Суу (H₂O) – бул жытсыз, даамсыз жана түссүз суюктук. Ал бардык тирүү жандыктардын курамына кирет. Үч абалда боло алат: катуу, суюк жана газ. Суу – органикалык эмес зат жана тирүү эмес табияттын бир бөлүгү.
Суу | |
---|---|
![]() Суу молекуласынын өлчөмдөрү |
|
Кыргызстандагы суу ресурстанын көзөмөлдөөчү орган | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
Системалык аталышы | Суутек оксиди, суу |
Салттуу аталышы | суу |
Химиялык формуласы | H₂O |
Физикалык касиеттери | |
Абалы | суюктук |
Молярдык масса | 18,01528 г/моль |
Тыгыздыгы | 1 г/см3 |
Катуулугу | 1,5 |
Динамикалык илээшкектик | 0,00101 Па·с |
Кинематикалык илээшкектик | 0,01012 см²/с (20 °Cда) |
Заттагы үндүн ылдамдыгы | 1348 м/с (дистиллирленген суу) |
Температуралык касиеттери | |
Эрүү температурасы | 273,1 K (0 ° C) |
Кайноо температурасы | Жалпысынан — 100°C, тагыраагы — 99,974°C же 373,1 Kельвин |
Бузулуу температурасы | 2200 °C 3% молекулага бузулат |
Критикалык чекит | 647,1 K (374 ° C), 22,064 МПа |
Молярдык жылуулук сыйымдуулугу | 75,37 Дж/(моль·К) |
Жылуулук өткөрүмдүүлүгү | 0,56 Вт/(м·K) |
Калыптануу энтальпиясы | -285,83 кДж/моль |
Кайноо энтальпиясы | 40,656 кДж/моль жана 40 655,928 Дж/моль |
Салыштырмалуу буулануу жылуулугу | 2256,2 кДж/кг |
Салыштырмалуу эрүү жылуулугу | 332,4 кДж/кг |
Химиялык касиеттери | |
Кислотасынын диссоциация константасы pKa | 15,74 |
Диэлектрлик өткөрүмдүүлүгү | 80,4 (20 ° C), 78,5 (25 ° C) |
Оптикалык касиеттери | |
Чагылуу көрсөткүчү | 1,3945, 1,33432, 1,32612, 1,39336, 1,33298, 1,32524 |
Классификациясы | |
CAS каттоо номери | 7732-18-5 |
PubChem | 962 |
EINECS каттоо номери | 231-791-2 |
SMILES | O |
RTECS | ZC0110000 |
ChEBI | 15377 |
ChemSpider | 937 |
Суунун молекуласы эки суутек (H), бир кычкылтек (O) атомунан турат. Атомдор бири-бири менен коваленттик байланыш аркылуу кошулган. Сууну дарыяларда, көлдөрдө, саздарда, деңиздерде, океандарда, жер астында кездештирүүгө болот. Нормалдуу шарттарда түссүз, жытсыз, даамсыз суюктук.
Катуу абалда ал муз деп аталат. Муздун кристаллдары кар менен кыроону түзө алат. Муз суюк сууга караганда тыгыздыгы азыраак, ошондуктан ал сууда калкып калат. 4°C температурада суюк суу эң жогорку тыгыздыкка ээ болот.
Суунун газ түрүндөгүсу — буу. Суу жамгыр, кар, мөндүр өңдүү жаан-чачын түрүндө жерге түшөт. Адам бул суюктукту колдонуп, айыл-чарба өсүмдүктөрүн сугарат.
Таза суу ичүү үчүн да маанилүү, анткени суусуз эч бир жандык жашай албайт. Энергиясы тегирмендин ташын жана ГЭСтин генераторун айлантат. Дарыялардагы суу адамдарды, жүктөрдү жана кээде жыгылган дарактарды да ташыйт.
Суу мыкты эриткич. Ал кирди жууп кетирет. Ар кандай заттар менен аралашып, эритмелерди түзөт. Табигый шарттарда дайыма өзүнө эритилген заттарды камтыйт. Мисалы, туздар, минералдар жана газдар.
Табиятта таптаза суу жок. Аны лабораторияда гана алууга болот. Ал «дистиллирленген суу» деп аталат. Дистиллирленген суу тоңбойт жана электр тогун өткөрбөйт. Бирок, мындай сууга кичине гана иондук кошулмалар аралашса ток өткөрмө болуп калат.
Муз ээригенде жылуулукту сиңирет. Ал эми суу тоңгондо жылуулукту бөлүп чыгарат.
Деңиз суусунда ар түрдүү туздар көп, ошондуктан ал ичүүгө жарабайт.
Жердеги суунун жалпы көлөмү 1400 миллион км³. Жер бетинин 71% каптайт. Жердеги суунун көлөмү өзгөрбөйт.
Суунун жердеги айлануу цикли буулануу, конденсация, жаан-чачын аркылуу жүрөт. Жер астындагы суу булактары суунун жалпы көлөмүнүн маанилүү бөлүгүн түзөт. Жана алар тез толукталбайт.
Бирок, жердеги таза суу азайып баратат. Адамдар аны өнөр жайда колдошууда. Ошентип, суу өнөр-жай калдыктары менен булганууда.
Кыргызстанда өнөр жай калдыктары менен сууну булгоого тыюу салынган. Жер суусунун көбү (97,54%) Дүйнөлүк океанга таандык.
Таза суу болсо, негизинен мөңгүлөрдө, уюл муздарында (1,81%), жер астындагы сууларда (0,63%) кездешет. Аз бөлүгү (0,009%) дарыяларда, көлдөрдө чогулган.
Материктик туздуу суулар 0,007%ды түзөт. Атмосферада бардык суулардын 0,001% гана бар.
Жердин мантиясында Дүйнөлүк океанга караганда 10-12 эсе көп суу камтылган. Суу – суюк фазадан катуусуна өткөндө кеңейет. Курамында суутек жана кычкылтектен тышкары, түрдүү заттар болушу мүмкүн.
Суу өзүнө абдан күчкүү энергияны алып жүрөт. Ошондуктан, суу ташкыны, сел, чоң толкундар адамдын өмүрүнө коркунуч алып келиши мүмкүн.
Суу — жашоонун негизги элементтеринин бири. Бардык тирүү организмдердин тиричилиги үчүн таза суу талап кылынат. Океан, деңиздердин суусунда туздар жана минералдар бар. Ошондуктан булар ичүүгө жана сугатка жараксыз. Деңиз суусун ичкенде ден-соолук бузулушу мүмкүн. Ал тургай, өлүмгө алып келиши ыктымал. Айыл-чарба өсүмдүктөрү суудагы тузга өтө сезимтал келет. Туздуу суу менен сугарганда тез эле куурап кетет. Ошондуктан, океан жана деңиздердин суусун колдонууга болбойт.
Бириккен Араб Эмиреттарда, Японияда жана Израилде деңиз суусун кайнатып тазалоо ыкмасы колдонулат. Бул ыкмада туз жана минералдар ажыратылат. Мындан тышкары, абадан таза суу алуу үчүн конденсация ыкмасы колдонулат. Мында атмосфералык абадан суу чогултулат. Мисалы, эң кургак Сахарада да абадан суу алынат.
Абадан суу чогултуу үчүн, түн ичинде шүүдүрүм чогултуучу торчолор колдонулат. Күндүзү, күн энергиясы же аккумуляторлор менен алынат. Мында кыймылдаткычтар атайын радиаторго абаны өткөрүп, чогултулат. Бирок, бул ыкманын негизги кемчилиги — анын эффективдүүлүгүнүн төмөндүгүндө. Ошондуктан, таза суу жетишсиз, кургак аймактарда айла жоктон пайдаланылат.
Жамгыр суусун чогултуу айыл чарба иштеринде эффективдүү ыкма деп эсептелет. Атайын арыкчалар, түтүктөр аркылуу идиштерге чогултулат. Ал суу кургак мезгилде тамчылатуу ыкмасы менен пайдаланылат. Өкмөт деңгээлинде суулар суу сактагычтар, көлмөлөр аркылуу чогултулат. Мындай сууну чыпкалап, кайнатып ичүүгө болот. Суудагы бактерияларды жоготуу үчүн аны кайнатуу керек.
Кыргызстанда суу жетиштүү. Бирок аны үнөмдөп, булгануудан сактоо зарыл. Себеби суу тез эле азайып кетиши мүмкүн. Мисал катары Индияны алсак! Ал жерде жер аянттары дыйканчылыкка көп пайдаланылып, суу тартыш болуп калган. Азыр Индияда жерди сугаруу үчүн 10-15 км алыстыктан суу ташып келишет. Биз да сууну 10-15 км алыстыктан алып келсек эмне болот? Андай болбошу үчүн сууга аяр мамиле жасап, аны сактоо керек. Сактоо же үнөмдүү үчүн кийинкидей ыкмаларды колдонууга болот:
Ата-бабаларыбыз: «Суу — мал-жандын жана адамдын өмүрүн тазалайт» дешчү. Аны ыйык көрүшкөн. Бул тууралуу кийинкижей накыл сөздөр айтылган:
«Суу атасы — булак
Суу, кудукка сыйын, булгаба.
Жер — казына, суу — алтын.
Булактын көзүн ач.
Суу башынан тунат.
Суу жашоонун булагы.
Суулуу жер — бейиштин төрү.
Тамчы суу — өмүр азыгы.
Суу сыйлаган зор болор,
Суу кордогон кор болор.
Агын сууну сабаба.
Аккан сууга түкүрбө,
Жаман түшүңдү сууга айт,
Суу менен агып кетсин».
Формалдуу көз карашта суу бир нече түрдүү аталыштарга ээ:
Суу формуласынын молекула түрүндөгү иллюстрациясы
Жердеги суу үч негизги абалда болушу мүмкүн:
Бири-бири менен аракеттенген түрдүү формаларга ээ болушу мүмкүн:
Келип чыгышы, курамы, колдонуу өзгөчөлүктөрү боюнча түрлөрү:
кальций катиондору менен магнийдин камтылышы боюнча
молекуласындагы суутек изотоптору боюнча
Башка түрлөрү:
Башка заттардын курамына кирип, ошол заттар менен физикалык байланыштар аркылуу байланышкан суу — нымдуулук деп аталат. Байланышынын түрүнө жараша төмөнкүдөй классификацияланат:
Нымдуулукка ээ болгон зат нымдуу зат деп аталат. Ал эми нымдуулукту сиңире албаган затты нымдуулукка каныкккан зат деп атоого болот. Анткени, нымдуулук көп, ошондуктан сиңире албайт.
Конкреттүү колдонууда, заттын курамында нымдуулук аз болсо, аны кургак зат деп атайбыз. Таптакыр нымдуулугу жок гипотезалык зат болсо, абсолюттук кургак зат деп аталат. Берилген нымдуу заттын негизин түзгөн кургак зат — нымдуу заттын кургак бөлүгү.
Суу буусу менен газдын аралашмасы — нымдуу газ деп аталат (эскиче аталышы буу-газ аралашмасы).
Жердин атмосферасында суу майда тамчы, булут, туман жана буу түрүндө болот. Конденсация учурунда атмосферадан жаан-чачын түрүндө түшөт. Жалпысынан Жердин суюк суу кыртышын «гидросфера» дейбиз. Ал эми катуу кыртышы — «криосфера». Жоромолдорго ылайык, Жердеги жашоо суу чөйрөсүндө жаралган.
Кыргызстандагы суулардын жалпы кору 2458 км3. Анын ичинен 650 км3 (26,4%) мөңгүлөрдү түзөт. Ммөңгүлөр Кыргызстандын жалпы аянтынын 4,2%ын ээлейт. 1745 км3 (71%) — көлдөр. 13 км3 (0,5%) — жер астындагы суулар. 44,5—51,9 км3 (2%) — дарыялар түзөт.
Кыргызстанда майда-чоң болуп эки миңдей көл бар. Алардын көбү адам оңой жетпеген тоолордо жайгашкан. Мындай көлдөрдөн суулар агып чыгып, кээ бир көлдөргө агып кирет. Ал суулар асмандан түшкөн жаан-чачындан толот. Айрым көлдөрдүн муз аралашкан суулары абдан муздак болот. Муздактан улам көпчүлүк көлдөрдө балык жашай албайт. Кыргызстанда 3000ден ашуун өзөн-суулары бар. 2015-жылы суунун 14%ы электр энергиясын алуу үчүн колдонулган. Бул көрсөткүч акыркы жылдары өсүп жатат (2024).
Нарын суусу Кыргызстандагы эң чоң дарыя болуп саналат. Узундугу 534 километр. Чоң Нарын дарыясын кошкондо жалпы узундугу 807 километрге жетет. Мында суу сактагычтар жана ГЭСтер салынган. Учурда (2024) окумуштуулар Кыргызстандагы суу запастарынын жана мөңгүлөрдүн азайып жатканын белгилешүүдө. Анын негизги себептери катары дүйнө жүзү боюнча абанын температурасынын жогорулашы. Кошумча өнөр жайынын таасири. Андан тышкары Арал деңизинен учуп келген шор туздун мөңгүлөргө тийгизген таасири айтылат.
Кыргызстан минералдык булактары менен да даңазаланат. Көпчүлүк булактар минералга бай келип, адам организмине пайдалуу. Суудагы минералдардын көлөмү көп болсо, ден-соолукка зыян келтириши да мүмкүн. Минералдык сууларды өнөр-жайлык деңгээлде өндүрүүдө бул факторлор эске алынат. Азыр минералдык сууларды бөтөлкөгө куюп сатуу өндүрүшү өнүгө баштады. Бирок учурда бул суулар негизинен Борбор Азияга гана жеткирилүүдө.
Суу космосто өтө кеңири таралган зат. Бирок, жогорку ички суюктук басымынын кесепетинен, вакуум шарттарында суюк абалда болбойт. Буу же муз түрүндө гана болот.
Космосту өздөштүрүүдөгү маанилүү маселелердин бири, Жерден тышкаркы аймактарда суунун жетиштүү көлөмдө болушу саналат. Кээ бир кометалардын курамында 50%дан ашык муз бар экени белгилүү. Бирок, каалаган суу чөйрөсү жашоого жарактуу боло бербейт.
2009-жылдын 9-октябрында НАСА LCROSS космос аппараты айдын кратерин бомбалаган. Мунун натыйжасында айда суу муздарынын чоң көлөмдө бар экени аныкталган.
Күн системасында суу кеңири таралган. Юпитердин жана Сатурндун көптөгөн жандоочторунда суу бар экени тастыкталган. Мисалы, Энцелад, Тефия, Европа, Ганимед ж.б. Буларда суу негизинен муз түрүндө. Суу көптөгөн астероиддердин курамында да бар. Окумуштуулардын жоромолунда, көптөгөн транснептундук объекттер сууну камтыйт.
Буу түрүндөгү суу Күн системасындагы планеталарынын көпчүлүгүндө бар. Мисалы Күндүн (издер), Меркурийдин (3,4%), Венеранын (0,002%), Айдын, Марстын (0,03%), Юпитердин (0,0004%), Европанын, Сатурндун, Урандын (издер) жана Нептундун атмосферасында.
Жердин атмосферасынын бетине жакын аймагындагы суу буусунун камтылышы 3—4 пайыздан (тропиктерде) 2·10−5% (Антарктидада) өзгөрөт.
Андан тышкары, экзопланеталарда да суу табылган. Мисалы, HD 189733 A b, HD 209458 b жана GJ 1214 b. экзопланеталарында.
Космостогу суюк суу, окумуштуулардын жоромолунда, планеталардын кээ бир жандоочуларынын бетинин астында болушу мүмкүн. Мисалы, Юпитердин жандоочу Европада.
Суу Жердеги бардык жандыктардын, анын ичинде адамдардын жашоосун аныктайт. Уникалдуу роль ойнойт. Суу — адамдын, жердин жана жалпы эле өмүрдүн булагы. Ал организмдердеги негизги биохимиялык процесстерди жүргүзүүчү универсалдуу эриткич. Суунун уникалдуулугу анын органикалык жана органикалык эмес заттарды жакшы эрите алуусунда. Бул өз кезегинде химиялык реакциялардын өтүүсүндө жогорку ылдамдыкты, калыптанган комплекстүү кошулмаларды жетишээрлик татаал кылат.
Суутектин эсебинен суу кеңири температура диапазондорунда суюк бойдон калат. Муздун тыгыздыгы суюк суунун тыгыздыгынан төмөн. Ошондуктан көлмөлөрдөгү суу астынан эмес, үстүнөн тоңот. Калыптанган муз катмары көлмөнүн түбүнө чейин тоңуусуна тоскоолдук кылат. Ошентип ал муз астындагы жандыктардын тиричилигине мүмкүндүк берет. Бирок, башка көз караштар да бар. Эгер суу тоңгондо кеңейбесе, клеткалык түзүмдөр бузулмак эмес. Демек, тоңуп калуу тирүү организмдерге зыян келтирмек эмес делет. Тритондор (кескелдирик түрү) тоңуп/ээрүү процессине чыдай алат деп саналат. Буга алардын клеткалык плазмасы тоңгондо кеңейбеген өзгөчө курамы жардам берет.
Ачык кургак жерлерде айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, суунун көп сарпталуусун талап кылат.
Тирүү адамдын денесинде салмагына жана жашына жараша 60—70% суу камтылат. Адам организми 12% (айрым маалыматтар боюнча 20% чейин) ашык сууну жоготсо, өлүмгө учурашы мүмкүн. Айлана-чөйрөнүн температурасы, нымдуулугу, физикалык активдүүлүккө жараша адам ар кандай көлөмдөгү сууну ичет. Организмдин оптималдуу иштөөсү үчүн канча суу ичүү керектиги тууралуу көптөгөн талаштар бар. Ошондуктан, суусаганда гана суу ичүү сунушталат.
Ичүүгө жарактуу суу — бул микроорганизмдерден жана зыяндуу аралашмалардан тазаланган суу. Суунун ичүүгө жарактуулугу, бир литр суудагы ичеги таякчаларынын саны менен аныкталат. Таякчалар көбүрөөк болсо, антибактериалдык каражаттарга туруктуу болот. Эгер ичеги таякчалары 3 литр сууга аз болсо, ал ичүүгө жарактуу деп саналат. Бирок, суунун ичүүгө жарактуулугу жалгыз бактериялар менен гана аныкталбайт. Суудагы минералдык заттардын саны да маанилүү. Мындай минералдар бөйрөктө чогулуп, адам өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн.
Спорт жаатында суу менен байланышкан көптөгөн спорт түрлөрү бар. Муз, кар, суу үстүндө жана астындагы спорт түрлөрү кеңири жайылган. Аларга хоккей, кайык спорту, биатлон, сууда сүзүү жана башка түрлөр кирет.
Суу, жыгач, пластик, текстолиттен жасалган подшипниктерде майлоочу каражат катары колдонулат. Суу менен металл кесүү технологиясы да кеңири колдонулуп жатат. Ушундай көп кырдуу зат.
Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, 2050-жылга карата сууга болгон муктаждык 55% чейин өсүшү мүмкүн. А бул сууну рационалдуу колдонуу маселесин көтөрөт.
Суунун Жерде пайда болушу — илимий талаштардын предмети. Кээ бир окумуштуулар Жердин эрте калыптануу мезгилинде (болжолдуу 4 млрд жыл) астероиддер жана кометалардан келген деп эсептешет. 2010-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөр Жердин мантиясындагы суу 2,7 миллиард жыл мурун пайда болгондугун аныктаган.
Гидрология — табигый сууну, анын атмосфера жана литосфера менен аракеттенүүсүн изилдеген илим. Ал ошондой эле атсмосфера менен литосферанын ортосундагы процесстерди (буулануу, тоңуу ж.б.) изилдейт. Гидрологиянын изилдөө предмети катары гидросферадагы бардык суулар саналат. Мисалы, океандар, деңиздер, дарыялар, көлдөр, суу сактагычтар, саздар, кыртыштык жана жер астындагы суулар.
Мындан тышкары гидрология суунун башка аракеттерин да изилдейт. Мисалы, табияттагы суунун айлануусун, айлануудагы адамдын таасирин, суу объектилеринин режимин башкарууну, өзүнчө аймактардын суу режимин. Ал өзүнчө аймактардын жана жалпы Жердин гидрологиялык элементтерин анализдейт. Суу ресурстарынын абалына жана рационалдуу колдонулушуна баа берип, жоромолдойт. Гидрология, география, физика жана башка илимдердеги ыкмаларды колдонот. Деңиз гидрологиясынын маалыматтары кемеде сүзүүдө иштетилет. Мисалы, кемеде сүзүү жана аскер иш-аракеттерин жүргүзүүдө.
Гидрология үчкө бөлүнөт. Алар: океанология, кургактык гидрологиясы жана гидрогеология. Булар кийинкидей өз учурунда кийинкидей болуп бөлүнөт:
Суу жөнүндө кызыктуу фактылар. Мында суунун көптөгөн таң калаарлык касиеттерин байкаса болот:
Суу — бул табияттын эң баалуу белеги жана жашоонун негизи. Ал жер жүзүндө бардык тирүү жандыктар үчүн эң керектүү зат болуп саналат. Адамзат, жаныбарлар жана өсүмдүктөр суусуз жашай албайт. Ошондуктан суу – жашоонун булагы деп саналат.
Суу адамдын денесинин 70% түзөт жана денебиздеги бардык жашоо процесстерине катышат. Биз сууну ичебиз, тамак-аш даярдайбыз, тазалыкты сактайбыз. Ошондой эле суу айыл чарбасында, өнөр жайда жана энергетика тармагында чоң мааниге ээ. Дыйкандар эгин өстүрүү үчүн сууну колдонот, заводдор өндүрүштө суудан пайдаланышат, ал эми суу электр станциялары электр энергиясын өндүрөт.
Бүгүнкү күндө таза суу маселеси Кыргызстанда гана эмес дүйнө жүзүндө чоң көйгөйгө айланган. Айрым аймактарда таза суу жетишсиз, көптөгөн дарыялар жана көлдөр өндүрүштүк таштандылар менен булганып жатат. Кир сууну ичүү ар кандай оорулардын пайда болушуна себеп болот. Ошондуктан биз сууну сарамжалдуу пайдаланып, аны таза сактоого аракет кылышыбыз керек.
Сууну туура пайдалануу — ар бир адамдын милдети. Аны текке кетирбей, үнөмдөө керек. Мисалы, сууну зарылдыгы жок нерсерлерге колдонбоо, жамгыр суусун топтоо, сууну туура бөлүштүрүү сыяктуу аракеттерди жасасак, табигый байлыгыбызды сактап кала алабыз. Ошондой эле заводдордун жана фабрикалардын сууну булгап, айлана-чөйрөгө зыян келтиришине жол бербешибиз керек.
Суу – бул табияттын теңдешсиз байлыгы. Аны таза сактоо жана үнөмдүү пайдалануу – биздин милдетибиз. Эгер биз сууну туура колдонсок жана аны коргосок, келечек муундар да таза суу ичип, ден соолукта жашай алышат. Демек, ар бирибиз суунун баалуулугун түшүнүп, ага кам көрүшүбүз керек! А. Бекташов