Аны чөл кемеси деп аташат. Чындыгында эле бакма төөлөр көп убакытка чейин чөлдөгү бирден бир унаа болуп келген. Бул чыдамкай жаныбар чөлдө жашоого абдан ыңгайлашкан. Анын таманындагы калың чорлору күн нурунан кызыган кумдун ысыгын өткөрбөйт. Калың жана узун жүнү аны күндүзгү ысыктан жана түнкү сууктан коргойт. Төө жем-чөптү анча көп талап кылбайт. Ал башка жаныбарлар жей албаган тикенектүү бадалдарды жегенге эле канааттанат. Мындай жупуну азык да анын өркөчүнө май топтоого жардам берет. Өркөчкө топтогон майын аз-аздан сарптап, ал эч кандай азыксыз эле бир нече күнгө чейин жүрө берет. Адам төөнүн пайдасын тээ илгертен эле - 5 миң жылдан ашуун убактан бери билет.
Ошол мезгилден бери төө адамга теңдешсиз кызмат кылып келет. Анын майлуу сүтү, даамдуу эти тамак, күчү унаа катары пайдаланылат. Төөдөн башка кайсы жаныбар мээ кайнаткан ысыкта чөп жебей, суу ичпей көп күн катары менен күнүнө жүгү менен 80-90 чакырым жол басып жүрө алат? Азыр да төөнүн сүтү, чуудасы (жүнү) адамга зор пайда. Төөлөр айры же сыңар өркөчтүү болот. Айры өркөчтүү жапайы төөлөр Гоби чөлүндө азыр да кездешет.