Жүктөлүүдө...
Жеринин аянты - 547030 чарчы чакырым. Калкы - 59551000 адам. Франция - Батыш Европадагы чоң мамлекет. Анын аймагы Нормандиянын тик аскалуу жээктеринен тартып, Жер Ортолук денизинин жылуу көгүлтүр жээгине чейин созулат. Качандыр бир кезде Франциянын бүткүл аймагын чытырман токой каптап турган, азыр токой тоолордо гана сакталып калган. Мында тоолордун эң бийиги - Монблан аттуу чокусу бар карлуу Альпы тоолору. Акча бирдиги 2002-жылга чейин Франк, учурда Евро. Метрополиянын 2017-жылдын 1-январына караштуу маалыматы боюнча франциянын калкынын саны - 64 859 773 адам.
Кенен түздүктөр аркылуу суулары мол Сена, Рона, Гаронна жана башка дарыялар агат. Аларда кемелер тынымсыз каршы-терши жүрүп турат. Өлкө көмүргө, темир, уран рудаларына, туз, газ, боксит кендерине бай. Жаңы замандан алда канча байыркы убактарда Франциянын аймагында галл уруулары жашаган. Бул жерди римдиктер басып алып, аны Галлия деп атаган. Кийинчерээк бул жерди башка баскынчылар, алардын ичинде франктар да басып алышкан, ушундан улам бул өлкө Франция деп аталган.9-кылымдын ортосунан тартып Франция өз алдынча мамлекет. Француз элинин дүйнөлүк революциялык кыймылдын тарыхына кошкон үлүшү зор. Улуу француз революциясы 1789-жылы королдун чөптүрмөсү Бастилияны алуу менен башталган. Француз эмгекчилери колуна курал алып, эзүүчүлөргө каршы андан кийин да көп жолу көтөрүлдү.
Франциянын жумушчу табы адамзат тарыхында биринчи жолу 1871-жылы жумушчу табынын өкмөтүн - Париж коммунасын түзүшкөн. Бүткүл эмгекчилердин гимни - Интернационал француз жеринде жаралган. Экинчи дүйнөлүк согушта Германия Францияга кол салган. Реакциячыл француз өкмөтү баскынчыларга багынып берет. Ал эми француз эли патриот уул-кыздарынын жетекчилиги менен немецтик фашисттерге каршы күрөшкө көтөрүлөт. Франция - өнүккөн өлкө.
Анда алюминий, болот, синтездик каучук, жасалма була, пластмасса көп өндүрүлөт, дары-дармектер жасалып, кездеме токулат, кийим жана бут кийимдер тигилет. Өнөр жайлуу чоң шаарлардагы заводдордон станок, автомашина, электровоз, кеме, учак жана башка көптөгөн машиналар чыгарылат. Франция эзелтен парфюмериялык товарлары менен даңкталат. Айыл чарбасы абдан өнүккөн. Талааларында буудай, жүгөрү, арпа, сулуу, картошка, кант кызылчасы, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Көпчүлүк жерлеринде жүзүмзар жана жемиш бактары кездешет. Франциянын борбору - Париж - дүйнөдөгү эң кооз шаарлардын бири. Ал Сена дарыясынын ортосундагы аралда мындан эки миң жыл мурун пайда болгон. Парижде дүйнөдөгү сүрөт жана скульптуралардын эң ири коллекциясы жыйналган Лувр сарайы, дүйнөдөгү эски университеттердин бири - Сорбонна, эзелтеден белгилүү болгон Париж теңир энесинин собору сыяктуу эзелки имараттар көп, дүйнөгө белгилүү Эйфель мунарасы жайгашкан.
Франция дүйнөлүк тарыхка көптөгөн даңктуу ысымдарды берди. Жанна дАрк, Марат жана Робеспьер Лавуазбе жана Кюри, Делакруа жана Домье, Бизе жана Рвель, Гюго жана Бальзак, Мопассан жана Бомарше сыяктуу көрүнүктүү адамдар, тарыхый ишмерлер, окумуштуулар, жазуучулар, сүрөтчүлөр, композиторлор Фрациядан чыккан.
Билесизби
- Луи XIX 20 мүнөт Франциянын королу болгон.
- Францияда каалаган чочкону Наполеон деп атоого мыйзам тарабынан тыюуу салынган.
- Syrah аттуу кичинекей кафеде "пожалуйста" же кыргызчасы "суранам, өтүнөм" деп айтпасаңыз, кофени кымбат баада аласыз.
- Автоунаалардын номерлери дал ушул Францияда биринчилерден болуп киргизилген.
- Кайсы бир убакта Франция олкосу дүйнөнүн 10 пайызын башкарып турчу.
- Ар бир 5чи Француз депрессиядан жабыр тартат, бул жер планетасында Франция эң депрессивдүү өлкө дегенди билдирет.
- 1748-1772-жылдар аралыгында Францияда картофель мыйзамсыз азык болгон.
- Париж шаарынын официалдуу девизи "fluctuat nec mergitur" - бул латын фразасы "сүзүп жүрөт, бирок чөкпөйт" - деп которулат :) күлкүнүчтүү
- Ал эми Франциянын девизи болсо "Liberté, Egalité, Fraternité", "эркиндик, теңдик, өнөктөштүк" - деп которулат. Бул девиз улуу революция доорунда (1789-1799) пайда болгон.
- Француздар узун, ичке келген "Багет" жакшы көрүшөт. Бул нан Париж метросун куруп жатканда пайда болгон, ал убакта куруучулар арасында чыр-чатак болуп турган, жана куруучулар жанына нан кескен бычак салып жүрүшчү. Ушул бычак менен жаман нерсе болуп кетпесин деп. Багет наны чыгарыла баштаган. Аны кол сындырып жегендей кылып. Азыркыга чейин сындырып жешет.
- Франциянын желеги үч түскө боелгон, көк, ак, кызыл. Ак түс Бурбон корол үй-бүлөсүн билдирсе, көк менен кызыл Париж коммуналарынын түсү болгон. Башкача айткадан монархия менен революциянын биригүүсүн түшүндүрөт.
- Франция мамлекети өзөктүк куралдын киши башына болгон саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Экинчи орунда Япония, үчүнчү орунда АКШ, анан төртүнчү орунда Кыргызстан :) Кыргызстан боюнча тамаша албетте.
- Коомдун транспорт системасы дал ушул Франция олкосундо 1660-жылдары пайда болгон.
- Мыйзамдарын кайрылып келсек, темиржолго туруп алып өбүшүүгө болбойт деген мыйзамы бар. Албетте, канчалык күлкүнүчтүү болбосун, бул туура мыйзам :)
- Аялдарга шым кийүүгө болбойт деген мыйзам 2012-жылы эле жокко чыгарылган.
- Франциядагы эң эски, байыркы көпүрөнүн аталышы "Жаңы көпүрө" (Le Pont Neuf) :) күлкүнүчтүүбү? эмне кылышсын, бир кезде жаңы болсо керек.
- Франциядагы эң популярдуу кооз жери кайсы деп ойлойсуз - Эйфел мунарасыбы же Луврбы? Жоок, туристтер эң көп баруучу жер бул - Париж диснейленди экен.
- Көп адамдар ойлошот круассандар Француздардыкы деп, а чындыгында ал Австриядан келген оокат :)
- Атактуу Фуа Гра тамагы Египетте 4500 жыл мурда эле пайда болгон, андан соң ал Байыркы Грецияга, жана римлиндер менен кошо Францияга келген.
- Никотин деген сөз Француз элчиси Жан Нико ысымынан 1559-жылы Партугалиядан тамекини алып келгенде пайда болгон.
- Францияда 40 миңден ашык сепил жана сарайлар бар. Ал эми Лувр дүйнөдөгү эң чоң хан сарай.
Франциянын кооз жерлери
Эйфель мунарасы (Париж ш.)

Албетте муну баарыбыз эле билсек керек. Бийиктиги 324метр, салмагы 10миң тонна, Парижге барган адам сөзсүз бул мунарага барса керек, барбаса дагы алыстан сөзсүз көрөт. Бул мунара Франция өлкөсүнүн символу десек дагы болот. Адамдар эң көп келүүчү жана атактуу архитектуралык обьект. Бүгүнкү күндө Эйфель мунарасы кынтыксыз атак-данкка ээ кооз жерлердин бирине кирет. Мурда болсо, жаңы салынып жатканда Париж жашоочуларынын түшүнүксүз реакцияларына ээ болчу.
Ал убакта шаарга келген коноктор курулманын монументалдуулугуна суктанып турушса, шаар жашоочулары мунаранын көлөмүнөн чочулашып, анын шаарда болуусуна каршы болушуп, бийликтен аны бузуп салууга көп жолу талап кылышкан. Бул архитектуралык курулманын бузулушун радио толкундар доорунун келүүсү сактап калды. Мунара радио аннтеналарды орнотуу үчүн идеалдуу курулма болуп калды. Мунаранын тарыхы 1886-жылы башталган, ал жылы мыкты инженердик жана архитектуралык проектилер сынагы уюшулуп, мыктылардын мыктылары Франция революциясынын 100 жылдыгына арналган көргөзмө мааракеде көрсөтүлмөк. Көргөзмөдө Эйфель мунарасына окшош курулмалардын проектилери көп болгон. Бирок Гюстав Эйфель гана өзүнүн проектисине мыкты инженердик чечимдерди камтып сынактын жеңүүчүсү аталат дагы курууга улуксат алат. Жылына Эйфель мунарасына 7 миллиондон ашык турист келип кетет, күнүнө орточо 30 миңдей адам, демек кирүү билеттерин басып чыгаруу үчүн орточо 2 тоннадай кагаз талап кылынат.
Лувр (Париж ш.)

Лувр деген эмне? Мурдагы сепил, бир заманда хан сарай, учурда музей - ушундай өзгөрүүлөрдү Париждеги Лувр сарайы башынан өткөргөн. Дүйнөдөгү эл эң көп баруучу музей, жыл сайын миллиондон ашык дүйнө бурчтарынан келген адамдар келип кетишет. Алыскы өткөн чак менен учур чак ушул жерде 100 миң деген экспонаттар аркылуу чырмалышып турат. Бул экспонаттардын 35 миңин өз көзүбүз менен көрө алабыз. Анткени, бардык экспонаттарды көрүү үчүн экспозициялык жылкылар жетпей калат, анын үстүнө көптөгөн эспонаттарга өзгөчө сактоо шарттары талап кылынат.
Бул белгилүү кооз имараттын тарыхы 12-кылымдан келет. Ал кезде корол Филипп-Август коргоочу сепил салууну буйрук кылат. Кылымдан-кылымга бул имарат такка жаңы монархтардын келүүсү менен көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болуп турган. Мисалы, 16-кылымда Франциск 1 королу Луврды өзүнүн резиденциясы кылууну чечип, сепил куруп аны кайра жаралуу доорундагыдай кылып көркөмдөшкөн. Ал эми ошол эле жүз жылдыктын аягында Генрих 4 королунун мезгилинде аймагы кеңейтилип Лувр жана Тюильри сепилдери бириктирилген. Кийинчирээк Лувр дээрлик 1 кылымдай каралбай, бош калган. 1789-жылы Француз революциясынын учурунда, бийликтин алмашуусуна байланыштуу, Улуттук Ассамблея "Лувр улуттук музей болушу керек" - деп токтом кабыл алган.
19-кылымдын башында Луврга жаңы жашоо демин Наполеон киргизет. Ал куруу иштерин улантууга буйрук берип, музейдин коллекциясын толуктоого биринчи салым кошот. Ал бир жеңген улуттан кандайдыр бир төлөм катары көптөгөн искусство чыгармаларын талап кылган.
Версаль сарайы (Версальский дворец)

Түзүүчүсү: Людовик 14чү. Эгер Францияга барып калсаңар, ойлонбостон Версаль парк-сарай комплексине баш багууну сунуштайбыз. Бул жер кайсы бир убакта Француз королдорунун резиденциясы катары колдонулуп, бүгүнкү күндө Франциянын эң бир белгилүү кооз жерлеринин бири. Дүйнө архитектурасынын тарыхындагы шедевр. Версаль сарайынын бакчасынын планировкасы дагы Франциянын бакча искусствосундагы жогорку жетишкендиктеринин бири.
Укмуштуудай бакчалардын жана аллеялардын композициялары, өсүмдүктөргө толгон сыпайы оранжереялар, ал эми фонтандары көздүн жоосун алат.
Имарат өзү болсо, Француз королдорунун үйү аталып, негизги курулма, ичине кирүү үчүн алтынга жалатылган Хан дарбазадан өтүү керек. Биринчи кабаты корол букаралыктарына арналып, экинчи кабатында корол үй-бүлөөсү жайгашкан. Такты бөлмөдө (тронный зал) баллдар, спектаклдар өткөрүлүп, ал эми күзгүлүү галерея (зеркальная галерея), шаан-шөкөттүү жана салтанаттуу корол сарайынын иш-чаралары өтүп турган. Сарайдан башка, бакчасында көптөгөн көрүнүктүү жерлерди көрүүгө болот:
- Сарайдын маңдайында Курал аянты (Оружейная площадь) жайгашып, андан эки аткана менен бөлүнүп турган үч аллея чыгат. Атканада 2500 жылкы орун ала алат;
- Тосмо аркасында биринчи сайрай жайгашып, анда Людовик 14нүн эстелиги орун алган. Андан кийин экинчи сарай жайгашып, андан королдук кареталар чыгып кетүүгө ыңгайлашкан. Ал эми үчүнчү сарайдан бакчага жол кетет;
- Версаль бакчасы өзүнчө көңүл бурууга ээ - мунун аянты орточо 100 гектардай аймакты ээлейт. Көптөгөн көлмөлөр, бассейндер, үңкүрлөр, фонтандар, түрдүү скульптуралар укмуштуудай композицияны түзүшөт.
Париж диснейленди

Макалбызда жазып өткөндөй Париж диснейленди эң көп туристтер келүүчү жер. Балдары менен саякаттаган ата-энелерге Францияда кайда баруу керек деп ойлонуунун кереги жок. Анткени, бул гигант көңүл ачуу комплекси өзүнө бакчаларды, отелдерди, жомок өлкөлөрүн, тиричилик аймактарын, деги эле бүт нерсени камтыйт десек болот. Жалпы аянты 1943 гектарды түзүп, жыл сайын бул аймакта 12,5 миллиондой эс алуучу, көңүл ачып, эс алышат. Диснейленд өзүн 2 тематикалык бакчаны камтыйт: классикалык - ачылгандан бери иштейт. Жана атактуу мульфильмдердин тарыхына жана алардын жаралуу процессине арналган парк. 49 атракционду камтыган парк, 5 жомок өлкөсүнө бөлүнгөн:
- Main Street — комплекстин башкы көчөсү, 20-кылымдагы америка көчөлөрүнүн стилинде көркөмдөлгөн;
- Frontierland — Атактуу вестерн кинофильмдериндей жапайы батыш деминдеги тематикалык парк;
- Adventureland — комплекстин экзотикалык бөлүгү, бул жерде чыгыш колорити, Индиана Джонс саякаттары, Робинзон Крузо аралындагы окуялар деминдеги элестер чагылыштырылган;
- Fantasyland — жаркын фантазия өлкөсү, эң кичинекей (бөбөктөр үчүн) коноктор үчүн, Дисней мультфильмдеринин белгилүү чыгармаларынын негизинде жасалган;
- Discoveryland — укмуштуу окуялар дүйнөсү, 20-кылымдын белгилүү фантасттарынын чыгармаларынынын негизинде.
Франциянын кээ бир башка кооз жерлери 
Атактуу дүйнө көчөлөрү же элисей талаасы 
Фонтенбло сарайы 
Каркассон орто кылым шаары 
Мон-Сен-Мишель же ыйык Михаил тоосу 
Нимдеги амфитеатр 
Париж эне-кудай собору (notre dame de paris) Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 26972, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-05-13
Талкулоо/Пикирлер