Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дизентерия

Баш барак | Медицина | Дизентерия

Дизентерия (байыркы грекче — δυσεντερία; δυσ- [dus-, «жаман»] + ἔντερα [éntera, «ичеги»]) — инфекциялык оору, жалпы инфекциялык интоксикация жана ичеги-карын энинин жабыркоо синдромдору менен мүнөздөлөт, көбүнчө жоон ичегинин дисталдык бөлүмү.

Мазмуну
Дизентерия (шигеллёз, амёбиаз)
Эл аралык оорулар классификациясында
ЭОК-10A03.9, A06.0, A07.9
ЭОК-9004, 007.9, 009.0
ЭОК-9-КМ009.2
MeSHD004403

Негизи адабияттарда, анын ичинде медициналык адабияттарда «дизентерия» термини шигеллёз оорусу, амёбиаз «амёбалык дизентерия» оорусу катары каралат.

Эпидемиология

Квалификацияланган медициналык жардамдын жетишсиздигинен дүйнөдөгү дизентерия менен ооругандарды эсепке алуу татаал, бирок Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун (ДССУ) жылдык эсептөөлөрү боюнча шигеллёз менен ооругандар болжолдуу 90 миллиондой адам, алардын 700 000 өлүмгө учурагандар. Амёбиазга жыл сайын 50 миңдей адам чалдыгат, алардын болжолдуу 50 000 каза тапкандар.

Этиология

Дизентерияны Shigella тукумундагы бактериялар чакырат. Шигеллалар кадимки азыктандыруучу чөйрөлөрдө жакшы өсөт; микробдук клеткалардын бузулуусунда эндотоксин бөлүнүп чыгат, ал интоксикация белгилерин чакырат. Андан тышкары, шигеллалар экзотоксиндин бир нече түрлөрүн чыгарат: Эпиталиялык клеткалардын чел кабыгын бузуучу цитотоксин; ичеги энине суюктук жана туздардын секрециясын күчөтүүчү энтеротоксиндер; Григорьева-Шиги (Sh. dysenteriae серовара 1) бактерияларында кездешүүчү нейротоксиндер.

Забанбап шарттарда Флексенера жана Зонне шигеллалары эң көп жайылган.

Патогенез

Дизентерия — бул ичеги инфекцияларынын типтүү өкүлү. Инфекциянын жалгыз булагы — дизентерия менен ооруган адам, мындай адамдар оорунун биринчи күнүнөн тарта айланасындагыларга коркунуч жаратат, анткени, бул мезгилде козгогучтарды айлана-чөйрөгө бөлүп чыгаруусу интенсивдүү болот.

Негизинен тиричилик-байланышта, суу жана алиментардык (ооз аркылуу) жолдор менен жугат.

Оорунун жугуусуна көмөк көрсөтүүчү учурлар: адамдардын бөлмөлөрдө чогулуусу, гигиеналык деңгээлдин төмөндүгү.

Дизентерия менен бардык адамдар оорушу мүмкүн, бирок, көбүнчөсү — 4 жашка чейинки балдар (ооруга чалдыккандык 60 %). Ооруп айыккандан кийин кыска мезгилдик (4—12 ай) иммунитет калыптанат. Кайрадан ооруп калуу ыктымалдуулугу бар.

Инфекциянын организмге кирүү жолдору — ичеги-карын эни, микроб ошол жакка кирип, ошол жактан көбөйөт. Айырым учурларда чымындардан жугат, булардын буттарында бактериялар болуп, тамак-ашка конгондо адам аны жеп, ашказандан ичегиге бактериялар өтүп кетет.

Клиникалык диагноз

Оору жуктуруп алгандан кийин 2—3 күндө билине баштайт, тамак-аш менен киргенде бул убакыт бир нече сааттарга кыскарат, тиричилик-байланыш жолдору менен жуккканда 5 күнгө чейин узарат.

Көп учурда оору курч башталып, кээде келе жаткан белгиси катары ооруксунуу, жеңил чыйрыгуулар же баш оорулар болушу мүмкүн. Оорунун деңгээли боюнча жеңил, орто, оор жана өтө оор формаларын айырмалашат.

Оорунун дизентерия вариантындагы эң мүнөздүү белгилери жоон ичегинин жабыркашы менен коштолот.

Алгач ич ооруйт, анын артынан заңдын бузулушу келет, (ич өтүү ж. б.). Дизентерия жалпы белгилердин коштолушу менен башталышы мүмкүн — алсыздануу, шалдыроо, температуранын көтөрүлүшү, баш оорулар жана башка ушул сыяктуулар.

Оорунун ачык көрүнүштөрү экинчи, үчүнчү суткаларда жетет. Дизентериянын бул формасына аймактык көрүнүштөр мүнөздүү.

Дизентериянын толук белгилери орто оор формасында берилет. Курч башталуусу мүнөздүү, 2—3 күнгө созулган чыйрыгуу менен температуранын жогорулашы (38—39 °С чейин). Алсыздык, баш оору, табиттин төмөндөшү адамдын тынчын алат. Ичеги бузулуулар оору башталгандан тарта биринчи 2—3 саатта болот (орто оор формасында), ичтин ылдыйраак жагында жагымсыз сезимдер жаралат, ич курулдайт, мезгил-мезгили менен ичти бурап оорутуп, заңдоо суткасына 10дон 20 жолуга чейин өсөт. Заң, алгач кадимки мүнөздө болуп (курамы жөнүндө кеп болуп жатат), андан соң былжырлар, кан жана ириң аралаш заңга айланат, заңдын көлөмү азайып, какырык же түкүрүк сыяктуу түргө келип, былжыр менен кан аралаш чыгат.

Курч дааратканага чакырыктар белгиленет. Тери кубарып, тилдин үстүндө күрөң түстөгү катмар байкалат. Жүрөк-кан-тамыр системасы тарабынан жүрөктүн тез согушу, кан басымдын төмөндөшү байкалат. Эң эле мүнөздүү белгиси, ичтин сол жагынын төмөнүрөөк жагына кол тийгизгенде ооруксунтуусу жана карышуусу.

Дизентериянын орто оор формасында интоксикациянын узактыгы 4—5 күндү түзөт. Заң оорунун 8—10 күнү нормалдашып, бирок оору 3—4 жумага созулушу мүмкүн.

Мүмкүн болуучу татаалдашуулар: перитонит, парапроктит жана башкалар.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2021-10-06, Көрүүлөр: 1469, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-10-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу