Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Өсүмдүк

Өсүмдүк же өсүмдүктөр (латынча Plantae, же Vegetabilia) — биологиялык падышалык, көп жылдык организмдердин негизги топторунун бири, булардын өзгөчөлүлүгү фотосинтез мүмкүндүгү, мунун ичине женгес (мох), папоротниктер, кырк муун (хвощ), плаун, жылаңач уруктуулар жана гүлдүү өсүмдүктөр кирет.

Өсүмдүк
Илимий классификациясы
ДоменЭукариоттор
ПадышалыкӨсүмдүктөр
Эл аралык илимий аталышыPlantae Haeckel, 1866

Өсүмдүк деп балырларды жана алардын кээ бир түрлөрүн дагы таандык кылышат. Өсүмдүктөр (биринчи кезекте гүлдүүлөр) көп сандаган жашоо формалары менен берилген, булардын эң көп жайылгандары дарактар, бадалдар жана чөптөр. Өсүмдүктөр ботаника илиминин изилдөө предмети.

Жалпы белгилери

Азыктануусу

Өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү — органикалык эмес кошулмалардан (көмүр кычкыл газы жана суу) органиканы (глюкозаны) синтездөө үчүн жарык энергиясын колдонгон фотоавтотрофдук организмдер. Кээ бир өкүлдөрү азыктануунун экинчилик гетеротрофдук ыкмасынан өтүшкөн (облигаттуу мителик, микогетеротрофдуулук). Мисалы, гетеротроф катары хлорофили жок өсүмдүк болот (Раффлезийдик, латынча Rafflesiaceae), ал дарактардын жана бадалдардын тамырында мителик кылып, кожоюн организмден даяр азык заттарды алат. Мындан тышкары жырткыч өсүмдүктөр дагы болот, булар түрдүү курт-кумурскалар менен азыктанышат.

Өсүмдүктөрдүн нормалдуу өсүүсү жана өнүгүүсү үчүн түрдүү минералдык заттар талап кылынат, алардын маанилүүлөрү — азот, калий жана фосфор. Минералдык азыктануу учурунда керектүү минералдык элементтерди камтыган суу топурактагы тамырлар аркылуу сиңирилет.

Өсүмдүк уругунда келечектеги сабак менен кичинекей тамырчанын түйүлдүгү бирге болот. Уруктун андан ары өнүшү менен алар башка-башка жакка: сабак жердин үстүн карай өссө, тамыр ылдый топурактын ичин көздөй өсүп, өсүмдүктү жер менен байланыштырат. Өсүмдүктү топуракта бекемдеп кармап туруу — маанилүү иш.

Бирок тамырдын башкы кызматы топурактан сууну жана азык заттарды — минералдык туздарды алуу болуп эсептелет. Топурак кыртышында таралуу үчүн тамыр учунан узарып, өтө көп бутак байлайт. Кара буудайдын ар бир түбүнөн жай ичи миллиондогон тамыр жана миллиарддаган тамыр түкчөлөрү чыгат. Эгерде аларды бири-бири менен улаштырсак, 600 км жетер эле. Тамыр канчалык жакшы өнүксө, жерден сууну жана азык затты ошончолук көп алып, өсүмдүктү жакшы азыктандырат. Ошондуктан өсүмдүктүн жаңы сортун чыгаруучу окумуштуу селекционерлер жакшы өсүмдүктү тамырына карап тандап алышат.

Тамыр азык зат издеп тапкыч гана эмес, ал өзүндө азык зат сактоочу жер астындагы химиялык лаборатория да болуп эсептелет. Мисалы, тамекинин тамырында — никотин топтолот, көк сагыздын тамырында — каучук пайда болот, ал эми сабиздин тамырында — кант жана адамдын, жаныбарлардын организминде А витаминин пайда кылуучу кызыл каротин топтолот.

Тамыр ошондой эле бөлүштүргүч кызматын да аткарат: ал азык-заттарды бөлүштүрүп, сабактын жана жалбырактардын өсүшүн камсыз кылат. Тамыр менен жалбырактар ар түрдүү кызмат аткарганы менен алар өз ара тыгыз байланышта. Топурактан сууну жана азык заттарды алып сиңирүү үчүн тамыр дем алуусу керек, ал эми жалбырак аркылуу даярдалып келүүчү кантсыз тамыр дем ала албайт. Тамырдын душмандары бар, алар — мите өсүмдүктөр, курт-кумурскалардын личинкалары, зыяндуу микробдор жана башкалар. Бирок жардамчылар да болот. Чаалыкпас, чарчабас сөөлжандар көпчүлүк убакта тамырга жол салып беришет. Ал эми чанактуу өсүмдүктөрдүн тамырында жашоочу түймөкчө бактериялар — тамырдын көрүнбөс достору. Чанактуу өсүмдүктөр алардын жардамы менен башка өсүмдүктөр сыяктуу топурактан гана эмес, абадан да азот алып турушат.

Дыйкандар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн катар аралыктарын жумшартып, топуракты дайыма кошумча азыктандырып турушат (жер семирткичтер). Тамыр канчалык жакшы өөрчүсө, өсүмдүктүн түшүмү ошончолук мол болот. Тамыр өсүмдүктүн тиричилигинде абдан маанилүү роль ойнойт. Ал өсүмдүктү жерге бекемдеп, топурактан өсүмдүктүн өсүп жетилүүсүнө зарыл болгон суу менен минералдык заттарды сиңирип алат.

Өсүмдүк жана айлана-чөйрө

Өсүмдүктөрдүн жашоо тиричилиги үчүн белгилүү бир шарттар зарыл. Ал эми тиричилик шарттары жаратылыштын ар кандай факторлорунун таасирине жараша болот. Өсүмдүктөрдүн тиричилигинде жансыз жаратылыш факторлору: жарык, суу, температура, минералдык туздар эң маанилүү роль ойнойт. Өсүмдүктөргө ошондой эле, жандуу жаратылыш факторлору ар түрдүү тирүү организмдердин, анын ичинде кишинин да иш аракеттери таасир этет.

Жарык өсүмдүктүн тиричилиги үчүн зарыл. Ансыз хлорофили пайда болбойт жана фотосинтез жүрбөйт. Жарык өсүмдүктүн кадимкидей өсүшү үчүн керек. Караңгыда өскөн өсүмдүктөр узун жана агыш болот.

Жылуулук да өсүмдүктөрдүн тиричилиги үчүн керек. Алардын бирөө жылуулукту сүйөт, башкалары тескерисинче суукка абдан чыдамдуу келет. Суу өсүмдүктөргө керек, ал ар бир тирүү клетканын цитоплазмасынын жана клетка суюктугунун курамына кирет. Суу болбосо өсүмдүк боюнча азык заттар жыла албайт, фотосинтез жүрбөйт, буулануунун натыйжасында өсүмдүк өтө ысып кетпейт. Ар кайсы өсүмдүктүн сууга болгон талабы ар кандай болот.

Өсүмдүк дем алганда абадан кычкылтекти сиңирип алат, ал эми фотосинтез убагында көмүр кычкыл газын сиңирет. Минералдык заттар өсүмдүккө топурактан келет, бирок алардын ичинен көбүнчө азот, фосфар жана калий баарынан көбүрөөк керек. Өсүмдүккө бор, марганец, темир абдан аз өлчөмдө керек.

Андан башка айланасындагы тирүү организмдер – жаныбарлар, башка өсүмдүктөр жана микроорганизмдер таасир этет. Өсүмдүктөр өз кезегинде, айлана-чөйрөгө да таасир этет. Алар абанын курамын өзгөртөт: аны нымдайт, көмүр кычкыл газды сиңирип алат да, кычкылтекти бөлүп чыгарат. Топурактын курамын өзгөртөт. Алар абадан бир затты соруп алып, ага башка бир затты бөлүп чыгарат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 5716, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-01-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо