Америка | |
---|---|
Батыш жарым шар картасындагы Америка |
|
Аянты | 42 549 000 км² |
Калкы | 953,7 млн адам (июль, 2013) |
Жашоочуларынын аталышы | Америкалыктар, Жаңы Дүйнөчүлөр |
Мамлекеттер саны | 35 мамлекет (түндүк, түштүк) |
Көз каранды мамлекеттер саны | 23 |
Тилдер | испан, англис, португал, француз, кечуан, гаитян креолдук тил, гуарани, аймара, астек тилдери, нидерланд ж. б. |
Саат алкактары | UTCте UTC-10 |
Америка — батыш жарым шарда, Атлантика жана Тынч океандардын ортосунда жайгашкан дүйнө бөлүгү. Ал Түндүк Америка жана Түштүк Америка деген эки материкке бөлүнөт. Алардын ортосундагы чек — Панама мойногу. Эки материктин эзелтен бери жашаган калкы — индейлер. Бирок индейлер Америкада бир аз эле калды. Азыркы америкалыктар — баскынчылардын, Европадан көчүп келгендердин укум-тукумдары. Алар негизинен англис, француз, испан, португал тилдеринде сүйлөшөт.
Дүйнөнүн бул бөлүгүн Жаңы дүйнө деп да аташат. Негизи, бул дүйнө бөлүгүндө Түндүк Америка (АКШ, Канада, Мексика жана булардан чыгышты карай аралдар), Түштүк Америка (Түштүк Америка материгинин өлкөлөрү), Борбордук Америка (Мексикадан түштүктү карай түндүк америкалык континенттин өлкөлөрү) жана Кариб бассейнин (Кариб деңизинин аралдарындагы мамлекеттер жана колониялар, мурда бул аймакты Вест-Индия аташкан) белгилешет.
Маданий, лингвистикалык жана тарыхый-саясый мааниде Латын Америкасын дагы белгилешет (материктик испан, португал жана франко тилдүү өлкөлөр); аймактын англис тилдүү өлкөлөрүн (биринчи кезекте АКШ жана Канада, Квебекти кошпогондо, ошондой эле Британиялык Вест-Индия аймактары) Англо-Америка аташат.
Американын 36 мамлекетин жана 17 көз каранды аймагын классификациялоо үчүн БУУ тарабынан кабыл алынган географиялык жана лингвистикалык жактан системалоо негизин колдонушат.
«Америка» сөзү бул дүйнө бөлүгүнүн мамлекетинин (АКШнын) синоними катары колдонуулары сейрек эмес (мисалы, «америкалык» сөзү АКШда чыгарылган же өндүрүлгөн дегенди туюнтат ж. б.), ал эми «Американы ачуу» фразасы «баарына белгилүү маалыматты билдирүү» дегенди билдирет.
Американын жалпы аянты 42 549 000 км² (түндүк, түштүк америка жана алардын аралдары менен), бул Азиядан 4,5 % аз болуп, бул аны чоңдугу боюнча экинчи дүйнө бөлүгү кылат. Аянты боюнча эң чоң мамлекеттер: Канада (9 984 670 км²) жана Бразилия (8 515 767 км²). Калкынын жалпы саны 953 миллиондон ашык адам, бул аны калкынын саны боюнча Азия жана Африкадан кийинки үчүнчү дүйнө бөлүгү кылат. Калкынын саны боюнча ири мамлекеттер: Америка Кошмо Штаттары (333 449 281 адам, 2021) жана Бразилия (207 353 391 адам, 2017).
Америка аталышы флорентиялык саякатчы Америго Веспуччинин ысымынан аталган деген версиялар бар. Ал, өз кезегинде, Ыйык Эмериктин урматына чокундурулган (орусча крещение). Бирок, пикирлер кайчы болуп, бул темага бирдиктүү ой жок.
Аталышынын келип чыгышын түшүндүргөн дагы бир версия бар: Америка аталышы оокаттуу Бристолдук көпөс Ричард Америкенин атынан алынган делет, ал Джон Каботтун экинчи трансатлантикалык экспедициясын каржылаган имиш. Кабот 1497-жылы Лабрадордун жээктерине жетип (Веспуччиден эки жыл эрте), жаңы ачылган жерди өзүнүн экспедициясынын спонсорунун ысымынан атаган дешет.
Алгач Түштүк (батыш Гондвана) жана Түндүк Америка (батыш Лавразия) өзүнчө континент болуп, 8 миллион жыл мурун гана Панама аймагында бириккен.
Америкага адамдар биринчи жолу Азиядан 42 жана 14 миң жылдар муруңку аралыгында келген. Эскимос/инуиттер миграциясынын толкуну биздин заманга чейин бир нече миң жылдарда түпкү америкалык калктардын акыркысы болгон (салт болуп калгандай эскимос жана алеуттарды кошпогондо европалыктар тарабынан ката аталган америкалык индейлер аталышын алып жүргөн).
Америкага келген биринчи европалыктар Лейф Эрикссон башында турган викинг-деңиз сүзүүчүлөрү болгон. Бирок Американын ачылышы салттуу түрдө Улуу географиялык ачылыштар доору менен даталанган, бул 1492-жылы Христофор Колумбдун экспедициясы Вест-Индия аралдарына жеткен күнү менен айтылат. Американын Европалыктар тарабынан колонизациясы колумбга чейинки бир катар цивилизациялардын жок болушуна, Америка индейлеринин демографиялык катастрофасына, Эски Жарыктан массалык эмиграцияга жана африкалык кулдардын келүүсүнө алып келген. Ачылыштар жана жеңип алуулардын натыйжасында Американын түрдүү аймактары европалык державалар (Испания, Португалия, Англия, Франция, Нидерланд жана Россия) ортосунда бүлүнгөн.
Бүгүнкү күндө Америка өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү суверендүү мамлекеттер. Деколонизациянын негизги учурлары: АКШдагы 1776—1783-жылдардагы көз карандысыздык үчүн Согуш, 1791—1803-жылдардагы Гаити революциясы, 1810—1826-жылдардагы Симон Боливардын башчылыгындагы Америкадагы испан колонияларынын көз карандысыздык үчүн Согушу жана 1895—1898-жылдардагы Кубанын көз карандысыздык үчүн согушу.