Адам — акылы жана аң сезими бар коомдук жандык, ошондой эле коомдук-тарыхый иш аракеттин жана маданияттын субьектиси. Илимий маалыматтар боюнча адам жер планетасында антропогенез эволюциялык процесстин натыйжасында пайда болгон. Башка жаныбарлардан өзгөчө айырмаланышы адамдын түз басуусу, жакшы өрчүгөн мээси, ойлонуусу ачык, даана сүйлөөсү.
Адам өзүн, айланасын өзгөртүп, маданиятты, жеке тарыхын түзө алат. Адам маңызы, анын теги, багыштоосу, дүйнөдөгү орду, философия, дин, илим жана искусство үчүн табышмак бойдон калууда.
Адам терминин түшүнүү үчүн төрт жакындоону белгилесе болот дешет «жаңы философиялык энциклопедиядагы» В. Г. Борзенков жана И. Т. Фролов, алар:
Адамдын айырмаланган белгиси: ойлонуу, эркин тандоо, өз иш-аракети үчүн жоопкерчиликти алуу, моралдык ой-толгоолордун бар болуусу. Адамды баяндап жатып анын жаныбар катары «биологиялык» ылайыкташуусунун жоктугун белгилешет, ошого байланыштуу эмгек куралын, отту жаратуу, аны колдонуу, сүйлө мүмкүндүгү пайда болгон. Жогорку эмоцияга, маданиятка, ойлонууга, баш тартууга, эсептөөгө, пландоого, ошондой эле өзүнүн өлөөрүн, чыныгы сүйүүнү, көңүл ачууну, максаттарын ишке ашырууну билген, жаңы нерсени жасаган адамдан башка бир дагы жандык жок.
Заманбап систематикада аң сезимдүү адам (Homo sapiens лат.) сүт эмүүчү приматтар тобунун гоминид түркүмүнүн адам (Homo) тукумуна кирет.
Салыштырмалуу чоң баш мээ, беш манжалуу жалпак чыканактуу кол, көпчүлүк приматтардын өзгөчөлүгү. Салыштырма анатомия, физиология, молекулярдык биология, иммуногенетика изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча адамдарга жакын заманбап приматтар түркүмүнө адам сымал африка шимпазеси жана гориллалар кирет. Адам менен шимпанзе ДНКсы 98,5% окшош гендерден турат.
Адам денеси маймылдардан бир нече айырмачылыктарга ээ:
Адам мээси дагы майлмылдыкынан айырмаланат:
Башка айырмачылыктары:
Homo sapiens түркүмүнүн ичинде бир нече раса белгиленет — окшош морфологиялык жана физиологиялык тукум куучу белгилерден турган ички түрлүү топ популяциясы.
Түркүмдө дене түзүлүшүнүн үзгүлтүксүз түрлөр бөлүштүрүлүүсү байкалат (булчуңдуу, сөөктүү, май катмарлуу), теринин пигментациясы жана башкалар. Мындай ыкма менен раса же этнорасалык топ, бул белгилерге жооп берүүчү популяциялык генетика терминдеринде гендерди спецификалык бөлүштүрүү жыштыгы аркылуу аныкталат. Этнорасалык топторго таандык белгилер комплекси, жашоо шарттарга болгон адаптациялык реакцияларды чагылдырбастан, популяциянын миграциялык тарыхын жана башка популяциялар менен болгон генетикалык иш-аракет тарыхын көрсөтөт.
ДНК ырааттуулугун салыштырууда азыркы адамдын эң жакынкы түркүмү шимпанзенин эки түрү, жөнөкөй жана бонобо (маймыл түрү) экенин көрсөткөн. Адамдын келип чыгышы менен байланышкан филогенетикалык сызыкча башка гоминиддерден 6-7 млн жыл мурда бөлүнүп кеткен. Бул сызыктын башка өкүлдөрү (негизенен австралопитектер жана башка Homo тукумдары) бүгүнкү күнгө чейин сакталбай калган.
Homo sapiensтин салыштырмалуу жакынкы, бекем аныкталган түп атасы Homo erectus болгон. Homo erectusтун түздөн-түз тукуму Homo heidelbergensis, булар неандерталдардын дагы тукуму болуп, заманбап адамдын тукумунан эмес сыңары болуп, башка эволюциялык сызыкта жашаган сыяктуу. Көптөгөн заманбап теориялар Homo sapiens келип чыгышын Африка континенти менен байланыштырат, ошол эле учурда Homo heidelbergensis Европадан чыккан делет.
Адамдын пайда болушу олуттуу анатомиялык жана физиологиялык модификациялар менен байланышта болгон, алардын ичинде:
Митохондриалдык ДНКнын полиморфизмдерин салыштыруу жана таш болуп катып калгандарды даталоо менен Homo sapiens орточо 200 миң жыл мурда пайда болгонун айтуу болот. Бул мезгил митохондриалдык Ева жашаган мезгил, бул аял, энелик жактан азыркы адамдардын эң акыркы тукуму, ал эми аталык жактан Y-хромосомалуу Адам (Адам и Ева деген мааниде), мурдараак жашаган.
2009-жылы Пенсильвания Университетинин окумуштуусу Сара Тишкофф аттуу адамдын жетекчилигинде Science журналында Африка элдеринин комплектүү генетикалык изилдөөсүн жайгаштырган. Анда эң аз аргындашууга кабылган эң байыркы генетикалык класстер бутагына бушмендер жана башка койсан тилинде сүйлөгөн улуттар таандык экенин аныкташкан. Булар заманбап адамдардын жалпы тукум бутагына жакын болушу ыктымал делет.
Орточо 74 миң жыл мурун күчтүү жанар тоосунун жарылуусунан (болжол менен Индонезиядагы Тоба жанар тоосу) тирүү калган (~20-30 жыл кыш) анча чоң эмес популяция (2000дей) Африкадагы заманбап адамдардын тукуму болуп, 60-40 миң жыл мурун Азияга, андан кийин Европага (40 миң жыл мурун), Австралия жана Америкага (35-15 миң жыл мурун) миграциялаган деген божомол бар.
Ошону менен кошо адамдын аң-сезими, интеллекти, тили сыяктуу эволюция мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө маселе жаратат, анткени, алардын өзгөрүүсүн гоминид калдыктары жана жашоо-тиричилик издери аркылуу табуу мүмкүн эмес. Мүмкүнчүлүктөр эволюциясын изилдөө үчүн физикалык жана маданий антропология, зоопсихология, этология, нейрофизиология, генетика илимдеринин маалыматтарын кошууда.
Айтылган мүмкүнчүлүктөр (сүйлөө, дин, искусство), кантип эволюция болгону, жана анын Homo sapiensтин татаал социалдык уюмду жана маданияттынын пайда болгондогу ролу эмнеде экени бүгүнкү күнгө чейин илимий дискуссиялардын темасы болууда.
Үстөмдүк кылган антропогенез теориясынан тышкары, адамдын келип чыгуусу жөнүндө көптөгөн текшерилбеген гипотезалар бар. Мисалы, адамдын Түштүк Америкадан келип чыгуу гипотезасы. Алтернативдик гипотезалардын көбүнчөсү параилимдин жетишкендиктери болуп, академиялык илим муну кабыл албайт.
Адам маңызын (сущность человека) изилдөөдө көптөгөн жаныбардан болгон айырмачылыктарынын ичинен эң башкысын табууга аракет кылат. Алардын эң кеңири таралганы, адамдын «акылынын» болушу, homo sapiens дегени да ушул акыл-эстүү адам дегенди билдирет. Адамды айырмалоонун экинчи маанилүү мүмкүндүгү бул анын эмгекке болгон шыгы, муну homo faber деп аташат, башкача айтканда «иш-аракет жасоочу, өндүрүүчү адам». Кийинки маанилүү белги, бул адамдын сүйлөй алуусу. Мисалы, Э. Кассирер адамды homo symbolicus деп тапкан, символдуу адам, же башкача айтканда символдорду түзүүчү адам, мунун эң башкысы сөз болот, сөз жасай алган адам деген мааниде. Адам башка адамдар менен баарлашууга мүмкүндүк берип, түшүнүү жана реалдуу дүйнөнү тажрыйбалуу колдонуу процесстерин эффективдүүрөөк кылат. Адамды коомдук жан катары түшүнүү Аристотелдин мезгилинен тарта белгилүү, Аристотель муну маанилүү деп эсептеген.
Чыгыш жана батыш мифологиясында, антикалуу философияда адамды түшүнүү кандайдыр бир Аалам сырларын ачуучу ачкыч катары чагылдырылган. Эзелки заманда адам баласы айлана-чөйрөсүндөгү дүйнө менен байланышын сезип, өзүн табияттан бөлгөн эмес, бул Ааламды жана андагы иш-аракеттеги күчтөрдү тирүү, өзү сыяктуу жандык катары аңсыз кабыл алып, антропоморфизмде чагылдырылган. Байыркы мифология жана философияда параллелизм менен микрокосмостун изоморфтуулугу каралат. Башкача айтканда адамдын ички дүйнөсү жана адамдан тышкары жаткан зор макрокосмос дүйнөсү. Мындай «аалам адамынын» космогоникалык мифологеманын мисалы катары Веддердеги пуруша, скандинавия Имириндеги «Эдде», кытай Паньгусу боло алат.
Антикалык убакта адамды уникалдуу кылган анын акылы деп түшүнүшчү. Иудаизмде адамдын жаман менен жакшынын ортосундагы эркин тандоо мүмкүндүгү бар инсан түшүнүгү пайда болот, кийинчирээк бул христианчылыкка өтөт. Европадагы Кайра жаралуу доорундагы гуманизм идеясы, адамдын өзгөчө баалуу инсан катары кабыл алган. Агартуу доорунда адамды мүмкүндүгүнүн чеги жок, көз карандысыз жана акылдуу инсан катары эсептешкен. Немец классикалык философиясы адам эркиндигинин көйгөйүн жан дүйнөлүк нерсе катары карайт. 19-кылымда И. Канттын эмгектеринде философиялык антропологияны түзүү ойлору калыптанат. Адамдын биологиялык табиятын изилдөө панлогизмдин объект-идеалисттик критикасы менен коштолгон. Романтизм адамдын санааларынын билинээр-билинбес нюанстарына көңүл бурат, башкача айтканда адам сапатына жөнөкөй ойлор гана эмес, сезүү мүмкүндүктөрү дагы кирет.
К. Маркс адамды коомдук-тарыхый көз карашта карап, «адам маңызы анын коомдук мамилелеринин жыйындысы» — деп эсептеген. Адам тарыхтын себеби дагы, натыйжасы дагы. Адамдын жеке жана тарыхый өнүгүүсү, жалпы адамзаттын кандай өнүккөндүгүн көрсөтөт. К. Маркстын философия-антропологиялык концепциясы, советтик, орусиялык философтор тарабынан колдоо таап, адамдын өнүгүү процессинде адам өзү түзгөн социалдык институттардан көз каранды болуп калаары көрсөтүлгөн.
Неокантиец Кассирер адамды «символикалык жандык» катары караган. Философиялык антропологиянын негизинде өз алдынча дисциплина катары М. Шелер, Х. Плеснер, А. Гелендин иштери жатат. Терең акыл-ой түшүнүгүнө аныктоочу маанини Зигмунд Фрейддин психоанализи, К. Г. Юнганын аналитикалык психологиясы берет. Экзистенциализм жашоо мааниси, күнөө жана жоопкерчилик, тандоо жана чечим кабыл алуу адамдын багыштоосуна жана өлүмгө болгон маселелерин карайт.
Персонализм болсо адамды фундаменталдык онтологиялык категория катары карап, ал эми структурализм муруңку акыл-эстин, түзүм-тереңдитериндеги кандайдыр бир катмарланууну карайт.
1960-жылы В. Брюнинг «Философиялык антропология. Тарыхый шилтемелер жана заманбап абал» китебинде адамдын 2,5 миң жылдык жашоосундагы анын негизги философиялык концепция түрлөрүн бөлүп көрсөткөн:
Адам цивилизациясынын ажырагыс бөлүктөрү ар кайсы доорлорго таандык. Кээ бир бөлүктөрү Homo Sapiens пайда боло электе чыккан.
Адам цивилизациясынын байыркыларына таштан жасалган шаймандар кирет. Бүгүнкү күндөгү эң байыркысы катары Олдовай капчыгайында (Индонезия) табылган таш шаймандар эсептелинет. Алардын жашы 2,6 миллион жыл деп бааланууда.
Археологиялык табылгалардын бир нечеси гоминиддер отту 1-1,5 жана 1,6 миллион жыл мурда колдонгонун көрсөткөн.
Искусствонун биринчи үлгүлөрү катары ташка айланган деңиз кирписинин калдыктары менен кооздолгон кескич саналат. Анын жашы орточо 200 миң жыл деп бааланган. Кээ бир изилдөөчүлөр искусствонун эзелки үлгүсү катары Израилде табылган иштетилген ташты эсептешет. Бул таш аялдын сөлөкөтүн сүрөттөшү мүмкүн деген ойлор бар. Артефакттын орточо жашы 330-230 миң жыл.
Адамдын тилинин жана сүйлөөнүн пайда болуу мезгили тиешеси аз археологиялык жана анатомиялык маалыматтардан болжолдуу гана чыгарылышы мүмкүн. Сүйлөөнүн башкарган мээ бөлүктөрүнүн өнүгүшү мындан 2 миң жыл мурда жашаган Homo hebilisтин баш сөөгүнөн байкаса болот.
Материалдык маданияттын өнүгүүсүндө бири-биринен артефакт түрлөрү (биринчиден куралдар) жана аларды жасоо технологиясы менен айырмаланган бир нече археологиялык маданияттарды белгилешет:
Биринчи адамдар аңчы жана чогултуучу болгондуктан, аларга көчмөн жашоо мүнөздүү эле. Орточо биздин заманга чейин 10 миң жыл мурда адамдардын жашоо образында «айыл чарбасын» үйрөнүү менен коштолгон ири өзгөрүүлөр болот. Бул өзгөрүү «неолитикалык (айыл чарба) революциясы» аталат. Айыл чарбасын өздөштүрүү туруктуу жашоо образына алып келип, биринчи калк жайгашкан аймакты түзүүгө, ошондой эле курулуш иштеринин пайда болуусуна шарт түзгөн. Чогултуучулуктан жер иштетүүгө өтүү Гёбекли-Тепе храм комплексиндеги археологиялык казууларда жакшы байкалган. Анда адамдар көп болуп, чогултуучулук менен бардыгын багуу кыйын болгон. Бул кичинекей аймактагы адамдардын көптүгү менен шартталган. Айыл чарбасына өтүү сооданы жаратып, ал коомдун катмарлашуусуна алып келген. Чарба технологияларынын ошондой эле адам санынын өсүүсү, биринчи байыркы дүйнө цивилизациясынын калыптануусу менен байланыштуу.
Жер шарындагы адамдардын саны 2016-жылдын июнь айынын статистикалык маалыматы боюнча орточо 7,3 миллиард адам. 1970-жылдарга чейин жердин калкы гипербола мыйзамына ылайык өсүп келген. 1990-жылдардан тарта өсүү басаңдап, абсолюттук мааниде баарыбир тез өсүүдө.
БУУнун маалыматы боюнча 1994-2014-жылдары 60 жаштан ашкан адамдардын саны 2 эсеге көбөйүп, 2014-жылдын аягында улгайган адамдардын саны 5 жашка чейинки балдардын санынан ашкан. 2009-жылы тарыхта биринчилерден болуп шаар менен айыл калкынын саны 3,4 миллиард болуп теңелген.
Чыныгы илимий түшүнүктөгү адамды изилдөө XIX кылымдын экинчи жарымында башталган. 1859-жылы жарыяланган, Дарвиндин «табигый тандоо» теориясы антропогенездин изилдөө жана өнүгүүсүнө гана таасирин тийгизбестен, адам изилдөөнүн башка тармактарына да пайда алып келди, мисалы: этнография, археология, психология. Бүгүнкү күндө адамды изилдебеген илим калган жок десе болот. Зор көлөмдөгү маалыматтар чогултулуп, жалпылаштырылган. Антропология сөзү катышкан көптөгөн илимдер пайда болду. Маданий, социалдык, саясый, поэтикалык антропология жана башкалар.
Айтмакчы, антропология — адамдын биологиялык табиятын изилдеген илим.
XX кылымда адамдын табиятын, социалдык касиеттерин жана мамилелерин изилдеген жалпы илимди киргизүү сунушталган. Эгер мындай илим түзүлсө, адам аныктамасы балким төмөнкүдөй болмоктур:
Адам — бул жердеги коомдук-тарыхый процесстин, материалдык жана жан дүйнө маданиятынын субъектиси. Эмгек куралын жасай алгандыгы, так сүйлөө мүмкүндүгү бар, акыл-эстүү жана нравалык сапаттарга ээ болгон, жаныбарлар менен байланышы бар биосоциалдык жандык. Адам жонундо маалымат макалабызга пикир жазууну унутпаңыз.