TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жеке маалыматтарды иштетүүнүн типтүү саясаты

1. Жалпы абалдар

1.Жеке маалыматтарды иштетүүнүн типтүү саясаты (мындан ары - Саясат) Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткаруу үчүн иштелип чыгып, Tyup.Net сайты тарабынан (мындан ары – Маалымат кармоочу/Иштетүүчү) жеке маалыматтарды иштетүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

2.Бул Саясат жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын иштетүүдө укуктарын жана эркиндигин корголушун камсыз кылууга багытталган жана Маалымат кармоочу/Иштетүүчү тарабынан ишке ашырылуучу автоматташтырылган жана автоматташтырылбаган бардык жеке маалыматтар операцияларына жайылат.

3.Жеке маалыматтар субъектилеринин негизги укуктары жана милдеттери:

1)Жеке маалыматтардын субъектилери укуктуу:

2)Жеке маалымат субъектилери милдеттүү:

4.Маалымат кармоочунун/Иштетүүчүнүн негизги укуктары жана милдеттери.

1)Маалымат кармоочу/Иштетүүчү укуктуу:

2)Маалымат кармоочу/Иштетүүчү милдеттүү:

5.Маалымат кармоочу/Иштетүүчү жеке маалыматтар субъектиси каалаган формадагы коммуникацияда берген жеке маалыматтарды ушул Саясатка жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык топтойт, колдонот жана коргойт.

2. Иштетилүүчү жеке маалыматтардын көлөмү жана категориялары, жеке маалымат субъектисинин категориялары

6.Маалымат кармоочу/Иштетүүчү кийинкидей жеке маалымат субъектилеринин жеке маалыматтарын иштетет:

7.Маалымат кармоочу/Иштетүүчү тарабынан иштетилүүчү жеке маалыматтарга кийикилер таандык:

8.Маалымат кармоочу/Иштетүүчү иштетилүүчү жеке маалыматтардын мазмунун жана көлөмүн айтылган иштетүү максаттарына ылайык кармоону камсыздайт, зарыл болгон учурда айтылган иштетүү максатына жараша ашыкчаларын жок кылууга чара колдонот.

9.Рассалык же этникалык тегин, улуттук таандыгын, саясый көз караштарын, диний же философиялык ишенимин, ошондой эле, ден-соолугунун абалын жана интимдик жашоосун ачкан атайын категориядагы жеке маалыматтар Маалымат кармоочу/Иштетүүчү тарабынан иштетилбейт же эгер иштетилсе Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

10.Жеке маалымат субъектилеринин жеке маалымат жана категория тизмеси Маалымат кармоочу/Иштетүүчү тарабынан кайра каралышы мүмкүн жана өзгөрүүлөр сөзсүз түрдө ушул Саясатка бекитилип, жеке маалымат субъектилери мүмкүн болгон ыкма менен кабарланат (официалдуу сайт, жарыя, пуш-билдирүүлөр, электрондук почтага билдирүү жөнөтүү ж. б.)

3. Жеке маалыматтарды топтоонун максаттары

11.Жеке маалыматтар Маалымат кармоочу/Иштетүүчү тарабынан кийинкидей алдын-ала аныкталган жана мыйзамдуу максаттарда иштетилет:

4. Жеке маалыматтарды иштетүүдөгү укуктук негиздер

12.Маалымат кармоочу/Иштетүүчү тарабынан жеке маалыматтарды иштетүүнүн укуктук негиздери:

5. Жеке маалыматтарды иштетүүнүн тартиби жана шарттары

13.Маалымат кармоочу/Иштетүүчү тарабынан жеке маалыматтарды иштетүү кийинкидей ыкма же ыкмалар менен жүргүзүлөт:

14.Маалымат кармоочу/Иштетүүчү тарабынан жеке маалыматтарды иштетүү, өзүнө каалаган операцияларды же операциялар топтомун камтыйт, булар жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтомдоштуруу, блоктоо, өчүрүү же жок кылуу максаттарына ылайык автоматтык же колго иштетилиши мүмкүн.

15.Жеке маалыматтарды иштетүү Маалымат кармоочу/Иштетүүчү жактан, мыйзамда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды Макулдуксуз иштетүүнү эске албаганда, жеке маалымат субъектисинин макулдугу аркылуу жүргүзүлөт (мындан ары — Макулдук).

16.Жеке маалыматтардын субъектиси анын жеке маалыматтарын берүү жөнүндө чечимин кабыл алып, аны кагаз бетинде жазуу түрүндө же электрондук документ формасында Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамга мыйзамына ылайык коюлган колу менен берет (Tyup.Net сайтынын алкагында логин, сыр сөз жана маалыматтарды иштетүүгө макулдук чекбоксу түрүндөгү жөнөкөй кол тамга, Кыргыз Республикасынын «Электрондук кол тамга» мыйзамынын 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык).

17.Жеке маалыматтарды иштетүүнү токтотуу шарты катары жеке маалыматтарды иштетүүнүн максаттарына жетүү, жеке маалыматтарды актуалдаштыруу, ошондой эле, мыйзамга ылайыксыз жеке маалыматтарды иштетүү болушу мүмкүн.

18.Маалымат кармоочу/Иштетүүчү жеке маалыматтар субъектисинин макулдугу менен иштетүү максаттарына жетүү үчүн жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга берүүгө укуктуу, эгер, ошол маалыматтардын купуялуулук режимин сактоо милдети жүктөлсө. Транс чек аралык маалыматтар үчүнчү жактарга берүү мүмкүндүгү каралган эмес же берилбейт.

19.Маалымат кармоочу/Иштетүүчү жеке маалыматтарды иштетүүдө форс-мажордук кыдаалдарды эске албаганда, маалыматтарга мыйзамсыз же кокустан мүмкүндүк алуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, блокировкалоодон, көчүрүүдөн, берүүдөн, жыйылтуудан, ошондой эле, жеке маалыматтарды башка мыйзамсыз иш-аракеттерден коргоо үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук жана техникалык ыкмаларды кабыл алат жана камсыздайт.

20.Жеке маалыматтарды топтоо, максатына зарыл болгон убакыттан ашык сакталбашы керек. Сактоо мөөнөтү жеке маалымат субъектисинин кызыкчылыгынан улам же мындай нерсе Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган болсо гана узартылышы мүмкүн.

6. Жеке маалыматтарды актуалдаштыруу, өчүрүү жана жок кылуу, жеке маалымат субъектилеринин жеке маалыматтарга болгон суроолоруна жооп

21.Жеке маалыматтардын анык эместиги жөнүндөгү фактынын тастыкталган учурунда же андай маалыматтарды иштетүү мыйзамсыз болгон учурда, маалыматтарды Маалымат кармоочу/Иштетүүчү тарабынан топтоонун, сактоонун жана иштетүүнүн мыйзамдуулугуна жараша маалыматтар актуалдаштырууга, блокировкалоого же жок кылынууга жатат же буга ылайык иштетилиши токтошу зарыл.

22.Жеке маалымат субъектиси, жеке маалыматтардын анык эместиги же алардын мыйзамсыз иштетүү фактылары боюнча түздөн-түз Маалымат кармоочу/Иштетүүчүнүн дарегине же жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.

23.Жеке маалымат субъектисинин жазуу же электрондук кат түрүндөгү кайрылуусу менен Маалымат кармоочу/Иштетүүчү иштетилүүчү маалыматтар жөнүндө кийинкидей маалыматтарды чагылдыруу менен маалымат билдирүүгө милдеттүү:

24.Эгер субъект суралуучу маалыматка мүмкүндүгү жок болсо, анда ага мотивацияланган баш тартуу жөнөтүлөт.

25.Сактоо мөөнөтү бүткөндөн кийин жана жеке маалыматтарды чогултуунун максаттарына жеткен соң андай маалыматтар эки жуманын ичинде жок кылынууга жатат. Маалыматтарды жок кылуу акт менен тастыкталып, актынын көчүрмөсү субъектинин жазуу түрүндөгү суроосунда берилет.

7. Корутунду абалдар

26.Ушул Саясатта жеке маалыматтарга таандык чагылдырылбай калган бардык мамилелер Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамындагы абалдарга ылайык туураланат.

27.Маалымат кармоочу/Иштетүүчү ушул Саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Актуалдуу редакцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө акыркы жаңылануу датасы көрсөтүлөт. Саясаттын жаңы редакциясы аны ачык жана жеткиликтүү жайгаштырууда күчүнө кирет жана пландаштырылып жаткан өзгөрүүлөр менен таанышууга алдын-ала 14 иш күн мурун жарыяланат. Соңку өзгөртүү: 22-декабрь, 2022-жыл.