Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Антисептиктер

Баш барак | Медицина | Антисептиктер

Антисептик же антисептиктер (грек тилинен anti "каршы" sepsis "ириңдүү") - ачык жарааттардын бетиндеги бузулуу процесстеринин алдын алуу үчүн ириңге каршы каражаттар. Мисалы, операциядан кийинки, же сыйрылган жарааттар. Ошондой эле кандагы башталган өзгөрүүлөрдү басаңдатуучу каражаттар. Антисептиктер хирургтардын жана медициналык кызматкерлердин бейтап менен байланыш алдында колдорун дезинфекциялоо үчүн колдонулат.

Башка каражаттар микробтордун алдын алып, же өсүүсүн гана басаңдатата алса, кээ бир антисептиктер чындыгында гермицидтүү (тазалоочу) келип, микробторду жок кыла алат.

Этил спирти

Бактерияларга каршы мүмкүндүгү аныкталган антисептиктер антибактериалдык препарат болот. Ал эми вирустук бөлүкчөлөрдү буза алган микробициддер вируска каршы перепарат деп аташат.

Таасири

Бактериялардын өсүүсү (көбөйүүсү) үчүн азыктуу чөйрө, нымдуулук, кычкылтек (эгер бактериялар аэробтуу болсо), ошондой эле белгилүү бир минималдуу температура зарыл. Бул шарттар азык-түлүктөрдү консервалоо жана байыркы өлгөн адамдарды бальзамдоо тажрыйбасында жакшы изилденген. Антисептиктердин алгачкы колдонуусу ушундан улам белгилүү болгон.

Микробтор түшүнүгү калыптанганга чейин чирүүнү алдын алууга көңүл бурулган: чирүүнү, ириңдөөнү алдын алуу үчүн колдонулуучу агенттин саны аныкталган. Бирок заманбап микроб теориясынын жоктугунан бул ыкма так болгон эмес. Бүгүнкү күндө болсо антисептиктерди белгилүү бир микробторго же алардын вегетативдүүлүгүнө, споралык формасына болгон таасирине жараша баалашат. Бүгүнкү күндө белгилүү бир кубатка ээ болгон фенолдун суу эритмесин стандарт катары колдонуп, башка антисептиктерди ошону менен баалашат.

Түрлөрү

Антисептика физикалык, механикалык, химиялык жана биологиялык болуп төрткө бөлүнөт.

Физикалык

Физикалык антисептика - микробдордун жашоосу үчүн жагымсыз шарттарды түзүүдөн турат. Бул максатта инфекцияланган жараны тампондор жана дренаждар менен тышкы дренаждоо иши жүргүзүлөт, ошондой эле жарага ар кандай физикалык ыкмалар менен таасир этет: кургатуу, жылуулук жана жарык процедуралары.

Желим, резина же айнек түтүктөрдөн турган дренаждар дагы колдонулат. Мындай дренаждардын жардамы менен, ириңдүү заттарды эвакуациялоо гана эмес, антисептик менен чуңкурларды жууп, антибиотиктерди киргизүү болот. Дренаж аркылуу заттар пассивдүү чыгышы мүмкүн - таңгычка же антисептикалык эритмеси бар идишке. Же активдүү жолу, ар кандай соргучтарды колдонуп аспирация аркылуу.

Жараатты таңгычы жок, абада ачык дарылоо, анын суусуздануусуна (дегидрадация) алып келет. Ультрафиолеттик нурлантуу дагы жарааттын суусуздануусун күчөтүп, бактерициддик таасир тийгизип, регенерация процессине түрткү болот.

Механикалык

Механикалык антисептика - жараатты алгачкы хирургиялык жол менен дарылоодон турат: жарааттын четин жана түбүн кесип, жараксыз ткандарды жана бөтөн заттарды алып салуу. Механикалыкка - жарааттарды, алардын ичин антисептикалык эритмелер менен жууп-тазалоо да кирет.

Химиялык

Химиялык антисептика - бул бактерициддик же бактериостатикалык таасири бар ар кандай химиялык заттарды колдонуу. Химиялык антисептиктерди колдонууда анын жалпы жана локалдык таасири - макроорганизм жана анын клеткалары үчүн коопсуз, микробдор үчүн зыяндуу болушу керек. Химиялык антисептиктер тобуна колдорду, операция аянтын, шаймандарды ж.б. дезинфекциялоо үчүн колдонулган дары-дармектер кирет.

Биологиялык

Биологиялык антисептиктер дененин коргонуу күчтөрүн жогорулатууга жана жарааттагы микроорганизмдердин өнүгүшүнө жагымсыз шарттарды түзүүгө багытталган. Биологиялык антисептиктер эки негизги топко бөлүнөт:

  1. Антибиотиктер - бактериостатикалык же бактерициддик касиетке ээ заттар.
  2. Бактериофаг түрүндөгү сары суулар.

Жараларды айыктырууда колдонулган протеолитикалык ферменттерди өзгөчө белгилеп коюуу керек. Ал жашоого жарамсыз ткандарды жок кылып, микроб клеткаларын азык заттардан ажыратат, натыйжада жаралардын тезирээк айыгышына шарт түзөт.

Медицинада колдонулушу

Заманбап антисептиктер пайда болгонго чейин латынча Ubi pus — ibi es («ириңди көрдүңбү - аны чыгар») прицибинде негизделген «механикалык антисептика» кеңири жайылган.

Луи Пастердин «ириңдөөнүн микробдук теориясы» аталган ишине Джозеф Листердин көңүлү эргип 1867-жылы «Хирургиялык тажрыйбадагы антисептикалык негиз» аталган ишинин жарыкка чыгуусунан кийин хирургиялык антисептикалык ыкмалар кеңири жайыла баштаган.

1860-жылы париждик даарыканачы Лемер колдонгон карбол кислотасынын антисептикалык касиеттерине Листер 1865-жылы ынанган соң, таңгычка карбол кислотасын чылап ачык сыныкка колдонот. 1867-жылы болсо Листердин «Сыныктарды жана ириңдерди даарылоонун жаңы ыкмасы, ириңдөөнүн себептери» аталган макаласы жарык көрөт. Анда ал сунуштаган антисептикалык ыкманын негиздери жазылат. Ошентип, Джосеф Листер хирургиянын тарыхына инфекция менен күрөшүүнүн биринчи көп компоненттүү бүтүн ыкмасын түзүп, антисептиканын негиздөөчүсү болуп кирет.

Листердин ыкмасы көп катмарлуу таңгыч (жараатка 5% карбол кислотасынын эритмесинде чыланган жибек катмар, анын үстүнө канифоль кошулган ошол эле эритмеге чыланган 8 кат марли, мунун баары карбол кислотасына чыланган резина капталган кездеме жабылган), колдорду, аспаптапды, таңуучу жана тигүүчү материалды дезинфекциялоо, операциялык аймакты, абаны 2-3% эритме менен стерилизациялоону камтыган.

Листердин антисептикасынын жактоочуларынан тышкары, каршылаштары да болгон. Бул карбол кислотасынын бейтаптын ткандарына жана хирургдун колдоруна уулуу жана дүүлүктүрүүчү таасирин тийгизүүсүнө байланыштуу болгон, андан тышкары карбол кислотасынын операциялык бөлмөдөгү абага чачуу кээ бир хирургдардын күмөн саноосун жараткан.

25-жыл өткөн соң Листердин антисептикалык ыкмасынын ордуна жаңы «асептикалык» ыкма келет. Асептиканын колдонуу жыйынтыктары ушунчалык чоң таасир калтырып, антисептиканын жана антисептикалык каражаттарды хирургиялык тажрыйбадан баш тартуу чакырыктары пайда болот. Бирок антисептикасыз хирургияда иш жүргүзүү мүмкүн эмес болуп чыгат.

Химиянын жетишкендиктеринин аркасынан ириңдүү жарааттарды жана инфекциялык процесстерди даарылоо үчүн карбол кислотасынан анча уулуу эмес, бир далай жаңы антисептикалык каражаттар сунушталган.

Мындай заттар хирургиялык аспаптарды жана бейтапты курчаган буюмдарды тазалоо үчүн колдонула баштаган. Ошентип, акырындык менен асептика жана антисептика тыгыз байланышып, бүгүнкү күндө бул эки дисциплинанын биримдигисиз хирургияны элестетүү кыйын.

Кээ бир кеңири таралган антисептиктер

Бриллиант жашыл жана йод

Спирттер

Кыйла кеңири таралгандарга этанол (60-90 %), пропил (60-70 %) жана изопропил (70-80 %) спирттери, же алардын эритмеси кирет. Спирттерди инъекция алдында терини дезинфекциялоо үчүн, көп учурда йод (йод тундурмасы) же кээ бир катиондук үстүртөн-активдүү заттар (бензалконий хлорид 0,05-0,5 %, хлоргексидин 0,2-4,0 % же октенидин дигидрохлорид 0,1-2,0 %) менен бирге колдонулат.

Төртүнчүлүк аммоний бирикмелери

Кыскача ТАБ (орусча Четвертичные Аммониевые Соединения же ЧАС) төмөнкү химиялык заттарды камтыйт: бензалкон хлорид, цетилтриметиламмоний бромид, цетилпиридинхлорид (Cetrim, CPC), бензетон хлориди, мирамистин. Бензалкон хлорид (0,05-0,5 % концентрациясында) кээ бир операция алдындагы терини дезинфекциялоочу каражаттарда жана антисептикалык сүлгүлөрдө колдонулат. Төртүнчүлүк аммоний бирикмелеринин антимикробдук таасири самын сыяктуу аниондук үстүртөн-активдүү заттар менен инактивдештирилет.

Триаминдер

Додецилдипропилен триамин (N,N-Bis(3-aminopropyl) dodecylamine, Triamine Y12D), бактерия жана микобактериялар үчүн дезинфектант болуп, адамга болгон зыяны аз жана жогорку кычкылдуу чөйрөдө терс касиеттери дээрлик билинбейт.

Бор кислотасы

Суппозиторийлер (свеча) түрүндө жатындын грибоктуу инфекция ооруларын дарылоо үчүн, ошондой эле герпес-вирустук ооруну азайтуу үчүн колдонулуучу вируска каршы каражат. Күнгө күйүүдөн сактоочу кремдердин курамына кошулуп, көзгө салынуучу линзалардын эритмесинде да көп колдонулат.

Бриллиант жашыл

Триарилметандык боёгуч бүгүнкү күнгө чейин этанолдогу 1 % эритме катары Чыгыш Европада жана муруңку СССРдин өлкөлөрүндө анча чоң эмес жарааттарды даарылоодо колдонулуп келет. Грам оң таасирлүү (грамположительный) бактериялар үчүн эффективдүү.

Хлоргексидин глюконат

Бигуанидинден алынып, 0,5-4,0 % концентрациясында жалгыз өзү же төмөнүрөөк концентрацияда башка кошулмалардын комбинациясы менен, мисалы спирттер иштетилет. Териге жана тиш бүйлөсүнүн сезгенүүсүн (гингивит) даарылоодо антисептик катары колдонулат. Бул катиондук үстүртөн-активдүү заттар төртүнчүлүк аммоний бирикмелерине окшош.

Суутек пероксиди

6 % эритме катары жарааттарды жана жараларды тазалоо үчүн колдонот. Көбүрөөк жайылган 3 % эритмеси тиричиликте тытылуу, сыйрылууларды тазалоодо иштетилет. Бирок ушундай концентрациядагы жөнөкөй жараатка кам көрүү максатында колдонууга болбойт, анткени ал тырыктардын пайда болуусуна, жарааттын айыгуу убактысынын узаруусуна алып келет. Айыктыруучу жана жугушсуздандыруу таасиринин бардыгы тастыкталган эмес.

Йод эритмеси

Ар качан спирт эритмесинде («йод тундурмасы») же Люголь эритмесинде операцияга чейин жана кийин колдонулуучу антисептика. Анча чоң эмес жарааттарды дезинфекциялоо сунушталбайт, анткени ткандардын тырыктарды жаратып, айыгууну кечеңдетет. Йоддун артыкчылыгы анын кеңири спектрдагы антимикробдук активдүүлүгү, ал бардык негизги патогендерди өлтүрүп, узак мөөнөттөгү таасир этүүдө дезинфекциялоочу каражаттар жана антисептиктер менен оңой кетпеген спораларды жок кыла алат.

Меркурохром

Эскирген антисептик. АКШнын азык-түлүктөрдү жана даары каражаттарды көзөмөлдөө башкармалыгы (FDA) бул антисептиктин курамында сымаптын болгондугуна байланыштуу аны коопсуз жана эффективдүү деп эсептебейт. Эскирген сымап органикалык антисептиктерге «бис-(сымап фенили) моногидроборат» (Famosept) дагы кирет.

Октенидин дигидрохлорид

Кеңири спектрдагы микроорганизмдерге антимикробдук активдүүлүккө ээ болгон катиондук үстүртөн-активдүү зат. Ал өзүнүн таасири боюнча төртүнчүлүк аммоний бирикмелерине окшош бирок, активдүүлүк спектри чоңураак. Октенидин учурда континенталдык Европада антисептик катары суу же спирттин 0,1-2,0 % эритмесинде териге, былжыр челдерге жана жарааттарга көбүрөөк колдонулат.

Фенол бирикмелери

Медицина персоналынын операция алдында колдорун тазалоо үчүн колдонулат. Ошондой эле күкүм түрүндө жаңы төрөлгөн балдардын киндигине себүүчү антисептик катары пайдаланылат. Фенол оозду, тамакты чайкоочу суюктуктардын курамына кирип, ооруксуздандыруучу жана антисептикалык эффектке ээ.

Полигексанид

Инфекция кирип кеткен курч жана өнөкөт жаракаттарга бул антимикробдук бирикмелерди пайдаланууга болот. Бактериялык чөйрөгө физика-химиялык таасирлөө, туруктуу бактерия штаммдардын өнүгүүсүнө тоскоол болот.

Мындан башка дагы көптөгөн антисептиктер бар мисалы, фурацилин, калий перманганаты (марганцовка) деген сыяктуулар.

Медициналык эмес колдонулушу

Антисептиктер азык-түлүк өнөр жайында да пайдаланылат. Айрыкча, көптөгөн консерванттар консерваланган азыктардын микрофлорасынын өнүгүшүн басаңдатуучу антисептикалык касиеттерде негизделген. Мисалы, этилен кычкылы (окись) биринчи кезекте ысытууга сезимтал келген, мисалы, бир жолу колдонуучу шприц сыякуу медициналык аппаратуралар жана аспаптарды дезинфекциялоодо пайдаланылат.

Курулушта жыгач материалдарын сапрофиялык (өсүмдүк бактерияларынын түрү) микрофлорадан коргоо үчүн антисептик касиеттери бар боектор жана лактар колдонулат.

Жыгач антисептиктери жыгачты чирүүдөн, көктөн, көк тактан, курт-кумурскалардан, нымдан, өрттөн жана күйүүдөн коргойт, жаңы кесилген жыгачты транспортировка учурунда сактайт. Жыгачтын сыртын кара кылып күйгүзүү дагы бекеринен эмес, бул дагы антисептик сыяктуу курт-кумурскалардан сактайт.

Антисептиктер күнүмдүк турмушта, тамактануу жайларында, өнөр жай ишканаларында жана башка мекемелерде колдонулуучу жуугуч каражаттардын түзүмүнө кирет.

Колго арналган антисептиктер - көбүнчө спирт кошулган гигиена каражаттары. Дезинфекциялоочу каражаттын бул түрү үйдө жана жумушта патогендердин жугушун алдын алуу жана коомдук жайларда кол гигиенасынын негизги эрежелерин сактоо үчүн колдонулат.

Микробдордун каршылыгы

Антисептик жана антибиотиктерди узак убакыт бактерияларга таасир этүү менен, алар бул заттарга көнүп алышы мүмкүн. Ар кандай антисептиктер бактериянын генетикалык коргонуусунун пайда болуусу түрдүү деңгээлде өнүгүшүнө түрткү бергендиги менен айырмаланат. Антисептикке көнүп алуу дозадан көз каранды; антисептикке каршылык көрсөтүү төмөнкү дозаларда пайда болушу мүмкүн, жогорку дозаларда жокко эсе. Ошондой эле бир бирикмеге болгон туруктуулук башка бирикмелерге да туруктуулугун жогорулатышы мүмкүн.

Жайгаштыруу: 2016-08-01, Көрүүлөр: 10601, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо