Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жай мезгили

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жай мезгили

Жайжаз менен күздүн ортосундагы, төрт жыл мезгилдеринин бири. Айлана-чөйрөнүн эң жогорку температурасы менен айырмаланат. Жайкы күндүн турушунда күн эң узак жана түн эң кыска.

Окуучулар жайкы эс алууга тарашып, ата-энелер жайкы эмгек өргүүлөрүнө чыгышат. Жай мезгили — саякаттын, эс алуунун мезгили. Ысык-көл, тоолор, токойлор, шишкебек, чоң-ата, чоң-эне, лагерь, чиркей, дарбыз, аллергия, күнгө күйүү, футболка, кепка — мунун баары жай мезгили десек да болот. Барыбыз болбосок да, көбүнчөбүз санаторийлерге путевкаларды алып (кээ бирлерибиз чет өлкөлөргө чыгып), балдар лагерлерге жөнөшүп, кийим-кечектерди сумкага салып, ал гана эмес, ит-мышыктарыбызды кошо эс алууга алып, ызылдаган шаардан чыгып, табигый таза аба, кымыз жыттанган жайлоолорго кетебиз!

Ал эми орто мектепти бүткөн окуучулар ар кайсы окуу-жайларга тапшыруу үчүн кам көрүшүп, документ чогултуп, тест берип иши кылып "Кантип кесип тандоо керек" деген суроого жооп издешип, кайсы окууга тапшырсам деп турган чактары, бирок эми бул жалаң гана жай мезгилине тиешелүү эмес.

Жай мезгили үч айдан турат: Түндүк жарым шарда — июнь, июль жана август айлары, ал эми түштүк жарым шарда — декабрь, январь жана февраль айлары.

Астрономиялык жай

Жер кыртышынын мезгилдик өзгөрүүлөрү жердин күндү бир жылда айланып чыгуусу жана жердин орбиталдык огунун жантаюуусу менен шартталат.

Астрономиялык көз карашта жай — бул жайкы күндүн турушу менен күзгү күн-түндүн теңелүү ортосундагы мезгил болуп, түндүк жарым шарда 20(21)-июндан тартып 22(23)-сентябрга чейин созулат, ал эми түштүк жарым шарда 21(22)-декабрдан тартып 20(21)-мартка чейин болот. Түндүк жарым шарда жай мезгили болжол менен 93,6 суткага жетет, түштүк жарым шарда — 89 сутка.

Климаттык жай

Ар башка географиялык алкактарда күндүн нурларынын бирдей эмес тийгенине байланыштуу, жай мезгили кыш мезгилине караганда ар кандай деңгээлде айырмаланып турат.

Кеңдиктин кеңейүүсү менен күндүзгү убакыттын узундугу жай жана кыш мезгилдериндеги айырмалары жогорулайт да, жер шарынын уюлдарында (полюстарында) бул айырма максимумга жетип, ал жакта жайкысын күн 6 ай бою горизонтко кирбей, тийип тура берет.

Гидрометеокызматчылар абанын орточо температурасы +15 градустан өтүп, жогорулай баштаганда жай мезгили келип, абанын орточо температурасы ошол эле +15 градустан төмөндөй баштаганда жай мезгилинин аяктаганы болот дешет. Ошондой эле, жай мезгилинин келиши катары түнкү үшүк жүрүүлөрдүн токтошу да кабар берет, ал эми жай мезгилинин аякташы, кайра эле түнкү үшүк жүрүүлөрдүн башталышы жүйөлүү себеп катары эл ичинде пайдаланылат.

Календарлык жай

Кыргызстанда календарлык жай 1-июндан 31-августка чейин созулуп, айтып өткөндөй эле, үч айдан турат — июнь, июль жана август айлары.

Кыргыздарда жай чилдеси кийинкидей бөлүнөт:

Кыргызча мезгил, ай бөлүкчөлөрү жөнүндө макаласын караңыз.

Жылдыздар төлгөсүндөгү бул айда төрөлгөн зодиак белгилери: Эгиздер, Бөйөн, Арстан жана анча-мынча Бийкеч жылдызы дагы кирип кетет.

Жай мезгили жаз мезгилиндей эле айыл аймактарындагы адамдар үчүн эмгектенүүнүн мезгили: дыйкандар ар түрдүү жай мезгилине бир нече жолу түшүм алуучу өсүмдүктөрдү сээп, чөп чабып, малдын кышкы камын көрүп, ал эми малдар болсо жайлоолордо болушат.

Аба-ырайы жай мезгилинде көбүнчө ысык, бирок жаан-чачындар дагы болот, жайкы жаан чачындар өзгөчө кооз болуп, деги эле табияттын түркүм кооздуктары жай мезгилинде абдан жакшы байкалат. Бак-дарактарды жалбырактар каптап, айлана жашыл түсү басымдуулук кылган түстөргө боёлот. Байдылда Сарногоевдин «Жай түнү» аттуу ыр саптары буга жакшы мисал.

Жай мезгилиндеги Кыргызстан майрамдары: 1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнү, 5-июнь айлана-чөйрөнү коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү, 15-июнь өрткө каршы кызматкерлеринин күнү, 23-июнь мамлекеттик ишмерлер күнү, 1-июль медицина кызматкерлеринин майрамы, 31-август — Эгемендүүлүк күнү.

Жай мезгилинде түрдүү респиратордук оору-сыркоолор азаят, мунун себеби абанын нымдуулугунун көбөйүүсүнөн улам. Ал эми нымдуулук, өсүмдүктөрдүн жалбырактары чыгарган буудан, жаан-чачындан, көлдөрдүн буулануусунан, мөңгүнүн эришинен улам жогорулайт. Ошол эле убакта, түрдүү уулануулар жогорулайт, мунун себеби көбүн эсе таза эмес жер-жемиштерди жегендиктен. Ушуга байланыштуу диарея оорусу айрыкча балдар арасында көп кездешет.

Эгер Жай мезгилине тиешелүү пикирлериңиз же суроолоруңуз болсо, төмөндөгү пикир жазуу формасына жазыңыз!

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 68685, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-10-26
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо