Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Диарея

Баш барак | Медицина | Диарея

Диарея же ичтин өтүшү (байыркы грекче διά-ρροια — ич өтүү, δια-ρρέω байыркы грек сөзүнөн — агуу, аркылуу, өтүү), элдик аталышы — түндүк диалект: ич өтүү, түштүк диалект: ич өткөк — бейтаптын тез-тез (суткасына 2 жолудан өйдө) дефекациясы байкалган потологиялык абал, ошону менен бирге заң суюк, көлөмү 200 мл жогору болуп, көп учурда ичтин оорушу, шашылыш дааратканага чакырыктар, аналдык кармай албастык менен коштолот.

Мазмуну
Диарея
Эл аралык оорулар классификациясында
ЭОК-11ME05.1
ЭОК-10A09, K59.1
ЭОК-9787.91
ЭОК-9-КМ787.91 жана 009.2
DiseasesDB3742
MedlinePlus003126
eMedicineped/583
MeSHD003967

Үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндө диарея жаш балдар өлүмүнүн көп кездешүүчү себеби: 2009-жылы 1,5 миллиондон ашуун бала (5 жашка чейин) бул патологиялык абалдан көз жумган. Диарея өлүмдүүлүктүн алдыңкы он себептерине кирет. Диарея курч жана өнөкөт болуп айырмаланат. Курч диарея эки жумага чейин созулат, андан кийин аны узакка созулган деп классификациялоого болот, андан соң өнөкөт диарея. Түрдүү генездеги курч диареядан жылына болжолдуу 1,7 миллиард адам жапаа чегишет. Өнөкөт диарея, түрдүү баалоолорго ылайык Жердин чоң кишилеринин арасында 7—14 % кезигет.

Тарыхы

Диарея, адам баласына анын пайда болушунан бери белгилүү. Бирок, алгачкы адамдар диареядан азыраак жапаа чегишкен деп саналат, анткени, суу булактары тазараак болгон, ал эми тамак-аш көпкө сакталган эмес. Цивилизациянын өнүгүшү менен жана шаардык калктуу конуштардын пайда болушу менен инфекциялык диареянын абалы өзгөрө баштаган, мында таза суу булактары, санитардык абал жана калдыктарды жок кылуу маселеси тийиштүү түрдө чечилген эмес. Геродот, Саламис согушунан артка чегинүү учурунда Ксеркстин жоокерлери дизентерия оорусунан жабыркаганын эскертип кеткен. Гиппократ диареянын ар кандай түрлөрүн баяндап, анын белгилеринин пайда болушун кир сууну ичүү менен байланыштырат.

Ич өткөк оорусуна каршы, элдик каражаттар жөнүндө Орто кылымдагы булактарда да айтылган. Мисалы, орто кылымдык Европада диареяны кош таман менен даарылоо божомолдончу. Майя индейлери палыгорскит сыяктуу чоподон миң жыл мурун ич өткөк оорусуна каршы дары-дармектерди колдоно баштаганы да белгилүү.

Оорунун таасири

Адистердин заманбап пикири боюнча организмдеги диареядан келип чыккан өзгөрүүлөр өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн экендигин айтышат. Ичтин өтүшү, симптом катары коркунучтуу эмес, бирок суусуздандырылуу жана микроэлементтердин жоголушу сыяктуу кесепеттер өтө коркунучтуу. Өнөкөт диарея көбүнчө витамин жана минералдын жетишсиздигин пайда кылат, а бул анемия сыяктуу башка ооруларга алып келиши мүмкүн. Ичтин өтүшү геморройду чакырышы да ыктымал. Ошондой эле, диарея көп учурда панкреатит, өнөкөт гепатиттер, өт оорулары, ичегинин инфекциялык оорулары сыяктуу олуттуу оорулардын белгилери болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек. Андан тышкары, түрдүү себептерден чыккан өнөкөт диарея тынчсыздануу менен ассоциацияланып, жашоо сапатын төмөндөтөт.

Өзгөчөлүктөр

Диарея ичегинин нормалдуу иштешинин бузулушунан, тамак сиңирүү процессинин тездешинин натыйжасында өнүгүп, заңдын суюлушуна жана дефекациянын жыштыгына алып келет.

Ич өтүү көбүнчө вирустук же бактериялык инфекциядан жана тамак-аштан уулануудан келип чыгат. Ич өткөктүн козгогучтары көбүнчө кир сууда жана азыктарда жашаган Escherichia coli жана сальмонелла бактериялары. Ошондой эле, кеңири таралган козгогучтарга Clostridium difficile бактериясы кирет, мунун ичегидеги санын өсүүсү узак убакыт бою антибиотиктерди кабыл алуу же стационардык дарылануудагы инфекциялардын болуусу менен шартталат. Бактериалдык инфекция тарабынан пайда болгон диарея көбүнчө экзотикалык өлкөлөргө барган туристтерден чыгат, ошондуктан бул ооруну кээде «саякатчылар диареясы» деп аташат. Жөнөкөй герпес жана гепатиттин вирустары да диареяга алып келиши мүмкүн.

Патогенез

Патогенези (оорунун келип чыгышы, өнүгүшү) боюнча диареянын бир нече түрүн айырмалашат.

Секретордук диарея

Патологиялык процесс ичке ичегиде локалдашат. Холера оорусуна мүнөздүү. Бактериялык энтеротоксин энтероциттердин аденилатциклазын активдештирип, бул клетка ичиндеги циклдик аденозинмонофосфат (цАМФ) топтолуусуна алып келет. Натыйжада Na+ жана Сl иондордун трансмембраналык транспорту бузулуп, алар ичегинин энинде чогула баштайт. Өсүп келаткан осмотикалык градиент артынан суу келет, а бул суюк заңдын пайда болуусуна өбөлгө түзөт. Өз убагындагы регидратациялык терапиясыз гиповолемикалык шоктон адам өлүмгө учурашы мүмкүн. Энтеротоксинди жок кылганда ичеги-карын жолу (ИКЖ) толук калыбына келет. Секретордук диареянын себеби вирустук ичеги инфекциялары, гормоналдык активдүү шишиктер (карциноид, ВИП [Вазоактивдүү интестиналдык пептидома], гастринома) дагы болушу мүмкүн. Мындан тышкары, диареянын бул түрү секретордук ич өткөрүүчү жана простагландин дарыларын кабыл алууда жаралышы мүмкүн.

Инвазивдик диарея

Патологиялык процесс жоон ичегиде локалдашат. Дизентерия, амёбиазга мүнөздүү. Микроорганизмдердин ичеги дубалына мителенүүсүндө жана жергиликтүү экссудативдик сезгенүүнүн өрчүшүнүн натыйжасында өнүгөт.

Осмотикалык диарея

Диареянын бул түрү ичегинин ичиндеги гиперосмолярдуулугуна байланыштуу пайда болот, мисалы, туздуу ич алдырма ичкенде, кокцидиянын клетка ичиндеги мителигинде же вирустук инфекцияда (ротавирустар, ретровирустар). Акыркысында энтероциттердин бузулушунан улам мембраналык (чел кабыктык) тамак сиңирүү бузулат. Ичке ичегинин энинде дисахариддердин, пептондордун жана башка ферментацияланбаган заттардын ашыкча болушу осмотикалык гипоферментациялык диареянын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Заң көлөмдүү болуп, суюлат. Копроцитограммада слущенный эпителийдин көп саны белгиленет.

Мотордук диарея

Пропульсивдүү кыймылдуулуктун активдүүлүгүнүн өсүүсү (гиперкинетикалык мотордук миарея) менен байланышкан, мында регулятордук таасирлердин моторикасына өбөлгө түзүүнүн күчөшүндө жаралат (серотонин, холецистокинин). Стресс менен байланышы болушу ыктымал. Мотордук диареянын мындай түрү ДИС (Дүүлүккөн Ичеги Синдрому), функционалдык диареяга мүнөздүү. Заңдын мүнөзү — жарым-жартылай калыптанган, чоң эмес порцияларда болуп, көлөмү 300 мл ашпайт. Мотордук диареянын башка варианты — гипотоникалык, ичеги дубалдарынын тонусунун төмөндөшү түшүндүрүлүп, диабетикалык энтеропатияга мүнөздүү. Ошону менен бирге ичке жана жоон ичегинин холинергиялык деневрациясы жүрүп, моториканын тонустук жана пропульсивдик компоненттерин бузат. Диабетикалык энтеропатиядан тышкары диареянын мындай түрү склеродермия жана амилоидоздан пайда болушу мүмкүн.

Экссудативдик диарея

Көбүнчө жоон ичегинин былжыр челинин сезгенүүсү жана жаралануусу менен шартталып (жаралуу колит, Крон оорусу, ишемиялык колит, дивертикулярдык оору, инвазивдик инфекциялар, кургак учук), энине кан, былжыр, ириң, белок экссудатынын бөлүнүп чыгат. Эгер диареянын доминанттуу экссудативдик компонентине секретордук кошулбаса, заң суюк болуп (суткалык норма чегинде), заң массалары аз же кээде жок болот.

Диарея себептери

Курч жана өнөкөт диареянын өнүгүүсүнө бир нече топтогу ар кандай себептер алып келет. Алардын арасында тамак сиңирүү системасындагы органдардын патологиялары, инфекциялар, нейрофункционалдык жана эндокриндик бузулуулар, гормоналдык шишиктер, токсиндер, дарылардын кыйыр таасирлери.

Курч диарея себептери

Өнөкөт диарея себептери

Даарылоо

Курч диарея

Курч диарея менен ооруган адам үчүн эң чоң коркунучтуусу — бул организмдин суусуздануусу, андыктан, дарылоодогу биринчи ыкма регидратациялык терапия болушу керек. Ал үчүн туз регидратант аралашмаларын колдонуу эффективдүү. Шартка ылайык алар тең салмактанган даяр натрийдин жана калийдин хлориддери, натрий цитраты жана глюкозалар аралашмалары. Бул топтогу даары каражаттары жок болсо, жок дегенде көп суу ичүү керек (газдалган эмес, минералдык суулар, морстор, ширелер ж. б.). Ошону менен бирге, диареяны дарылоодогу биринчи тапшырма, диареяга алып келген себептерди аныктоо, анткени, диарея, болгону көптөгөн бир катар патологиялык абалдардын белгиси гана.

Регидратациядан кийин же дегидратацияны алдын алгандан кийин, диареянын белгилерин жоготуу сунушталат. Мисал, бир адамдын ичи өтүп, ал диареяга каршы ич катыруучу дары ичет, диареясы анча-мынча басылып, андан соң огош бетер кайрадан күчөп, кан аралаш заңдай баштайт. Анткени, ал адамда дизентерия болгон (дизентерияга антибиотик колдонулат). Бул өйдөдө айтылган алгач диареянын себебин аныктоо зарыл экенин дагы бир жолу тастыктайт. Симптом катары диареяга каршы эффективдүү каражаттар, висмут субсалицилаты, дифеноксилат жана лоперамид.

Симптомдорду жок кылуу чараларын кабыл алгандан кийин эпидемиологиялык кырдаалды (оорунун очокторунун болушу, мезгил, кабыл алынган тамак-аш, антибиотиктер, бейтап тарабынан ооруканаларга же саякатка баруусу) жана клиникалык көрүнүштү (заңдагы кандын болушу, ичтин оорушу, дизентериялар, сезгенүүлөр, арыктоолор) анализдеп, диареянын келип чыгуу себептерин аныктоо керек. Көрүнүп турган белгилерде, сезгенүүдө, заңда кандын болушунда же инфекциялык оорунун очогунун жаралуусуна шектенүүлөр болгондо заңдын анализин алуу, санитардык-карантиндик көзөмөл кызматтарына маалымат берүү, ошондой эле, бейтаптын заңын, ичкен суунун, жеген азыктарынын тоңдурулган үлгүлөрүн сактоо талап кылынат.

Витаминдердин жетишсиздигинде дарылануу зарыл. Колит учурундагы ич өтүүнү сезгенүүнү жоготуучу дарылар менен дарылашат.

Бактериалдык инфекциядан дарылоодо антибиотиктер дайындалат.

Энтеросорбенттерди кабыл алуу, биринчи кезекте секретордук диареяны дарылоо ыкмасы катары этиотропдук жана патогенетикалык жактан негизделет. Көбүнчө диареянын мындай түрү вирустар тарабынан пайда болуп, антибиотиктерди дайындоо туура эмес. Энтеросорбенттер патогендик микроорганизмдерди, токсиндерди сорбенттеп, байланган түрдө организмден табигый жол менен чыгарат. Энтеросорбенттер менен дарылоо антибиотиктер менен бирге комплекстик, ошондой эле жеке терапия катары дагы жүргүзүлөт.

Учурдагы колдонулуучу энтеросорбенттер: Полифепан, Диосмектит, Коапектат, Энтеросорб ж. б. Бирок, көптөгөн медиктер жана окумуштуулар диареяны дарылоодо энтеросорбенттердин эффективдүүлүгү боюнча маалыматтын жетишсиздигин айтып келишет. Ушул себептен бул класстагы дармектер Дүйнөлүк гастроэнтерологдор уюму тарабынан сунушталбайт.

Өнөкөт диарея жана дүүлүккөн ичеги синдрому

Өнөкөт диареянын көп кездешүүчү себеби дүүлүккөн ичеги синдрому саналат. Мындай түрдөгү өнөкөт диареяда опиоддук рецепторлордун агонисттери көрсөтүлгөн, мисалы, Лоперамид, жана аялдардын узакка созулган (6 айдан ашык) өнөкөт диареясында — Алосетрон (5 гидрокситриптаминдик [5-НТЗ] рецепторунун антагонисти). Пробиотикалык бактериялардын өзүнчө штаммдары да терапевттик таасир этиши мүмкүн, алардын ичинде, Bifidobacterium lactis DN-173 010, Bifidobacterium animalis subsp. lactis BB-12 жана VSL#3 пробиотикалык коктейли. Адам тынчын алган психикалык бузулуулар дагы дүүлүккөн ичеги синрому менен сейрек эмес байланышта жана мындай учурда белгилерди жеңилдетүү, анын ичинде диареяны дагы, психотерапиянын натыйжасында жетишсе болот. Өнөкөт диареянын терапиясы диагноздун так коюлуусун талап кылат, анткени, бул симптом көптөгөн ар кандай оорулардан чыгышы мүмкүн. Ал үчүн кийинкидей анализдер талап кылынышы мүмкүн, кандын толук анализи, боордун функционалдуулугунун текшерилүүсү, ашказан алдындагы жана калкан сымал бездин текшерилиши, колоноскопия. Ошону менен бирге, терапия конкретүү ооруга жараша болот.

Диареянын таралышы жана алдын алуу

Диареянын ар кандай түрлөрү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бала өлүмдүүлүгүнүн көп кезиккен себептеринин бири, жана дүйнө жүзү боюнча чоң кишилердин убактылуу эмгекке жарамсыз болуп калуусунун экономикалык маанилүү себеби. Диареянын аркандай түрлөрүнүн кеңири жайылышына бир катар себептер бар.

Санитардык шарттар жана суунун сапаты

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө көптөгөн адамдар кедейлик шарттарында жашап, кенен үйлөрдө жашаганга, эффективдүү канализацияга, азыктарды сактоого муздаткычтарга ээ болууга мүмкүндүгү жок. Көбүнчөсү патогендерди алып жүрүүгө мүмкүндүгү бар жаныбарлар менен тыгыз байланышта жашоого туура келет. Андан тышкары, мындай аймактарда жашаган адамдар көп учурда сапаттуу медициналык тейлөөгө ээ болушпайт. Саркынды суулардын агып чыккан түтүктөрдүн, жабдылган даараткананын жана суу тазалоочу курулмалардын жоктугу суунун кирдешине алып келет, анын ичинде суунун адам заңдары менен кирдөөсү, а бул диареянын козгогучтарынын жана башка коркунучтуу белгилердин жайылуу ылдамдыгын күчөтөт. Санитардык шарттардын жана суунун сапатынын жакшыртылышы диареяны чакырган оорулардын жайылуу коркунучун кыйла кыскартаарын көптөгөн изилдөөлөр аныктаган. Колду самындап жуу же дезинфекциялык каражаттар менен тазалоо дагы тобокелдикти төмөндөтөт.

Тамактануу

Организмдин нормалдуу иштешинде тамактануу маанилүү ролду ойнойт. Цинк же А витамини сыякту өзүнчө нутриенттердин жетишсиздиги, иммунитеттин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн, ал болсо өз кезегинде диареянын пайда болуу тобокелин же оорунун оор өтүү ыктымалдыгынын жогорулашына шарт түзөт. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө адамдар көп учурда тамактануу режимин тууралоого же диарея пайда болгондо өзүнчө нутриенттердин жетишсиздигин жокко чыгарууга мүмкүндүгү жок. Витаминдердин жана микроэлементтердин азык-түлүк кошулмаларын колдонуу диареянын пайда болуу же анын оор өтүү тобокелин төмөндөтүшү мүмкүн.

Диета

Төмөнкүдөй азыктардан баш тартуу керек:

Сунушталат:

Диареяны даарылоо же алдын алууда пробиотиктерди колдонуу

Америкалык гастроэнтерологиялык ассоциациянын (AGA) ою боюнча, белгилүү пробиотик-микроорганизмдердин штаммдарын гана диареяны даарылоодо маанилүү:

Ошол эле убакта, AGA, саякатчылардын диареясында пробиотиктерди колдонуунун эффективдүүлүгү тууралуу тастыктоолор жок экенин айтат.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2021-10-06, Көрүүлөр: 1863, Өзгөртүлгөн: 2024-02-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу