Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бал аарысы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Бал аарысы

Балды жакшы көрбөгөн адам чанда чыгар. Анын бал челектердеги балга толтурулган мом уялардан алынары да баарыбызга белгилүү. Бал челектерге балды бал аарысы жыйнайт. Ошол кичинекей бал аарысы канча бал алып келе алат? Бир эле бал челектен ондогон килограмм бал алынат да! Гүлдүн бир килограмм бал болуучу ширесин жыйноо үчүн бал аары 300 миң чакырымдай (Айга чейинки аралыктан да көп) аралыкка учуп, 19 миллион гүлгө конушу керек. Демек ал бир нече килограмм бал жыйноо үчүн миллиондогон километр аралыкка учат дегенди түшүндүрөт. Албетте мындай жумушту бир аары өмүр бою да аткара албайт. Жумушчу аары болгону 30-35 күн гана жашайт. Бирок бал аарысынын эмгекчилдиги бекеринен лакапка айланган эмес: анткени бир бал аарысы саатына 5,6 чакырым ылдамдык менен учуп, бир эле жумуш күнүнүн ичинде 7 миңге жакын гүлгө конот экен.

Анын бардык өсүмдүк гүлдөрүнөн шире жыйноого ылайыкташкан: гүл чаңчаларын жыйнап ташуучу арткы буттарындагы шыпыргылары (щётка) менен себетчелери, гүл ширесин соруучу узун тумшугу менен аны чогултуп, балга айлантуучу жемсөөсү өсүмдүктөрдү тапкан учурда бири бирине кабар берүүчү татаал системасы да бар. Бал аарысы мынча көп балды эмне үчүн жыйнайт? Бал - алардын кыштык азыгы. Аарылар кышында укташпайт, ал эми декабрь, январь айларында өсүмдүктөр гүлдөбөйт. Мына ошондуктан алар жай бою эмгектенишип, өздөрү керектегенден да көбүрөөк бал жыйнашат. Ал өздөрүнө да, адамдарга да жетет. Мындан тышкары бал челектердеги уяларда личинкалары да болот. Чоң аарылар аларды да бал, гүл чаңчалары менен тамактандырышат. Бал жыйноочу аары бир эле мезгилде уяны балга толтуруп, личинкаларды тамактандыра албайт. Алар өздөрү да мындай эки жумушту бир эле мезгилде аткарышпайт.

Бал аарыларынын жумушу катуу тартипте бөлүштүрүлгөн: бири шире таап, аны бал челекке жеткирсе, экинчилери аны уяларга куят, үчүнчүлөрү уяларды тазалайт, төртүнчүлөрү канаттары менен желпип бал челекти желдетет. Бешинчилери болсо күзөтчүлүк кызмат аткарып, душмандарды киргизбей бал челектин оозун кайтарып, ал эми алтынчылары личинкаларды тамактандырат. Мунун баарын жумушчу аарылар аткарышат. Эне аарылар гана эч кандай жумуш иштешпейт, алар өздөрүн дайыма тейлеп турууну талап кылышат. Бал челекте жалгыз ошолор гана жумурткалайт, кийин ал жумурткалардан (личинка) кичинекей аарылар өсүп чыгат. Бал аарысы жыйнаган балдын эң сонун сапаты мурдатан эле жогору бааланып келген.

Байыркы заманда токойдогу анчы - бал челекчилер гана жапайы аарылардын балын жыйнашкан. Деген менен адамдар бал аарысын эчактан бери эле колго үйрөтүшүп, бал челектерде багып келишкен. Буларды үй жаныбары деп атаса да болот. Бирок адамдар аарыларды байыртан эле колго үйрөтүп, өстүрүп келишкени менен алар жөнүндө өтө аз билишкен. Мисалы, аарылардын көп чаңча жана шире жыйноочу жерди тапкандыгы жөнүндө билдирүү ыкмасын алалычы. Бал аарысы бал челекке кайтып келген соң, айланып учуп бийлээрин адамдар мурдатан эле байкап келишкен. Бирок бул бийдин сыры жакында эле белгилүү болду. Көрсө, чалгынчы аарынын бийинин мүнөзүнө карап башка аарылар кайсы жерден жана бал челектен канчалык алыстыктан гүлдөр табылганын, алар кандай гүлдөр экенин, анын көптүгүн же аздыгын билишет экен.

Бал аарыларынын ызылдашында да белгилүү сыр бар. Азыр илимпоздор аны аныктоонун аракетинде. Бал аарылары укмуштуудай дарыгер да болуп эсептелет. Бал адамга азык болуу менен бирге кээ бир зыяндуу микробдорду өлтүрө ала тургандыгын жана балда адамга өтө керектүү көптөгөн А провитаминдери боло тургандыгын врачтар аныкташты. Ошондой эле аарынын болочокто эне аары тамактануучу аралашманын - аары сүтүнүн да күчтүү дарылык касиети бар. Аарынын сүтү - жүрөктүн иштешин жакшыртат, табитти ачат жана организмдин түрдүү ооруларга каршылык кылуу жөндөмдүүлүгүн арттырат. Ошондой эле аарынын уусу өтө баалуу дары катары эсептелинет. Бал аарысынын чакканы абдан жагымсыз, эгер 400дөй аары чакса, адам өлүп калышы да мүмкүн. Ошондой болсо да эгер аарынын уусун туура пайдалана билсе, ал көптөгөн оорулардан айыктырат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 6881, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу