Жарыктан ашкан таң калыштуу нерсе болбосо керек. Ал табиятта мүмкүн болгон эң чоң ылдамдык менен: бир секундада 300 миң чакырымга тарайт. Жарык деген эмне? Узак убак бою окумуштуулар бир пикирге келе алышкан эмес. Катуу талаштар эки жүз жылдан ашык убакка созулган. Кээ бир физиктер, анын ичинде И. Ньютон да, жарыкты аны чыгаруучу нерседен учуп чыгуучу эң майда бөлүкчөлөрдүн агымы деп эсептеген. Башкалары жарык - бүткүл аалам мейкиндигине таралган өзгөчө зат - эфирдин толкун сымал термелүүсү дешкен.
Бул көз карашты М. В. Ломоносов да жактаган. 1905-жылы гана физик Альберт Эйнштейн жарыкка бөлүкчөлөрдүн да, толкундардын да касиеттери тиешелүү экенин далилдеген. Бул ачылыштан кийин табышмактуу көп кубулуштар түшүнүктүү болуп калды. Мисалы, эмне үчүн фотоплёнкада сүрөттөлүш негативдүү жарык жерлери кара, күңүрт жерлери жарык болуп чыгат? Көрсө плёнканын бетине сүйкөлгөн эмульсияны жарык бөлүкчөлөрү - фотондор бомбалайт экен. Фотондор көбүрөөк түшкөн жерде плёнка көбүрөөк кара болуп, азыраак түшкөн жери анча карарбайт.
Фотондор өсүмдүктөрдүн жалбырактарына өтүп, түрдүү химиялык реакцияларды пайда кылат. Бул реакциялардын натыйжасында кычкылтек бөлүнүп чыгып, көмүр кычкыл газ жутулуп, анын натыйжасында өсүмдүк өсөт. Эмне үчүн айланадагы нерселердин бардыгы түркүн түстүү? Эмне үчүн боёктор ар түрдүү болот? Мында бардыгы жарыктын толкундук касиеттерине байланыштуу. Жарык толкундары дегенибиз - электр-магнит термелүүлөрү.
Алар радиотолкундар сыяктуу эле, бирок толкун узундугу абдан кыска. Кызыл жарыктын толкун узундугу өзүнчө, жашыл жарыктыкы андан башкачараак (анын толкундары кыскараак), көк жарыктын толкундары андан да кыска. Ак жарык - түстүү нурлардын баарынын аралашмасы. Нерселерге ак жарык тийгенде кээ бир толкундар жутулуп, башка бирөөлөрү чагылат. Кайсы толкундар чагылса, биз ошол түстү көрөбүз. Ак кагаз бардык толкундарды бирдей чагылдырат.
Ошондуктан ал ак болуп көрүнөт. Кара баркыт бардык нурларды жутат. Ошондуктан кара болуп көрүнөт. Күн менен жылдыздардын от менен электр учкунунун жарыгын жогорку температурага - бир нече миң градуска чейин ысыган атомдор пайда кылат. Бирок муздак жарык да болот. Аны чириндилер, жаркырак коңуздар, жылуу деңиздерде жашоочу өзгөчө микроорганизмдер чыгарат.
Адамдар жараткан жарыктангыч сары боёктордун жарыгы да ушундай. Муздак жарык да атом же молекуладагы өзгөрүүлөрдөн чыгат, бирок мында жылытуу талап кылынбайт. Жарык болбосо жерде жашоо болмок эмес. Жарык бизге жылуулук алып келгендиктен гана биздин планета музга айланып кетпей турат. Жарыктын жардамы менен өсүмдүктөр өсөт, жалбырактары кычкылтек бөлүп чыгарат, абаны бардык жандыктардын дем алуусуна жарактуу кылат.