Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Түштүк Африка Республикасы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Түштүк Африка Республикасы

Африка материгинин Атлантика жана Инди океандары чулгап турган түштүк четинде Түштүк Африка Республикасы (ТАР) жайгашкан. ТАРдын борбору - Претория шаары. Бул өлкөнүн жаратылышы абдан кооз. Чыгыш жана түштүк жагынан тоолор курчап турат. Аймагынын калган бөлүгүн бөксө тоолор ээлеп, чыгыштан батышка карай саванна, жарым чөл жана чөл улам алмашып отурат. Тоолордо дайыма көгөрүп туруучу субтропик токою өсөт. Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүнүн климаты тропиктик, ысык. Мында качандыр бир кезде көп сандаган ири айбанаттар: арстан, кабылан, көк жал, антилопа, жираф, пил, зебра, кериктер жашаган. Азыр алардын көпчүлүгү коруктарда гана сакталып калган.

Африканын түштүгү мал чарбачылыгы өнүкөн аймак болуп эсептелет. Бул жер материктин башка аймактарындай чакканда уйку оорусун пайда кылуучу (кээде өгүз менен жылкыны өлүмгө учуратат) цеце чымынынын жоктугу менен айырмаланат. ТАР пайдалуу кендерге өтө бай. Кээде аны геологиялык керемет деп да аташат. Мында азыркы өнөр жайга эмне керек болсо, ошонун баары өтө көп өлчөмдө кездешет. Нефть менен табигый газ гана жок. Өлкөдө алтын, платина, алмаз, марганец, кобальт, ошондой эле жез, никель, коргошун жана башка пайдалуу кендер көп казып алынат. Бул өлкөнүн жагымдуу климаты, табигый байлыктары европалыктарды эбактан эле кызыктырып, алар акырындык менен көчүп келип орношо башташат. 17-кылымда бул жерде европалыктардын кыштактары пайда болгон.

Адегенде европалыктар Илгери Үмүт тумшугуна, азыркы Кейптаун шаарына жакын жерге келип отурукташат. Алар бара-бара жергиликтүү африкалык калкты туулуп өскөн өз жеринен сүрүп, түндүккө, өлкөнүн ичин көздөй жыла беришет. Келгиндер жергиликтүү калктын мал-мүлкүн, түшүмдүү жерин тартып алышат. Каршылык көрсөткөндөрүн ырайымсыздык менен кырып жок кылышат. Ошентсе да африкалык эл колонизаторлорго баш ийген эмес. Зулулар (негизги калкы) чыгаан жана эр жүрөк башчы Чакинин жетекчилиги астында кайраттуулук жана баатырдык менен аларга каршы салгылашкан. Англиялык армия курал-жарак жагынан артыкчылык кылганына карабастан бир канча жолу жеңилүүгө учураган. Куралдуу күрөштү аргасыздан токтотууга мажбур болгону менен африкалыктар Европадан келгендердин бийлигине моюн сунган жок. Алар колонизаторлорго иштөөдөн таптакыр баш тартышкан, ошондо өлкөнүн жаңы ээлери Индиядан жана Азиянын башка өлкөлөрүнөн түштүк африкалык шахталарда, кендерде иштөө үчүн адамдарды алып келишкен. Мына ушулардын укум-тукумдары ТАРдагы азыркы калктын көпчүлүк бөлүгүн түзөт.

Азыр ТАРдагы африкалыктар менен азиялык келгиндердин укум-тукумдары европалыктардан беш эсе көптүк кылат. Бирок өлкөнү ошол көпчүлүк эмес, аз колонизаторлор башкарып, бийлик жүргүзүп келишкен. Африкалыктар менен азиялыктар бардык укуктан ажыраган. Аларды төмөнкү сапаттагы адамдар деп эсептешчү. Алар өтө оор жана акы абдан аз төлөнүүчү жумуштарда иштешкен. Африкалык адам катар ээлеген шахтада, плантацияда, заводдо кара жумушчулукка же байдын үйүндө малайлыкка жалданып иштемейинче өзүнүн жашаган жерин алмаштырууга укугу болгон эмес.

ТАРдагы расалык тартиптер өтө катаал келип, полиция эч себепсиз эле африкалыктарды кармап алып түрмөгө отургузуп, ал жерде аны кыйноого алып, көпчүлүк учурда сотсуз эле өлтүрүп да коюшчу. Бирок эч кандай ырайымсыздык Түштүк Африканын эркиндиги үчүн күрөшүүчүлөрдүн эркин майтара албады. Жергиликтүү эл жылдарга созулган аёосуз кармаштарынын натыйжасында бийликти өз колдоруна алууга жетишти. Азыркы күндө бийлик алардын өз колдорунда.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3971, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо