Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кар

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кар

Кар — абанын температурасы 0° Сден төмөн болгон мезгилде булуттан кристалл (майда муз) түрүндөгү жааган жаан-чачындын түрү.

Формасы ар кыл, негизинен ал алты бурч жалпак кристалл түрүндө болот. Кардын негизги мүнөздөмөлөрү: калыңдыгы, тыгыздыгы, суунун запастарынан турат. Негизинен кар түндүк жарым шарда кышында жаайт. Бирок кээ бир аймактарда жылы бою жаай берет мисалы, антарктида, тоонун кээ бир чокуларында. Кар жаңы жылдын жана кыштын символу катары да эсептелинет.

Кар эл чарбасында чоң роль ойноп, күздүк эгиндердин кыштан үшүк албай чыгышына чоң таасир тийгизет, топуракта жазгы нымдын топтолушуна шарт түзөт. Кыргызстандын аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө кар тоолуу аймактарга, айрыкча Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталына, Суусамыр өрөөнүнө, Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгышына арбын жаайт. Топурак нымын сактоо үчүн кышында кар топтоо жана башка агротехникалык иштер жүргүзүлөт. Мындан тышкар калың түшкөн кар үстүндө түрдүү спорт оюндарды дагы жүргүзүлөт мисалы, лыжа тебүү.

Кристаллдардын калыптануусу

Булуттагы суунун микроскопиялык тамчылары чаң бөлүкчөлөрүнө жабышып жана тоңуп калганда кар калыптанат. Мында пайда болгон муз кристаллдардын диаметри алгач 0,1 мм ашпайт, бирок жерге түшүү учурунда абадагы нымдуулуктун конденсациясынын натыжасында чоңоюп отуруп биз тааныган кар болуп түшөт. Ошону менен бирге алты учтуу кристаллдык формалар калыптанат. Суунун молекулаларынын түзүмүнөн улам кристаллдын бурчтары 60° жана 120° гана болушу мүмкүн. Суунун негизги кристаллы тегиздикте туура алты бурчтуктун формасына ээ. Мындай алты бурчтуктардын учунда жаңы кристаллдар чогулат, жаңысына дагы жаңысы, ошентип ар түрдүү жылдызча-кар формалары алынат.

Жогорку термикада кристталдар атмосферада бир нече жолу вертикалдуу кыйлмылга келет, жарым-жартылай ээриип, кайрадан кристаллдашып. Мунун эсебинен кристаллдардын регулярдуулугу бузулуп, аралаш форма калыптанат. Кристаллдын бардык алты учунун кристалдашуусу бир убакта жана дээрлик окшош шарттарда жүрөт, ушуга байланыштуу кристаллдардын нурлары окшош болот.

Карлар

Кардын ак түсү андагы абанын болушунан пайда болот. Мүмкүн болгон түстөр толкундары музд кристталдары жана аба менен болгон чектеш беттерде чагылып, чачырайт, бирок, химиялык курамына жараша кар ар кандай түстө да болушу мүмкүн.

Кар 95% абадан турат, бул алардын төмөн тыгыздыгын (100—400 кг/м³) жана салыштырмалуу жерге жай түшүү ылдамдыгын (0,9 км/ч) шарттайт.

Эң ири карлар 1887-жылдын 28-январындагы АКШнын Монтана штатындагы Форт-Кьоудо жааганда байкалган; бир кардын өлчөмү болжолдуу 38×20 см болгон. Негизи кардын диаметри орточо 5 мм, салмагы 0,004 г.

Жайгаштыруу: 2023-11-20, Көрүүлөр: 319, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу