Ибн Сина кыргызча жазып берели деп ушул макаланы жазып жатабыз. Бул адамдын толук аты - Абу Али Хусейн ибн Абдаллах Ибн Сина. Бул арабча: Абдаллахтын небереси, Синанын чөбөрөсү дегенди билдирет. Аны Бухара менен Самаркандда, Хорезм менен Нишапурда Абу Али Ибн Сина дешкен. Европада аны Авиценна деп аташкан. Ал мезгилде эң белгилүү деген адамдар да: жер жалпак жана кыймылсыз, философиялык таштын жардамы менен алтын жасоого болот, мүрөктүн суусу адамды бардык дарттан айыктырууга, карыларды жашартууга жарамдуу дегенге ишенген. Ал кезде астрономия, география, физика, химия өңдүү илимдер али ымыркай абалда эле. Эми көз алдыңарга алтынды башка металлдан алууга мүмкүн эмес адамдын акыл-эсин анын жаны менен эмес, мээси менен байланыштуу, дарт кандайдыр бир топ жылдыздардан эмес, булганч арыктарда уялап жаткан жандуу майда жандыктардан улам пайда болот, сыйкырчылык - сандырактык деп корк-пой ачык айткан карыя илимпозду эмес, билимдүү жаш өспүрүм жигитти элестетип көргүлөчү. Ибн Сина философиясы туурабы же туура эмеспи, аны адамдар гана айтсын. Ал тургай кудуреттүү кудай да дайыма эле күчтүү эмес деп айтууга батынган. Ибн Сина он жашында алгебра, геометрия, ал тургай философияны да билген, бардык топ жылдыздарды атап, аларды көрсөтө алган, берген суроолору мугалимдерин туюкка камаган. Ишенүү кыйын, ошентсе да Бухарада 12 жашар баланы мыкты билерман катары эсептешкен. Карыялар келип, кеңеш сурап турушкан.
Бирок Ибн Синага математика менен физика, астрономия менен философия турмуштан алыс сыяктуу көрүнгөн. Тегеректе холера жана чечек оорусу күчөп, миңдеген адамдын өмүрүн кыйып турган. Ошентип Ибн Сина адамдарды дарылаш керек деген чечимге келген. Ал мезгилде чыгыштын өтө тажрыйбалуу дарыгерлери да адамдын жүрөгүн, боорун, өпкөсүн эч качан көрүшкөн эмес, кан айлануу системасы жөнүндө эч нерсе билишкен эмес. Ислам дини адамдардын өлүгүн союп изилдөөгө тыюу салган. Бул үчүн өлүм жазасына тартылууга да мүмкүн эле. Ибн сина ким болгон? Ал адамдын организмин билбей туруп аны айыктыруу мүмкүн эместигин түшүнгөн, ушундай медик адам болгон десек да ашык болбос. Ошондуктан ал өз жеринен айдалып кетүүгө тобокел кылып исламдын бул тыюу эрежесин бузган.
Ал өлгөн адамдарды союп, адамдын дене түзүлүшүн үйрөнө баштаган. Убакыт өтүп, туруктуу жаш дарыгер жөнүндө Бухарада, Хорезмде сөз кыла башташат. Ибн Сина жардам берүүдөн баш тартпасын билишип, оорудан жапа чеккендер ага туш-тараптан келе баштайт. Көп адамдар ага шакирт болууну каалашкан. Ибн Сина шакирттерин дарыгерлик өнөргө гана үйрөтпөстөн, боорукерликке да тарбиялагаң. Ибн Сина медицинадагы тажрыйбасын жана философия, алгебра, астрономия, химия боюнча кеңири билимин Шыпаа китеби, Дарыгерлик илимдин канону аттуу эмгектеринде баяндаган. Ал төрт сап ырларды да жазган. Ибн Сина жөнүндө маалымат жазууда болушунча жалаң фактыларга таянууга аракет кылдык.