошондуктан агып чыгуунун үстүртөн калыптанышы чектелип, кээ бир жерлерде жок. Андан тышкары, тоолордо калыптанган агып чыгуулар бул аймактардан өтүү менен түздүктөрдүн жана тоо этектериндеги борпоң катмарларга сиңип, сугат иштерине да алынат. Тоо этегиндеги түздүктөрдө жер астындагы сууларды шынап чыгаруу зоналары калыптанып, көптөгөн дарыя-суулар кошумча булактарды алат. Топурак сууларынын чыгуусу кээ бир жерлерде кыйла санда аккан сууларды калыптандырып, алардын тунуктугу начар болгондуктан «кара суу» аташат.
Кыргызстандын дарыя-сууларынын агып чыгуу режими боюнча Тянь-Шан жана Алтай түрүнө кошушат. Биринчи түрдөгү дарыялар негизинен бийик тоолордун кар катмарларынын жана мөңгүлөрдүн эриген суулары менен кубаттанат. Андагы суулардын чыгымы жай айында, эрүүнүн катуу жүрүшүндө көбөйүп, июль, август айларында максимумга жетет. Алтай түрүндөгү дарыялар көбүн эсе орто тоолуу аймактардын мезгилдүү карларынын эриген суулары менен кубаттанат. Андагы суунун чыгымы жазында көбөйүп, ар кайсы бийиктиктеги карлар ар башка ылдамдык менен эригенине жараша суунун кириши созула берет. Жайында бул дарыялардын агып чыгуусу азаят.
Кыргызстанда 2 миңдей көл бар, алардын жалпы аянты — 6836 чарчы/чак. Көпчүлүк көлдөр бийик тоолуу болуп, деңиз деңгээлинен 2500 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жатат. Көлдөрдүн калыптануусунун негизги себеби мөңгүлөрдүн эриши саналат. Республикада үч ири көл бар: Ысык-Көл, Соң-Көл жана Чатыр-Көл.
Өлкөнүн түндүк-чыгышында жайгашкан Ысык-Көл дүйнөдө тереңдиги боюнча жетинчи орунда туруп, деңиз деңгээлинен 1609 метр бийиктикте орун алган. Ал Ысык-Көл ойдуңунда, Күнгөй (түндүгүнөн) жана Тескей Ала-Тоо (түштүгүнөн) кыркаларында жайгашып, түндүк жээгинде көптөгөн пансионаттар, санаториялар жана туристтик базалар бар.
Ысык-Көлдөн чыгышты карай 105 чакырым аралыкта бийик тоолуу, мөңгү тектүү, үстүнкү бетинде кичинекей айсбергдер сүзүп жүргөн Мерцбахер көлү бар, ал жайкысын белгилүү бир деңгээлге жеткенде, шаркырап тез эле жок болуп кетүүсү менен атактуу. Көл түндүк жана түштүк Эңилчек мөңгүлөрүнүн кошулуу аймагынан орун алган.
Токойлор өлкөнүн жалпы аянтынын 3,5 % (2017-жылдын 1-январы — 7041 чарчы/чак.) ээлейт. Кыргызстан 4 миңден ашык түтүкчөлүү өсүмдүктөрдүн түрү эсептелген. Сейрек токойлуу аймактарды 2000-2500 м бийиктикте түрдүү чөптөр жана өсүмдүктөр өсүп, анын ичинде Тянь-Шан карагайы, эдельвейс бар.
Жаныбарлар дүйнөсү 500дөн ашык омурткалуулар (алардын ичинен канаттуулар 335 жана балыктар 49 түр) жана 3 миңден ашык курт-кумурскалар түрлөрү менен берилген, алардын көпчүлүгү сейрек болуп, Кызыл китепке киргизилген. Тянь-Шандын кипарис токойлорунда аркарлардын, маралдардын үйүрү кездешип, эндемиктүү Тянь-Шан күрөң аюусу жашайт. Тоолуу өрөөндөрдө түлкүлөр, карышкырлар, суурлар жана кош аяк, коёнчычкан сыяктуу майда сүт эмүүчүлөр жашайт, тоо суулары форелге бай.
Бийик тоолуу аймактарды жердөөчү Ак илбирстер мурда өлкөнүн көп аймактарында жашаган, бирок бүгүнкү күндө булардын популяциясы чектелген. Айгүл чөптүү өсүмдүк — Кыргызстандын түштүгүнүн эндемиги, кара кур тукумунун түрү.
Биринчилерден болуп Кыргызстандын жоголуп бараткан жаныбарларын жана өсүмдүктөрү СССРдин Кызыл китебине 1978-жылы киргизген. Кийинки жылдары тизме кеңейип, жоголуп кетүү коркунучу алдында турган түрлөр көбөйө берген, 1985-жылы Кыргыз ССРинин Кызыл китеби чыккан. Кийин, 2006-жылы Кыргызстандын Кызыл китеби болуп кайра басылган.
Кыргызстанда ар кандай статустагы 88 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар (ӨКЖА) бар: табигый коруктар, жаратылыш парктары, заказниктер (корукчалар), биосфералык аймактар. ӨКЖАнын жалпы аянты 1 476 121,6 гектар же 14 761,21 чарчы/чакырым (республиканын аянтынын 7,38%). Бүгүнкү күндө иштегендер:
Кыргызстандын мамлекеттик жаратылыш коруктары | |||
---|---|---|---|
№ | Аталышы | Негизделүү жылы | Аянт, га |
1 | Ысык-көл | 1948 | 18 999 |
2 | Сары-Челек (биосфералык) | 1959 | 23 868 |
3 | Беш-Арал | 1979 | 112 463,3 |
4 | Нарын | 1983 | 36 969 |
5 | Каратал-Жапырык | 1994 | 36 392,6 |
6 | Сарычат-Эрташ | 1995 | 149 117,9 |
7 | Падыш-Ата | 2003 | 30 556,4 |
8 | Кулун-Ата | 2004 | 27 434 |
9 | Сурма-Таш | 2009 | 66 194,4 |
10 | Дашман | 2012 | 7958,1 |
Бардыгы | 509 952,7 |
Кыргызстандын мамлекеттик жаратылыш парктары | |||
---|---|---|---|
№ | Аталышы | Негизделүү жылы | Аянт, га |
1 | Ала-Арча | 1972 | 16 484,5 |
2 | Кыргыз-Ата | 1992 | 11 172 |
3 | Кара-Шоро | 1996 | 14 440,2 |
4 | Беш-Таш | 1996 | 13 731,5 |
5 | Чоң-Кемин | 1997 | 123 654 |
6 | Каракол | 1997 | 38 095,3 |
7 | Салкын-Төр | 2001 | 10 419 |
8 | Саймалуу-Таш | 2001 | 32 007,2 |
9 | Саркент | 2009 | 39 999,4 |
10 | Кара-Буура | 2013 | 61 543,9 |
11 | Кан-Ачуу | 2015 | 30 496,5 |
12 | Алатай | 2016 | 56 826,4 |
13 | Хан-Теңири | 2016 | 275 800,3 |
Бардыгы | 724 670,2 |
1998-жылы 4 314 400 гектар аянтта (Ысык-Көл облусунун административдик аймагы) Ысык-Көл биосфералык аймагы уюшулуп, колдонуудагы мыйзамга ылайык өзгөчө коргоо режими менен улуттук денгээлдеги коргоого алынган жаратылыш аймагына теңдеш. 2001-жылдан ЮНЕСКОнун чечими менен «Ысык-Көл» аймагы дүйнөлүк биосфера резерваттар тармагына киргизилген.
Республиканын эл аралык мааниге ээ аймактары төмөнкүлөр: 1976-жылы Ысык-Көл көлү менен бирге Эл аралык Рамсар конценциясынын суу-саз тизмесине «Ысык-Көл коругу сууда сүзүүчү жана суу айланасындагы канаттуулардын эс алуу жана кыштоо жери» деп киргизилген. Бул тизмеге Эл аралык жаратылышты коргоо бирикмесинин Эл аралык Кызыл китебине кирген тоо каздарынын уялоочу жери болгон Каратал-Жапырык коругунун Чатыр-Көл (2005) жана Соң-Көл (2011) көлдөрүн да киргизип, ал көлдөрдө жашаган аккуунун жана турнанын бирден түрү Кыргызстандын кызыл китебине катталган.
Сары-Челек мамлекеттик биосфера коругу 1979-жылдагы ЮНЕСКОНун «Адам жана биосфера» программасынын чечими менен эл аралык бисфералык резерваттар тармагына киргизилген. Анда бардык жаратылыш объектисине жана комплексине мониторинг жүргүзүлөт. Коруктун аймагында метеопост орнотулуп, иш алып барат.
Өлкөнүн минералдык жана чийки зат базасын асыл, түстүү жана сейрек металлдар чыккан жерлер, кен эмес чийки зат, отун-энергетикалык ресурстар түзөт. Кыргызстан көптөгөн табигый минерал чийки затынын түрлөрү боюнча бир кыйла потенциалга ээ. Өлкөнүн аймагында бир нече миңдеген ар кандай рудалык жана рудалык эмес пайдалуу кендер табылган. Негизги казып алуулардын түрлөрү: алтын, сымап, сурьма, сейрек топурак, олово, вольфрам, көмүр, рудалык эмес чийки заттар.
Эскертүү: Кыргыз элинин тарыхы менен алмаштырбайлы
1917-жылдын 25-октябрында (7-ноябрь) Петроградда кызыл гвардиячылар, петроград горнизонунун жоокерлери жана балтика флотунун матростору куралдуу көтөрүлүш чыгарып, убактылуу бийликти кулатат. Ошол эле күнү жумушчулар жана жоокер депутат кеңешинин 2-Бүткүл Россиялык съезди башталып, алардын чечими боюнча аймактагы бийлик, жумушчулар, жоокер жана крестьян депутаттар кеңешине өтөт (караңыз: Кыргызстанда совет бийлигинин орношу жана чыңдалышы, Падышачылык колониялык саясат, Падышачылык бийликтин кулашы, Совет бийлигинин доорундагы Кыргызстандын маданияттын өнүгүшү).
1917-жылдын ноябрында сүлүктү кен казуучулары Кыргызстанда биринчилерден болуп совет бийлигин жарыялайт. Андан соң ал Кызыл-Кыяда, Таласта, 1918-жылдын январ айында Ошто орнойт. 1917-жылдын ноябрында Пишпектеги эмен паркында шаарды советтик кылуу чечими кабыл алынат. 1918-жылдын 1-январында Пишкектеги аскер, жумушчулар жана крестьяндар кеңешинин отурумунда Петрограддын жана Ташкенттин борбордук бийлигине кошулуу токтому кабыл алынат. Кеңештин төрагасы большевик Г. И. Швец-Базарный шайланат. Ошол эле жылдын май айында Пржевальск шаарында Верныйдын кызыл гвардия отрядынын жардамы менен совет бийлии орноп, июнь айында Нарында орнойт. Ошентип, 1918-жылдын жайында Кыргызстандын бардык аймактарында совет бийлиги турат. 1918-жылдын 12-январында кеңештердин 3-бүткүл россиялык съездинде эмгекчилердин жана эксплуатациялануучу элдин укуктарынын Декларациясы — конституциялык акт бекитилет, мыйзам чыгаруу жактан Россиянын мамлекеттик түзүмүнүн жаңы негизин бекиткен, Октябрь революциясынын жеңишин бекемдеп, совет бийлигинин милдеттерин аныктаган.
1918-жылдын 30-апрелиндеги 5-Туркестан създинде муруңку Туркестан генерал-губерниясында РСФСРдин курамына кирген Советтик Туркестан Республикасы жарыяланат.
1921-жылы Туркестан АССРинин курамындагы Тоолуу Кыргыз облусун түзүү суросу көтөрүлгөн, бирок бул суроо чечилген эмес. 1922-жылдын март айында кыргыз интеллигенциясы Ж. Абдрахманов, И. Арабаев, А. Сыдыковдор экинчи ирет кыргыз конуштарына уезддерди Тоолуу Кыргыз облусу кылып бөлүү сунушун көтөрөт. Бирок сунуш иш жүзүндө ишке ашкан жок, анткени Тоолуу Кыргыз Облусу түзүлгөндөн кийин ар кандай улутчул топтордун жана уруулардын көз-караштарынын ортосунда башталган келишпестиктер, Сталиндин түздөн-түз буйругу менен 1922-жылы 4-июнда Пишпекте уюштурулган курултайдын таркатылышына алып келген. 1922-жылы декабрда РКП (б) Борбордук Комитети Тоолуу Кыргыз Регионун түзүү боюнча кабыл алынган бардык документтерди мыйзамсыз деп табып, курултайдын демилгечилерин буржуазиялык улутчулдук жана революцияга каршы иш-аракеттер үчүн айыптайт.
1924-жылдын январында XII Бүткүл Түркстан Советтеринин курултайында «Түркстан республикасын экономикалык жана табигый-тарыхый мүнөздөмөлөрдүн негизинде зоналаштыруу боюнча бардык даярдык иштерин аягына чыгаруу жана буга ылайык административдик-чарбалык башкарууну кайра уюштуруу жөнүндө» чечим кабыл алат. 1924-жылы май айында Түркстан Компартиясынын VIII съезди, андан кийин Бухара жана Хорезм Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитети (БК) жана РКП (б) Борбордук Комитетинин Орто Азия бюросу улуттук чек салып бөлүшүүнү өз убагында жана максатка ылайыктуу деп табышат. Орто Азия партиялык уюмдарынын бул чечими РКП (б) нын Борбордук Комитети тарабынан 1924-жылы июлда бекитилген. Улуттук чек алып бөлүшүүгө даярдык иштери 1924-жылдын сентябрына аяктайт. 1924-жылдын 16-сентябрында Түркстан АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин кезексиз сессиясында улуттук-мамлекеттик демаркация (чек алып бөлүшүү, размежевание) жөнүндө резолюция кабыл алынган. XI чакырылыштагы Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин (БРБАК, орусча — ВЦИК) экинчи сессиясы бул токтомду 1924-жылы 14-октябрда жактырган. Ошентип, РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз Автономиялуу Облусу (1925-жылы май айында Кыргыз Автономиялык Облусу деп өзгөргөн) түзүлгөн (Кыргызстан тарыхы).
1941-1945-жылдар — Кыргызстан улуу ата-мекендик согуш жылдарында
1964-1985-жылдар — Кыргызстан өнүккөн социализм мезгилинде
1991-жылы Эгемендүү Кыргызстан болгон. Кошумча — Эгемендүү Кыргызстандын руханий турмушу.
Бул бөлүм толуктоого муктаж
Кыргыз Республикасы 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган конституцияга ылайык (акыркы өзгөртүү 2016-жылдын 11-декабрында референдумда кабыл алынган) суверендүү, демократиялык, укуктук, светтик, унитардык, социалдык мамлекет. Конституцияда башкаруу формасы көрсөтүлгөн эмес (2021-жылдын 10-январындагы референдумга чейин). Официалдуу булактарда (2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоо жана референдумдан кийин) президенттик башкаруу формасы деп айтылат.
Алмазбек Атамбаевдин (2011-2017-жылдардагы Кыргыз Республикасынын Президенти) 2016-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган параддагы сүйлөгөн сөзүнөн:
Биринчиден, 2010-жылкы Конституция өлкөдө парламенттик башкаруу тутумун киргизген эмес. Бул Конституция бизди президенттик-парламенттик системага алып келип, анда авторитардык режимди түзүүгө бардык шарттар бар.
— делет.
Атамбаев А. Ш.
Президент мамлекет башчысы жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы. Коопсуздук Кеңешин жетектейт, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин чагылдырат, тышкы жана кадр саясатын жүргүзөт.
Тышкы саясатта:
35 жаштан кем эмес жана 70 жаштан ашпаган, мамлекеттик тилде сүйлөгөн, республикада кеминде 15 жыл жашаган Кыргыз Республикасынын жараны президент болуп шайлана алат. Президенттикке талапкерлердин саны чектелбейт. Шайлоочулардын кеминде 30 миң колун топтогон адам президенттикке талапкер болуп каттала алат. Президент жалпы элдик добуш берүү менен 6 жылдык мөөнөткө шайланып, экинчи мөөнөткө кайра шайланууга укугу жок.
Республиканын парламенти — Жогорку Кеңеш — өз ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзам чыгаруу бийлигин жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу эң жогорку өкүлчүлүктүү орган. Ал мамлекеттин эң маанилүү чечимдерин жана саясатын чечүүдө жана аныктоодо артыкчылыкка ээ, бир палаталуу жана пропорционалдык система боюнча 5 жылга шайланган 120 депутаттан турат. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, саясий партияга парламенттен 65 депутаттык мандат берилиши мүмкүн.
Адилеттикти сот ишке ашырат. Сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана башка сот өндүрүшүнүн формалары аркылуу жүзөгө ашырылат. Сот тутуму Жогорку Соттон жана жергиликтүү соттордон турат.
Жогорку Сот жарандык, кылмыш, экономикалык, административдик жана башка маселелер боюнча жогорку сот органы болуп саналат. Сот процессинин катышуучуларынын талабы боюнча соттордун сот актыларын кайра карап чыгууну жүзөгө ашырат. Жогорку Соттун актылары акыркы жана даттанууга жатпайт. Анын курамына Конституциялык палата иш алып барып, ал конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу орган болуп саналат.
Республикада аткаруу бийлигин өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүзөгө ашырат.
Өкмөт жогорку аткаруу органы. Өкмөт премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат. Өкмөттүн түзүмүнө министрликтер жана мамлекеттик комитеттер кирет. Өкмөт Жогорку Кеңешке отчет берет жана анын алдында ушул Конституцияда каралган чектерде жооп берет.
Административдик-аймактык бирдиктер болуп шаарлар, райондор, облустар, ошондой эле айылдык аймактар — бир же бир нече айылдан турган администрациялык-аймактык бирдиктер саналат. Кыргызстан административдик жактан 7 облус, анын ичинде республикалык маанидеги 2 шаарга бөлүнөт. Республикалык маанидеги шаарлардын райондору көз карандысыз административдик-аймактык бирдик катары саналбайт.
Кыргызстанда 531 административдик-аймактык бирдик бар, алардын ичинен:
Желек | Аталышы | Административдик борбор | Аянт (чакырым2) | Туруктуу калк (1.01.2019) |
---|---|---|---|---|
Бишкек | — | 160 | 1027200 | |
Ош | — | 182 | 299500 | |
Чүй облусу | Бишкек | 20200 | 941100 | |
Ысык-көл облусу | Каракол | 43100 | 499800 | |
Талас облусу | Талас | 11400 | 263500 | |
Нарын облусу | Нарын | 45200 | 287000 | |
Жалал-Абад облусу | Жалал-Абад | 33700 | 1214400 | |
Ош облусу | Ош | 29200 | 1341900 | |
Баткен облусу | Баткен | 17000 | 525100 |
Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү — мамлекеттин суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүштү, коомду жана Кыргыз Республикасынын жарандарын ишенимдүү коргоону камсыз кылуу жана эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн түзүлгөн мамлекеттик аскердик уюм.
Учурдагы конституцияга ылайык, Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргонуу негиздерине ылайык куралат. Жамааттык коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы агрессия болгон учурларды кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн Кыргызстандан тышкары пайдалануу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен жүзөгө ашырылат. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү төмөнкүлөрдөн турат:
Economist Intelligence Unit билдиргендей, өлкөнүн Демократия индекси 2018-жылы гибриддик деп классификацияланган.
Кыргызстан дүйнөнүн 155 мамлекети менен дипломатиялык мамилелерди орноткон. Россия, Казакстан жана Кытай Кыргызстандын эң маанилүү өнөктөштөрү болуп саналат. 1999-2012-жылдары Бишкекке жалпысынан 12,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө аскердик жардам көрсөткөн Түркия дагы кызыктар экендигин көрсөтүп, 2012-жылы 50 миллион доллар өлчөмүндө Кыргызстандын карызын кечкен.
Россия Кыргызстандын эң маанилүү экономикалык жана саясий өнөктөшү болуп, олуттуу гуманитардык жана аскер-техникалык жардам көрсөтүп келет, Кыргызстандын көптөгөн жарандары Россияда иштешет. 2000-жылдардын башталышына чейин Кытайдын катышуусу минималдуу болгон, бирок чек араны делимитациялоо жана өткөрүү пункттарын ачкандан кийин, Кытай эл республикасы Борбордук Азияга, айрыкча Кыргызстан менен активдүү иштеше баштады. Бардык коңшу мамлекеттердин ичинен Казакстан эң жакын мамиледе. 2015-жылы бажы чек арасы ачылгандан кийин соода (товар) жүгүртүү көбөйгөн.
Кыргызстанда 1991-жылдан тарта көп партиялуу система бар. Постсоветтик Кыргызстандагы биринчи коммунисттик эмес партия 1991-жылы түзүлгөн «Эркин Кыргызстан» партиясы болгон. 2018-жылдын башында республикада 229 саясий партия катталган (1994-жылдын башында — 8, 1999-жылы — 18). 2015-жылкы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгында 6 саясий партия өткөн.
Саясий партиялардан тышкары, Кыргызстанда өкмөттүк эмес коомдук уюмдар бар. 2010-жылдардын башында (ар кандай булактарга ылайык) республикада 10000ден 16000ге чейин өкмөттүк эмес коомдук уюмдар болгон, бирок алардын реалдуу иштегендери 600-700. Кыргызстандын профсоюздары 20 тармактык комитеттерден турган Профсоюздар Федерациясынын Кеңешине бириккен. Постсоветтик мезгилде Кыргызстандын калкынын санынын өсүшүнө карабастан, кесиптик бирикмелер (профсоюздар) мүчөлөрүнүн саны кескин кыскарган. 1990-жылы Кыргызстандын кесиптик бирикмелеринде 1 604 678 адам, ал эми 2013-жылы — 704 093 адам болгон. Башкача айтканда, 23 жылдын ичинде кесиптик бирикмелер мүчөлөрүнүн саны 2 эседен ашык кыскарган. Кесиптик бирикмелердин санынын төмөндөшү, менчиктештирүү жана кызматкерлердин бир бөлүгүнүн өз алдынча жумушка орношуусу, экономикалык каатчылыктын кесепетинен ишканалар жана мекемелердин санынын кыскарышы менен байланыштуу.
Мамлекеттик органдардын алдында коомдук кеңештер 2010-жылдан бери иштешет.
Рейтинг | Орун/бардык өлкө | Көрсөткүчтөр динамикасы | Жыл | Изилдөө жүргүзгөн уюм |
---|---|---|---|---|
Corruption Perceptions Index (Коррупцияны билүү индекси) | 135/176 | ▲29 | 2017 | Transparency International |
ICT Development Index (Маалыматтык жана коммунициялык технологиялардын өнүгүү индекси) | 109/176 | ▲4,37 | 2017 | International Telecommunication Union |
Doing Bisiness (Бизнес жүргүзүү) | 70/190 | ▲68,33 | 2018 | The World Bank |
Worldwide Press Freedom Index (дүйнөлү басма сөз эркиндигинин индекси) | 98/180 | ▲31 | 2018 | Reporters Without Borders |
Military Strength Ranking (Аскер күчтөрүнүн рейтинги) | 91/136 | ▼1,8163 | 2018 | Global Firepower |
Freedom on the Net (Дүйнөдөгү интернет эркиндиги) | Жарым-жартылай эркин/65 | ▲38 | 2018 | Freedom House |
The Global Enabling Trade Index (Дүйнөлүк өлкөлөрдүн эл аралык соодага катышуу индекси) | 113/136 | ▼3,76 | 2016 | World Economic Forum |
*мурунку жарыяланганга салыштырмалуу |
Кыргызстандын туруктуу калкы 6 389 500 адамды түзөт (2019-жылдын 1-январына карата). Бул 1959-жылы (2,065,000), 1970-жылы (2,935,000), 1979-жылы (3,523,000), 1989-жылы (4,258,000), 1999-жылы (4,823,000) жашаган калкка караганда кыйла көп. 1960-жылдарга чейин миграциянын жана табигый өсүүнүн эсебинен республиканын калкы тез өсүп турган; табигый өсүү, айрыкча, айылдык кыргыздар, өзбектер жана башка Борбордук Азия элдери үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон. 2015-жылдын 25-ноябрында Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион кишиге жеткен.
Калктын көпчүлүгү республиканын түштүгүндө — Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ош шаарында (3,4 млн. адам же республиканын калкынын 53%), алардын көпчүлүгү Фергана өрөөнүнүн кыргыз бөлүгүндө жашашат. Ошондой эле, калктын кыйла үлүшү Чүй өрөөнүндө (Чүй облусу жана Бишкек шаары; 1,9 млн. адам же республика калкынын 31%) топтолгон. Эң жыш жайгашкан облустар (республикалык маанидеги шаарлардын калкын кошо алганда) Ош жана Чүй.
Өлкөнүн негизги калкы — 4 587 430 адам — бүткүл өлкө жана көпчүлүк айыл жерлеринде жашаган кыргыздар. Саны жагынан экинчи орунда өзбектер турат — 918262 адам өлкөнүн түштүк-батышында Өзбекстан менен чектешкен аймактарда. Орустар үчүнчү орунда — 352 960 адам, негизинен республиканын түндүгүндөгү шаарларда жана айылдарда. Башка улуттардын калкы 100 миң кишиден ашпайт.
Мамлекеттик тил — кыргыз тили, орус тили расмий статуска ээ. 2009-жылдагы эл каттоонун маалыматы боюнча, 4,1 миллион адам үчүн кыргыз тили — эне тили же экинчи тил, ал эми 2,5 миллион адам үчүн орус тили — эне тили же экинчи тил. Орус тили — эң кеңири колдонулган экинчи тил, андан кийин кыргыз, өзбек жана англис тилдери.
Тилдин аталышы | Эне тил | Экинчи тил | Алып жүрүүчүлөрдүн жалпы саны |
---|---|---|---|
Кыргыз тили | 3 830 556 | 271 187 | 4 121 743 |
Орус тили | 482 243 | 2 109 393 | 2 591 636 |
Өзбек тили | 772 561 | 97 753 | 870 314 |
Англис тили | 28 416 | 28 416 | |
Француз тили | 641 | 641 | |
Немис тили | 50 | 10 | 60 |
Башкалар | 277 433 | 31 411 |
Кыргызстандагы динге ишенгендердин басымдуу бөлүгү Ханафи мазхабынын суннит мусулмандары. Христиандар: православдар, католиктер жана ар кандай протестанттык агымдар. Ошону менен бирге, Кыргызстан светтик мамлекет. Республиканын мыйзамдарына туура келбеген диний ырым-жырымдарды жасаган дин кызматкерлери мыйзам тарабынан жазаланат. Мисалы, 2016-жылы, нике курагына жете элек адам менен нике кыйюууга катышкан дин кызматкерлеринин өкүлдөрүн (3 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратуу) кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзамы кабыл алынган.
Күчтүү жактары: автономдуу айыл чарба. 2000-жылдан тарта жеке менчик жер ээлери. Алтындын (Кумтөр кени) жана сымаптын экспорту. Гидроэнергетикалык потенциал: Нарын каскады (Токтогул ГЭСи, кубаттуулугу 1200 МВт, Күрпсай ГЭСи 800 МВт), Ташкөмүр, Шамалдысай, Үч-Коргон, Камбарата-1 жана Камбарата-2 курулууда. Республиканын аймагында байытуу мүмкүнчүлүктөрүнүн болушу, уран запастарын(Кара-Балта тоо-кен комбинаты) атомдук электр станцияларда колдонуу үчүн. Сурьманын, сейрек кездешүүчү металлдардын запастарынын болуусу. Туризмди өнүктүрүү үчүн табигый объектилердин болушу (Ысык-Көл, Кара-көл, Жети-Өгүз капчыгайы ж.б.).
Алсыз жактары: өнөр жай тармагынын начар өнүгүшү жеке технологиялык базанын жоктугу, транспорттук жолдордун начар абалы, кээ бир мамлекеттик органдардын коррупциясы. Мындан тышкары, СССР кулагандан кийинки пайда болгон Таджикстан жана Өзбекстан мамлекеттик чек ара көйгөйлөрү республикага кыйынчылыктарды жаратууда. СССР кулагандан кийинки жалпы экономикалык төмөндөө да таасир этүүдө.
1990-1996-жылдары өлкөнүн экономикасы дээрлик эки эсеге кыскарган — бул, негизинен, СССР кулагандан кийин өлкөнүн өнөр жай ишканаларынын иштебей калышынын жана натыйжада, квалификациялуу, негизинен орус тилдүү, инженерлердин жана жумушчулардын жапырт кетиши менен шартталган. Бирок 2000-жылдардын башынан бери абал турукташып, экономикалык өсүш байкалууда.
2018-жылдын аягында Кыргызстанда ИДПнын номиналдык көлөмү болжол менен 8081,9 млн долларды, башкача айтканда, киши башына 1280 долларды (91,8 миң сом) түздү. ИДПнын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча 24 491,78 миллион долларды түзөт. Сатып алуу жөндөмүнүн паритети боюнча киши башына ИДП 3979 долларды түзөт. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча, кайра иштетүү тармагы Кыргызстандын ИДПсынын 15,2% гана өндүрөт. Өнөр жай өндүрүшүнүн 40% га жакыны алтын казып алуудан келип чыгат — республикада бир нече активдүү өнүгүп келе жаткан тармактардын бири. 2018-жылы Кыргызстан 20,43 тонна алтын өндүргөн, 2008-жылы КМШда Россия жана Өзбекстандан кийин үчүнчү орунду ээлеген. Жумушчулардын 48% дыйканчылык жана мал чарба менен алектенишет.
Кыргызстанда ар кандай эсептөөлөр боюнча, мамлекеттик ишканалардын 70% ашыгы менчиктештирилген.
Энергетика тармагындагы көзөмөлдөөчү үлүштөр — «Электр станциялары» ААК, «Кыргызнефтегаз» ААК, ошондой эле экономиканын ар кайсы тармактарындагы негизги монополисттер («Кыргызтелеком» ААК, «Кыргыз темир», «Манас» эл аралык аэропорту жана башкалар) мамлекетке таандык.
Башка өлкөлөрдүн жарандыгын алган жана албаган эмгек мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары республиканын экономикасына олуттуу таасирин тийгизет. Ар кандай эсептөөлөр боюнча, бул сумма жылына 800 миллион долларга чейин жетет.
2013-жылдын 3-июлунда республиканын түштүгүндө кубаттуулугу 501 МВА болгон автотрансформаторлуу 500 кВ «Датка» көмөкчү чордон ишке киргизилген. Кытайдын Эксимбанк банкы долбоорго 208 миллион долларды 20 жылдык мөөнөткө жылына 2% менен насыя бөлүп берген. 2015-жылдын 28-августунда өлкөнүн түштүк (негизги гидроэлектр станциялары жайгашкан) жана түндүк (негизги керектөө) аймактарын туташтырган 500 кВ «Кемин» подстанциясы, кубаттуулугу 501 МВА, узундугу 404,82 чакырым 500 кВ «Датка-Кемин» электр линиясы пайдаланууга берилип, республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылды. Кытайдын Эксимбанк банкы долбоорго 389,8 миллион долларды 20 жылдык мөөнөткө жылына 2% менен насыя бөлүп берген. 2017-жылы Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо аяктайт. Кытайдын Эксимбанк банкы долбоорго 386 миллион долларды 20 жылдык мөөнөткө жылына 2% менен берген.
Европага чыгуучу Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан эл аралык темир жолдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда.
2019-жылдын 11-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 3 миллиард 827,5 миллион доллар, ички карызы 656,6 миллион доллардан ашык.
Тышкы соода жүгүртүү: 6,6672 миллиард доллар (2018), экспорт — 1,765 миллиард доллар (2018), импорт — 4,907 миллиард доллар (2018).
Экспорттун негизги сатып алуучулары (2014): Швейцария — 27,2%, Россия — 19,2%, Өзбекстан — 14,3%, Казакстан — 11,4%, Франция — 6,7%. Импорттун негизги жабуучулары (2014): Россия — 36,6%, Кытай — 17,9%, Казакстан — 9,2%, Германия — 8,2%.
Кыргызстандын калкынын көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенсе да, чет өлкөлөрдө азык-түлүк сатып алуу кыйла: 2010-жылы республика 303,9 миң тонна буудай, 110,9 миң тонна ун, 59,9 миң тонна кант, 25,2 миң тонна өсүмдүк жана малдын майлары, 50,5 миң тонна эт импорттогон. Салыштырмалуу географиялык жакындыгына карабастан, Индия менен соода анча чоң эмес — 2009/2010-жылдары 27,48 млн. доллар. АКШ Бишкектин тышкы соодасында чоң ролду ойнойт, 2014-жылы соода жүгүртүүсү 210,7 миллион долларды түзгөн. 2009-жылы Түркия Кыргызстандын товар жүгүртүүсүнүн 2,3% түзүп, Кыргызстандын экспорту 36,7 млн доллар, Түркиянын импорту — 72,8 млн долларге жеткен.
Туристтик агым Кыргызстан калкынын саны менен салыштырмалуу олуттуу — 2013-жылы республикага 3,076 миң адам келип, алардын көпчүлүгү КМШ өлкөлөрүнүн (2921,6 миң) жашоочулары (Кыргызстандын кооз жерлери).
Кыргызстандагы заманбап билим берүүнүн негизи советтик системадан келген. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин билим берүү тармагында реформалар жүргүзүлдү. Мектеп билим берүүсү 11 жылды түзүп, анын ичинен 9 милдеттүү. Башталгыч мектеп — 1 ден 4-класска чейин, балдар 6-7 жаштан 11 жашка чейин окутулат. Даярдоочу нөлдүк класстар да бар. Башталгыч мектепте балдарга базалык жазуу, окуу, тил үйрөнүү, арифметика, мекен таануу, эмгек, этика жана дене тарбия сабактарына үйрөтөт. Орто класстар — 5 ден 9 га чейин, балдар 12 ден 16 жашка чейин. Орто класстарда илимий предметтерди окушат, математика, маалыматтык технологиялар, чет тилдерди үйрөнүү жана башкалар. Жогорку класстар — 10-11. 10-11-класстар милдеттүү эмес экендигине карабастан, мектеп окуучуларынын 80% дан ашыгы жогорку класстарда окушат. Мында окуучулар орто класстардагы предметтерди тереңирээк үйрөнүп, аскердик илимди, ошондой эле ЖОЖдорго тапшырууга даярданууну улантышат. 11-классты аяктаганда, мектеп окуучулары акыркы экзамендерди жана республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) тапшырышат, анын жыйынтыгында ЖОЖдорго кабыл алынат.
1990-жылдардын башында башка предметтерди жана адистиктерди терең изилдеп үйрөтүүчү гимназия мектептери түзүлө баштаган. 2000-жылы жалпы билим берүүчү мамлекеттик мектептердин саны 1975 мектеп болгон. Учурда алар 2000ден ашык. Чоң шаарларда жеке тандалма мектептер ачылууда.
1990-жылы республикада 9 гана университет болуп, анда 58,8 миң студент окушкан. Көз карандысыздык мезгилинде университеттердин саны кескин көбөйүп, 2010-жылдардын башында 52ге жеткен, алардын 36сы мамлекеттик. Студенттердин саны 2010-жылдын башында дагы көбөйүп, 220 миңди түзүп, Республикада эл аралык «биргелешкен» университеттер бар: Кыргыз-Орус Славян университети, «Манас» жана «Ала-тоо» борбордук Азиядагы Америка университети.
Расмий маалыматтар боюнча жумушсуздук 73,4 миң адамды түзөт (экономикалык активдүү калктын 3,5%).
2011-жылдын сентябрь айында орточо эмгек акы 8300 сомду ($ 200) түзгөн. Калктын өмүрүнүн орточо узактыгы 70 жашты (эркектер 66 жаш, аялдар 74 жаш) түздү.
2017-жылы Кыргызстанда жакырчылык 25,6% түзгөн. 2020-жылы — 25,3%
2011-жылы өлкөдө 9199 адам соттолгон, алардын 79,1% конкреттүү кесиби жок эмгекке жарамдуу адамдар. Көпчүлүгү уурулук (1713 адам), мыйзамсыз баңги затын ташуу, сатуу (1248 адам) жана бейбаштык (766 адам) боюнча соттолгон. Жалпысынан КМШдагыдай эле, соттолгондордун көпчүлүгү эркектер (2011-жылы 89,5%). 2017-жылы өлкөдө 27 706 кылмыш катталып, 7 172 адам соттолгон. Ошентип, 2011-жылга салыштырмалуу соттолгондордун санынын азаюуусу байкалган.
Республиканын авто жолдорунун жалпы узундугу 34 000 чакырымды түзүп, анын ичинде 18 810 чакырым коомдук унаа жолдору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол тейлөө бөлүмдөрү менен тейленет, 15 190 чакырым жол, шаарлар, айылдар, айыл-чарба, өндүрүштүк мекемелердин жолдору. Эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун узундугу — 4163 чакырым, мамлекеттик — 5678 чакырым, жана жергиликтүү маанидеги — 8969 чак. Алардын ичинен жалпы коомдук колдонулуучу жолдордун узундугу 7228 чак, анын ичинде 11 чак. цемент бетон, 4969 чак. асфальтбетон жана 2248 чак. кара шагыл. Шагылдуу жолдор — 9961 км, топурак жолдор — 1621 км.
Кыргызстандын аймактык транспорттук коридорлорунун жалпы узундугу 2242 км, ага 9 маршрут таандык:
Учурда Ош-Бишкек жана Ош-Сары-Таш-Эркештам коридорлору реконструкцияланып, Кытайдын China Road Корпорациясы тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реконструкциялоо үстүндө, Бишкек-Талас-Тараз жана Ош-Баткен-Исфана багыттарындагы жолдорду реконструкциялоо иштери улантылууда. Экинчи түндүк-түштүк Бишкек — Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад автожолун куруу иштери башталган.
2012-жылдын аягында өлкөдө 949 автобус жана троллейбустун каттамдары болгон: 51 эл аралык, 58 облус аралык, 552 облус ичиндеги, 288 шаардык.
2010-жылы республикада 35 радиостанция, 10 эфирдик жана кабелдик канал, бир мамлекеттик жана 3 ири жеке маалымат агенттиктери иштешип, 250 басма сөз каражаттары катталган. Веб-сайттардын саны ~10000 айланасында. Республикада теле көрсөтүүнүн башталышы 1958-1959-жылдары, Фрунзе телестудиясынын программалары көрсөтүлгөндөн тартып башталган. 1992-жылы, биринчи жеке менчик «Пирамида» телерадиокомпания негизделген. 2010-жылы мамлекеттик телерадиокомпания Коомдук телерадиоберүү компаниясына айланган (УТРК, 2023).
Жумуш эмес майрам күндөр | |
---|---|
1-январь | Жаңы жыл |
7-январь | Иса пайгамбардын туулган күнү |
23-февраль | Ата-Мекенди коргоочулардын күнү |
8-март | Эл аралык аялдар күнү |
21-март | Нооруз |
7 апреля | Элдик Апрель революциясы күнү |
1-май | Эмгек майрамы |
5-май | Конституция күнү |
9-май | Жеңиш күнү |
31-август | Эгемендүүлүк күнү |
Ай календары боюнча | Орозо айт |
Курман айт | |
7-8 ноябрь | Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү |